Балдарын чакырып аткан аялдар. Архивдик сүрөт

"Өпкөмдү чабайын, кагылайын каралдым..." Жалыныч сөздөрдүн мааниси

1133
(жаңыланган 12:20 01.12.2017)
Шаакан Токтогул
Колумнист Шаакан Токтогул бул ирет кыргызда кеңири колдонулган жалыныч сөздөрдүн маанисине токтолду

Баланы жалынып жакшы көргөндө биз ага пайда келтиребизби, же башка зыяны да болушу мүмкүнбү? Эмне үчүн "ата-энеси артыкча жакшы көргөн уул же кыздын тагдыры татаал болуп калат" дешет? Бул багытта кыргыз ишенимине ылайык ой толгоону сунуштайм.

Азыркынын алкоосу

"Карга баласын аппагым дейт" дегендей мен да балдарымды түрдүү сөздөрдү айтып жалынып, жакшы көрөм. Жадырап күлүп койсо, эркелеп жакшы сөзүн айтса азыркы замандаштардын баарынын сөз корунда кеңири колдонулган "жаным", "чырагым", "козум", "алтын балам", "акылдуу балам" деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп жатып, баланы коргой турган, дараметин өстүрө турган кубаттуу сөздөр эмес деген ойдо калам.

"Жаным" деген деле туура, бала эненин боор эти менен тең бүтүп, жанынан жан, канынан кан алып жаралат эмеспи. Ал эми "чырак" — жашоого жарык берген бала экендигинин белгиси да. "Козум", "алтыным" дегендер баланы салыштыруу, ошого тең кылуу иретинде болсо керек. Мунун баары жөн гана ошол кезде жашаган ички сезимди сыртка чыгаруу деп билем. 

Баланы жакшы көрүү

Албетте, ар бир ата-эне баласын жакшы көрөт, бирок кыргызда "көп назарымды салбайын, бала көтөрө албай калбасын" деп сезимдерин жарыя кылбай, элжиреген эмес. Анын себеби эмнеде? Адамдын көзү таш жарат деп коёт. Өзүндөгү жакшы көрүү сезиминин энергетикасы балага оор келет деп укканыбыз бар. Ошондуктан эл арасында "жаттын көзүнөн умай энеси сактайт, ата-энесинин киренесинен сактасын" дешет.

Айрыкча "ата назарынан калуу", же "артыкча ата назары" да баланын ден соолугуна, келечегине терс таасирин тийгизген учурлар арбын. Байыркы кыргыз коомунда баатырлар баласынын бетин ачып өппөстөн камчысынын учун мурдуна тийгизип ошону жыттап каниет алган экен.

Эл арасында ата-эне айрыкча үзүлүп түшкөн баланын жолу катуу болуп калат деген ишеним бар. Байкап көрсөк көп бүлө, чөп бүлө болуп, тартышчылыкта, түйшүктө чоңойгон балдардын баарынын келечеги майлуу-сүттүү болгону да ошондон болмогу мүмкүн. Баланы үйрүлүп түшүп жакшы көрбөө бул мерездиктин эмес, аны асырап-абайлоонун, энергетикалык жактан терс таасирлерден сактоонун бир белгиси болсо керек.

Этнографтан эки ооз кеп

Биринчи курста окуп жүргөн кезимде венгр окумуштуусу, этнограф Дауд Шомфей Каранын лекциясына кокустан катышып калгам. Кыргыздын "айланайын" деген жалыныч сөзүн чечмелеген эле, сөзмө-сөз болбосо да эсимде калганын айтып өтөйүн.

…Бул өзү кыргыздын эң эски ишенимдеринен улам келип чыккан сөз. Түпкү кыргызда ооруп калган кишини бакшылар тегеренип, дем салып отуруп айыктырган. Кичинекей баласы ооруп калса, ат арытып алыстан атайы бакшы алдырган. Эгер бакшы келалбай калса, бул милдетти атасы же апасы өз мойнуна алып, оорулуу баланы тегеренип, кудайга жалынып, оорусун өзүнө өткөрүп алган. Кишинин ички кубаты күчтүү болсо, сөз жок оору ага таасир эткен эмес, эгер алсыз адам болсо баланы эмдегенден кийин сөзсүз ооруп калуу коркунучу турган.

Даут Каранын изилдөөсүнөн улам, эмне үчүн кишини айланып, тегеренбеш керек экенин түшүнөбүз. Кишини тегеренип ойногон балдарды "тегеренбе" деп улуулардын тыйганын да баарыбыз билебиз. Адам өзүнүнүн кубатынын күчүн өзү толук ачып бүтө элек, аңдап жете элек. Ал эми байыркы ата-бабалар бул илимден абдан жакшы кабардар болгон. Керек жерде ооруну өткөргүч касиетти аткара алган.

Жалыныч сөздөрдүн мааниси

Айланайын, тегеренейин. Айланып, ичиңдеги дартыңбы, оору-сыркооңду, жаман нерсеңди алайын.

Өпкөмдү чабайын. Өпкө чабуу ырымынан улам келип чыккан. Кыргызда алыс жолдон келсе, ооруса, айтор, ошол кишиге арналып мал союлуп, түлөө берилсе курмандык чалынган койдун өпкөсүн жылуу кезинде ошол кишиге чаап (киренелеген сымал тийгизип), боюн аластайт да алыска ыргытып жиберет. Ал эми бул жалыныч "сен үчүн, өзүмдүн өпкөмдү чаап, боюңду аластайын, жаман нерселерден сактайын" дегенди билдирет.

Жүрөгүмдү чабайын. Бул дагы өпкө чабуунун маанисинде. Жүрөк өпкөдөн жогору бааланат, демек "сени жамандыктардан коргоо үчүн өпкөмдү эле эмес, жүрөгүмдү да чапканга даярмын" дегени.

Каралдым. Бул сөз да баласына жалынып, боюндагы оору-сыркоо, суук көз, суук сөздүн баарын, бардык карасын алып салайын, тазалайын деген мааниге келет. Башкача айтканда, "кара алдым, караңды алдым" деген мааниде.

Боюңдан секет болоюн. Секет, зекет дегенден келип, бул ислам маданиятынан кийин пайда болсо керек. Зекет – динде адамдын жакшылыгы, бардарлыгы үчүн кудайга ыраазычылык иретинде берилген чыгым болуп, мында "баламдын жакшылыгына кеткен зекет мен болоюн" деген мааниде колдонулган.

Садага болоюн. Он эки мүчөсү бүт, оокат-ашы белен кишилер көңүлүнөн чыгарып жарды-жалчы, сурамчы-тилемчилерге садага берген. Берген садага менен кошо киши тазаланып, мээнеттен кутулат деген түшүнүк бар. Демек, баласынын жакшылыгы үчүн садага болуп, мээнет-санаасын жеңүү ар бир эненин тилеги болгон.

Кагылайын. Өпкө кагуу же чабуу жогоруда айтылгандай жамандыктан тазалоо иретиндеги ритуал болсо, баласынын жакшылыгы, кең келчеги үчүн өпкө, жүрөгүн эле эмес, керек болсо өзүн каккысы келген изги тилеги.

Жалыныч сөздөрдүн кубаты

Жалпы жонунан жалыныч сөздөрдүн бардыгы азыркынын элжиреген, ички сезимин ачык билдирген эркелетүү, жакшы көрүүлөрүнө караганда кубаттуу, мистикалык күчү бар сөздөр. Анткени ал чыны менен баланы атанын артыла жакшы көргөнүнөн, эненин элжиреген сезиминен сактап, анын ички кубатын арттырат.

Андан сырткары, баланын денесинде топтолгон суук көз, суук сөз, суктанууларды тазалап, баланын боюн аруулап турат. Заман агымы менен кошо эски сөздөрдүн ширесин жоготконубуз ырас. Антсе да маанисин сактап, ырасымын жасап жашасак деген изги тилек, илгери үмүт…

1133
Белгилер:
маани, жалыныч, Шаакан Токтогул
Тема боюнча
Узун чач – ырыскы, кыркылган чач – шылдыӊ, жайылган чач – аза
Пикирлер