Чыны кап. Архивдик сүрөт

Гүлазык деген эмне? Күч-кубат берген, умай энеден уланган азыктын мааниси

498
(жаңыланган 16:37 15.01.2018)
Шаакан Токтогул
Колумнист Шаакан Токтогул ата-бабалар кеңири пайдаланып келген гүлазык тууралуу жазып, байыркылардын турмушун унутуп, дээрлик билбей калган муун үчүн табылгыс маалымат берди.

Кыргыздын улуттук тамак-ашынын ичинен узакка сакталган, ичкенге жарым-жартылай даяр кылып жасалган бул тамак өзгөчө. Анда төмөндө гүлазыктын күнүмдүк турмуштагы орду, баалуулуктары тууралуу кеп салабыз…

Гүлазык деген эмне?

Гүлазык – кубаты мол, узакка сакталган, ичкенге жарым-жартылай даяр кылып жасалган азык. Таразалай келгенде байыркы башаттын акылынан жаралган, эчен кылымдык мол тажрыйбанын табият менен шайкештигинин, ар нерсенин кадыр-баасын, сын-сыпатын терең билгендиктин түшүмү.

Жоокерчилик заманда жортуулга чыккан, жүрүшкө аттанган ар эрендин жан баштыгында гүлазыктын бир нече түрү камдалган. Керек жерде жан казандагы кайнап жаткан сууга салып жиберип, курсагын тойгузуп, кубатын толтуруп, дымагын тирилтип, аны даярдаган асыл жарына, энесине же эже-карындашына батасын берген.

Гүлазыктын түрлөрү

Гүлазык дан азыктарынан, сүт азыктарынан жана эт азыктарынан даярдалган болуп бир нече түргө бөлүнөт.

Дан азыктарынан даярдалгандарга: талкан, кошкон май, май талкан, куурулган буудай сыяктууларды кошууга болот.

Сүт азыктарынан курут, кайнатылган курут, кургак кымыз өңдүү гүлазыктарды камдашкан.

Эт азыктарынан даярдалган гүлазыктар жылкы же кийик гүлазык деп бөлүнгөн.

Эт гүлазыктар

Гүлазык негизинен көбө турган, көбөйө турган эттерден жасалган. Төрт түлүктүн ичинен жылкынын эти тандалган. Ал эми жапайы жандыктардан кийиктин этин пайдаланышкан. Биринчиден жогоруда айтылган көбөйө турган касиетинен улам, экинчиден кубаттуулугунан улам деп белгилешет салттуу билим алып жүрүүчүлөр.

Кошумчалай кетчү нерсе элдик билимде "кийиктин эти кырк жылда мумиё болот" деген түшүнүк бар.

Жасалышы

Сүт азыктары (кургак кымыздан башкасы, бул азыкка кенен токтолобуз — ред.) менен дан азыктарынан жасалган гүлазыктарын жасоо ыкмалары аздыр-көптүр түшүнүктүү болгондуктан эт азыктарынан даярдалган гүлазык тууралуу кененирээк айтууну эп көрдүм.

Жылкынын же кийиктин этин нымы кеткиче бакандарга иле туруп, анан абдан майда туурашып, козу кулак же аткулактын үстүнө жайып, көлөкөгө көп күн кургатышкан. Албетте, эт кургагыча чымын-чиркейден сактаган сурп же бөздөн жабуулар жабылган. Арасына сарымсак, согон, тоо пиязды майда туурап кошуп, жалбыз, кийик оту өңдүү чөптөрдүн кургак жалбырактарынын күкүмдөрүн татымал иретинде аралыштырышкан. Тоборсуп кургап калгандан кийин, жаргылчакка тартып, күлмайда талкан кылышкан. Элдик билимде жаргылчакка тартпай оп майда тууралган түрлөрү да бар дешет.

Айрымдар буудай талканды аралаштырып, айрымдар талкан аралаштырбай пайдаланышканын салттуу билимди алып жүрүүчүлөр айтышат. Мындай гүлазыктар атайы тигилген кездеме баштыктарга салынып, баканга илинип, ар бир үйдө көздөй азык катары аяр сакталган.

Азыркы заманга айкалыштырсак…

Ой тизгинин жыйып, гүлазыкка корутунду пикир тизмектеп айтаарыбыз байыркы эне башаттан уланган гүлазыктын бардык түрү азыркынын жарым даяр азыктарынан алда канча кубаттуу, алда канча пайдалуу. Албетте ал – азыктын таза дандан табигый тамактан даярдалгандыгынын жыйынтыгы. Жортуулчулук заманда ылдам жүргөнгө, ар дайым ар кандай кырдаалга шайма-шай болгонго басым жасалган. Азыр деле заман агымы менен алпурушуп таңда туруп шашып жумушка аттанабыз, кечкисин шашып келип батыраак бышса экен деп тамак даярдайбыз. Балким, эне башаттын эмгеги гүлазыктардын түрлөрүн күнүмдүк тамак-аш рационуна киргизсек, биринчиден шашкан кезде бат даярдалып, экинчиден зыяндуу кошулмалары жок таза азык катары учурга шай, убакытка туура келмек деген ой келет…

498
Белгилер:
гүлазык, колумнистика
Тема боюнча
Узун чач – ырыскы, кыркылган чач – шылдыӊ, жайылган чач – аза
Кут белде, күч белде... Кыргыз жигиттеринин башкалардан айырмасы эмнеде?
Пикирлер