Учурдагы жаш балбандар даңазалуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, Азия чемпиону Раатбек Санатбаев жана Кабыл Макешов

Мыкты сүрөтчү же режиссер чыкмак... Каман алптын тукуму Раатбек Санатбаев тууралуу

7294
(жаңыланган 17:18 24.05.2018)
Учурдагы жаш балбандар даңазалуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, Азия чемпиону Раатбек Санатбаевди көрбөй калышты. Атактуу балбанды жакындан жакшы билген спорттук баяндамачы Кабыл Макешов ал тууралуу кеп кылат.

Раатбек Санатбаев жөнүндө айта берсек сөз түгөнбөйт. Албетте, ал легендага айланган инсан. Раатбек Санатбаевдин дүйнөлүк спорт федерациясынын рейтинги боюнча 100 жылдыктын жыйынтыгы менен боксчу Мухаммед Али, футболчу Пеле сыяктуу атактуу спорт чеберлеринин катарында "Кыргыз Республикасынын ХХ кылымдагы эң мыкты балбаны" деп аныкталганы буга далил.

2006-жылдын 8-январынын түнүндө борбордун 7-кичирайонундагы Орунбек Санатбаевдин үйүнүн жанындагы күркөлөрдүн биринен соода кылып, бейкапар чыгып келе жаткан Раатбекке бейтааныш адамдар бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошентип спортчу кырчындай 36 жаш курагында ооруканага жетпей каза табат. Маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө 10-январда коюлган.

Раатбек Каман алптын урпагы эле

Раатбек жан дүйнөсүнүн тазалыгы, бийик адамгерчилик сапаты менен эл оозунда айтылып келген. Канча жолу чемпион болсо да жөнөкөй болуп, көкүрөк каккан эмес. Эл менен жылуу саламдашып, эч кимдин көңүлүн калтырган жок. Чындыгында Раатбек спортчулар, спорт күйөрмандары үчүн идеал эле. Спортзалга кирип калса да жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, улуу- кичүүнүн баарын сыйлап турчу.

Бабасы Каман алп аталып, токойдон каманды чыңырта кармап, жара тарткан балбан экени айтылат. Раатбектин чоң атасы Санатбай бүткүл өрөөнгө таанымал улакчы, эр эңишке, күрөшкө түшкөн балбан экен. Раатбектин таятасы Калы да узун бойлуу, кең далылуу, өндүү-түстүү, эмгекчил, карылуу адам болгон.

Атасы Калыбек уулунун дүйнө чемпиону болоруна ишенген

Раатбек 1969-жылы 7-майда Ош шаарында маданият кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Балбандын Нурлан деген агасы, Орунбек, Бакытбек аттуу инилери жана Айсалкын, Акылай аттуу карындаштары болгон. Атасы Калыбек Москвадагы ВГИКте, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында, мадантият техникумунда иштеп, ВЛКСМ, Токтогул парктарынын директору болгон. Ал Раатбек кичине кезинде эле "уулум бабаларын тарткан балбан болуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытат" деп келечегине ишенген. Апасы Дилбар олбурлуу, карылуу аял экени айтылат, жолдошу эрте каза болуп, алты баланы өстүрүп тарбиялоо милдетин мойнуна алган.

Раатбектен мыкты сүрөтчү же режиссер чыкмак…

Кээде аны мен чыгармачыл адамдарга окшоштурам. Композитор, же режиссер, сүрөтчү чыкмак окшойт деп ойлоп кетем. Айрыкча сүрөт тартууга абдан шыктуу эле. Кээде бул теманы кино кылып тарсак мыкты чыгарма болмок деп калчу. Спортчулар тууралуу даректүү кино тартсак деп тилек кылаар элек. Чыгармачыл адамдарга жакын, жан дүйнөсү бай адам болчу. Досторунун көбү чыгармачыл инсандар эле. Сыймык Бейшекеев, Мерген Турган, Бек Борбиев, белгилүү ырчылар Майра Керим кызы, Роза Аманова менен достук мамиледе жүрчү. Жазуучу эжелери Меңди Мамазаирова менен Рабиха Алыбаева менен да ынак, бир туугандай эле.

Моюндагы милдет

Раатбектин боюнун узундугу 187 сантиметр, салмагы 84 килограмм келип, чымыр денелүү, олбурлуу, келишимдүү, чырайлуу жигит эле. Ошондой эле анын патриоттуулугу, эл үчүн жанын аябагандыгы өзгөчө сөз кылууга татыктуу. СССР тарап ар ким эптеп жан багуунун айласын кылып калганда Раатбек менен курбалдаш спортчулар да "эми бизге спорттун эмне кереги бар эле, бизнес кылбайлыбы?" деген сунуш киргизишкен. Алардын сунушун четке каккан Раатбек бар-жокко каниет кылып, спорт менен машыгуусун улантып, аны менен бирге Дене тарбия институтунда мугалим болуп эмгектенип жүргөн. Андан кийин казакстандык белгилүү спорт чебери Даулет Турлыханов Раатбекти Казакстанга чакырып, "бирге машыгалы, ага-ини, түбөлүк дос бололу" деп Алматыга алып кеткен.

Бөтөн жерде 10 жылдай жашаса да акчага, байлыкка азгырылбай Раатбек мелдештерге дайыма Кыргызстандын желегин менен чыгып жүрдү. Бир туугандай жакын болуп калган Турлыханов да анын патриоттуулугун туура түшүнүп, каршы болгон эмес. 2000-жылдары ал Казакстандан Кыргызстанга кайтып келген. Кыргыз жаштарын туура жолго багыттап, тарбия берүү менин милдетим деп эсептечү. "Мен өзүмдүн кыргыз жеримди, жигиттерди көтөрбөсөм ким көтөрөт? Бул жерде жаштар ичкиликке берилип, жаман жолго түшүп жатса менин бөтөн жерде жүргөнүм жарашпайт" деп айтып калаар эле. Санатбаевден таалим алган Руслан Түмөнбаев, Канатбек Бегалиев 2008-жылкы Пекин олимпиадасынан байгелүү келгени баарыбызга белгилүү.

Устаттары

Күрөшкө кызыктырган классташы Нурмамбет болуп, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, "Тапанча палван" атыккан Ибрагим Узаков күрөш сырларын 3-классынан баштап үйрөтүп, 6-классты бүткөндө Бишкек шаарындагы Н.Крупская атындагы (учурда Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы) жатак спорт мектебине алып келген. Аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Петр Цапля машыктыра баштайт. Раатбектин дүйнөлүк деңгээлдеги балбан болушуна казак устаттары Даулет Турлыханов менен Эржан Ахметов, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алмазбек Касенов да зор салым кошкон. Спорт мектебин аяктаган Раатбек Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна кабыл алынып, аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Василий Баканач машыктырган. Ал Раатбек баштаган балбандарды 1987-жылы грек-рим күрөшү боюнча Ташкент шаарында өткөн СССР баатыры Сабир Рахимовдун ысымына арналган турнирге алып барган. Бул мелдеште Раатбек финалга чейин жетип, экинчи орунга татып, "СССРдин спорт чебери" деген наамдын талабын аткарган. Бул турнир чоң спортко жолун ачкан.

Раатбекке ыраа көрүлбөй калган наам

Учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин Раатбек Санатбаевге КРдинБаатыры деген эң жогорку наамды, "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин ыйгаруу сунушун парламенттеги бардык фракциялар макул болгону менен бул демилге ишке ашпай калган. Ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев, кийинки өлкө башчылары Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев тарабынан колдоого алынбай калганы өкүнүчтүү.

Таланттын баары айылда дечү

Көзү тирүү кезинде Раатбек Санатбаев менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн элет спортуна көңүл буруу керектигин айтып берген эле.

"Биринчи кезекте айыл спортуна, элеттик жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо жакшы болоор эле. Кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Айыл-кыштактардагы таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек", — деген эле маркум Раатбек.

Кыргыз спортунун сыймыгы эле

Раатбек спорт менен 22 жыл машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан болду. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону аталып, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып, Атланта жана Сидней Олимпиадаларында кыргыз туусун көтөрүп, өлкөнүн намысын коргогон. 12 ирет эл аралык Гран-при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери "Даңк" медалы, Казакстандын "Кайсар" медалы, Улуттук олимпиада комитетинин "Алтын ордени" менен бааланган. Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон. Кыргызстандын 10 жолку чемпиону аталган. 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын мыкты балбандарынын алдыңкы үч сабына кирген. Чоң спорттон кеткенден кийин өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директор орун басары болуу менен бирге ишкерликти аркалаган. Орто-Сай базарында дүкөндөр павильонун, "Асанбай" кичирайонуна бараткан жол жээгине ресторан куруп, заманбап курулуш иштерине да кызыккан.

Өзүнө эстелик тургузган

Раатбектин ысымы Бишкек шаарындагы "Чыгыш-5" кичирайонундагы спорт комплексине жана балдар спорт мектебине, Жалал-Абад шаарындагы 9-орто мектепке, балдар спорт мектебине ыйгарылган. Ар жыл сайын Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык турнир өткөрүлүп келүүдө.

Өз атадай өкүл ата, өз энедей өкүл апа

Раатбек гандбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын мүчөсү болгон Сайрага 1994-жылы үйлөнүп, алар 12 жыл бирге жашаган. Жубайы Сайра Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде директордун орун басары болуп иштеп жүрөт. Тун уулу Бексултан мамлекеттик кызматкер. Экинчи уулу Даулет Алматы шаарында жеке бизнес менен алектенет. Кызы Асема 8-класстын окуучусу.

Жакында эле улуу баласы Бексултан Айгүл аттуу кызга үйлөнүп, казактын атактуу балбаны, Раатбектин кан досу, Азия күрөш федерациясынын президенти Даулет Турлыхановду өкүл ата, Даулеттин жубайы, Казакстандын гандбол федерациясынын президенти Гүлнараны өкүл апа шайлады. Баса, Айгүлдүн атасы да Раатбек менен бирге күрөшкөн балбан, маркум Өмүрбек Касенов болгон. Маркум Раатбек менен Даулеттин достугу кыргыз-казак элине бир туугандыктын үлгүсү, өрнөгү болуп калды.

7294
Белгилер:
балбан, грек-рим күрөшү, спорт, Раатбек Санатбаев, Кабыл Макешов
Тема боюнча
Эркиндик гүлбагындагы эстеликтер ыйлайт...
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
Медициналык маскачан кыздар Бишкектеги Чүй проспектинде бара жатат. Архив

Ушундай абалда калам деп ойлогон эмесмин. Карантинсиз күндөрдүн кадыры...

1195
(жаңыланган 12:41 24.05.2020)
Биздин колумнист Абдыкерим Муратов учурда баарыбыздын көкүрөктөгү нерсебизди дал өзүндөй баяндап бериптир. Чын эле буга чейин эшикке чыккан эки кадам, кучакташып көрүшүү, бет капсыз заман бакыт экенин билбептирбиз да.

...Ушундай күндө калабыз деп үч уктасам түшүмө кирген эмес: же согуш эмес, же абадан чабуул эмес, же табияттын кырсыгы эмес. Болгондо да бүт Жер шары, биздин ажайып планета бир оорунун жайылышынан улам кыйсыпыр түшүп жатып калды...

Неберелерим кезектешип бир жумада сөзсүз бир келип, балдар аянтчаларына, балдар кинолоруна, балдар оюн-зоок жайларына, парктарга, коомдук тамактануу жайларына барып турчубуз, жаратылышка чыгып сейилдеп келер элек... Неберелеримдин ар бирин "тай-тайлап", "бас-бастап" адегенде бир кадам, анан эки кадам, анан үч кадам... жылып отуруп аяк шилтегенге көндүрөр элем. Анан мага жеткенге корстон болуп кучактап калышчу. Өзүнчө турган кызымдын кызы – эң кичине неберемдин кантип басып калганын көрбөй калдым, бир күнү эле видео келиптир, неберем басып жүрөт... Дагы бир кызымдын кызы түштө коляска менен сыртка чыгарып ары-бери сүйрөбөсө уктачу эмес. Эми ал эшикти көрсөтпөй балконду көрсөтүп калыптыр, көрсө ата-энеси балконго "эшик" жасап бериптир... Дагы бир неберем аны-муну айтып чулдурап калыптыр...

Ушул наристелер ушул күндө калышы керек беле?! Ушундай ширин учурларына мен — чоң атасы, таятасы катары күбө өтпөй калышым керек беле?! Ошол неберелерим менен тынч күндөрдү, карантинсиз күндөрдү сагынып жатабыз, кайсы бир кезде ушул учурларды жомок кылып айтып каларбыз дейм... Ошентели, ылайым...

Үйдөн чыга албай, атамдай болгон агайым, улуу устатым Исак агай Бекбоевичтин мүрзөсүнө жарым ууч топурак сала албай калдым. Алтындай көргөн ардактуу инилерим Элмирбек Иманалиевдин, Зайырбек Ажыматовдун тажияларына тура алган жокмун. Инимдин кайненеси, көптөн бери ажал тооруп жаткан Апипа кудагыйымды төрт баласы менен бир гана машинага салып узатып кала бердик. Анын карасуулук бир туугандары да эжесин узатканы Ноокатка өтө албай кайтып кетишиптир. Карантинсиз күндөр болгондо "өлгөндүн өз зыйнаты бар" деп каада-салты менен, кылкылдаган көпчүлүктүн катышуусу менен коштошуп калбайт белек...

Карантинсиз күндөрдө адамды бул дүйнөдөн аркы дүйнөгө узатуунун баркын да билбей, ага-буга шылтап, өлүм зыйнатына да, өз алаканыбызга уучтап туруп топо салганга да барбай койчу экенбиз. Эми болсо үйдөн чыга албай, өлгөн жерге да бара албай, ошол күндөргө зар болуп отурабыз.

Карантин күндөрү тамак-аштын баркын билдик; китептерди кайра колго алып окуп кирдик; абдан көп чыгым болчу тойлорсуз эле, аштарсыз эле жашоого болорун түшүндүк; кыздар үйдөн тамак жасаганды, сайма сайганды үйрөндү; үй-бүлөлөр эртеден кечке, түндөн таңга чейин бир болуп, бир ойноого, бир уктоого, чогуу баарлашууга көндүк...

Бүт дүйнө чакан, өтө чакан бир кыштак экенин аңдадык, ошол кыштактын бир жерине доо кетсе, бүт айыл азапка малынарын түшүндүк...

Дал ушул пандемия дүйнө боюнча кыргызстандыктарды бириктирди, алардын Ала-Тоодо жоктоп алар Ата Журту бар экендигин көрсөттү. Дүйнөнүн ири учак жайларында, чек араларында, элчиликтердин алдында, дагы башка жерлерде Кыргызстан көзүнөн учуп, Кыргызстанга кетүүнү эңсегендерди көрүп, мамлекет деген канчалык баалуу экенин, канчалык керек экенин түшүндүк. Канча каражат коросо да Кыргызстан кыргызстандыктарды колдон келишинче алып келип жатат, ошол келгендер тууган жердин топурагын тепсеп түшкөндө бүт кайгыларын унутуп, тууган жердин демин сезишкендир.

Карантин карантинсиз күндөрдү сагынтты: жумушка барчу элек; базарга барчу элек; бул күндөрдө тоолорго чыкчу элек; көлгө жөнөп калчубуз; тойлорго барчу элек; бири-бирибиз менен баарлашып отурчу элек; балдарды ойнотчу элек; туулган айылга барып, тууган-урук менен учурашып, сурашып, жыргап кайтчу элек; театрга, киного, парктарга барчу элек; мечиттерге намазга барар элек, дагы башка-башка... Эркиндик... Карантинсиз күндөр кандай керемет эле... Эми ошонун баасы, баркы билинип атат... Ошол күндөрдү сагындык... Тезирээк келишин тилейли...

1195
Белгилер:
балкон, небере, мүрзө, өлүм, адам, карантин, пандемия, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейи

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

572
Бүгүн Эл аралык музей күнү. Музейлер — бизге бай тарыхыбызды чагылтып берген күмүш күзгү, бабалар чыйыр салып, аталар улантып, азыркы күнгө жеткире курган улуу жолду таанытчу алтын ордо дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Музей аркылуу тээ илгери өткөн замандарга зыярат кылып, анын ичине сүңгүп, өзгөчөлүгүнө үңүлөсүң. Андагы экспонаттар, табылгалар, атайын жасалган композициялар өткөн доорлордун элестерин, оош-кыйыштуу окуяларын жаңыртып, бир жагынан кайдан келгенибиз тууралуу терең ойго чөмүлтсө, бир жагынан сыймыкка бөлөйт.

Кыргызстанда мамлекеттик, жеке, муниципалдык болуп бардыгы 117 музей бар. Анын 57си Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө. Негизинен мемориалдык, краеведдик, тарыхый, этнографиялык, археолого-архитектуралык, ачык асман астындагы жана көркөм-сүрөт тармактарына бөлүнүп иш алып барышат. Алардын элибиздин маданий-тарыхый мурасын сактап, кийинки муундагыларга табыштоодо жасап жаткан эмгеги эбегейсиз.

Өзгөчө ушул карантин шартында музей тармагынын каармандары кол куушуруп отуруп албай, эл-журт өз үйүнөн музейлердеги дөөлөттөр менен таанышкыдай чоң мээнет кылышты. Бөлүп-бөлүп видеого айлантып, социалдык тармактар аркылуу өз экспонаттарын калайманга сунуп жатышты. Албетте, мындай демилгелер үчүн кубанып да, сыймыктанып да турам. Бирок ушуларды кызыгып көргөндөр канча? Билим булагы катары бала тарбиялоодо колдонгондор көппү же азбы? Кеп мына ушунда! Кызыгып, талдап көрсөм, аттиң, бул жааттагы жагдай чеке жылытарлык эмес экен.

Болгону...

Атагы алыска кеткен "Сулайман-Тоо" музейинин бирин-бири улай чыккан көрсөтүүлөрүн эң көп дегенде 46 гана адам көрүптүр. "Манас" деп ураан чакырууга келгенде үнүбүздү аябаганыбыз менен "Манас эпосу" музейи ар бириңиздердин үйүңүздөрдө" деген тема коюп, Таластагы айтылуу Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинин баяндамачылары жасаган таанытым видеолоруна 134 гана адам назар салыптыр. КМШдагы эң абройлуу он музейдин катарына кирген Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин Facebook тармагындагы баракчасына болгону 3,5 миңдей гана адам катталыптыр. Андан тышкары, Курманжан Датка, Токтогул, Бурана, Токмок, Нарын, Ысык-Көл музейлери да онлайн форматта мыкты долбоорлорду жүзөгө ашырышты. Аларды көргөндөр, аттиң, мындан да аз.

Ошол эле мезгилде бүгүн дүң, эртең ким болору белгисиз корей жаштарынын BTS аттуу поп-группасынын клибин бир күн ичинде 4 миллиондой адам көрүптүр. Анын жок эле дегенде он миңдейи кыргыз жаштары болсо таңданбайм. Ал эми биздин маданиятыбызга, ийгилигибизге, келечек-бактыбызга кымындай пайдасы жок Месси менен Роналдонун соккон голдорун, Фергюсон менен Конордун мушташтарын да жүз миңдеген мекендештерибиз тирмейе тиктеп отурушканы да кашкайган чындык.

Алты миллиондон ашкан калктуу өлкөдө атактуу музейлеринин аземдеп көрсөткөн экспонаттарын аябай көп дегенде 134 адам көрүп жатса, анан кантип маданиятыбызды сактап, байытабыз? Өз тарыхыбыз, тамырыбыз өзүбүзгө кызык болбой жатса, анан кайсы арыбызга Элмирбектей тарыхый залкарларыбызды социалдык тармакта "чувак" дейсиң деп кийинки муундун өкүлдөрүн өкүртө сөгөбүз.

Айыптабай кечирим сурадым

Социалдык тармактарда ошол "чувак" деп жазган жигитти көпчүлүк иттен алып көргө салып, аябай талады. Деген менен анын пайда-батасы канча? Элмирбектин алтын сөзү акылына жетпеген немеге биздин соцтармак аркылуу чачкан заар сөзүбүз өтөр бекен? Кыскасы, мен ал жаш адамды эч айыптаган жокмун. Тескерисинче, улуттук аң-сезимибиздин азыркы мышык ыйларлык акыбалынын акыйкатын көзүбүзгө сайып көрсөтүп койгону үчүн ырахмат айттым. Анан башымды ийип кечирим сурагым келди. Эмне үчүн дегенде, кеп ал жана ал сыяктуу кабыгы калып, маңызы алмашкан кандаштарыбызда эмес, ошондой кайдан келгени, башат алган булагы жана көчөт байлаган тамыры менен кымындай иши жок, бир эмес бир нече муундун чыгышына жол берген, керек болсо атайылап шарт түзгөн өзүбүздө. Чоң ата билген кааданын, нарктын жарымын ата билбей, ата билгендин жок дегенде чейрегин биз үйрөнбөй, анан "атаңгөрү, заман ушундай болду" деп өзүбүздүн өлөсө жактарыбызды заманга шылтап, дүнүйө, байлык деген жеңил баа сулуу кыздай азгырыкка баш-отубуз менен киришип кетип, аталардан алган баягы каймак куйган идиштин түбүндөгү билгенибизди да кийинкилерге тапшырууга чолоо таппай, балдарыбыздын тарбиясын интернет, чөнтөк телефон жана телеге калтыргандын аянычтуу акыбети ушул. Бул окуя, болгону, "Элим, эсиңе кел! Артыңа бир кылчайып, акыл токтотуп, ой багып, анан барар багытыңды такта! Болбосо түбү жок жардан чегине жетип калдың!" деген ак ниеттүү эскертүүдөй эле туюлду мага.

Вирус апааты жана тарыхтын сабагы

Элди эл катары жок кылуу үчүн үстүнө атом бомбасын таштоо шарт эмес, болгону маданиятын унуткар, тилин чандыр, улуттун алтынын жез, алмазын таш көрсөтүп кой, бүттү. Октон кырылган элдердин көбү өмүр-жолун, сапарын улап кетишкен, бирок маданий геноцидге тушуккан шордуу калк эгерим кайра тикеленбесин тарых кайра-кайра тастыктап келет. Эсибизге келип, этегибизди жапсак, буюрса, жагдайды дале жакшыртып, али какшып, момолой чычкандар туш келди көзөй элек арыгыбыздан суу жүгүртүп кетсек болот. Бирок бул үчүн ар бирибиз жок дегенде өз балдарыбызга Элмирбек болуп, уккан, билген, окуган, үйрөнгөн улутубуздун улуу дөөлөттөрүн аманат кылып табышташыбыз шарт.

Таажывирусунун апааты, буюрса, аз күндөрдө өтүп кетер. Аны жугузгандын бир азы гана, Жараткандын ыракматына бөлөнсүн ылайым, акыретке аттанбаса, көбү дабаа таап, куландан соо болуп чыгып келишүүдө. Эми эбак эле кара түтүндөй каптап, чулгап, тамырдан аккан каныбызга чейин кирип келген маданиятты сактоого жана байытууга кошкөңүлдүк, шалаакылык жана кайдыгерлик вирусун кантебиз? Бул вирустун кесепети эки ай карантин менен эле бүтүп калбайт... Биздин маданият — биздин моюндагы аманат. Аны сактоого Батыш да, Чыгыш да милдеттүү эмес. Ойлонолу! Тыянак чыгаралы!

Ошон үчүн музейлерге зыярат кылып, тарыхыбыз жана тамырыбыз менен таанышып, уул-кыз, небере-чөбөрөлөрдү да тааныштыралы. "Кайдан келгениңди унутпа, ошондо кайда баратканыңды унутпайсың!" деген накыл бекер айтылбаган да.

572
Белгилер:
келечек, карантин, коронавирус, маданият, каада-салт, тарых, музей
Тема боюнча
Таш ыргыткандар аш алып кетсин. Алмадан алган сабагым
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

0
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

0
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт