Карындагы бала жан багарбы же эл багарбы? Талгактын таржымалы

© AFP / NICOLAS ASFOURIПрава женщин в Бангкоке
Права женщин в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Шаакан Токтогул кыргыз элиндеги талгак түшүнүгүнө аздыр-көптүр токтолуп, ой жоруп, анын жыйынтыгын окурмандарга сунуштады.

Байыркынын баатырларды баяндаган санжыра-санаттарында кыргыз аялдарынын артыкча бааланган, артыкча даӊазаланган учуру — өтө чанда кездешкен жагдайда талгак болушу. Анын артынан эл үчүн кан-жанын аябаган эрен уулдарды жарыкка алып келиши. Талгак деген өзү эмне? Анын кыргыз тукумуна тийгизген таасири кандай болгону туурасында кеп учугун улайлы…

Талгак деген эмне?

Мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согумдун сонундары: касапчынын кол кесери, бөкөөлдүн эт бөлгөнү...
Жалпы дүйнө жүзүндөгү аялдардын кош бойлуу абалы кишиден киши жаралган татаал жараянды басып өтөт. Ошол учурдагы ой-кыялдын бузулушу, сөз көтөрө албаган эркелик, бат-бат пайда болуп турган жүрөк айлануу (токсикоз) жана башка толуп жаткан көрүнүш баарынде эле көндүм көрүнүш. Ушулардын ичинен бөлүп карала турганы талгак. Талгак — кош бойлуу аялдын көптөн көксөгөн, өтө жегиси келген, атайы арзыган азыгы.

Талгактын карындагы балага таасири

Элдик билимде аялдын талгагына артыкча абай салынган. Анткени, анын мааниси да, маӊызы да тереӊ. Биринчиден, кандай азыкка талгак болгонуна карап карындагы баланын алгачкы апталарында эле уул же кыз экенин так билишкен. Экинчиден, азыктын ашкере кубаттуулугуна карап, ичтеги күмөндүн келечектеги орду, элге кылаар кызматы аныкталган.

Талгагын кандыруу же жандыруу

Талгак болгон аялдын талгагын кандыруу урук-туугандын, айыл-апанын жалпылап киришкен аракети болгон. Анткени салттуу билимде аялдын талгагы канбай, тетирисинче жанып кетсе болочок балага терс таасирин тийгизет деп ишенишкен. Болочок тукум тагдырдан буйруган өз ишин, жерге келгендеги өз милдетин так аткарышы үчүн карында кезде энесинин талгагы каныш керек деп саналган.

Баатырды төрөгөн аялдын талгагы

Чач өрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Узун чач – ырыскы, кыркылган чач – шылдыӊ, жайылган чач – аза
Чыйырды энебиз Манас ата боюна бүткөн кезде көпчүлүк варианттарда жолборстун жүрөгүнө, айрым варианттарда шердин жүрөгүнө, аз кездешкен варианттарда ажыдаардын жүрөгүнө талгак болгону айтылат. Ушундан улам Жакып атабыз боло турган баланын биринчиден уул экенин, экинчиден ааламда жок баатыр болорун билген. Туш тараптан издеттирип Каңгайдын кара мергени атып алган жолборстун жүрөгүн таптырып келген.

Ал эми Кан Манастын жубайы Каныкей энебиз да, келини Айчүрөк энебиз да жолборстун жүрөгүнө талгак болгону баяндалат. Манас атаны улай эле андан берки баатырлардын энелеринин баары көк жалдын, жолборстун, шердин жүрөктөрүнө талгак болгону санжыралардан улам белгилүү.

Кыздан чыккан сырттан

Жаӊыл Мырза энесинин боюнда күмөн экенинде энеси көк жалдын жүрөгүнө талгак болгон дешет. Тукумсуз карып бараткан атасы баш болуп жалпы нойгут эли "Буюрса, эл башына келээр баатыр тукум уланат экен" деп абдан кубанышат. Ай-күнү жетип кыз төрөлгөндө жаӊылып артынан уул келсин деген максатта атын Жаӊыл коюшат. Бирок атасынын үмүтү акталбай, уул уланбай, тетирисинче Жаӊыл кыз уулдан артык эр болуп, беттегенден кайтпаган көк жал болуп бой жетет.

Тоӊ моюн Балбай

Кадимки Балбай баатыр бойдо күмөн кезинде энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Атпай журттун баары алыс-жууктан жолборс издетип таппай камандын жүрөгүн жолборстуку деп беришкен дейт. Балбай эр төрөлүп, бирок камандын жүрөгүнөн улам тоӊ моюн болуп калган дешет санжырачылар.

Азыркынын талгагы

Чуңкурчак капчыгайындагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк урсун, Жер урсун, Ант урсун... Ант урабы же урбайбы?
Талгак да замандын талабына ылайык өзгөрүп турат окшобойбу. Анткени азыркыга назар салганда андай санжыргалуу талгакты деле угуп-көргөн жокпуз. Сырт жактан агылып келген жаӊы азыктардын арбын түрү, тооктун канаттары, фаст-фуддун түрлөрү, пицца, суши дегендер азыркынынын талгак объектиси десек жаӊылышпайбыз. Бир жаш тарыхчы жигит: "байыркы баатыр аталар курсакта экенде энелери жалаӊ жолборстун, шердин, көк жалдын жүрөгүнө талгак болуптур. Аны окуп алып апамдан "Мен боюӊузда экенде эмнеге талгак болдуӊуз эле?" деп сурасам, "туздалган бадыраӊга" дейт. Анан менде эмненин эрдиги. Заманыма жараша жан баккан бирөөмүн да" деди эле.

Эмнеси болсо да аялдын талгагы карындагы күмөндүн тагдырына таасир эте турганы чын. Эмнеси болсо да эл ичинен эл багаар уулдар суурулуп чыгаар деген тилектебиз…

Жаңылыктар түрмөгү
0