Балам, чын эле жеткиресиңби? Бекерби? Маршруткачылардын ордуна киши ташыганда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын тургундары жана меймандары 2-апрель күнү маршрутка айдоочуларынын күтүүсүздөн иш таштоосунан улам Бишкек ичинде автобус, троллейбус, такси менен гана же таптакыр жөө жүрүүгө аргасыз болушту. Автобус жана троллейбустар да шаардагы бардык аялдамалар өңдүү жүргүнчүлөргө жык болду.

Бир маршруттук багытты тандап алып, элди бекер ташууну чечтим. Шаардын бир бурчунан башка бир жагына жетип алуусуна көмөкчү болоюн деп маршрутка айдоочуларынын жумушун жон терим менен сезип көрдүм.

"Калыс Ордо" жаңы конушунан 12-кичирайонго, ал тараптан кайра жаңы конушка жүрчү 193-багытты тандагам. Маршрут калаанын түндүк бөлүгүнөн түштүгүнө дейре каттап, шаардагы төрт базарды да басып өтөт. Негизи жүргүнчүлөр арбын болушу керек эле. 

© Фото / Нурис АлымбаевSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жолдо кыйналган элди ушул унаа бекер ташууну чечкен
Автомобиль Нуриса Алымбаева - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жолдо кыйналган элди ушул унаа бекер ташууну чечкен

Жөнөкөй иш эмес экен: балким менин кебете-кешпиримден уламбы (сол көзүмдүн тушунда тырык бар, кашка башмын), же маңдайына маршруттун номерин тагып алган жеңил унаа аялдамага токтоп, бекер жеткирем дегенге көнбөгөндүктөнбү, айтор адамдар мага шектүү карап, баш тартып жатышты. 

© Фото / Нурис АлымбаевАйдоочу эл эмнегедир ага ишенкиребей мамиле жасаганын айтты
Корреспондент Нурис Алымбаев - Sputnik Кыргызстан
Айдоочу эл эмнегедир ага ишенкиребей мамиле жасаганын айтты

"Калыс Ордо" жаңы конушунан 12-кичирайонго чейин жол жарымына чейин жүргүнчүсүз жүрүп отурдум. Он чакты киши турган "Улан" кичирайонунун аялдамасында гана менин 193-маршруттун багыты боюнча жеткирүү сунушума үчөө — бир жигит бийкечи менен жана бир аял макул болду.

50 жаштардагы аял менен сүйлөшкөнүбүз да кызык болду:

— Балам, жеткирериң чынбы?
— Албетте! Кайда барасыз?

— Өзүң "нормальный" элесиңби?
— Кандайча?

— Эми, жанагылардан эмессиңби деги?..
— Жанагыларыңыз ким?

— Эми жанагычы…

© Фото / Нурис АлымбаевОшентсе түшкөндөр болгон
Автолюбитель возил людей бесплатно в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ошентсе түшкөндөр болгон
Ошондо ал аялдын сөзүн бөлүп, эч кимге зыяным жоктугун, чочулабай эле коюшу керектигин түшүндүрдүм. Анан да машинага ал жалгыз эмес, чымыр денелүү жигит, дагы бир кыз менен чогуу отурат. Ошондон кийин гана ал алдыңкы орундуктан орун алды.

Бир көз ирмемчелик унаа ичинде оор жымжырттык өкүм сүрдү. Жагдайды жайгарыш үчүн сөздү мен баштадым. Ар кыл темалардан кеп чубадык, көбүнесе маршрутка айдоочуларынын иш ташташын сүйлөштүк. 

© Фото / Нурис АлымбаевАл күнү элди бекер ташыган жалгыз эле биздин кабарчы болбоптур
Автолюбитель возил людей бесплатно в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ал күнү элди бекер ташыган жалгыз эле биздин кабарчы болбоптур

"Эмне жетпейт? Алар үчүн жаманбы? Жол кире май кымбаттаганда 10 сомго чейин көтөрүлгөн, кийин солярка баасы түшкөндөн кийин деле тариф ошол калыбында калган. Эч жазаланбастан эреже бузушат, жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү ошолор, жүргүнчүлөргө орой мамиле кылышат, унаанын ичин кир тутат, анан да жол кирени көбөйткүлө деп талап коюшат. Кайсы айырмачылыгы үчүн?" — деди бийкеч кыжырдана.

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Каршылык акциясы үчүн маршрутка айдоочулары канча акчадан кур калды
Калгандары да ага баш ийкей маал-маалы менен кырдаалга нааразылыктарын билдирип коюп жатышты. Жанагы айым мурда, Союз кезинде жашоо кыйла жакшы болгонун, эч кандай маршрутка жок, машина аз, автобус менен троллейбуска баары батып келгенин айтып отурду.

"Орто-Сай" базарына жакындаганыбызда үчөө тең токтотууну өтүнүп, мага ырахматын айтып, дүйнөдө боорукер адамдардын көбүрөөк болушун тилек кылып түшүп кетишти.

Базардан 12-кичирайондогу соңку аялдамага чейин жүргүнчүсүз бардым. Дагы да жанагыдай эле тургандар менин чакыруума таңданып, ийиндерин куушура машинага отурушкан жок.

Кайра кайткан жолумда маңдайкы айнегине 199 деген номер чапталган дагы бир жеңил унааны көрдүм. Бири-бирибизге жылмая карап, бир катарга түздөндүк да терезени ылдыйлатып, сүйлөшө кеттик:

— Ии, жүргүнчү барбы?— деп сурады ал менден.
— Аз, болгону үчөөнү жеткирдим. Сенде кандай иш?
— Мен азыр эле чыктым. Азыр байкайбыз го.

Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маршруткага күнүбүз түшпөсүн десек... Бишкекке канча автобус керек
Ал ортодо аркабыздагылар сигнал бере башташты да биз бөлүнө айдай кеттик. Автобус, троллейбустарга батпай калган жүргүнчүлөрдү ташый турган башка дагы ыктыярчылар бар экендигине кубандым.

Кийинки жүргүнчүлөрүмдү "Көк-Жар" жаңы конушунан алдым. 193-маршрут менен бекер жетип алууну каалагандарды чакыруу үчүн аялдамадагы топтошкон элге жакын токтодум. Мага таң калуу менен караган эркек киши машинага жакындап, терезеге ийиле жай сурады:

— Сен "бекер" дедиңби?
— Ооба, акысыз. Отуруңуз.

Анан кубанычтуу үн менен арттагы үймөлөшкөн элге: "Эй, бул жигит элди бекер ташыйт экен, отургула!" деп кыйкырды. Менин чакан унаама жети киши батты. Өзүм таңгалдым! Мурда эң көп дегенде мени кошкондо беш киши гана отурчу. Ошондо бир кичи автобус 30 кишини батырган "желим маршрутка" деген сөз эсиме түштү.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка бизнесинин башында ким турат? Компаниялардын тизмеси
Жолду катар алар маршруттук таксилердин ишине, алардын иш таштоосуна, айдоочулардын айынан бүтүндөй калаа эли кыйналганына нааразы болушту. Бири эртеден бери же жөө, же автобустан автобус алмаштырып жүрүп, көп убакыт сарптаганына наалыды. Бир аял бир нече автобус аялдамадагы карыяларды көрүп, токтобой өтүшкөнүнө капаланды. Анткени пенсиялык күбөлүк менен алар жол акысын төлөшпөйт эмеспи.

"Бүгүн алардын күнү тууду — жүргүнчү көп, бир нече пенсионерди деле салып алышса болот да. Алардын кимге зыяны бар, анан калса, алар катардагы жүргүнчүлөр гана эмес, акы төлөбөгөн пенсионерлерди да ташууга милдеткер", — деп ачууланды аял.

Элди ташууга бел байлагандыгым үчүн ал жол бою мага ыраазычылыгын айтып бүтө албай алкап, атургай, алма да берди. Анан да бардык жүргүнчүлөр чындап эле бекер жеткиреримди кайра-кайра тактай сурашты.

— Сага мунун зарылдыгы кандай?
— Жөн эле. Элге бир жардам бергим келди…
— Баракелде! Бирок абай бол — шектүү адамдарды салба, антпесе, таксинин айдоочуларына кол салган учурлар көп. Сен албетте, таксист эмессиң, бирок баары бир этиятта.

Затор в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу
"Дордой" базарына жеткенимде жүргүнчүлөрдүн жарымы мага кайра-кайра ыраазычылыктарын айтып түшүп калышты. Андан кийин кайрадан транспорт күткөн элди чакыра баштадым. Акыркы аялдамага чейин дагы көп бар эле. Мында жүргүнчүлөр тезирээк көнүп, үч киши отурду. Маңдайкы терезеден маршруттун номерин, эл да менин машинама кирип жатканын көрүп, бир улгайган мас киши жакын басып келди.

"Барасыңбы?" деп сурады ал, "ооба" десем ал түртүшүп кирип, салонго олтурду. Жолду катар башка жүргүнчүлөрдү суроолору менен жадатып, ырдап, кыйкырып, бир кызды кучактоого да аракет кылды. Бирок бул анын бетпактыгынын чети эле экен.

— Береги оң жакка бурулушту көрдүңбү?
— Сизге ошол жерден токтоюнбу?
— Жок, токтобо, ошол жерден бурул. Ушул жол менен бир-эки чакырым жүргөн соң биринчи дүкөндөн буруласың, ошол жердеги менин үйүмдөн токтоп кой…

Мен өңдүү эле башка жүргүнчүлөрдүн да кыжыры кайнады. Жыкжыйма автобусту күтпөсүн, "Дордой" базарынан "Калыс Ордого" чейинки ыраак аралыкты – беш чакырымга жакын жолду жөө баспасын деп бекер жеткирип бараткан мага буюра сүйлөгөнү наадандыктын жеткен чегиндей эле сезилди.

"Сылык" киши көрсөткөн бурчтан токтоп анын түшүп калышын өтүндүм. Ал аябай ызырына машинадан түшүп, мени ашата сөгүп калды… Жасаган жакшылыгыңа мындай жооп алыш көңүлгө катуу тиет тура, анан да автонун каалгасын чаба жапканычы… 

© Фото / Нурис АлымбаевАйдоочу биздин калк жакшылыкка көнбөй калыптыр деген жыйынтыкка келген
Автолюбитель возил людей бесплатно в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Айдоочу биздин калк жакшылыкка көнбөй калыптыр деген жыйынтыкка келген

Айтор, ошентип, 193-маршруттук багыт боюнча каттап, 12-13 киши ташыдым. Кандай бүтүм чыгардым? Биздин калк жакшылыкка көнбөй калыптыр, башкача айтканда, эгер сиз адамдарга жакшылык жасагыңыз келсе, маселен, бекер жеткирейин десеңиз, көпчүлүгү сизге кайдагы бир апенди чалыштай карап, сунушуңузду адаттан тыш нерсе катары кабылдашат. Эгер мен 12-13 кишини ташыган болсом, Бишкектин аялдамаларындагы 40ка жакын киши машинама түшүүгө макул болгон жок.

Азыркы заманда бейтааныш адамдарга ишениш кыйын, бирок жардам сунуштаган адамдардын баары эле кытмыр ойлуу дегендик эмес да. Адамды тааныбай туруп деле жардамга кол сунуп, жакшылыкты жөн эле жасоого болот. Бирок менин ичип алган жүргүнчүмө окшоп кыянаттык кылууга да болбойт. Тез арада Бишкекте транспорт көйгөйү жөнгө салынат деген үмүттөмүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0