Кызыктар эми болчудай... Футбол чемпионатын ким жеңет?

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүБолельщики перед матчем ЧМ-2018 по футболу между сборными Германии и Мексики
Болельщики перед матчем ЧМ-2018 по футболу между сборными Германии и Мексики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россиянын 11 шаарында өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында чейрек, жарым финалга кимдер чыгат, баш байгени кайсы команда утат деген "баш оору" футбол күйөрмандарын ойго салып турган учур. Дүйнө чемпионатындагы кызыктар, беттешүүдөгү күтүлбөгөн окуялар тууралуу спорттук баяндамачы, колумнист Кабыл Макешов кеп салып бермекчи.

Дүйнөлүк таймашка катышып жаткан 32 мамлекеттин бирөө гана чемпион болушу керек. Кыргызда "кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту" деген жакшы сөз бар, кайсы команданын даярдыгы мыкты, чеберчилиги жогору болуп, жылдызы жанып, бак айтса баш байгенин ээси болоор…

Ошондой болсо дагы жаңы ысымдар, жарк эткен жаңы командалар, жаңы жүздөр футбол күйөрмандарынын божомолун тумандатып турган учур.

Үйдө баатыр, жоодо жок…

Световое шоу на здании ЦВЗ Манеж, посвященное ЧМ-2018 по футболу - Sputnik Кыргызстан
Уйкусуз түндөр алдыда... Футбол чемпионатынын тарыхынан майда-чүйдөсүнө чейин
Футбол адистеринин пикирине караганда, көп жылдык тажрыйбасы бар команданы мыкты чабуулчулар, мыкты коргоочулар жана мыкты дарбазачы гана ийгиликке жеткирет. Айрым учурда билермандар футбол тарыхына жана командалардын дараметине, мурдагы ийгиликтерине таянып, кайсы мамлекет чемпион болорун алдын ала аныктап жиберген учурлар да болот. 

Биринчиден, дүйнө чемпионатын өткөрүп жаткан өлкөнүн да аракетин, дараметин эске албай коюуга болбойт. Өз командасын сүрөөнгө алып турган жергиликтүү элдин деми, коштоосу да таасирин тийгизбей койбойт. Бирок футбол тарыхына сереп салып көрсөк, мурда кийин дүйнө чемпионат өткөргөн Уругвай (1930), Италия (1934), Англия (1966), Германия (1974), Аргентина (1978) жана Франция (1998) өлкөлөрүнөн бөлөк бир дагы өлкө футбол майрамын тартуулаганы менен чемпиондукту утуп алган эмес. Футбол тарыхында буга чейин 20 дүйнө чемпионаты өткөрүлсө, жогоруда аталган 6 мамлекет гана өз күйөрмандарын кубантып, мыкты аталган. 

© AFP / PEDRO UGARTE 1998-жылкы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Францияда өтүп, ушул эле өлкөнүн курама командасы жеңишке жетишкен
Чемпионат мира по футболу 1998 года - Sputnik Кыргызстан
1998-жылкы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Францияда өтүп, ушул эле өлкөнүн курама командасы жеңишке жетишкен

Европанын күүсү жанып баратабы?

Мурдагы дүйнө чемпионаттарынын тарыхына баам салсак, Европа жана Түштүк Американын командалары гана байгелүү орундарды ээлеп келген. Бирок соңку жылдары Европанын командалары чемпионатта кыйынчылыктарга туш болуп, Түштүк Африка жана Азия командаларына каршы туруу убайым жаратып келет. Ошондой болсо дагы Испаниянын Түштүк Африкада өткөн чемпионаттагы ийгилиги жана Германиянын Бразилиядагы жеңиши бул көрсөткүчтү өзгөрттү. Фактыга кайрылсак дүйнө чемпионаттары 10 жолу Европада өткөн. Мында дээрлик 9 чемпионат Европа командаларынын жеңиши менен аяктаган. Алардын биринде гана — 1958-жылы Бразилия Швецияда өткөн дүйнө чемпионатында гана кубоктун ээси болгон. Бул өлкө 4 ирет Европадан сырткары өткөн чемпионаттарда ийгилик жараткан. 

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүСоңку жылдары Европанын командалары чемпионатта кыйынчылыктарга туш болуп, Түштүк Африка жана Азия командаларына каршы туруу убайым жаратып келет. Ошондой болсо дагы Испаниянын Түштүк Африкада өткөн чемпионаттагы ийгилиги жана Германиянын Бразилиядагы жеңиши бул көрсөткүчтү өзгөрттү.
Футбол. Чемпионат мира - 2014. Финальный матч. Германия - Аргентина - Sputnik Кыргызстан
Соңку жылдары Европанын командалары чемпионатта кыйынчылыктарга туш болуп, Түштүк Африка жана Азия командаларына каршы туруу убайым жаратып келет. Ошондой болсо дагы Испаниянын Түштүк Африкада өткөн чемпионаттагы ийгилиги жана Германиянын Бразилиядагы жеңиши бул көрсөткүчтү өзгөрттү.

Команданын жеңишине дарбазачынын салымы зор

Дүйнө чемпионаты учурунда түрдүү пикирлер, божомолдор айтыла берет. Айрымдары чабуулчу эң маанилүү роль ойнойт деп мээнетин жогору баалашат. Бирок 1982-жылдан бери чемпион наамын алган Бразилия менен Испания командаларынын чабуулчулары гана мелдеште эң көп гол киргизип "мыкты чабуулчу" аталган. Алар бразилиялык Роналдо жана испаниялык Давид Вилья болуп саналат.

Чынында жеңиштин бийик сересине жеткен дүйнө чемпиондорунун ийгиликтеринин башаты мыкты дарбазачылар болуп эсептелет. Соңку беш чемпионатты мисал кылсак, анын төртөөндө чемпион наамын алган команданын дарбазачысы өз дарбазасына топ өткөрбөй, мелдештеги "эң мыкты дарбазачы" деп таанылган. Ошондуктан азыркы учурга чейин германиялык Мануэль Нойер, франциялык Уго Льорис жана бельгиялык Тибо Куртуа эң мыкты дарбазачы катары бааланып, атагы чыккан. Россиядагы таймаштарда алар дагы эле табында экенин көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Алардын катарына португалиялык Руй Патрисиу кошулуп, быйыл өнөрү менен таанылып калышы да ажеп эмес. 

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАзыркы учурга чейин германиялык Мануэль Нойер, франциялык Уго Льорис жана бельгиялык Тибо Куртуа эң мыкты дарбазачы катары бааланып келет
Футбол. ЧМ-2018. Матч Франция - Перу - Sputnik Кыргызстан
Азыркы учурга чейин германиялык Мануэль Нойер, франциялык Уго Льорис жана бельгиялык Тибо Куртуа эң мыкты дарбазачы катары бааланып келет

Быйыл Бразилия баягыдай эмес го…

Чынында Бразилияны футболдук өлкө десек жаңылбайбыз. Кенедей балдарынан чалына чейин футбол десе ичкен ашын жерге коет. Ошондуктан бул өлкө дүйнөнүн беш жолку чемпиондук наамына арзып, футбол менен таанылып келет. 1958-жылы жана 1962-жылы Бразилия катары менен чемпион наамын алгандан бери бир дагы курама команда бул көрсөткүчкө жете элек.

Кызыгы, Бразилия катары менен мыкты болгондон бери чемпион аталган 13 курама команданын экөөсү гана чейрек финалдан өткөн. 1990-жылы Аргентина жана 1998-жылы Бразилия. 1974-жылы Бразилия төртүнчү орунду алган, бирок ал учурдагы чемпионаттын мыктыларды тандоо ирети башкача болчу. Быйыл Бразилия тайпалык топтон чыгышы да күмөн. Биринчи беттешүүдөн швейцариялыктар менен 1:1 эсебинде тең чыкканы күйөрмандарды ойго салып койду. Кийинки атаандаштары Коста-Риканы 22-июнда утса, анан 28-июнда Сербия командасын жеңип алса бразилиялыктар 1/8 финалга жолун ачат. Бирок эки атаандашы тең оңой менен жеңилип бербей, шайын кетирчүдөй… 

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБразилиянын командасы Коста-Риканы 22-июнда утса, анан 28-июнда Сербия командасын жеңип алса 1/8 финалга чыгат
Футбол. ЧМ-2018. Матч Бразилия - Швейцария - Sputnik Кыргызстан
Бразилиянын командасы Коста-Риканы 22-июнда утса, анан 28-июнда Сербия командасын жеңип алса 1/8 финалга чыгат

Немистердин машинасы кийин күчөйбү?

Көпчүлүк футбол күйөрмандары Германиянын командасына үмүт артып турушат. Төрт ирет дүйнө чемпиону болгон команданын кийинки чемпионаттардагы көрсөткүчү абдан жакшы. Соңку тогуз чемпионатта эле немистер эки жолу жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, үч жолу финалга жетип, күмүш медаль тагынып, эки жолу үчүнчү орунду камсыз кылышкан. Россиядагы таймашууларда Германия Мексикага 1:0 эсебинде утулуп калганынан трагедия жаратууга али эрте. Кийинки оюндарда "немис машинасы" ишенимдүү "иштеп" Швеция менен Түштүк Кореянын таш-талканын чыгарып, 1/8 финалга чыгарын бөркүмдөй эле көрүп турам. Себеби, алар ызаланып, намыстанып калышты. 

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссиядагы таймашууларда Германия Мексикага 1:0 эсебинде утулуп калды. Кийинки оюндарда "немис машинасы" ишенимдүү "иштеп" Швеция менен Түштүк Кореянын жеңсе 1/8 финалга жолу ачылат.
Футбол. ЧМ-2018. Матч Германия - Мексика - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы таймашууларда Германия Мексикага 1:0 эсебинде утулуп калды. Кийинки оюндарда "немис машинасы" ишенимдүү "иштеп" Швеция менен Түштүк Кореянын жеңсе 1/8 финалга жолу ачылат.

Быйыл кимдин жылдызы жанаар экен?

"Чабал өрдөк мурда учат" дегендей учурдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча арбын упай топтоого жетишкен Россия, Уругвай, Хорватия жана Франция 6 упайга ээ болсо, Португалия, Испания, Дания, Сербия, Мексика, Швеция, Бельгия, Англия, Сенегал жана Япония 1/8 финалга чыгышы мүмкүн. Германия менен Бразилия да "бөрү карыса да бир койлук алы бар" экенин далилдеши ыктымал. Ошондой болсо дагы айрым адистер Португалия менен Бельгиянын жылдызы жанып, баш байгеге талапкерлердин бири болуп калышы мүмкүн дешүүдө. Ошондой эле Россиядагы дүйнөлүк биринчиликти башка бир команда жеңип алышы мүмкүндүгү да айтылууда. 

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУчурдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча арбын упай топтоого жетишкен Россия, Уругвай, Хорватия жана Франция 6 упайга ээ болсо, Португалия, Испания, Дания, Сербия, Мексика, Швеция, Бельгия, Англия, Сенегал жана Япония 1/8 финалга чыгышы мүмкүн
Футбол. ЧМ-2018. Матч Россия - Египет - Sputnik Кыргызстан
Учурдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча арбын упай топтоого жетишкен Россия, Уругвай, Хорватия жана Франция 6 упайга ээ болсо, Португалия, Испания, Дания, Сербия, Мексика, Швеция, Бельгия, Англия, Сенегал жана Япония 1/8 финалга чыгышы мүмкүн

Кызыктын баары алдыда…

Комментаторы КТРК Нурсултан Турусбеков и Азирет Абдраимов - Sputnik Кыргызстан
КТРКда эмне болуп жатканын билбейсиңер! Футбол комментаторлорунун маеги
"Н" тобундагы беттеште Япония Колумбия командасын 2:1 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатында түндүк америкалыктарды жеңген алгачкы Азия командасы болуп калды. Кийинки оюндарда Сенегал менен тең чыгып, Польшаны утса гана 1/8 финалга жолун ачат. Азиялык командалардан бири жарым финалга жетсе Азиядагы футболдун өсүп-өнүгүшүнө түрткү болоор эле… Кийинки жылдары Азия менен Африкада футболго кызыгуу артып, Европанын жүрөк үшүн ала баштады. Бул ирет дагы тез, ыкчам чабуулу менен күйөрмандардын купулуна толуп жатат.

Быйыл португалдардын дүбүртү дурус. Тайпалык баскычтын экинчи айлампасында Мароккону 1:0 эсебинде жеңди. Оюндун 4-мүнөтүндө атаандашынын дарбазасына топту башы менен сүзүп киргизген Криштиану Роналду европалык футболчулар арасында курама командалардын гол эсеби боюнча жаңы рекорд койду. Бул топ Роналдунун улуттук курама командасындагы 152 беттешүүдөгү 85-тобу болуп саналат. Ошентип дүйнөлүк футбол тарыхында эң мыкты чабуулчулардын тизмесинде Роналду экинчи орунга чыкты. Бул ирет Роналдунун жылдызы жанып, чемпионаттын аягына чейин командасын "сүйрөп" алып кете алабы? Чемпионаттын эң мыкты футболчусу болуп, "Алтын топ" байгесин алууга кудурети жетеби? Аны алдыдагы оюндар көрсөтөт. Мыкты чабуулчу аталууга далалат кылып жаткан Роналдунун алдында Иран курама командасынын рекордчусу Али Даеи турат. Ал 149 беттешүүгө катышып, 109 топ киргизген. 

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБул ирет Роналдунун жылдызы жанып, чемпионаттын аягына чейин командасын "сүйрөп" алып кете алабы? Чемпионаттын эң мыкты футболчусу болуп, "Алтын топ" байгесин алууга кудурети жетеби? Аны алдыдагы оюндар көрсөтөт.
Футбол. ЧМ-2018. Матч Португалия - Испания - Sputnik Кыргызстан
Бул ирет Роналдунун жылдызы жанып, чемпионаттын аягына чейин командасын "сүйрөп" алып кете алабы? Чемпионаттын эң мыкты футболчусу болуп, "Алтын топ" байгесин алууга кудурети жетеби? Аны алдыдагы оюндар көрсөтөт.

Россияда болуп өткөн дүйнө чемпионатында Сенегал курама командасы Польша командасын 2:1 эсебинде жеңип алышы жаңы командалардын жарк дешинен үмүт жандырып турат. Россия да оңой жоо эмес экенин тастыктап, футбол күйөрмандарын сүйүнүчкө бөлөп жаткан учуру. Бирок ушул темпти, ыргакты аягына чейин сактап, күйөрмандарынын үмүтүн актай алабы? Жок дегенде чейрек финалга чейин жетип же жарым финалга далалат кылса анда чоң эрдик кылган болоор эле…

Сербия командасы Коста-Риканы 1:0 эсебинде жеңген, 22-июндан 23-июнга ооган түнү алар Швейцарияны утса, 1/8 финалга чыгышы мүмкүн.

Мессинин мээси ооруп отурат

Футбол тарыхында кээде эл үмүт кылбаган командалардын да оту күйүп калган учурлары жок эмес. Маселен, элдин эсине келбеген Аргентина 1986-жылы Мексикада өткөн дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен. Ошол учурда бул командада жылдызы жанып турган Диего Марадона ойногон. Бирок бул чабуулчу Англияга каршы беттеште колу менен гол киргизгенин калыстар байкабай калган. Бул окуя тарыхта "кудайдын колу" деген каймана ат менен калган эле. Россиядагы чемпионатта Месси баштаган Аргентина командасынын айласы кетип турат. Эми кийинки беттешүүлөрдө Нигерияны утпаса үйүн көздөй жөнөп, дүйнө чемпионатынан четтеп, жыдып калмакчы. Биринчи беттешүүдө Исландия менен 1:1 эсебинде тең чыгып, Месси дүйнөлүк жылдыз экенин көрсөтө алган эмес. Хорваттар да алардын айласын алты кетирип, 3:0 эсебинде утуп алды. Бүгүн, 22-июнда Исландия Нигерияны ири эсеп менен утуп алса, анда аргентиналыктар нигериялыктардын дарбазасына андан дагы көп топ киргизүүгө аракет кылып, өз тайпасынан суурулуп чыгууга аргасыз болот. Бул үчүн көп күч-кубат, энегрия, мыкты чеберчилик талап кылынат. Мессинин мээси ооруп, командасы менен айласы куруп турган учуру. Топ томолок дегендей кимдин даярдыгы мыкты болсо, ийгилик ошого жылмаят эмеспи. 

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүРоссиядагы чемпионатта Месси баштаган Аргентина командасынын айласы кетип турат. Эми кийинки беттешүүлөрдө Нигерияны утпаса үйүн көздөй жөнөп, дүйнө чемпионатынан четтеп, жыдып калмакчы.
Футбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Исландия - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы чемпионатта Месси баштаган Аргентина командасынын айласы кетип турат. Эми кийинки беттешүүлөрдө Нигерияны утпаса үйүн көздөй жөнөп, дүйнө чемпионатынан четтеп, жыдып калмакчы.

Жеңүүчүлөр канча сыйлык алышат?

Маалыматка ылайык Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2018-жылдагы дүйнө чемпионатына катышкан курама командаларга жалпысынан 400 миллион евро бөлгөн.

Россияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатын жеңген командага 38 миллион (2014-жылкы Германиядагы чемпионаттан 3 эсе көп), экинчи орунга 28, үчүнчү орун үчүн 24 миллион евро берилет. Мындан тышкары, катышкан ар бир курама командага 9,5 миллион евро милдеттүү түрдө төлөнөт. 

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатын жеңген командага 38 миллион (2014-жылкы Германиядагы чемпионаттан 3 эсе көп), экинчи орунга 28, үчүнчү орун үчүн 24 миллион евро берилет. Мындан тышкары, катышкан ар бир курама командага 9,5 миллион евро милдеттүү түрдө төлөнөт.
Официальная жеребьевка чемпионата мира по футболу 2018 - Sputnik Кыргызстан
Россияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатын жеңген командага 38 миллион (2014-жылкы Германиядагы чемпионаттан 3 эсе көп), экинчи орунга 28, үчүнчү орун үчүн 24 миллион евро берилет. Мындан тышкары, катышкан ар бир курама командага 9,5 миллион евро милдеттүү түрдө төлөнөт.

Чемпионаттын эң жаш жана эң улгайган футболчулары

Россияда башталган дүйнө чемпионатындагы эң жаш футболчу деп "Франция — Австралия" (2:1) беттешүүсүндө ойногон австралиялык 19 жаштагы Даниэл Арзани деп аталды.

Ал эми чемпионаттын эң улгайган футболчусу болуп Египет курама командасынын оюнчусу Эссам аль-Хадари болуп саналары аныкталды. Ал 1973-жылы 15-январда туулган, учурда 45 жашта, Африка Кубогунун 4 жолку чемпиону. 

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссияда башталган дүйнө чемпионатындагы эң жаш футболчу деп австралиялык 19 жаштагы Даниэл Арзани аталды
Футбол. ЧМ-2018. Матч Дания - Австралия - Sputnik Кыргызстан
Россияда башталган дүйнө чемпионатындагы эң жаш футболчу деп австралиялык 19 жаштагы Даниэл Арзани аталды

Кызык экен…

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2018-жылы Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий плакатында СССРдин курама командасынын легендарлуу дарбазачысы Лев Яшиндин сүрөтүн чыгарды. Лев Яшин — дүйнө чемпионатынын төрт жолку катышуучусу (1958, 1962, 1966 жана 1970), футбол тарыхындагы "Алтын топ" алган жападан жалгыз голкипер.

Быйылкы чемпионатка дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия катышпай калды. Мындан тышкары, Греция, Ирландия, Гондурас, Нидерланддар, Чехия, Украина жана АКШ кирген жок. 

© REUTERS / MAX ROSSIБыйылкы чемпионатка дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия катышпай калды. Мындан тышкары, Греция, Ирландия, Гондурас, Нидерланддар, Чехия, Украина жана АКШ кирген жок
Матче за путевку на чемпионат мира-2018. Италия — Швеции - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы чемпионатка дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия катышпай калды. Мындан тышкары, Греция, Ирландия, Гондурас, Нидерланддар, Чехия, Украина жана АКШ кирген жок

Турнирди өткөрүү үчүн 11 миллиард доллар сарпталат.

Чемпионатка катышып жаткан 32 команданын 20сы 2014-жылдагы Бразилия футбол чемпионатына катышкан. Ал эми Панама жана Исландия тарыхта алгачкы ирет катышып жатат.

Автордун ою редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0