Ала-Тоонун ажолору: такка отуруу таржымалдары. Экинчи макала

© Sputnik / Сагын Альчиев / Медиабанкка өтүүИнаугурация президента Киргизии Алмазбека Атамбаева
Инаугурация президента Киргизии Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин биринчи президент Аскар Акаев менен кийинки өлкө башчы Курманбек Бакиевдердин инаугурацияларынын өтүү шааниси айтылган

"Өткөөл мезгилде" такка келген Роза Отунбаеванын "инаугурациясы"

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЭкс-президент Роза Отунбаева ант берүү учурунда
Роза Отунбаева — женщина-президент с железным характером - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент Роза Отунбаева ант берүү учурунда
Советтер Союзу деген дүйнөдөгү эң ири держава кыйрап, өз-өзүнчө чоң жана кичи мамлекеттерге ажыраган 20 жылдын ичинде Роза Отунбаеванын президент болушу эки көрүнүшү менен тарых барактарына катталды: биринчиси – бийликти төңкөрүш менен оодарып ийип, "убактылуу" деген өкмөттүн жана "убактылуу" деген президенттик кызмат ордунун киргизилиши менен; экинчиси — СССРдин сыныктарынан куралган он беш жаңы мамлекеттердин ичинен биринчи жолу эл башына аял кишинин келиши менен.

Церемония инаугурации Алмазбека Атамбаева на пост Президента Кыргызской Республики, Бишкек, 1 декабря 2011 года - Sputnik Кыргызстан
Ала-Тоонун ажолору: такка отуруу таржымалдары
Отунбаева кыйын кырдаалда бийлик башына келди, алар: биринчиси, ар бир саатта мурдагы президенттин тарапташтарынын контрреволюция жасап ийүү мүмкүнчүлүктөрү бар эле; экинчиси, борбор калаадан кыйла алыс стратегиялык мааниси жогору деп эсептелген Ош шаары убактылуу өкмөттү теңине албай турган; үчүнчүсү, Ошто жана анын тегерек-четинде этникалык кагылыш чыгып, ал жерде адам өлүмдөрү дале катталып жаткан; төртүнчүсү, бийликти кууп жибергендердин бир тобу ошол кууп ийүү ишине активдүү катышканы үчүн "убактылуулардан" кызмат креслолорун үмүт этип турган, а түгүл айрымдары өздөрү эле барып, кайсыл бир орундарды ээлеп алган; бешинчиси, "кандуу кармашта" каза тапкан жигиттердин каны бийлик башына келгендерди тынч уктатпай жаткан ж.б.

Аял кишинин оор жүгү

Мына ушундай кырдаал-шартта президент болуучу кишиге суктанууга караганда, боор ачуу көбүрөөк керек эле. Эгер Курманбек Бакиевди өлкөдөн айдап чыгып, Ак үйгө жаңылардын келиши 2010-жылдын 7-апрелине туш келсе, өлкө сексен күндөй мыйзамдуу бийликсиз калып, 27-июнда гана референдум менен президенттин милдетин аткаруу вазийпасы Отунбаевага жүктөлдү, тагыраагы, тагылды! 27-июндагы бүткүл элдик референдумда эки маселе коюлду: биринчиси – Конституциянын жаңы редакциясын колдоо, экинчиси – Отунбаеванын президенттигин таануу.

Кырдаалга байланыштуу инаугурация жөнөкөй жана жабык жерде (Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында), ашыкча шаан-шөкөтсүз жана чет элдик коноктордун расмий катышууларысыз эле башталды. Эрежеге ылайык, такка отура турган эжекебиз кортеждин коштоосунда күлмүңдөгөн жүз жана бир аз чочулоо менен келгендей болду.

Торжественная церемония вручения благодарственного письма СМИ за освещение II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына бир дагы президент чакырылган жок
Салтка ылайык жыйындын башында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев жалпы элдик референдумда катышуучулардын 90 пайызы Баш мыйзамдын өзгөрүүсүн, демек, Кыргыз Республикасы парламенттик өлкө болушун жана Отунбаеванын президенттик кызматка отурушун каалай тургандыгын расмий билдирди. Кол чабуулардын коштоосунда Сариев жаңы шайланган эл башыга президенттин күбөлүгүн, төш белгисин, президенттик штандартты жана кыргызстандыктарга берилүүчү анттын текстин тапшырды. Кызыгы, Отунбаевага перезиденттик бийлик аз гана мөөнөткө – 2011-жылдын 31-декабрына чейин гана ыраа көрүлдү. Өз сөзүндө жаңы президент анын саясаты кыялдар менен көз боёмочулуктан эмес, чыныгылыктан жана майнаптуулуктан кураларын айтып, өзүн бийликке алып келген 27-июнь референдумун эл бийлигине жол ачкан, мамлекеттин саясий системасындагы революциялык өзгөрүү деп баалады.

Алмазбек Атамбаевдин "такка отурушу"

© Sputnik / Сагын Альчиев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева менен учурдагы президент Алмазбек Атамбаев
Роза Отунбаева — женщина-президент с железным характером - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева менен учурдагы президент Алмазбек Атамбаев
2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгын БШК 12-ноябрда расмий жарыялады. Ага ылайык Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 62 пайыз добушуна ээ болгон. Ушундан кийин жаңы шайланган президент Атамбаевдин инаугурациясын уюштуруп өткөрүү боюнча комитет түзүлүп, ага президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев дайындалды. Кызматтагы президент Отунбаева 2011-жылдын 1-декабры Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президентинин кызмат ордуна расмий киришүү күнү деп жарлык чыгарды. "Такка отуруу" аземи ошол күнү болуп өттү.

Атамбаев төртүнчү президент катары бийликти расмий шартта өткөрүп алган биринчи эл башы катары тарыхта калды.

Инаугурация саат 10:00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башталды. Чет өлкөлөрдөн Түркия жумуриятынын президенти Абдуллах Гүл жана Грузиянын президенти Михаил Саакашвили, АКШнын мамлекеттик катчысы Роберт Блэйк, Россия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин, Казакстандын, Азербайжандын, Тажикстандын өкмөт башчылары катышты.

Тууну өпкөн Атамбаевдин анты

Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Казакстан менен болгон көйгөйлөр жакында чечилет
Иш-чараны Кыргыз телерадиокорпорациясы түз эфирден алып берип жатты. Адегенде мамлекеттик резиденциядан чыккан Атамбаев өкмөт үйүнө сапар алды, салтка ылайык ал жерден Отунбаева тосуп алды. Манас атындагы даңгыр жол автоунаалар үчүн жабылып калды. 10 саат 55 мүнөттө Отунбаева кызмат бөлмөсүн таштап, "Ала-Тоо" борбордук аянтында турган Улуттук гвардиянын жоокерлеринен алдында өткөрүп жаткан кызматы үчүн ыраазычылык билдирди да кортежи менен филармониянын имаратына бет алды. 11.02. Атамбаев кызыл килемче менен залга киргенде отургандар дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды. Сөз Отунбаевага берилди. Ал өтө кыска сөз сүйлөп, аягын "Мен Алмазбек Атамбаевдин адилеттик менен иштешине ишенемин" деп бүтүрдү. Аземди БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов улантты да, шайлоонун жыйынтыгын дагы бир жолу жарыялады. Жаңы президент ант берди.

© Sputnik / Сигын Альчиев / Медиабанкка өтүүАлмазбек Атамбаевдин инаугурациясы
Инаугурация президента Киргизии Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы
Анда мындай сөздөр жазылган: "Мен, Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин!". Анын тексти 18-ноябрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Анттан соң сахнага Кыргызстандын герби түшүрүлгөн желекти алып келди, жаңы президент аны өптү жана ошондон кийин БШК төрагасынын колунан президенттик күбөлүгүн алды. Кыргызстандын президентинин төш белгиси жана штандарты тапшырылды. Мамлекеттик гимн ойнолуп, Атамбаев президент катары "такка отуруп", президент макамындагы алгачкы сөзүн сүйлөдү. Аксакалдар ак батасын берди. Ак үйдүн 7-кабатына келип эски президент иш бөлмөсүн жаңы президентке өткөрүп берди. Конституция боюнча Атамбаев 6 жылга – 2017-жылдын 1-декабрына чейин такта отурмак болду…

Эми кезек, жакында жаңы шайлаган президент Сооронбай Жээнбековго келди… Анын инаугурациясы 24-ноябрда өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0