Соору көрүнгөн шым, көчөдө өбүшкөн жаштар. Абийирди төккөн 2000-жылдардын башы

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКучакташып турган жаштар. Архив
Кучакташып турган жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Бегимай Бакашева студент кезиндеги курдаш, теңтуштарынын кийингенин, баскан-турганын эске салып, кайсы нерселер үчүн ушул убакка чейин уяларын айтып берди

Бир жолу "Журналисттик чеберчилик" сабагынан берген Тилектеш агайыбыз адатынча ар кайсыны айтып тамашалап отуруп, жаңы эле маршруткадан көрүп келген окуясына өтүп кетти.

"Үлгүрөп кетиптирмин, бир маалда көзүмдү ачсам капталымда капкара бир нерсе турат. Акыры-ын карасам бир кыздын киндиги экен. Батып-батпай турган шымына ийне тийсе ыдырап кетчүдөй. Белинин бир карыш жери жылаңач. Эми ошол кантип болсун?.." — деп көпкө сүйлөнгөн.

Празднование нового года - Sputnik Кыргызстан
Тепки жеген балаты, сабиз салат, кашайткан дискотека. Кызыгы көп мектептеги жаңы жылым
Андан дагы ошондой тар шымдардан мода деп "карандашын" чыгарып алгандарчы. Бетим ай, бетим… Азыр элестетип көрсөңүз, шымынан ич кийимин атайылап чыгарып кийип жүргөн кызды. Ии баса, бул "моданы" балдар дагы катуу кубалабады беле. Мына шыпырылам, ана шыпырылам деп турган жинсысынын белинен эки элидей Calvin Klein деген жазуучу бар ич кийимин чыгарып алчу эле го. 

Ал убактагы "саркеч" жигиттер кежиге чачын Дима Биландыкындай өстүрүп, кашынын орто жерин лезвия менен кырып алганды дагы жакшы көрчү. Эсимде,алгачкы курстарда окуп жүргөндө бир бала жигит болгусу келип, 2-3 айча артымдан жүргөн. Дал ошол Биландыкындай чачын көргөндө кыжырым келе берчү. Бир күнү тамаша иретинде "Дима Биланга түспөлдөшүп кетет экенсиң" деп койсом, керсейе карап "ошону эми байкадыңбы?" десе болобу? Ошол… Андан кийин ал баланын өзүн да, чачын да көргөн жокмун.

Бирок мунун баары эч нерсе эмес. Мен чак түштө көчөдө өбүшүп турган жаштарды көргөндө кирээрге жер таппай калчумун. Айылдан жаңы келген күндөрдүн биринде байкем экөөбүз анын машинасында бара жатканбыз. Азыр ойлосом, Манас проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол чыракка токтоптурбуз. Карасам, жолдун жээгинде, бизден эки эле метр алыстыкта кыз-жигит катуу кумарга батып өбүшүп атыптыр. Башымды жерге салган бойдон көпкө көтөрө алган жокмун. Байкем дагы эмне кыларын билбей, күзгүсүн оңдоп, айнегин ачып-жаап аябай калдаңдаган. Мен шаарга көнө баштаган кезде сүйүшкөн кыз-жигиттер сейил бактардагы отургучтарга "көчүп" алышты. Жигити отургучка отурса, кыз бутун арта салып, жигиттин алдына отурат дагы эч кимди көзгө илбей каалаганын кылышат. Эркек го эркек, а кыздарчы? Коомдо өзүн алып жүрүүнүн нормаларын биякка коелу, тууган-туушкан, аяш ата, аяш апалар көрүп калса эмне болот эле?

Интервью с популярным певцом Мирбеком Атабековым - Sputnik Кыргызстан
2005-2006-жылдардагы хиттер: 10 жыл мурун "дүң" болгон ырлар эсиңиздеби?
Дагы жакшы ошол кезде азыркыдай камералары бар сматрфондор, кылт эткендин баары жарыяланып кеткен социалдык тармактар болбоптур. Кызынын шаарда кантип жүргөнүн бирөө тартып Facebook тармагына жүктөп койсо, аны айылдагы апасы көрүп, жүрөгү кармап калмак окшойт.

Жазгандарымды окуган киши бул журналист элдин баарына сын тагыптыр, өзү кантип жүрдү болду экен деп суроо бериши мүмкүн.

Өзүм студент кезде атамдын карындашы менен жашадым. Ал мени ашыкча жарым карыш бастырбай катуу кармачу. Бир жолу экөөбүз мага шым алабыз деп "Дордойго" бардык. Базардан кайсы жерди караба, баары эле жогоруда мен айтып жаткан шымдар. Эжем киндикти жапкан шым чыкпай калганбы деп жинденип, 2-3 сатуучу менен уруша кеткен. Ошентип мен "көп" нерседен куру калчумун. Азыр ойлосом эжем туура эле кылыптыр, болбосо мен дагы жүрмөктүрмүн Тилектеш агайыбыздын үрөйүн учуруп.

Эми бул албетте, бир эле жаштардын айыбы эмес. Ал кезде көргөн-билгенибиз, базардын баары ушу болсо, мода, эркиндик, чоңдордун жашоосу ушундай болот экен деп ойлодук да.

Эмнеси болсо дагы ал күндөр өтүп кеткени жакшы болду. Азыр кыз-келиндердин жакшынакай, жарашыктуу кийингенин көрүп, 2000-жылдардын башын эске салып жылмайып коем.

Жаңылыктар түрмөгү
0