Кыргыз туризмине өзүбүз кыянат кылганда. Көлгө келем деп көңүлү калган казак боордош

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Ысык-Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Абдыкерим Муратов роликтерден көрүп, кызыгып, андан соң бала-чакасын алып Кыргызстанга, Ысык-Көлгө "асыгып" келген казак баурдастын баянын кагазга түшүрдү. Көңүлү чөккөн турист эми кайрылып келер бекен?

Ысык-Көлдү даңазалаган жана ал жерге эс алууга чакырык таштаган ондогон жарнамаларды көргөн Казакстандын Шымкен шаарынан эч жакка чыга элек боордошубуз жолго чыкты. Жол деген – жол. Бир-эки күн машинасын усталарга каратып, эскирип калгандардын ордуна жаңы тетиктерди сатып келип койдурду. Теңгеден белге түйүп, аял, бала-чакасын машинасына салып, кайдасың Ысык-Көл деп жол алды. Казактын саратандын аптабына күйүп жаткан эгин талааларын аралаган даңгыр жолдо автосу бир былк этпейт, кыргыз-казак ырчыларынын билген ырларын ичтен созуп келди. Балдары болсо чурулдашып, мээ кайнатып, тер агызган ысыктан тез эле тоо көлүнө жетсек дешет…

Пройти весь Кыргызстан за две минуты за руку с приятной девушкой — видео - Sputnik Кыргызстан
Сулуу кыз менен "жетелешип" Кыргызстанды эки мүнөттө кыдырып чыккың келеби? Видео
Чалдывардан бажычылар менен чек арачылардан эптеп өтүп, Кара-Балтага келгенде эле жол ремонтуна тушукту. Бирде ары кыйшайып, бирде бери кыйшайып, бирде бет маңдай келе жаткан машинаны өткөрүп, бирде өзү жөөлөй салып, жарым жолду талашып бир далай жүрдү. Бир нече жолу кыргыздын тартипсиз, эрежени билбеген шоопурлары менен кер-мур айтыша да кетти, машинасын сүздүрүп алардан да, эки-үч жолу тажрыйбалуулугу гана сактап калды. Бул жолдун дагы эки-үч жылсыз бүтпөшүн укканда андан бетер үшкүрүндү.

Кыргыздар жол оңдогуч болуп кеткенби?

Ошентип, Кара-Балтадан үч сааттай жүрүп, араң Бишкекке келип, эми ордо калаада бир айдайын да, теңгелерди сомго айырбаштап алайын десе, кашайып шаар ичиндеги жолдору да көп жерден ремонтко деп жабылып турат. Бул "кыргыздар эмне баары эле жол оңдогуч болуп кеткенби" деп андан ары шаардан чыгып, Көл тарапка жолун улады.

Таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан таштандыга көмүлүп калды. Активисттер өлкөнү тазалоого чакырууда
Баары али алдыда экен. Балыкчыдан өтөрү менен эми анык азап башталды. Июлдун 22си болчу. Күнгө жекшемби эле. Аномалдуу ысык күндөр. Бир жолдун жарымына шагыл төгүп, машиналар кирип келбесин деп жолчулар таштарды тизип таштаптыр. Экинчи жарымына болгон машиналар үч катар болуп тизилип, каршы жактан келе жаткан машиналарды да коё бербейт. Ар-ар жерде дөң-дөң болуп жаткан кумдарды, анан жол четинде турган машиналарды көргөндө казак боордоштун андан бетер жини келди. Жолдо иштеген бир адам жок. Миң машина ары, миң машина берип келе жаткан жолду жолчулар жөн эле тосуп коюшкан. Жол коопсуздук кызматынын кишилери болсо, эмне кыларын билбей башы маң. Башын машинасынан чыгарып алып сөгүнүп баратканы андан көп, талаа менен чаң ызгытып айдап баратканы андан көп, туурадан чыга калып чоң жолго – негизги жол агымына кошула албай тургандар андан көп, МАИ кызматкерлерин "силер акча алганды гана билесиңер, жол кыймылын күзөткөндү билбейсиңер" деп ашата сөгүп өткөндөр андан көп, машинасынын тетиктери сынып, не кыларды билбей отургандар андан көп. Ошентип, Кызыл-Өрүк, Тору-Айгыр, Чырпыкты, Кош-Көл, андан ары Бостериден Корумдага чейинки Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги бир айыл менен экинчи айылдын ортосу тозоктун жолу болуп отуруп, эчен курдай кайра эле артка кайтууну ойлогон, роликтердеги Ысык-Көлгө чакырган үгүттөргө ишенип жолго чыгып алган шымкендик казак боордошубуз жол азабынын азабын тартып отуруп, кыргыздарга бир акыл айткысы келди.

Биринчи акылы: магистралдык трассалардын ремонтун жолдун тең жарымын жаап коюп баштабастан, үчтөн бирин гана жаап коюп, анан дагы бир бөлүгүн, анан үчүнчү бөлүгүн башташса, үчтөн эки бөлүгү жол кыймылын камсыз кылып турмак.

Экинчи акылы: ремонтту жүз чакырым жерди бир баштап албай, аз-аз тилкелерди улам-улам бүтүрүп кетишпейт беле.

Вид на площадь Ала-Тоо в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкек туристтер жазында көп каттай турган 10 шаардын катарында
Үчүнчү акылы: башка өлкөлөрдөй кылып жолго иштеген жумушчуларды үч нөөмөт менен иштетсе болмок да, айрым бир көпүрөлөрдү түнү менен иштеп бүтүрүп, эртең менен ачып койсо болмок.

Төртүнчү акылы: Кыргыз Республикасынын жол куруу тармагы Европа өлкөлөрүнүн, Кытайдын, Казакстандын жол ремонттоо тажрыйбаларын үйрөнүшү керек, аларда "долгострой" деген нерсе такыр жок болгон, мындай жолдорду өтө кыска мөөнөттө пайдаланууга берип таштайт.

Ошентип, кыргыз туризминин үгүттөрүнө ишенген казак тууган жол азабын да – көр азабын да тартып, машинасынын тетиктерин шалдыратып алып, Ысык-Көлдө эс алышты эмес, эми кантип кетүүнү ойлоп, эптеп Казакстаныма жетип алсам, бул жолдорду желкемдин чуңкуру көрсүн деп отуруп калды…

Жаңылыктар түрмөгү
0