Тур, турагой, Өзбекстанга кечигебиз!

© Sputnik / Зульфия ТургуноваВизит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Зульфия Тургунова бул ирет Өзбекстанга баргандагы сезимдери, таасирлери менен бөлүштү.

Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Астанага баргандан келгенче шашып... Сапардагы кызыктар
29-март күнү таң эрте сааттын жебеси 5:28ди какканда жогорудагы СМС билдирүү журналисттердин Whatsapp тайпасына келгенде көзүмдү ушалаган боюнча уйкум канбаса да турууга мажбур болдум. Анткени Фергана шаарында өтүүчү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арадагы облус жетекчилеринин кеңешин чагылдыруу үчүн бармакпыз. Кеңеш эки өлкөнүн премьер-министрлеринин төрагалыгы алдында өтмөк. Өзбекстанга алгачкы жолу бара жатканым үчүн жаш балача кымыңдап, шаша-буша кийинип, Ош шаарындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетин көздөй жөнөдүм.

Таңкы саат 7:00. Өзбекстанды көрө элек мен сыяктуу кесиптештерим көп экен. Алардын да маанайы көтөрүңкү. Кудуңдап сүйүнүп алганбыз. Көзөмөл өткөрүү жайынан бат эле өтүп, Өзбекстан тарапта премьер-министр башында турган топтун келишин күтүп, бир сааттай туруп калдык.

"Достук" көзөмөл жайындагы латын тамгасы менен жазылган өзбек тилиндеги "Ак жол" деген жазууну көрөр замат башка мамлекеттин аймагында экеним сезиле түштү. Чек арачылардын баары сылык-сыпаа, жылмайып гана учурашып жатышты. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваФерганадагы соода жайларынын, кафе-ресторандардын аталыштары да латын тамгасы менен өзбек тилинде гана жазылган. Башка тилдеги жазууну дээрлик жок
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Ферганадагы соода жайларынын, кафе-ресторандардын аталыштары да латын тамгасы менен өзбек тилинде гана жазылган. Башка тилдеги жазууну дээрлик жок

Бийге түшө жаздап аз калганда…

Улуттук кийимчен, өзбек улутундагы кыздар колдоруна гүл, нан кармап, Кыргызстандан келе турган делегацияны күтүп, жылмайып турушту. Алар менен жанаша эле керней-сурнай тарткан эркектердин тобун да көрүүгө болот. Ал эми жолдун экинчи тарабындагы,  Өзбекстанда жашаган каз катар турган ак элечекчен апалар көзгө дароо урунат. Алар менен кошо апакай бантик тагынган секелектер, окуучу балдар да колдоруна гүл кармап алган. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваУлуттук кийимчен, өзбек улутундагы кыздар колдоруна гүл, нан кармап, Кыргызстандан келе турган делегацияны күтүп, жылмайып турушту.
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Улуттук кийимчен, өзбек улутундагы кыздар колдоруна гүл, нан кармап, Кыргызстандан келе турган делегацияны күтүп, жылмайып турушту.

Машыгуу үчүнбү же алар да бизге окшоп күтүүдөн тажаштыбы, айтор, күтүүсүздөн керней-сурнай тартылып, өзбек кыздар чимириле бийлеп кирди… 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКыздарга жанаша эле керней-сурнай тарткан эркектердин тобун да көрүүгө болот
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Кыздарга жанаша эле керней-сурнай тарткан эркектердин тобун да көрүүгө болот

Биз моюн созуп делегация келди окшойт деп "Достук" тарапты карай баштадык…

Кесиптеш жигиттердин айрымдары бийлеп жаткан каш-кирпиги төгүлгөн сулууларга суктанып жатса, кээ бири канды дүрбөткөн музыкага туруштук бере албай, бийлегиси келип, араңдан зорго карманып турганын байкоо кыйын эмес эле.

Ошентип биз күткөн топ да келди. Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов өкмөт башчысын тосуп алып, Фергана шаарын көздөй алып жөнөдү. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКеңеш эки өлкөнүн премьер-министрлеринин төрагылыгы алдында өттү
Визит премьер-министра Сапара Исакова в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Кеңеш эки өлкөнүн премьер-министрлеринин төрагылыгы алдында өттү

Өзбекстанга алгачкы жолу баратканым үчүн мага баары кызыктуу эле. Алгач эле баш-аягы көрүнбөгөн эгин талаадан өтүп бараттык… Журналисттер түшкөн кичи автобус кортежден калбаш үчүн зымырап, жолдогу чуңкурлардан эки-үч ирет катуу силкинип алды. Кошуна Өзбекстандын жолдору да тешик, чуңкурга толо го дегендей ой келди. Бирок жолдору зымырап, тептегиз болбосо да биздикиндей тамтыгы чыкпаптыр.

Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Адилет Европанын 4 мамлекетин 60 миң сомго кыдырып чыкты
Билек түрүп шымалана, колуна кетмен менен күрөк кармаган кыз-келиндердин айрымдары тамак-ашын жонуна артып алып, талааны көздөй баратса, айрымдары таң атпай эгин талаасында жүрүшөт. Аларды көрөөр замат өзбек элинин эмгекчил, мээнетчил экендиги дагы бир ирет эске түштү.

Анжиян облусунун Хожа-Абад районундагы айылдар башталып, бирдей типте салынган окшош үйлөр дароо эле көзгө урунду. Тамдар бир түстө сырдалган. Ал эми бизде бири-серин гана көзгө урунган "Жигули", "Москвич" сыяктуу унааларды көп жолуктура баштаганда СССР кезинде тартылган кинону көрүп жаткандай болдум.

Мен кантип таштанды издедим…

Бирок ошол үйлөрдүн айлана-четинин, көчөлөрдүн, жада калса эгин талааларынын тазалыгы көңүлүмдү бурду. Көчөдөн же жол боюндагы арыктардан бир да желим бөтөлкөнү же желим баштыкты учурата албай көзүм талып, "кыйналып" бараттым. "Кантип эле ушундай болсун. Жок дегенде жаш балдар тентектик кылып, улууларды укпай таштанды ыргытат да" деп ойлодум. Ошол замат Бишкек, Ош шаарларыбызды элестетип, буга чейин "Ош таза шаар" деп айтылган пикирлерге бул ирет кошулгум келген жок. Жок, андай эмес экен. Борбор калаа менен экинчи борбор Оштун көчөлөрүндөгү тоодой үйүлгөн, жайкысын жыты мурунду жарган таштандыларды эстеп бетим кызара түштү… Эмнеге бизде мындай тазалык жок? Жада калса эгин талаалары да биздин шаарлардан таза экенине бир чети таңыркасам, бир чети намыстанып жаттым.

Деятельность МП Тазалык в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Алганыбызды кабыгы менен кошо жейлиби? Майрамдан кийинки таштанды тууралуу
Анан заматта оюма таштанды салынган челектер келе түштү. Шаар таза, демек, андай урналар кадам сайын турат болуш керек… Шаардыктар таштандыларын көрүнгөн жерге эмес, атайын челектерге ыргытат эмеспи, ошон үчүн айлана-чөйрө зымылдап, таптаза го… Жок. Көзүм талыды. Анткени зуулдап Фергананы көздөй сызган автобустун ичинде отуруп, сырттагы көчөлөрдөн таштанды челек издеп жаттым. Мен ойлогондой эмес, араң бирөө көзгө илинди. Демек, кеп урнада деле эмес окшойт…

Биздегидей көчөдө иретсиз орнотулуп, көрктү бузган соода күркөлөрү да жок. Шаардын чоң көчөлөрүндө ырчы-чоорчулардын концертинин афишасын же башка бир маанидеги көрнөк-жарнактарды да жолуктурган жокмун. Болсо да анда-санда. Ал эми соода жайларынын, кафе-ресторандардын аталыштары да латын тамгасы менен өзбек тилинде гана жазылган. Башка тилдеги жазууну дээрлик жок экен.

Салынган имараттар шурудай тизилет. Айтор, темирдей тартиптин бар экендиги сырттан барган кишиге сезилбей койбойт.

Ойлонуп кетиптирмин… Бир кезде автобустагы кесиптештерим чуру-чуу түшүп калышты. Көрсө, өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кол алышып турган сүрөтү жол боюнда илинип туруптур.

Ошентип эки саатта кадимки Фергана калаасына кирип бардык.

Жаңылыктар түрмөгү
0