Сүйгөнүн эки ирет ала качтырып... Жигиттер, сүйүп, сүйүктүү болуп жашайлычы!

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи ала качуу в КР
Случаи ала качуу в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин колумнист Исмаил Мамытов учурда коомдо талкуу болуп жаткан кыз ала качуу боюнча жигиттерге кайрылуу жасады.

Ала качуу көйгөйү эртең эле чечилип калат деп да эч ким айта албайт. Дал ушул ала качуунун арты менен турмуш куруп, очор-бачар жашагандар арбын. Бирок эмне болгон күндө да Бурулайдын каргашалуу окуясын, андан башка талкаланган тагдырларды тараза ташына салганда кыз ала качуу — кылмыш эле эмес, улут келечегине кедергисин тийгизген жапайылык экенин көрүүгө болот. Анткен менен ала качууну кадимки эле көрүнүш көргөн жигиттер миңдеп саналат.

В память о Бурулай. В Кыргызстане сняли фильм про кражу невест — видео - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын элесине... Кыз ала качуу тууралуу тасма тартылды. Видео
Айыл жергесинде кыз ала качуу сезону 25-майдан кийин башталат. Интернеттен акыркы коңгуроо күнү ийниндеги "бүтүрүүчү" деген жазуусу менен кошо келин болгон кыздын видеосун көпчүлүк эле көрдү болуш керек. Мындан 10 жыл мурун биз мектепти бүтүп жатканда да ушундай көрүнүш болгон. Айылдаш агаларыбыз кыздарды кадам бастырбай аңдып, үлгүргөн жерден илип кетишкен. Ошентип атып шаарга барып билим алам, эл-жер көрөм, студенттик кездин доорун сүрөм деген 5-6 кызыбыз казан университетине тапшырып кала беришкен. Алардан мыкты кожейке чыккандыгынан эч күмөнүм жок, бирок кыялдары таттуу, ой-чабыттары кол жеткис эле…

Бир көрүп эле ала качып, тагдырын байлаган жигиттерге дайыма таң кала берчүмүн. Жок дегенде өзүлөрүн ойлобойбу. Ал кыздын ден соолугу жакшыбы? Кандай бала төрөйт? А балким ууру, кылмышкер болсо кантет? Качан гана теңтуштарым тапырап үйлөнө баштаганда гана жогорку суроолорго жооп алдым. Ала качууга көбүнесе уялчаак, кыздар менен мамиле куруп көрбөгөн, өзүнө ишенбеген, анан айрым учурда материалдык жактан тартыш болгон жигиттер барышат экен. Албетте, баары мындай дегенден алысмын. Телегейи тегиз туруп деле ала качып үйлөнгөндөр бар. Негизи бир убак келип эле классташтар, достор бири-бирин көрүп үйлөнө беришет. Тойдо мас болуп жүрүп, соолукпастан ала качып үйлөнүп, үч күндөн кийин ажырашып кеткендер да жок эмес.

Кыз ала качуудан кыздар гана жабыркайт деп айтууга болбойт. Бул жаман көрүнүш жигиттердин да жүрөгүнүн үшүн алат. Буга чейин сүйлөшкөн кызын ала качып кеткен жигиттин тагдырын угуп алып боорум ооруган. Окуучу кезден бири-бирине ашык болуп, эки жаш мамиле кура баштайт. Алгачкы махабат ушунчалык таттуу болгондуктан экөөнүн сүйүүсү бүтүндөй айылга тарап, легендага айланган. Басса-турса чогуу жүрүп, өткөөл куракты бирге өткөрүшөт. Эгиз козудай болуп ээрчишип жүргөн экөө тууралуу кары-жаш дебей баарына билинет. Бир ирет кайдан-жайдан кошуна айылдын балдары келип, баягы кызды алып качып кетет. Ошондо жигит жалгыз бөтөн айылга барып, 30га чукул бала менен катуу кармашкан дейт. Жүрөгүндө сүйүүнүн жалыны бар көк жал жигит көк беттиги менен такыр артка кайтпай койгон экен. Чала жан болсо да чырылдап, бакырып атып акыры кызына жетип, кучактап жыгылат. Аны көргөн кызга кубат бүтүп, экөөлөп каршылык көрсөтө баштайт. Кыз уясына жылан тийген чымчыктай чырылдаса, бала бакырып боздойт. Бир гана өлүм токтото аларына көзү жеткен жигиттер акыры айтканына көнүп, экөөнү жолго салган дейт. Тагдырдын тамашасыбы же чуркаган эмес буйруган алат болуппу, айтор, бала окууга тапшырганы Бишкекке кеткенде баягы кызды дагы алып качып кетишет. Бул ирет кыздын ата-энесинин таанышы, колунда бар үй-бүлө болгондуктан кыз тарап каршылык көрсөтпөйт. Жалгыз кыз колунан эч нерсе келбей айла жок отуруп калат. Ошол учурда жолдун алыстыгынан бала келе албай, боздоп гана кала берет. Сүйгөнүнөн айрылган жигит тагдырына ушунчалык катуу таарынып, көп жыл үйлөнбөй жүрөт. 30дан өткөндө гана эптеп үйлөнүп, кызынын атын убагында жетпей калган сүйгөнү Айжамал деп койгон экен.

Жигиттердин мындай талкаланган тагдырлары толтура. Кыздардыкын айтпасак да белгилүү. Андыктан жигиттер, келгиле, адамзат үчүн берилген эң бир керемет, кайталангыс, ордун эч бир нерсе алмаштыргыс сүйүү деген сыйкыр сезимдин даамын татып жашайлы. Мектепте окуп жүргөндө ар бир жигиттин сөзсүз жактырып, көз салып, суктанып жүргөн кызы болот. Ал кызды көргөндө уяласың, бирок ал ушунчалык татынакай, болуп көрбөгөндөй жагымдуу жан, көрөр замат ырахат аласың, өзүңчө жыргайсың. Дал ошол кыз үчүн алкачкы ирет одеколон сатып аласың. Күзгү, тарак дегендер чөнтөктөн орун таап, чачты суулап тарап каласың. Иш оңунан чыгып, ал кыздын жүрөгүн багындырып алсаң сенден өткөн бактылуу адам жок.

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Кыз ала качуу — бүлө куруубу же адам уурдообу? 5 орчундуу пикир
Калтырап-титиреп сезимдерди кагазга түшүрүп кат жазганың, эң алгач ирет сүйгөнүңө жолугууга барганың, жолуга албай үйүн айланчыктап жүргөнүң, таңга маал гана беш мүнөткө чыккан сүйгөнүңдү бекем кучактап туруп жыттап-жыттап алганың, дал ушул жолугушуу үчүн деп кар аралаш жаанга карабай 7-10 чакырым жөө каттаганың кандай гана керемет! Ал бактылуу мүнөттөр эч качан кайталанбайт. Ошол үчүн алгачкы махабат эмеспи. Кыз жандаган балакай дароо өзгөрүп, жигит болот! Өзүн карап өзгөрөт. Андыктан жигиттер, сөзсүз сүйүү үчүн күрөшүп, кыз жандап, жаштыктын доорун сүргүлө. Албетте чеги менен. Азыр интернеттин заманында сүйүүнү билдирүү, сүйүүгө жетүү кыйла жеңил болуп калды. Ушундай шартта да өмүрү көрбөгөн кызды алып качып алгандан көрө, сүйүүнүн балдай ширин даамын татып, кинотеатр, концерттерге барып, сейил бакты аралап баскан кандай гана сонун. Келечектеги балдарыңдын апасы болчу адамды жүрөк менен тандап, сүйүп, ак тойдо ак бата алып баш кошконго не жетсин.

P.S Сүйлөшкөн кызым айылга барган сайын жүрөк безилдейт. Алып качып кетпесе экен деп жараткандан тилейм. Мага окшогондор миңдеп саналат. Келгиле жигиттер, тагдыр талкалаганды токтотуп, сүйүктүү болуп, сүйүп жашайлы!

Жаңылыктар түрмөгү
0