Конституция күнү: майрамдык маанайбы? Же…

Жазылуу
Колумнист Абдыкерим Муратов Баш мыйзамыбыздын маани-маңызына, жарандардан ага болгон мамилесине токтолуп, президенттер тарабынан дайым "кол салынып" келгени боюнча түйшөлүптүр.

Конституция – ар бир өлкөнүн башкы мыйзамы, ошол документке карай башка мыйзам актылары иштелет, аны өлкөнүн атуулдары Ыйык тутуп, ага мусулман дининдегилер Куранга мамиле кылгандай мамиле кылат.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө сөз болгондо антип айта албайсың. Көпчүлүк үчүн Конституциянын ыйыктык баркы жок, ал жөн гана көңүл сыртында турчу бир нерсе катары кабыл алынат. А түгүл 5-май кандай майрам экенин билбегендер четтен табылат…

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: жарандардын укугун коргоо мамлекеттин башкы милдеттеринин бири
Мунун башкы себеби – кыргыз жарандарынын жаны-дилине Баш мыйзамдын баркы сиңдирилбеген, ага биз катуу күрөш, кан төгүүлөр менен жеткен эмеспиз. Эң эле өкүнүчтүүсү Кыргыз Конституциясын өзүбүздүн интеллигенция "жамаачы" деп шылдыңдап жүрөт, көчүрүлмө, кыргыз кыртышынан өнүп чыккан эмес деп айткандар да четтен чыгат. Андай дегендердин таккесер таамай аргументи – бардык болгон беренелери бир нече сыйра оңдолуп түзөлгөндүгү. Эгерде үч кылымдык өмүрү бар АКШ Конституциясынын 176 беренесинин ошончо жылда болгону 27си гана өзгөрүүгө дуушар болсо, бизди Конституциябыз беш-алтыбы, же андан көппү, айтор, эсебин да так билбей калдык, айтор, көп эле жолу обу жок оңдолууга тушукту. Баарынын да ал оңдоолор жакшы жагына карай эмес, бийликти бир адамдын колуна топтоо жагына гана кызмат кылуу үчүн түзөтүлүп, оңдолуп, "реформаланып" жатты.

КР Конституциясы алгач 1993-жылы 2-февралда жалпы элдик референдумда жактырылып, 1993-жылдын 18-февралдагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы тууралуу" мыйзамда жоболору көрсөтүлүп, Жогорку Кеңештин 12-сессиясында 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Баш мыйзамга "кол салбаган" президент болбоду

5-май расмий түрдө элдик майрам, бирок деги эле бул майрамды белгилөө жагынан багыбыз жок: сталиндик вариантын 5-декабрда, брежневдик Конституцияны 7-октябрда, акаевдик Баш мыйзамды 5-майда майрамдап келдик. Бул күндөр календарыбызда кызыл түстө турган менен жарандарыбыз окуянын тарыхый маанисин тура аңдый албай, а түгүл майрам деп да эсептешпейт.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы - Sputnik Кыргызстан
Жалпы Кыргызстан сөз кылган окуялар. 2017-жылга саясий саресеп
Бийлик алмашары менен эң алдын Баш мыйзамды өзгөртүү керек деп келишти. Андай кылбаган, Баш мыйзамга "кол салбаган" президент болбоду. Анткени чын эле бийликтин бир колго топтолушуна, анын кесепетинен эл жакырланып, бир ууч адамдар байлык менен бийликти жеңип алышына Конституциянын опол тоодой күнөөсү бар эле. Ошон үчүн жашоону өзгөртүү керек, жашоону өзгөртүү үчүн башкы мыйзамдарды өзгөртүү керек. Бирок кантип?..

Албетте, Баш мыйзамды өзгөртсө болот, дүйнөнүн эң демократиялуу деген өлкөлөрүнүн мындай документтерин көчүрүп келип койсо да болот. Бирок эки нерсе бар: биринчиси, ошол коюлган нерселер кыргыз топурагында өнөбү? Экинчиси, биздин башкы бийлик бутактарындагылар, укук коргоочулар, жалпы эле жарандарыбыз анын талаптарын кыйшаюсуз аткара алабы?..

Майрам күнү ушундай ойлор келет, караңкалгыр…

Жаңылыктар түрмөгү
0