Оорукана. Архив

Создуктурбастан "Тез жардам" чакырууга 14 себеп

1191
(жаңыланган 12:20 01.12.2017)
Улугбек Жоомартов
Биздин медициналык колумнист Улугбек Жоомартов болор-болбос нерсе үчүн деле 103 номерине чала берген бишкектиктердин айынан чындап жардамга муктаж адамдар зыян тартарын айтып, дарыгердин жардамы зарыл 14 учурду тизмектеп чыкты.

Бишкектиктер эки түргө бөлүнөт дээр элем: мурдунан суу куюлуп калса да "Тез жардам" чакыргандар жана керээзин жаза баштагандар. Ошондой эле бизде сулк кулайын деп баратса да шилекейленген бака жалбыракты бутуна тартып коюп, андан ары оокатын кылган абдан бекем шаардыктар да жок эмес.

Тигилер да, булар да туура эмес кылат: биринчилери жөндөн жөн дарыгерлердин убактысын алса, экинчилери оорусун ырбатат. Сиздерге кандай учурда "Тез жардамды" сөзсүз чакыруу зарыл болгон учурларды атагым келди.

Албетте, себептер өтө эле арбын: трансфарматордун жанында эс-учун жоготуп жаткан адамды көргөндө кимдир-бирөө "Тез жардам" чакыруудан тайсалдайт деп ойлобойм. Же анык акылынан айныган адам терезеден секирем деп же кимдир-бирөөнү түртүп жиберем деп коркутуп жатканда да дарыгерлердин көмөгүнө эч ойлонбостон кайрылуудан ким жазгансын.

Келгиле, өтө эле кадыресе көрүнгөн учурлардан кеп козгойлу.

1. Дене табынын жогору болушу

Аны түшүрсөңүз деле кайра-кайра көтөрүлө берсе, бирок өзгөчө бир кошумча көрсөткүчтөр (тырышуу, эсин жоготуу, денени баскан майда бүдүр) болбосо, анда доктурларды жөн эле убара кылбаңыз! Вирустук козгогуч денеңизди эң көп 3-4 күн кыйнайт. Организм андан өзүн коргой алат: сизден болгону суюктукту көп ичүү жана жай жатып эс алуу гана талап кылынат.

Бирок дене табы 39дан ашса, белоктун денатурациясы жүрүп (белоктун молекулаларынын түзүлүшү бузулуп), органдар жабыркайт. Мындайда дарыгерлердин жардамына кайрылуу керек.

2. Ич оору

Тамак сиңире албаганыңыз үчүн медиктердин бригадасынын тынчын алуунун кажети жок, мындай учурда өмүргө эч кандай кооптуулугу жок эле бейтапканага чейин өзүңүз деле бара аласыз (башкысы — чүчкүргөндө абайлаңыз).

Бирок бир сааттан ашык катуу, үзгүлтүксүз оорудан азап чегип жатсаңыз, эч создуктурбоо керек. Балким ичегиден жин өтпөй, же ашказандын жарасы оюлуп, атургай, сокур ичеги да кыйнап жаткан болушу мүмкүн. Аялдарда мындай оору энелик безиндеги калталанган шишиги жарылып кеткенде да болот.

Эгер оору дароо токтоп кала турган болсо, анда ого бетер "Тез жардамга" муктажсыз. Бул абдан жаман көрүнүш: ириң курсак көңдөйүнө чыгып кетиши ыктымал. Андай кырдаал өмүргө коркунуч алып келери айтпасак деле белгилүү эмеспи.

3. Жүрөк тушундагы оору

Катуу оору дароо башталып, далыга же сол колго өтсө, бейтаптын көзү тунарып, деми кыстыгып баратса, абай болуу зарыл. Бул стенокардия же инфаркттын белгилери болушу ыктымал — тигил да, бул да эң жаман.

4. Кансыроо

Адамда мурун, ооз, тилинген тери, жыныс органдары канайт. Бирок эреже мындай: эгер кан 15-20 мүнөт токтобосо, жардамга кайрылыңыз. Ири кан тамыр жабыркаса керек, көп кан кетсе, бейтап өлүмгө дуушар болушу ыктымал.

Аялдын органдары канаган учурларга да өзгөчө көңүл буруу зарыл. Эгер айыз күндөрүнөн тыш кан келсе да, баары бир доктуруңузга кайрылыңыз. Бирок кан токтобой агып жатса, создуктуруу өлүмгө алып келиши мүмкүн. Болду-болбоду, бейтап же жаракат алган, болбосо, боюнан түшкөн.

Ашказандан болсо андан да кооптуу. Аны билүү жөпжөнөй: адам кофенин калдыгындай түстө кусуп калат. Ашказан жарасы жарылып кеткен болушу мүмкүн. Кан ашказандан келип жатса, анда аны токтотуу татаал. Кан кусуп жатабы? Кызыл өңгөч жабыркаган. Эки учурда тең эч буйдалбастан, 103 номерин буроо керек!

5. Жаракат

Эгер бир нерсеге урунуп, андан эстеликке шишик калса, кабатырланууга себеп жок. Бирок ага кошумча эс-учун жоготмой, көзү тунарып, канап же катуу баш ооруса болсо, анда жардам чакырабыз.

6. Адамдын жүзү "ылдый тартып баратса…"

Уурту, оң тарабындагы кабагы ылдыйлагандай көрүнөт. Маңдайыңызда турса, аны жылмайып же эриндерин чүрүштүрүүнү өтүнүңүз. Эгер жүзү кыйшайганын байкасаңыз, бир ирмем да кечиктирбей, "Тез жардамга" чалыңыз. Бул инсульттун белгилери!

7. Бир нерсенин чакканына же тамакка организмдин реакциясы

Маселен, сизди аары, жөргөмүш чагып алды, дары ичип же козу карын жеп, балким, үйдө консерваланган бадыраңдан таттыңыз дейли. Күтүүсүздөн көкүрөгүңүз оор тартып, мойнуңуз шишип, көңүлүңүз айнып, көзүңүз караңгылай баштады.

Эки нерсе болушу мүмкүн: анафилактикалык шок же ботулизм менен уулануу. Биринчи учурда чымын-чиркейге же тамакка аллергия ушундай абалга алып келди. Экинчи себеп үйдө жабылган консерваларды ашкере жеп койгонуңуз болушу ыктымал.

8. Мас жолдош

Өтө кызуу кишини кайсы маалда жайына коюш керек, качан анын өмүрү коркунучта экендигин аңдап билүү татаал деле эмес. Эгер ал ачка убагында да токтобостон кусуп жатса, анын өмүрү коркунучта.

Окуя жаман нук алса, былжырлуудан ашказанга чейин үзүлүп кеткен болушу да ыктымал. Андай бейтапты оор хирургиялык операция күтөт. Адамдын ээги көгөрүп, деми кысылып баратса, кыймылсыз жатып, каректери жарыктан таасирленбей калса, анда чак-чалакейге түшө бериңиз. Шашылыңыз! Адамдын мындай абалында өмүр менен ажал арасы жарым саатчалык болушу мүмкүн.

9. Өнөкөт дарт курч кармаганда

Кант диабетинен азап чеккендерди мисалга алалы. Адатта алар өздөрүн жакшы көзөмөлдөйт, дарысын маалында ичет. Бирок кээде адам эмнегедир убагында инсулинди сайдырбай калат. Эгер бир башкача абалга кабылса, дароо телефонду бураңыз.

10. Жол кырсыгы

Эгер сиз жол кырсыгына күбө болсоңуз, кандай болсо да 103 номерин териңиз. Сыртынан байкалбаганы менен кырсыкка кабылган адамдын боору же өпкөсү жабыркашы мүмкүн. Дендароо абалда адам эч нерсени сезбей калат, кырсыктаган адам өлүм алдында экенин да аңдай албашыңыз ыктымал. Сөөгүнүн сыныгы санынан чыгып турса да, басып жүргөн адамдар көп болгон.

11. Күйүк

Адамдын жүзү, жыныс органдары жабыркаса же күйүк чоң болсо (маселен, аягы, ичи же далысы толугу менен жабыркаса), доктур чакырыңыз. Тез жардам келгенче жабыркаган адамга берер көмөгүңүз болгону — жараатты муздак сууга тосуу. Байкуш бейтапты каймак же май сүйкөп, анан да ыйлаакчаларды жарып, жанын ого бетер оорутпаңыз!

12. Кан басымы

"Тажрыйбалуу" гипертониктер көздү чанагынан чыгарчудай баш ооруну жакшы билишет. Бирок буга алгач ирет кабылгандар белгилерин билип алганы дурус: тамырдын согушу күчөйт, энтигет, жөн гана жатып, эч нерсе кылууга көңүлү чаппайт. Мындай абалга кабылсаңыз, дарыгерге чалыңыз!

13. Жат нерсе

Дарыгер. Архив
© Sputnik / Константин Чалабов
Эгер кулак, мурун же көзгө бир нерсе кирип кетсе, "Тез жардамдын номерин бураганыңыз оң. Бир ирет жаш жигиттин көзүнөн айнектин жайнаган сыныктарын чыгаргандарына күбө болгом, бет маңдайынан айнек жарылып кетиптир. Көрүү мүмкүнчүлүгүн сактап калышты, бирок тарткан азабын айтпаңыз…

Эгер өмүрүнө коркунуч туулбаса, бейтапты ооруканага өз алдынча да жеткирүүгө болот. Бирок эс-учун жоготсо, кан агып жатса же дем алуусу оорлосо, создуктурбоо зарыл.

14. Оозунан кан аралаш көбүк чыкса…

Бейтаптын талмасы болсо дарыгерлердин тынчын албаңыз, ал эми андан башка убакта сөзсүз "Тез жардамга" чалыңыз. Тилин чайнабайт, жутуп албайт, оозуна эч нерсе салуунун зарылдыгы жок! Эң жаман дегенде эрин же жаагын жаралап алышы ыктымал. Талмасы токтогондо бейтап уйкуга кетет, күчүнө толо сак-саламат ойгонот.

Бейтаптын туугандарына кулак кагыш: ооруну басаңдатуучу дары-дармек менен зордобоңуз! Сиздин андай "көмөгүңүздөн" кийин дартты аныктоо татаалдашат.

Доктур келип, сыйкырдуу ийне сайып кетсе эле толугу менен сопсоо болуп калам деп да күтпөңүз. Алар болгону бейтаптын абалын жеңилдетип, зарылчылыгы болсо, ооруканага алып кетишет.

1191
Белгилер:
оору, тез жардам, Улугбек Жоомартов
Тема боюнча
Жыныс органдарындагы варикоздун кесепети. Флеболог Нурмат Кубанычбек уулу менен маек
Корулдабай ары жатчы! Коңурук тартуу оорубу же адатпы?
Пикирлер