Тун сүйүүм ай, сени кайра көрбөй эле койсом болмок экен...

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүВлюбленные
Влюбленные - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балалык сүйүү — тоок сүйүү дешет. Ошол эле учурда эң биринчи сүйүү эстен кетпейт. Колумнист Эламан Карымшаков бала чагында бир кыздын жүрөгүнө кароолчу болуп кала бергенин эскерет.

1-сентябрь күнү жаңы алган кийимдерибизди кийип мектепке бардык, үч ай көрбөгөн классташтарың менен баарлашып ара чолодо кандай кийим алды экен деп баштан-аяк карап чыгасың. Бул жылы башталгыч классты бүтүп чоң класстардын катарына кошулдук. Бизди жаңы мугалим тосуп алды. Ал да быйыл эле жумушка орношуптур.

Кучакташып турган жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соору көрүнгөн шым, көчөдө өбүшкөн жаштар. Абийирди төккөн 2000-жылдардын башы
Мектептин астында өткөн салтанаттуу иш-чарадан кийин класстык бөлмөгө кирдик. Арабызда эмнегедир бейтааныш бир кыз жүрөт. Бир маалда мугалим ал кызды чыгарып "бул силердин жаңы классташыңар. Аты Перизат, бүгүндөн тарта силер менен бирге окуйт" деп тааныштырды. Кыз чын эле пери экен. Карасаң жүзүнөн нуру чачырап, нурунан гүлү ачылып турат. Кашы-көзү капкара, ийилген узун кирпиктерин ирмесе ичке чийилген кош каты көзүңө урунуп нукура сулуулукту көрсөтөт. Капкара узун чачын экиге бөлүп бууп ак бантик тагып алган. Үстүнө жарашыктуу ак кофта, кара юбка кийип келиптир. Көйкөлө басып жаныңдан өтсө, жүрөк кабынан чыкчудай туйлап, бир укмуш сезимге кабыласың.

Перизат бизге келгенге чейин шаарда окуптур, мүнөзү ачык-айрым, тамашакөй кыз экен. Бат эле таанышып жакшы мамиле түзө алдык. Классташ катары дегеним. Кийинчерээк айланага көз чаптырсам ага арбалып жүргөн жалгыз мен эмес экенмин. Жигит болот элем деп чыккандарды санасам эки колумдун тең манжасы жетпей калды. Менин көзүмчө да, көрбөгөндө да ага жогорку класстагы балдардан сүйүү каттары жаап жатты. Алардан кызганып бүтпөй жатсам, өзүбүздүн класстан дагы беш-алты баланын жүрөгүнө чок салып коюптур. Ошентип Перизат 500дөн ашуун окуучу билим алган айылдагы мектептин жылдызына айланып кетти.

Сабакта отуруп бири-бириңен бекитип кат жазасың да, мамилең жакшы классташ кызыңдан берип жибересиң. Катты алганы менен, кечирип кой, жооп келбейт. Кимди тандаарын деле билбей башы айланып калды окшойт. Өзү адамдардын көңүл чордонунда жүргөндү жактырчу. Балким ошондуктанбы, "ооба" деп сунган колуңду кармап басып кетпей, же "жок" деп түңүлтүп койбой жүрө берди. Кимиси болсо да жакшы сүйлөп бергенин алып, ээрчиткен жагына барып койчу. Перизатты баарыбыз сүйгөн менен башкалардай болуп талашып мушташкан жокпуз. Достугубуз бузулбай өз нугунда кете берди. Ар ким колунан келген талантын көрсөтүп жүрөгүн багындырууга аракет кылып жатты. Башка балдар менен жүргөнүн көрсөң жараңа туз сепкендей тызылдайсың. Чакырып сурак кыла албагандан кийин ичиң ачышкан бойдон кала бересиң.

Празднование нового года - Sputnik Кыргызстан
Тепки жеген балаты, сабиз салат, кашайткан дискотека. Кызыгы көп мектептеги жаңы жылым
Ошол жылы анкета дептерин ачуу аябай мода болуп кетти. Анда туулган жылың, жакшы көргөн машинаң, тамак-ашың, сүйгөн адамыңа чейин суроолор берилет. Бирөөсү ачса классташтарыңдын баары толтурууга милдеттүү. Үйдө сабак жазбай эле анкета толтурмай болуп калды. Биринчи бетине суроолорго жооп, экинчисине лирикаларды жазасың. Ал дептер колуңа тиери менен жанталашып Перизат "сүйгөнүң барбы?" деген суроого эмне деп жооп бергенин карайсың. Албетте чо-ооң болуп "Жок" деген жазуу турган болот. Ал эми сен анын аты-жөнүнө чейин жазып сүйүүңдү дагы бир ирет билдирип аласың…

"Адамга жаралган жалгыз жүрөк,
Ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт.
Ошондой жалгыз жүрөк менде да бар.
Ал жүрөк сени тандап сени сүйөт.
Сердца — жүрөк, лопатка — күрөк.
Значит Эламан Перизатты сүйөт",
— деген сыяктуу лирикалар жазылаар эле. Кызык, ошондо биздин сүйүүбүзгө күрөктүн кандай тиешеси болгонун азыркыга чейин түшүнбөйм.

Селфи кылуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Инстаграмда баары сулуу, куник кыздар кайдан чыгат?
Ошентип жүрүп 23-февраль да келди. Бул күнү кыздардын балдарга белек тапшыруусу салтка айланган. Перизат кимге белек берет экен деп эки көзүбүз төрт. Балдар катар тизилип турабыз. Кыздар алып келген белектерин бирден берип жатат. Кезек Перизатка келгенде чоң сумка көтөрүп чыгып жети балага белек берип койсо болобу?.. Баарыбыз кудуңдап сүйүнүп элжирей түштүк. Ал эми дискотека учурунда бийлей алганы да, албаганы да жанынан чыкпай калат. Кийин 8-мартта ага бар тапканыбызды чогултуп тапшырдык го, чиркин.

Ошентип бирөөбүз да анын жүрөгүн багынта албадык, ал да эч кимди тандаган жок. Байкуш балдар анын жүрөгүн кайтарган кароол болуп гана кала берди. Жигиттердин жүрөгүн уйгу-туйгу кылган сулуу биздин мектепте эки жыл окуп кайра шаарга кетип калды. Ошол боюнча аны көрбөдүм. 9-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип колледжге тапшырдым. Ал окуу жайды бүткөндөн кийин Россияда бир жылдай жүрүп келдим. Ал жакта бирге жашаган айылдаш балдар "Перизат классташың да бул жакта иштейт" дейт. Ушул убакка чейин турмушка чыгып кетпей эмне кылып жүрөт деп таң калдым. Мектептен кеткенине беш жыл өткөн, азыр кандай болуп калганын көрүүгө аябай кызыктым. Телефон номерин алып, чалсам баягыдай эле жайдары сүйлөп бир топко чейин баарлаштык. Бир шаарда тургандан кийин жолукпай кантип коё аласың. Созуктурбай жолугушуу күндү да белгиледик.

Аялдамада турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдамадан күткөн сулууну аяш атамдыкынан жолуктурдум...
Бойго жетип мурунку чырайына дагы чырай кошулуп калгандыр деп көз талдырган сулууну элестетип баратам. Бирок жолуга келгенде баягы көйкөлө баскан Перизат жок, көпкө издедим, таппадым… Мурдагы жибектей чачтан дайын жок, ким билсин эмне болгонун, айтор, желкесине жете түшүптүр. Бизди арбап алчу жаркыган жамалы жок, жүзүнөн нуру өчкөн. Колдорун кармасаң да баягыдай жумшак, назик эмес, эмнегедир кургап куудурап калыптыр. Сүйлөшүп отурсак эмне жумуш жасап жүргөнүн да жашырган жок. Ири соода борборлордун биринде пол жууп иштейт экен. Кийин ал байкуш турмуштун оош-кыйышына туруштук бере албай, жеңил ойлуулукка да алдырып ийгенин кулагым чалды.

Эх-хх… менин алгачкы сүйүүм, сени кайра көрбөй эле койсом болмок экен…

Жаңылыктар түрмөгү
0