Ысык-Көлдө эс алгандар. Архивдик сүрөт

Саратанда кимге көлгө барууга болбойт? Ысык-Көлдөгү 7 кооптуу көрүнүш

2128
(жаңыланган 12:37 11.08.2018)
Ата-эне баласынын уктап жатканына сүйүнүп, наристе эсин жоготконун алгач элес албай да калышы ыктымал. Биздин медициналык колумнист Улугбек Жоомартов жайкы эс алуу маалында мындай көрүнүш байма-бай кездешерин белгилейт.

Адеп Ысык-Көлдүн жээгине кимдерге таптакыр эс алууга болбой тургандыгын айтайын. Ооба, албетте, бул тизмеге кирген тааныштарыңыз көлгө барып, сопсоо эле кайтканын мисал келтирет чыгарсыз, бирок саламаттыкты тобокелге салуунун зарылдыгы канчалык?!

Кооптуу тизмедегилер:

Кант диабети бар;

Гипертониялык дарты бар;

Тери ооруларынан азап чеккендер;

Жакын арада оор операция же химиятерапияны баштан кечирген адамдар;

Кош бойлуулар (алгачкы жана соңку үч айлык кезинде).

Ээми Ысык-Көлдө эс алуучуларга башкы кооптуулуктар туурасында эскертип өтөлү. 

Беременная женщина идет по улице. Архивное фото
© AFP 2020 / ROSLAN RAHMAN
Ультрафиолет нурлануусунан айрыкча кош бойлуулар оолак болушу кажет, себеби, түйүлдүккө зыян

1. Ультрафиолет. Бул күндүн түз нуру эмес, толкундары, сизди алардан калкаланган чатыр да сактай албайт. Ультрафиолет нурлануусунан айрыкча кош бойлуулар оолак болушу кажет, себеби, түйүлдүккө зыян. Бул терини жабыркаткан дарттарды, тагыраак, ракты пайда кылат. Жүзүндө, денесинде көп же көлөмдүү меңи болгон адамдар абайлоого тийиш.

2. Күнгө күйүү. Эпидермистин үстүңкү клеткалары өлүп, сезгенип калгандыктан, тери кызарып, аллергия болуп, шишип кетиши мүмкүн.

Күнгө күйүп калган терини дарылоо абдан жеңил, ага муздак компресс (таңгыч) коюу керек. Эмен кабыгы же ат кулактын кайнатмасы жакшы жардам берет, бирок эс алууга баратып, бул чөптөрдү баштыгына ким сала бармак эле. Ошентсе да бул күнгө күйгөн териге камкаймак же арак сүйкөп айыктырып аласыз дегендикке жатпайт! Камкаймак денеге майлуу чел кабык болуп жайылып, ашыкча ысыктын денеден чыгып кетишин бөгөттөйт, мындайда күйүктү ырбатып алышыңыз ыктымал. Ал эми спирт андан бетер жаман: андан тери кургап, жараланып, кесилип кетиши мүмкүн.

Күнгө күйгөн терини дарылоонун дурус ыкмасы — майдаланган бадыраңды жабуу. Картошка да жакшы. Бирок адегенде күйгөн жерлерди жакшылап аккан сууга муздатып алуу зарыл. 

Отдыхающие на пляже в Майами, штат Флорида. США
© AFP 2020 / TIMOTHY A. CLARY
Күнгө күйгөн терини дарылоонун дурус ыкмасы — майдаланган бадыраңды жабуу. Картошка да жакшы. Бирок адегенде күйгөн жерлерди жакшылап аккан сууга муздатып алуу зарыл

3. Күн өтүү. Мындай көрүнүш чоңдор тургай, жаш балдар үчүн да кооптуу. Мындай учурду элестетип көрөлү: бала ойноп жүрүп эле бир маалда чыргоолоно баштайт. Анан тез эле шайы ооп, уктап кетет. Тилекке каршы, таптакыр ойгонбой калган учурлар да кездешет. Бала мындай кырдаалда кандай абалда болорун тактап көрөлү. Өзүн начар сезе баштайт, башы ооруп, тегеренет, көңүлү айныйт. Бул балага күн өтүп кеткенинин белгиси. Андан кийин баланын организми кубат үнөмдөөчү режимге өтөт да наристенин мууну бошоп, көңүлү ачылбай, уйкуга кетет. Бирок уйку убагында ал эсин жоготуп, чарчап калышы да ыктымал.

Жоопкерчиликтүү ата-эне эмне кылат? Баласынын оюнун бир саамга токтотуп, көлөкөдө эс алышын улам талап кылып, денесиндеги табигый бүгүштөрдү текшерип турат. Алар ным болушу шарт.

Жабыркаган адамга алгачкы көмөктү кантип көрсөтүү керек? Аны муздак жайга алып келип, муздагыраак (таш муздак эмес!) суусундуктан ууртатуу абзел. Чекесине нымдалган сүлгүнү басыңыз. Анан албетте, врач чакырууну эстен чыгарбаңыз.

Баса, абдан калың матадан панама (жазы талалуу жайкы баш кийим) кийген балдарды көп көрөм, алар ого бетер ысытат. Жайкы баш кийимдин жеңил жана ачык түстөгү кездемеден тигилгенин алыңыз.

4. Суук тийгизип алуу. Акылга сыйбас нерсе сезилип, Ысык-Көлдө саратанда кайдагы суук дээрсиз. Бирок, көл тегерегинде күндүн убагына жараша аба кескин өзгөрө берерин баары жакшы билишет эмеспи. Эгер күндүз күндүн табы 30 градуска чыкса, кечинде чагылган чартылдап, катуу шамал болуп, ал эми абанын температурасы 10 градуска чейин төмөндөшү толук мүмкүн.

Бир эс алуучуну мисалга алалы. Керээли кечке көл жээгинде жатат, кызытуучу ичимдик ичет дейли. Кеч курун илме бут кийим, чолок шымчан жамгырда жүрө берет, анткени ысып жатат да. Буга күндүн аптабынан кан тамырлары кеңейе түшкөнү себеп, спирт ичимдиги кырдаалды ого бетер курчутуп жиберген. Мындай абалдагы киши жылуу кийинбесе же жылуу бөлмөгө кирбесе, суукка урунушу турган иш. 

Пляж санатории Кыргызское взморье на берегу Иссык-Куля ночью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Күндүз ысык болгону менен кеч курун кадыресе салкындай түшөт. Андыктан кечинде жылуураак кийинүү зарыл

5. Суу ичинде тарамыштардын карышып калышы. Эгер тайыз жерде сүзүп жүргөн болсоңуз, жээкке өз алдынча чыга аласыз. Тарамыштарды кылдат чойгулап койсоңуз, жазыла түшөт. Терең сууда тырышып калганы өтө жаман. Андай жагдайда кадимки төөнөгүчтүн жардамы тиет, аны жаныңызга ала жүргөнүңүз оң, абдан камылгалуу киши экендигиңизге ишенейин. Тарамышка анын учун сайып, жардамга киши чакырууга аракет кылыңыз.

6. Пирстен секирик. Эгер күнгө тотугуп алып муздак сууга секирсе, кишинин кан тамырлары түйүлө түшөт да, адам эс-учун жоготуп, чөгүп кетиши да ыктымал. Ошондуктан пирстен секирүүдөн оболу муздак сууга бир чумкуп алган оң. 

Температура воды на Иссык-Куле сейчас около 15-18 градусов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пирстен секирүүдөн оболу муздак сууга бир чумкуп алган оң

7. Тамактан уулануу. "Күнгө күйбөсөң, тамактан ууланбасаң, анда эс алууң ойдогудай өтпөптүр" деген тамаша кеп айтылып калат эл арасында. Сактоо мөөнөтүнөн өтүп кеткен азыкты жегенден да толук быша элек жашылча-жемиштен уулануу кооптуу. Аларга сайылган, себилген ар кандай химиялык заттар организмден жакшы чыкпайт, ички органдардын иштешине олуттуу зыян келтирет.

Көлдүн жээгинде сатылчу балык дагы кооптуу. Адатта форель (көк чаар) менен сельдь балыктарын сүрсүтүлгөн жана ышталган түрдө сунушташат. Сүрсүтүлгөн балык дээрлик көпкө сакталганы менен ысык тапта ышталып жатып азык жыттана түшөт. А бирок ар кандай татымалдар кошулгандыктан, жагымсыз жытын сезбей да калышыңыз мүмкүн. Адистер балыктын башын жыттап көрүүгө кеңеш беришет, андайда бузулуп баратканы жеңил аныкталат.

Тамактан уулануунун белгилерин ар бир киши ажырата билет: кусуу, ич өтүү, дене табынын көтөрүлүшү. Эгер абал өтө начарлап баратса, жабыркаган адамдын ашказанын үй шартында жууп тазалоого болот. Анүчүн сууну көп-көп ичип, эки манжаны оозго салуу зарыл, куса алсаңыз, ашказанды жеген тамагыңыздан тазалай аласыз.

Мындай убакта активдештирилген көмүр да чоң көмөкчү. Аны салмактын 10 килосуна бир таблетка эсеби менен ичүү зарыл. Уулануудан сууну көп ичүү менен жан сактай аласыз, бирокошентсе да сөзсүз дарыгерге бир көрүнгөнүңүз дурус.

2128
Белгилер:
оору, күн, эс алуу, Суу, Ысык-Көл
Тема боюнча
Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды
Ысык-Көлгө олимпиадалык база куруу пландалууда
Боз үйдүн жанында турган бала. Архив

"Эс ообо, эсиңе кел!" Эс тууралуу эки ооз сөз

452
(жаңыланган 15:47 08.08.2020)
Табиятынан сабырдуу кыргыз, кандай кырдаал болбосун сабыр сактап, узакты болжогон. Кандай кырдаал болбосун эсин жоготкон эмес. Бүгүн биздин колумнист эс тууралуу жазууну чечти.

Тизгин жаяр

Адамзатты каптаган алааматтан адам аттуунун эси ооп турган учуру. Эчендеген асылдарыбызды, эсилдерибизди колдон учуруп, эсеңкиреп турабыз. Эстүүлөрүбүз деле эс болгондун ордуна нес болуп калган өңдөнөт. Мындай учурда эзелтен уланган улуу "Эсти" кайра жаңылоого кез келгендир. Эчендеген доорлордо элдин кутун сактап, урпактан урпакка улап, бузулганын курап келген эстүүлөр болгон. Эстүүлөр деген ким болот, эсиргендер ким болот, эс кеткенде не болот, эссиз деген ким болот? Акылгөйлөрдүн айтканын улап, анча-мынчасын өзүбүз курап, эс деген сөздүн өзөгүнө үңүлүп көрөлү.

Эс кайдан келет, кайда болот? Эс менен акылдын айырмасы не?

Эс бул – Эгемден жалганып, туюмга байланып, көкүрөктө тунган чындыктын устуну. Ал жүрүм-турумдан баштап, жүйөөлүү акылга чейин нускап турган чайпалбас тараза. Адам болуп жерге жаралып келе электеги жанда турган жогорку аң-сезим, улуу уңгу. Теңирдин бир учкуну менен кошо жанга уюп, жараткандын деми менен кошо жанга жалганган тууралыктын туусу.

Акыл – адам болуп жаралгандан баштап, таанып билип алган нерсе болсо, жат ошол илимди, тирүүлүктөгү алган бардык маалыматтарды сактаган казына. Мунун баары адамдын мээси менен байланыштуу. Акыл калчоо, акылга салуу, акылды иштетүү, демек, жадыбызда сакталган турмуш тажрыйбадан топтолгон, окуп, угуп, көрүп өздөштүргөн башыбыздагы маалыматты иштетүү. Ал эми эс андан да тереңирээк. Ал жараткандан жалганган киши жанында сакталган ааламдык аң-сезим.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Эс түшүнүгү тууралуу кыргызда

Ааламдык аң-сезимдеги бардык маалыматтардын, керек билимдердин, улуу чындыктардын топтому эс тутумда сакталат. Ал эс тутумдун учугу ар бир жанда болгону менен аны улай билгендер, түрүп отуруп түбүнө жеткендер аздыр. Андай кишилерди эстүү дейт.  Эстүүлөр ак-караны айырбаштап, тирүүлүктөн тирликке түшкөн пендеден айырмаланып, аалам чындыгын тааныйт, өзүндөгү өзөктү ойготот. Бала тили чыгып, сөзгө түшүнүп, табиятты, ааламды тааный баштаганда эселек болот, кирди-чыкты эси бар, билип-биле элек кези. Анан эси кирди, эсине кирип калды дешет. Демек, балага жогорку ааламга жол ачылат. Өзүнөн-өзү табият, жер-суу, жашоо, жакшы-жаманды түшүнүп баштайт. Өз ою, өз дүйнөсү менен өтө акылга салып аңдап билбесе дагы, эс тутуму менен өсүп жүрүп отурат. Анан дүйнө жыргалчылыгын аңдап, жашоо кызыгына батып, азгырыктарга алдырып баштаганда эле, айрымдар эсирип башташат. Башкача айтканда, жогору жактан келген байланыш үзүлүп, эсирип, б.а. эси ирип калат. Киши кирдейт. Эсирип калган адамды эстүүлөр эсиңе кел дешкени менен, кырсыктап, кыйынчылык болмоюн эсине келүүсү кыйын. Эсирип жүрүп отуруп, дүйнөнүн кызыгына батып эс-мас абалга келип, манчыркап кетет. Эсиргендин куту учат, анткени ал эсирип отуруп кутурат да. Анан, тирегинен, дымагынан ажырайт, ишенген байлыгынан ажырайт, тооруган кыйынчылыктан эси кетет. Ошентип барып айрымдар эсин жоготот. Түйшүктөн эси ооп, эсеңкиреп калат. Айрымдар эсине келет. Кызыгы, жан болуп жаралганда бар эсибизди, киши болуп калыптанганда эсибизден чыгарып койгонубуз. Албетте, аны кайра эстөө керек. Ал үчүн эс алышыбыз зарыл. Айрымдар эс алуу десе эле шапар тээп-сайрандоону, табият койнун булгап көңүл ачууну ойлошот экен, чыныгы эс алуу бул жаратканга жакын болуу, үзүлүп калган байланышты улап, жашоо чындыгын аңдоо, анүчүн кайра эле өзүбүздү таануу. Башка түйшүк түшкөндө кимдин-ким экендиги билингенде, жашоо өйдө-ылдый болгондо киши эсине келет, көр оокаттын масы тарап соолугат. Албетте, кыйынчылыктан эсибиз кетет, кооптуу жагдайда эсибиз чыгат, керек болсо таптакыр эсибизди жоготуп коюшубуз да мүмкүн. Ошондуктан ар дайым эс-акыл тең салмакта болушу керек. Кичинекей баланы эси жок десе, кудайды тааныбаган, тирүүлүктүн сабагын албаган кишини эссиз дейт. Эстүү жакыныңды эсилим деп жоктойсуң, эстүү кишини эсил кайран дейсиң. Анткени анын улуулугу, билгилиги эсибизге илинип калат тура. Анткени алар жашоонун калпыстыктарында билип-билбегендерибизге эс болгон. Андай адамдар өмүр өтөлгөсүнө чыккандар, ар дайым эскерилгендер, түбөлүк эстелик калтыргандар.

Кайдан келгениңди унутпасаң кайда баратканыңды унутпайсың. Моюндагы аманат

Акылыбыз өмүрдөн топтогон, тирүүлүктөгү тажрыйбабыз болсо, эсибиз тээ түпкүрдөгү, асман-жер чеги ажырап бөлүнө элек кездеги, ай-күн дагы жаркырап көрүнө элек кездеги улуу билимдер. Акыл башыбызда сакталса аалам чындыгы эсибизде сакталат, эс жан менен кошо жаралат. Акыл мээде болсо, эс жүрөк менен байланыштуу болор.

Платондун эстөө теориясы

Эсиңе кел, эсиңди тааны, эс ал, деген түшүнүктөрдүн баары жаныбыз менен кошо жаралган эс тутумду ойгот дегени экен. Платондун "Эстөө" деген теориясы бар. Анда "Киши болуп жерге жаралып келгенге чейин, жан кудайлардын жанында болгон. Жерге келген соң тирүүлүктүн, тирликтин, дүнүйөнүн, дүйнөнүн азгырыгына арбалат да, жан кезиндеги жашоосун унутат. Аны менен катар аалам чындыгы, жогорку эс тутум эстен чыгат. Беш-алты тилди жат билүү мүмкүн эмес, ал акылга сыйгыс нерсе, же болбосо, илим жаатында улуу ачылыштарды жасоо да акылдын жыйынтыгы эмес. Мындай адамдар эс тутумун ойготуп, кудайлардын доорундагы жашоосун эстегендер. Ийгиликке жетүү үчүн эстөө гана керек" деп айтылат.

Чындыгында адам акылына сыйбаган шумдук жагдайларга түшүндүрмө берүү кыйын. Тээ бир аң сезимдин түпкүрүндө гана "болушу мүмкүн" деген бүдөмүк ой турат. 72 тил билген Аль Фарабини алалы, же болбосо, миллион сапты жатка айткан манасчылар болсун, чымын-чиркей болбосо адамзатты өлбөс кыла алат элем деген Улукман Акимди алалы, булардын деңгээли адам акылына сыйгыс. Кишиден артык жаралган, дарамети кудайдын бир учкуну ичине кирип кеткенби деген ойго кептейт. Балким, Платон айтмакчы, бул жандар жана булар сындуу улуу инсандар эстегендир, эс тутумун ойготкондур, ким билет...

Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек

Тизгин жыяр

Барчылык жашоодон, түгөл дүйнөдөн манчыркап, ыксыз шапар тээп, жосунсуз сайран куруп эсирип кеттик эле, дүйнөнү түгөл каптаган улуу тумоо эсибизди оодарды. Боо түшүп кырылган апааттан эстен танып кала жаздадык. Эсил кайран деп эчендерди жоктодук. Балким, бул асман ээлеринин жерге түшүп, эсиңе кел деген чакырыгыдыр. Эсибиз барында этегибизди жаап, балким, эс тутумду ойготуп, андагы улуу аң-сезимди эстейбиз. Ошондо эсибизге келебиз, ар кимибиз аалам чындыгын билген, салабат сабыр күткөн эстүү болобуз. Кудайдын буйругун көкүрөк менен туюп, аяндарын алып, белгилерин аңдап асылдыкты ойготобуз. Сиз кандай ойлойсуз, окурман, дүнүйөгө эс-мас болуп, эсибизди жоготуп койдукпу, эс менен байланыш үзүлө элек болду бекен, эсин тааныган, эстүү боло алабызбы?

452
Белгилер:
жоготуу, адам, философия, акыл, тутум, Кыргызстан
Тема боюнча
Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу
Биз байларга шайланарда керекпиз. Шайлообек Дүйшеевдин нускасы
Айт намазын окуп жаткан карыя. Архив

Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар

389
(жаңыланган 14:39 30.07.2020)
Колумнист Нуржигит Кадырбеков аза күтүү күнүнө улаш келген Курман айт майрамына токтолуп, бул эки күндүн бири-бирине байланышы, мааниси тууралуу ой калчады.

Адамзаттын башына келген апаат кыргыз жерин да кыйгап өткөн жок. Таажы вирус тумандай басып, түтүндөй каптады. Канча адамдарыбыз бул дарттын торуна чалдыкты. Көбү, ылайым жамандык көрбөй, өздөрү эле эмес укум-тукуму оожалып, оомат тапкыр дарыгерлердин алтын колдору жана ападай камкордугу себеп болуп, ал тордон кутулуп чыгышты. Аттиң, бирок канчалары үчүн бул оору ажалдын айдагына салган тирүүлүктүн эң акыркы азабы жана сыноосу болуп калды. Арасында жашы да, карысы да, байы да, кедейи да, аалымы да, илимпозу да, калемгери да, киночусу да, сахна чебери да, карапайымы да, бий, төбөлү да бар...

Адам — аалам

Суу бөксөрсө, жер оюлса бир себеп болуп кайра толор, дайра ташыса бир күн нугуна түшөр, бирок дарттан айыга албай өлүм даамын таткан мекендештерибиздин ордун ким толтурат? Көрсө, ар бир адам өзүнчө кайталангыс бир аалам тура. Бүгүн ошол маркум шейиттерди эскерип бүтүн эли-журтубуз аза күтүүдө. Дүйнө боюнча желбиреген кызыл туубуз түшүрүлүп, капалыкта тунжурап турабыз. Аза учурунда көзү өтүп кеткендер үчүн көңүл айтышып, аларга бата багыштап гана тим болбостон, өлүмдү ойлондурат. Анын айбалтасы акыры ар бир моюнга шилтенерин, мейли падыша бол, бай бол, дыйкан же дубана бол, азыр сен тебелеп баскан чөптөрдүн бир күнү үстүңдө өсүп турмайы барын эсте жаңылайт экен. Ошол себептүү жашоонун маңызын, маанисин, максатын ой элегинен өткөрүп, жүрөгүң эзилип да, жумшарып да чыкканын сезесиң.

Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып кетти… Жээнбеков элге кайрылды

Аза күтүү ким үчүн?

Адам кандай кымбат... Болбосо пандемиянын таасири тийбеген бир дагы тармак калган жок. Өндүрүш аксады, экспорт жана импорт кыскарды, тыштан инвестиция агымы кан буугандай токтоду, канча ишканалар сызга отуруп, соода айлануусу соолуй жаздаган дайрадай азайды. Булар себеп болуп түмөндөгөн адамдар жумуш орундарынан кол жууду. Натыйжада өлкө казынасына миллиарддаган акча түшпөй, экономикалык абал кедерге кетти. Музейлер жабылды, китепканалар ишин токтотту. Тартылчу кинолор, коюлчу спектаклдар жана концерттер кийинкиге жылып, маданият тармагы өтө өксүдү. Мектептердин, окуу жайлардын, бала бакчалардын стол-парталарын чаң басып, билим берүү айдыңы кыйынчылыкка кептелди. Жергиликтүү шайлоолордун мөөнөтү жылып, саясий система башаламан. Чынында бул көрүнүштөрдүн баары — өлкө үчүн өтө ачуу сыноо жана ого эле чоң жоготуу. Бирок түшпөй калган киреше, тайыздаган казына жана үзгүлтүккө учураган маданий-гуманитардык иш-чаралар үчүн эч ким эч качан аза күтпөйт. Кудайдын алдында дүнүйө-байлыктын чымындын канатынча да кадыры жок деп бекер жерден айтпаса керек. Кечээги селсаяк бүгүн чириген байга айлангандай, буюрса, бүгүн кемисе, эртең кайра кемелине келет бул тармактар. Жамандыкты амандык жеңет дейт акылман кыргыз.

Бирок өлгөн адамды тирилтүүгө ушунча илимий жетишкендиктери менен бүткүл адамзат алсыздык кылат экен. Ошон үчүн пандемиянын кесепетинен көзү өткөн миңдеген мекендештерибизди эскерип, азалуу муңайып турат, кайран Ата Журтубуз. Адам — чыныгы байлык. Адам болбосо кайдагы экономика, кайдагы маданият жана кайдагы мамлекет. Белди бекем бууйлу! Оңололу! Жаман адаттарды таштап, жакшы амалдарды баштайлы! Элибиз адептүүлүгү, уяттуулугу, бекем ынтымагы жана күжүрмөн эмгеги менен ааламга атагы чыксын. Балким, маркумдарга ошонун сообу тиер. Ошону менен алардын арбактарын ыраазы кыларбыз.

Коронавирустан көз жумгандар "Ата-Бейитте" эскерилип, куран окулду

Дарт берген дарс

Алтын менен күмүштүн, ак сарай менен кымбат автоунаанын эмес, ден соолуктун чыныгы байлык экенин ооруп сакайган жан билет тура. Апааттын эпкини тийип, эки өпкөсү кагынып, ооруканада жаткан апам менен видео байланыш аркылуу баарлашсам: "Айыгып чыксам алтын шакек-сөйкөлөрүмдү тагынбайм. Аларың байлык эмес экен. Чыныгы байлык жана бакыт — оорубай соо жүргөнүң тура. Эч кимди сындабайм, урушпайм. Адамдын даражасын ыйманы, топугу жана кичи пейилдиги көтөрөт экен. Бизди караган өзбек мээрман айымдын илбериңки мамилесине көңүлүм көлкүлдөп, ушундай тыянакка келдим. Эгер бирөө мени урушса сүйүнөм, анткени тирүү болгонум үчүн урушуп жатат", — дейт. Аны угуп, оору жүрөктү жумшартып, жан дүйнөнү тазалап, боорукерликти күчөтөт деп бекер айтылбасына дагы бир жолу ынандым. Ошондон улам Жараткан бул кара тумоону элибиздин ынтымагын арттырып, бир туугандык сезимин жылуулап, чыныгы дөөлөт-баалуулук эмне экенин аңдатыш үчүн атайын жибергенби деген ой кылт этти мага. Демек, ушул апаат сыноосунан ден соолугубуз жабыркап, канча асыл адамдарыбыздан ажыраган менен өтмүш-келечегибизге дагы бир жолу көз чаптырып, акыл калчап, айып-күнөөлөрүбүз үчүн тообо, аманчылыгыбыз үчүн шүгүр келтирип, анык байлык-бакыт эмне экенин түшүнүп, руханий жактан жетилип, байып чыгалы.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

Артка канчалык кылчактабайлы, өмүрдө өткөн күнүңдүн, саатыңдын, ал тургай көз ирмемиңдин пардасы дароо кайра ачылбас болуп жабылат. Демек, кетирген каталыктардан таалим алып, кемчилдиктерди кайталабай, мындан да көбүрөөк жигер, кайрат менен алга кадам шилтейли. Оорунун жайылышына негиз болгон алешемдиктерди жашоонун берген эң маанилүү сабагы катары кабылдайлы да, ал үчүн ар кимди айыптап, кылдан кыйкым издеп, ансыз да ачышып турган көңүлдөрдү, муңканып турган жүрөктөрдү жаралабай, бири-бирибизге арка-бел болуп, баштарды, жүрөктөрдү бириктирип, ынтымак менен сыноо тоскоолдуктарын сындырып өтөлү.

Өзгөчө Курман Айт

Улуттук аза күнүн утурлап Курман Айт майрамы келет. Бул күн мүмкүнчүлүгү барлардын эчки, кой, уй же төөнү курмандыкка чалып, этин жиликтеп таркатып канчалаган муктаждардын, бей-бечаралардын, тууган-туушкандардын, кошуна-колоңдордун жана жакшы санаалаштардын көңүлүн көтөрүүсүнө себеп. Ошол аркылуу адамдар арасындагы алака бекемдеп, мамилелер жылуулайт. Таарынышкандар табышып, кектешкендер кечиришет. Байлардын берешендиги болбосо жардылар мукурайт, жардылардын батасын албаса байлар жарыбайт дегендей, бул күнү алуучулар берүүчүлөргө ак баталарын арнайт. Ошентип маанай көтөрүлөт, ынтымак-ырашкердик чыңдалып, береке артат. Ушундай улуу мааниси бар бул ыйык майрам – эл-жерибиз үчүн аза-муңду аз да болсо унуткарып, көңүл-сезимдерге жакшылыкка карата үлкөн үмүттүн үрөнүн сепкен, бакытка, бейпилдикке жана сак-саламатыкка карай бурулуштун ак жолтой учуру болуп калгай.

Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам

Азалуу зайыптын ак кийдисин элестеткен быйылкы Курман айт майрамынын дагы бир өзгөчө мааниси бар. Кыргыз кырсыктан сак болуу же кутулуу үчүн мал союп, түлөө өткөргөн. Башына балакет, оору же башка азап келген адам адегенде кой-короосунан токтуларынын семизин карматып, Кудайымдын жолуна деп курмандык чалып, этин эзилте бышырып, устукан-шорпосун атайын жайылган дасторкон үстүнө чакырылган конокторго тартып, алардын жүрөгүн жылытуу менен ак батадан шыпаа жана жакшылыкка жол издеген. Ушул Курман айт майрамында курмандыкка чалынган жандыктардын баары, ылайым, калкка каран түн болгон касиетсиз апааттын алыстап, артын карабай кетишине чабылган садага, арналган түлөө болгой.

Ойлоп көрсөк, курмандыксыз дегеле ийгилик да, жеңиш да болбойт экен. Бизнестеби, илимдеби, чыгармачылыктабы, же саясат багытындабы, бийиктикти багынтуу үчүн канча күч, убакыт жана каражат курмандыгы талап кылынат. Ата-бабаларыбыз элибиздин маданиятын, салтын, наркын сактап, кийинки муунду ыйман-адепке тарбиялаш үчүн да малын, жанын, убактысын аябаптыр. Согушта же азыр биз баштан кечирип жаткандагыдай апаат учурунда күч, убакыт жана байлык эле эмес, өмүр курмандыгысыз жеңиш келбейт экен. Фашизмдин мизин майтарыш үчүн мурдагы СССР отуз миллионго жакын адамынан ажыраганы мунун таасын мисалы.

Ылайым, эртеңки кылчу курмандыктарыбыз бүгүнкү күткөн аза туманын таркаткан керимсел шамал сыяктуу болгой. Келчү балакеттердин алдын тосуп, оор-жеңил дарттардын шыпаасына айлангай. Жеңиштерибизге жана ийгилигибизге жол ачууга себеп болгой.

Караңгыдан кийин күтүп таң турат,
Капалыктан кийин күтүп шаң турат, — демекчи, азанын артынан рухий тазаруу жана ийгилик жылоолгон кез келсин. Бул күндөрдүн артында, буюрса, улуу жакшылыктар бар. Караңгы түндүн эң коюу учуру — таң атар алды болот.

389
Белгилер:
оору, түлөө, майрам, курман айт, курмандык, аза күтүү күнү
Тема боюнча
Эргешов: карантин тууралуу Мухаммед пайгамбардын айтканы бар
Ош облусунда жер-жерлерде куран окулуп пандемиянын курмандыктары эскерилди
Медиктер бейтапты ташууда. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

0
(жаңыланган 11:39 15.08.2020)
Илдетке кабылып, абалы оорлошкондордун басымдуу бөлүгү дарыланган "Семетей" обсервациясы кечээ жабылды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн алганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, жугуштуу оорудан көз жумгандар Ош шаары менен Нарын облусунда катталган.

Жалпысынан коронавирустан көз жумган кыргызстандыктардын саны 1 493кө жетти.

0
Белгилер:
стационар, өлүм, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Бүгүн COVID-19га кабылган 272 адам аныкталды
Кечээтен бери өлкөдө коронавирустан 329 адам сакайды