Кыргызстандын курама командасы Инчхон шаарындагы ХVII Азия оюндарында. Архивдик сүрөт

Азия оюндарынын тарыхы. Кыргызстандан барып олжолуу кайткандар

1499
(жаңыланган 21:44 22.08.2018)
Саналуу күндөрдөн кийин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында XVIII Азия оюндарынын оту жанганы турат. Контитенттеги бул ири мелдеш жана андагы кыргыз спортунун изи, жараткан ийгиликтери туурасында колумнист Кабыл Макешов баяндап берет.

Азия оюндары Азия өлкөлөрүнүн спортчулары арасында төрт жылда бир өткөрүлөт. 1951-жылы Нью-Дели шаарында өткөн алгачкы Азия оюндарына 11 өлкөнүн  489 спортчусу катышкан. Андан кийин Филиппинде, Японияда, Индонезияда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Иранда, Кытайда, Катарда болгон. Айрым мамлекетер оюндарды эки-үч жолудан өткөрүштү.

Быйыл Индонезиянын Жакарта шаарында өтө турган ири иш-чарага 45 мамлекеттин спортчулары намыс талашмакчы.

Эгемен Кыргызстан Азия оюндарына 1994-жылы Хиросима шаарынан (Япония) бери катышып, 6 оюнда 47 медаль уткан. Үч спортчу гана Азия оюндарынын чемпиону болгон. Алар — балбан Данияр Көбөнов, жөө күлүктөр — Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова.

ХII Азия оюндары, Хиросима (Япония)

1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында өткөн ХII Азия оюндарына Кыргызстандын улуттук командасы алгачкы ирет өз алдынча туусун көтөрүп, команда катары мөрөй талашка барды. Кыргызстандын командасын Улуттук олимпиада комитетинин ошол учурдагы президенти, маркум Эшим Кутманалиев менен Кыргыз туризм жана спорт комитетинин ошол учурдагы төрагасы, маркум Мырза Капаров жетектеп барган эле. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн иргелип, тандалып сыноодон өткөн 51 спортчу, 8 машыктыруучу спорттун 13 түрү боюнча өнөр көрсөттү. Казак боордоштор 350, өзбектер 200дөн ашуун спортчуларын ХII Азия оюндарына марага кошуп, арбын байге утканын эске алсак, Кыргызстан алына жараша аракет кылды. Улуттук команданы даңазалуу балбан, маркум Раатбек Санатбаев ачылыш аземинде баштап, кыргыз туусун көтөрүп чыккан. Кыргызстандык спортчулар алгач ирет Азиадага барып, 4 күмүш, 5 коло медаль жеңип, кыргыз спорт тарыхында жаңы барак ачты. Раатбек Санатбаев — грек-рим күрөшүнөн, Максат Бобурбеков — эркин күрөштөн, Евгений Ваккер — велоспорт боюнча, Юрий Ломов — ок атуу боюнча күмүш байгени олжолоп келди. Ал эми Руслан Гебеков (грек-рим күрөшү), Нурдин Дөңбаев (эркин күрөш), Митал Шарипов (оор атлетика) жана командалык эсепте велоспортчулар Александр Дядичкин, Евгений Тузов, Дмитрий Ченцов мененАлександр Кайкин, спорттун азыркы беш түрү боюнча командалык эсепте Игорь Фельман, Александр Поддубный, Александр Чвировдор коло медаль алып, кыргыз туусу ободо желбиреди.

ХIII Азия оюндары, Бангкок (Таиланд)

Японская спортсменка Yoko Ota с золотой медалью, китайская легкоатлетка Jin Ling и Анну Чертрова из Кыргызстана с бронзой после вручения медали на легкой атлетике 13-й Азиатской игры на Главном стадионе Спортивный комплекс Университета Таммасат в Бангкоке. 13 декабря, 1998 года
© AFP 2020 / ROMEO GACAD
Жеңил атлетчи Анна Чернцова (оңдо биринчи) Бангкоктогу ХIII Азия оюндарында коло медаль тагынды
1998-жылдын 6-декабрында башталган Бангкоктогу ХIII Азия оюндарына Кыргызстандан 80ден ашык оюнчу спорттун 17 түрү ат салышты. Мергендер командасынан Юрий Ломов, Александр Бабченко, Тахир Исмаилов жана Владимир Григорьев коло медалдын ээси болушкан. Жеке таймашта Юрий Ломов дагы бир күмүш байге уткан. Жеңил атлетчилерден Анна Чернцова коло медаль тагынып, чоюн ыргытуу түрүнөн Николай Давыдов 3-орунду ээлеген. ХII Азия оюндарынын, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, маркум Раатбек Санатбаев финалга чейин жетип, дагы бир ирет Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган. Велотрек жарышында Евгений Ваккер өлкөгө коло медаль жеңип берген. Кыргызстандын командасы ХIII Азия оюндарында 6 медалдын (2 күмүш, 4 коло байге) ээси болгон.

ХIV Азия оюндары, Пусан (Түштүк Корея)

Чемпионка Азиатских игр по прыжкам в высоту Татьяна Ефименко во время церемонии награждения на 15-х Азиатских играх в Дохе, 11 декабря 2006 года.
© AFP 2020 / FRANCOIS XAVIER MARIT
Азия оюндарында алгачкы алтын медалды алган жеңил атлетчи Татьяна Ефименко
ХIV Азия оюндары 2002-жылдын 29-сентябрынан 14-октябрына чейин Пусан шаарында өткөрүлдү. Буга Азия аймагындагы 43 мамлекеттен 7 миңдей спортчу катышты. Ачылыш аземде кыргыз туусун белгилүү балбан, уландар арасында дүйнө чемпиону Уран Калилов көтөрүп чыккан. Пусан шаары акжолтой болуп, Азия оюндарында алгачкы алтын медалды жеңил атлетчилер Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисова жеңип, тарыхта калды. 
Легкоатлетка Татьяна Борисова после получения серебряной медали в дистанции 1500 метров в финале 14-х Азиатских играх в Пусане
© AFP 2020 / YOO JAE-MIN
Азия оюндарында алгачкы алтын медалды алган жеңил атлетчилердин бири Татьяна Борисова

Бокс мелдештеринде Таалайбек Кадыралиев менен Александр Катулевский коло медаль, күмүш байгени велоспортчу Евгений Ваккер, спорттун зманбап беш түрүнөн эркектер командасы II орунду ээлеген. Алар: Павел Уваров, Андрей Хандеев жана Мирсаид Миржалилов болгон. Мерген Елена Костюкова мылтык атуудан коло медаль уткан. Грек-рим күрөшүнөн Данияр Көбөнов күмүш медаль, Уран Калилов коло байгелүү болгон. Эркин күрөштөн Алексей Крупняков күмүш байгени утуп, жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан да коло медалга арзыган. Кыз-келиндердин эркин күрөшүндө Яна Панова коло байге алган. Кыргыз спортунун тарыхында алгачкы ирет 12 медаль утуп, командалык эсепте 45 мамлекеттен Кыргызстан 23-орунга илинген.

ХV Азия оюндары, Доха (Катар)

Серебряный призер из Кыргызстана, велогонщик Евгений Ваккер во время церемонии награждения на 17-х Азиатских играх в Инчхоне, Южная Корея. 27 сентября 2014 года
© AP Photo / Lee Jin-man
Велоспортчу Евгений Ваккер
2006-жылдын 1-декабрынан 15-декабрына чейин Катар өлкөсүнүн борбору Доха шаары XV Азия оюндарын зор салтанат менен өткөрдү. 45 өлкөдөн 9520 спортчу катышып, алар спорттун 39 түрү боюнча 424 байгелүү орундар үчүн күч сынашты. Мында Кыргызстандын спортчулары үчүн Дохадагы Азия оюндары зор ийгилик алып келбеди. Болгону 8 медаль утуп, анын экөө күмүш, алтоо коло болду. Алардан велоспортчу Евгений Ваккер менен жеңил атлетчи Татьяна Ефименко бийиктикке секирүүдө күмүш медаль тагынса, грек-рим күрөшү боюнча балбандар Данияр Көбөнов, Руслан Түмөнбаев, Жанарбек Кенжеев, Нурбек Ибрагимов, эркин күрөштөн Алексей Крупняков жана Яна Панова коло байгелүү болгон.

ХVI Азия оюндары, Гуанджоу (Кытай)

Золотой медалист Данияр Кобонов из Кыргызстана празднует победу по греко-римской борьбе
© AFP 2020 / MENAHEM KAHANA
Азия чемпиону Данияр Көбөнов
XVI Азия оюндары 2010-жылы Кытайдын Гуанджоу шаарында өткөн. Бул оюндарда да велоспорт жарышында кыргызстандык спортчу, дулдул Евгений Ваккер күмүш медалга жетип, кыргызстандык спортчулар үчүн байге эсеби ачылган. Мында табында турган кыргыз балбаны, мурдакы Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, Азия чемпиону Данияр Көбөнов 74 килограмм салмакта Кыргызстанга күрөштөн алгачкы алтын медалды алып берди. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону жана Азия чемпиону, 55 килограмм салмактагы Каныбек Жолчубеков да күмүш байгеге татыган. Грек-рим күрөшүндө Жанарбек Кенжеев да коло байге утуп келген. Кайык жарыштарында Александр Пароль да марага үчүнчү болуп келип, коло медаль тагынган. Кыргызстан бул оюндарда 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло байгеге ээ болгон. Кытайдын Гуанчжоу шаарында спорттун кырк төрт түрү боюнча өткөн XVI Азия оюндарына Кыргызстандан 25 спорттун түрү боюнча 145 спортчу катышкан.

ХVII Азия оюндары, Инчхон, (Түштүк Корея)

2014-жылдын 19-сентябрынан 5-октябрына чейин Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 17-Азия оюндары өтүп, ага 45 мамлекеттен 10 миң 500 спортчу катышты. Кыргызстандын намысын 115 спортчу коргоп, 6 медаль утуп, 30-орунга илинди.

Кыргызстандык спортчулар үчүн Азия оюндары чоң сыноо болуп, андан араң өтүп, жылдан жылга деңгээл төмөндөп бара жатат.

1499
Белгилер:
байге, медаль, спорт, Азия оюндары, Кыргызстан
Тема:
Азия оюндары — 2018 (47)
Тема боюнча
20 жыл мурдагы өч, Хорватиянын өкүтү, Франциянын доору. Чемпионаттан кийинки ой
Кыз бетип жабып отурат. Иллюстративдик сүрөт

Карындашыңа кайдыгер болсоң күйөөсү кордойт. Агалар кызга таянар тоо бололу

5016
Журналист Эламан Карымшаков эркек таянар тоосу, сурап алар адамы жок аялдарды сабашы мүмкүн деп эсептейт. Мындан улам ал кыздарды күйөөсүнүн муштумуна салып бербеш үчүн агаларга жана ата-энелерге өз оюн сунуштоону эп көргөн.

"Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт" деп кашкайган чындыкты айтышкан. Адам баласы ушундайбыз, алсыздарга кыйын болууга машпыз. Достордун арасында, окууда же жумушта болобу, эгер бирөө бир аз эле бош болсо, аны артка түртө салабыз. Менимче, үй-бүлөдө деле ушундай, аял таяк жесе да унчукпаса, күйөөсү урганын токтотпойт. Эгер бир кишини урууга алың жетпегенин аңдасаң, аны менен урушпай жай сүйлөшүүнүн амалын издейсиң да.

Менин оюмча, аялын алсыз эрекектер урушу мүмкүн. Жубайынын көңүлүн алгысы келбейт, бардык маселени муштум менен чечүүгө өтөт. Дагы бир мисал, көчөдө бараткан жигитти сабап койсоң, кайра ал достору менен келип бетиңди талкалап кетерин же түрмө азабына салып, акчаңды очойто аларын билесиң, мындан улам ал канча жиниңе тийсе дагы унчукпайсың.

Кечээ тараган видеодон аялдын артында таянар тоосу болуп бере турган адамдары жок экенин түшүндүм. Сурап алары болбогондон кийин эркек мыкаачылык кылуудан да кайра тартпай калган өңдүү. Адам канчалык өзүн жоготуп же жини келип турса дагы кесепетин ойлойт. Жөнөкөй эле мисал, мен курактуу жигиттер мас болгондо досторунун арасында тополоң салып, калжактап айланы кетирет. Бирок үйүнө келгенде түптүз басып эле ата-энесине көрүнбөй кирип кеткенге шашат.

Эгер тиги аялга ушунчалык жини келип бир-эки чаап жиберсе, ачуу менен жасалган иш катары түшүнсө болот. Муну салыштыруу үчүн гана айтып жатам, негизи аялга кол көтөрүүнү жактабайм. Анан колун артка байлап, мойнуна дүңгөлөктөрдү илип, башынан ылдый суу куюп, бетке чаап, анысын видеого тарттырып "башкаларга сабак болсун" дегенин аялды адам катары көрбөй калган деп сыпаттадым. Ал буга чейин деле сабап, тескерисинче анысына маашырканып, жазаланбаганын түшүндүм. Же аялынын туугандары алдында, же укук коргоо органдарына жооп берген эмес. Демек ал жөн эле сабаганга алымсынбай калган, ушунтип мазактап эрдемсингиси келген. Каны суюк жаш жигит болсо бир жөн, 52 жашка чыгып калган кишинин буга кантип дити барды? Аны көргөн балдары эмне болот? Эгер билсе, ал өзүнүн тегерегиндегилерге гана зыян келтирбестен, жаш муундун бир бутагын сындырды, бүт кыргыз эркектерине көө жапты. Жаш кыздар "күйөө деген ушул болсо, андан көрө жөн эле жүргөнүм жакшы" деп калды, эркектер зөөкүр, мыкаачы деген түшүнүктү таңуулап койду. Ооба, "бирөөнүн үй-бүлөсү башкага караңгы токой" дейт. Канткен күндө да бул окуя — коомдун трагедиясы.

Бул бир эле көрүнүш, ошол киши өлүм жазасына тартылса дагы маселе чечилип кетпейт. "Аялдардын укугу" деп көчөгө кыйкырып чыгуудан да натыйжа болбойт.

Мен үй-бүлөлүү эмесмин, турмуштун ачуу-таттуусун жон терим менен сезе элекмин. Ошентсе да көргөн-билгендериме таянып ой-туюмдарымды айтууну эп көрдүм.

Эркек досторума кайрыларым, карындашыңарга көңүл бургула, ачык сүйлөшкүлө. "Тиги менен жүрбө, бул жакка баспа" деп үйдө камап, ар бир кадамына тыюу сала бербегиле. Адамды эч качан күч менен кармап тура албайсың. Андан көрө аң-сезимин ойготуп, дүйнө таанымын кеңейтип, жашоодогу ак-караны айрый билишине жардам бергиле.

Менин эки карындашым бар, бири былтыр турмушка чыкты, кичүүсү 2-класста окуйт. Улуу карындашым менен баарын ачык сүйлөшөм. Ким менен мамиле куруп жатканы тууралуу да ачык эле айтып берчү. Ага кеп-кеңешимди айтам. Себеби өткөөл курактагы кыздарга кооз сүйлөгөндөр эле идеалдуу көрүнүп, чыныгы жүзүн биле албай калышат. "Жигиттер менен сүйлөшпө" деп чек койгон эмесмин. Артынан чуркагандарды көрсөтсө, ал кандай адам, максаты эмне, баарын териштирип көрүп өзүмдүн оюмду айтар элем. Баары эле сүйүүнүн отуна малынгысы келет, аны чектеп коё албайсың. Ошондуктан мен карындашымдын өзүнө татыктуу адамды тандашына жардам бергем.

Дагы бир жери, агасы же атасы таяныч тоо болуп бере албаган кыз ал сезимди башка эркектерден издейт. Коркунучтуусу — ал башын жөлөгөн эркектин максаты кандай экени караңгы. Ошондуктан, достор, калп эле олуттуу боло бербей карындашыңар менен достошкула. Анын бактылуу болушун кааласаң өз оюн ачык айткан, эркин болушуна шарт түзүп бергиле. Кагып-силкип уруша бергенден көрө аң-сезимин ойготуу керек. Мен карындашыма "сага ишенейин, биздин үй-бүлөнү уят кылба, сени жанындай көргөн чоң ата, чоң энебиз бар, алардын жүзүн жер каратпа" деп айтчумун. Ошондо кыз мен минтсем агам же атам урушат дебей, аларды уят кылбайын деп ойлонуп калат.

"Токчулук эркекти, жокчулук аялды бузат" деген сөз бар. Ошондуктан студент карындашыңарга жактырган көйнөгүн алып берип же жөн эле керегиңе жарат деп 1000-2000 сом берип койгон жакшы. Эгер сен кош көңүл болуп, кайдыгер мамиле жасап, баскан-турганын гана тескеп, ичинде эмне болуп жатканын билүүгө кызыкпасаң, сырын башка эркекке айтат. Анан башында айткандай "адамдын жумшагын адам жейт" болуп, кызды канчалык сүйүп турса дагы "артында таянар тоосу жок, эмне кылып алмак эле" деп орой мамиле менен башкарууга өтүшү мүмкүн.

Кээ бир үй-бүлөлөр кызы мектепти бүтөрү менен күйөөгө бергенге шашат. "Жүрө берсе жаман жолго түшүп кетпесин, кой, аманатын тапшырайын" дейт. Эмне үчүн алар жоопкерчиликтен качат? Эмнеге кызына үйдөн татыктуу тарбия берип, окутуп, бир кесипке үйрөтүп, коопсуздугун камсыздап бергиси келбейт? Айылда жүргөн баёо кыздар шаарга келгенден кийин эки жылда өзгөрөт. Жашоого башкача карап, адамдын ким экенин аз да болсо аңдап калат. Менимче, өз үйүнөн жакшы тарбия алган кыз шаарга келсе деле жаман жолго түшпөйт. Ар бир кадамы чектелип, коркуу менен чоңойгон кыз эркиндикке чыкканда өзүн жоготуп коюшу мүмкүн.

Эгер кызыңыздын кор болуп жашашын каалабасаңыз, билим алышына, дүйнө таанымынын кеңейишине шарт түзүп бериңиз. Кызыңызды өз алдынча болгонго, оюн ачык айтканга үйрөтүңүз. Ошондо гана кечээгидей окуялар азаят деген ойдомун.

"Бирөөнүн үй-бүлөсүнө киришпе" деген стереотип бар. Карындашың күйөөсү менен жаңжалдашса, ачуу үстүндө бир окуя болсо өз ара чечип алсын деген жакшы. Эгер катуу сабап жатса, анда киришиш керек деп эле айтам. Унчукпасаң дагы кайталанышы мүмкүн.

Негизи чымчыктын да уясынын бузулушун каалабайм. Бирок аялзатынын бир келген өмүрдүн жыргалчылыгына бата албай, күйөөсүнөн кордук көрүп баш көтөрө албай басынып жашашын да каалабайм. Биздин коомдо аялды алсыз бир адам катары эмес, балдарынын келечегине кам көргөн, улутту тарбиялаган асылзат айым катары көрүп сыйлаган эркектер толтура.

Ошол эле учурда эркектерге да жакшы тарбия берип, ыймандуу, нысаптуу, билимдүү кылып чоңойтуш керек. Караңгы болуп калса мурдунан алысты көрө албай, ар кандай иштерди жасай берет. Жеке эле өзүмдү айтайын, окуп, иштеп ар кандай адамдар менен пикир алышып, улуулардын кеп-кеңешин уккан сайын күндөн-күнгө жашоого болгон көз карашым өзгөрүүдө.

Соңунда эки сөз менен оюмду жыйынтыктайын.

Ата-энелер, бизге окшогон уул-кызыңарга татыктуу тарбия берип, билим алуусуна шарт түзүп бериңиздерчи. Өлкөдө билим берүүнүн деңгээли төмөн, мамлекеттен ушуга көңүл бурууну сурайм.

Акылы тунук асылзаадалар, кечээки окуяга муңайып, үмүт шамын өчүрбөңүздөр. Силерге тоодой бакыт тартуулай алчу жигиттер түгөнгөн жок, БИЗ БАРБЫЗ!

5016
Белгилер:
тарбия, билим, сабоо, ур-токмокко алуу, кордук, ата-эне, үй-бүлө, күйөө, аял
Тема боюнча
КРге донорлор үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү үчүн 200 миң доллар бөлдү
Кишилер китептерди окуп жатат. Архив

Жети элдин тилин бил. Тил үйрөнгөн адамдын артыкчылыгы жана ийгилиги

898
(жаңыланган 13:06 07.06.2020)
“Канча тил билсең – ошончо адамсың” деген кеп бар. Тил аркылуу биз бир элдин сүйлөгөнүн эле эмес, дүйнө таанымын, руханий дөөлөттөрүн, көөнөрбөс баалуулугун кошо үйрөнөбүз дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Тил билген адам эл жеткен ийгиликке ортоктош болуп, акыл жана рух казынасынын алтын ачкычын колго алат. Ошондон шыбага жана үлүш алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Тилин өздөштүрүү менен ар бир калктын дилине сүңгүп кирип, алар тууралуу сырттан байкоо салганда көзгө урунбаган акыйкатты көрөбүз. Айтор элди, улутту таанып, түшүнүп, аңдоо үчүн анын тилин билүү аба менен суудай керек.

Ошон үчүн улуулардан “жети элдин тилин бил” деген накыл калыптыр. Бабаларыбыз бул насаатты тек гана айтып койбостон, жашап көрсөтүшүптүр. Кайсыл заман, кайсыл доор болбосун, элибиздин сөз баккан, илим-билимге кызыккан, кат тааныган, кыл калем кармаган акылдуулары бир эмес бир нече тилди өздөштүргөнүн тарых тастыктайт. Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Сарахси, Оши сыяктуу аалым бабаларыбыз эне тилибизден бөлөк жок эле дегенде фарсы жана араб тилдерин ийне-жибине чейин өздөштүрүшкөн. Кечээги эле Токтогул, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Жеңижок, Молдо Кылыч, Абдираим сыяктуу залкар акындар жана калемгерлер өзбек, казак, тажик тилдерин мыкты билишкени айтылат. Андан берки Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Исхак Раззаков сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бүтүндөй плеядасы болсо орус тилин терең үйрөнүшүп, ошол аркылуу дүйнөлүк илим-билимдин агымына аралашыптыр. Азыркы жаштардын арасында орус, англис, кытай, француз, алман, түрк, араб, фарсы, корей, жапон тилдерин жер жаңгактай жеңил чаккан көп тилдүүлөр көбөйүп барат. Бул өтө жакшы көрүнүш. Эне тилибиз, албетте, уюткулуу улутубуздун улуу уңгусу, акыл, маданият, билим көрөңгөбүздүн тарам-тарам тамыры, байманалуу пайдубалы, берекелүү башаты. Бирок биз үчүн дүйнөгө ар тараптан эшик-терезе ачкан дүйнөлүк тилдер, ар кандай элдер, мамлекеттер жана маданияттар менен байланыштырган алтын көпүрөнүн милдетин аткарууда жана аткара бермекчи.

Жеке өзүм да бир нече тилди үйрөндүм. Тил үйрөнгөнгө чейинки балалыгымда эне тилимди гана жетик билүү бир өмүрдүн ысык-суугу, оош-кыйышы, оомат-ийгилиги үчүн жетиштүү деп боолгочумун. Жогорку окуу жайда орус тайпасында окуп калып, кыргыз тайпасына которулууга айла-амал таппай кыйналгам. Көрсө, орусча окуп калганым тагдырыма буюрган Жараткандын өтө чоң белеги болгон экен. Тилди өздөштүргөн сайын анын даамы дагы да даана жана таттуу сезиле берди. Бара-бара кесибими терең үйрөнүүгө жана адам катары өсүшүмө себеп болгон китептерди биринин артынан бирин окуй баштадым. Пушкиндин, Толстойдун, Достоевскийдин, Есениндин, Тургеневдин түп нускасын окугандагы туйган жан дүйнө ырахатын сүрөттөө кыйын.

Англис тилин да кыргызча билбеген орус мугалимден үйрөндүм. Ал мезгилде түз эле кыргыз тилинен окуп өздөштүрүү үчүн даярдалган окуу-методикалык эмгектер жокко эсе болчу. Япон тилин болсо англис тили аркылуу акылыма сиңирдим.

Араб тили менен орус тилинин структурасы, грамматикасы оголе окшош. Араб тили менен жеңил-желпи таанышып кетишимдин башкы себептеринин бири ушул.

Ошентип ар бир тил өмүрүмдөгү орчундуу максаттарга алып барган чыйыр жол сыяктуу ак кызматын өтөп берди жана өтөп жатат. Теребелге, дүйнөгө бир тараптагы бир эле терезеден эмес, чоң-кичине, түркүн-түрдүү терезеден саресеп салган керемет болорун жон терим менен сездим. Ошон үчүн ушул күндөрү да жаңы тилдерди өздөштүрүү менен алпурушуп жүрөм.

Тил, бирок ишенимсиз дос. Бир аз көңүл бөлбөй койсоң таштай качат. Ошон үчүн аны унутта калтырбай, ар дайым пайдаланып, колдон келсе өнүктүрүп-өстүрүп, байытып отуруу керек. Бир тилдин зыяны башка тилге тийбегендей болсун. Чет өлкөлөрдүн биринде мурдагы СССРден көчүп кеткен Табакиндердин үй-бүлөсү менен таанышып калгам. Алардын кичүү кызы жергиликтүү тилди өздөштүрүүгө баш-оту менен киришип кетип, орус тилин унута баштаган экен. Ошондо ага апасы “кызым, жок болсо мейли эле. Колуңда турган бар улуу байлыгыңды жоготуп жатканың кандай? Канча адам жетпей жүргөн, жетем, үйрөнөм, билем деп умтулган эң сонун тилди унута баштаганың өтө чоң чекилик" дегендей кейип кеңеш айтып жатканын уккам. Эң туура ой. Ошондуктан жаңы тил менен алек болуп жатып, жаттаган тилиңди кароосуз калтыра көрбө. Барды сактай жана таптай билүүнүн өзү акылдуулук. Жылдап тер төгүп мээнет кылып үйрөнгөн тилиңди эс тутумдан өчүрүп алуу — узак убакытта кыйналып курган мунараны ураткандай эле кесирлик.

Эне тилибизди аздектейли, асырайлы, даңазалайлы. Башка тилди, балким, бир-эки жылда мыкты үйрөнсөң болот, бирок эне тилди өмүр бою өздөштүрөсүң. Чет өлкөгө кетип, ошол жакта отурукташып калгандардын бала-бакырасын айыптоо кыйын, бирок өз мекениңде жүрүп өз эне тилиңде чала-чарпыт сүйлөсөң, бул өз тамырыңа жана маданиятыңа кылган улуу кыянаттык.

898
Белгилер:
эне тил, маданият, тил
Тема боюнча
Кел, келе бер, Китеп майрамы! Быйыл сени жарык жүз менен тосуп алабыз
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн

Ош шаарында оорукана катары 500дөн ашуун орун даярдалып жатат. Сүрөт

0
(жаңыланган 17:16 05.07.2020)
Мэриянын айтымында, шаардагы окуу жайдын жатаканасы менен эки мейманканада бейтаптар үчүн убактылуу орундар болот. Бир спорт комплекси күндүзгү стационар катары даярдалып жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ош шаарында пневмония менен коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орун даярдалып жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

  • В Оше готовится более 500 дополнительных коек для лечения пневмонии и коронавирусной инфекции. Об этом сообщил сегодня 5 июля мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на заседании Штаба Гражданской защиты с участием руководителей соответствующих служб и ведомств.
    Ош шаарында пневмония менен коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орун даярдалып жатат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В Оше готовится более 500 дополнительных коек для лечения пневмонии и коронавирусной инфекции. Об этом сообщил сегодня 5 июля мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на заседании Штаба Гражданской защиты с участием руководителей соответствующих служб и ведомств.
    Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В Оше готовится более 500 дополнительных коек для лечения пневмонии и коронавирусной инфекции. Об этом сообщил сегодня 5 июля мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на заседании Штаба Гражданской защиты с участием руководителей соответствующих служб и ведомств.
    Ага ылайык, бүгүн, 5-июлда, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында пневмония менен коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орун даярдалып жатат

Ага ылайык, бүгүн, 5-июлда, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн.

"Биз ар кандай абалга даяр болушубуз керек. Жабык имараттарда оор абалдагы бейтаптар үчүн орун даярдалсын. Жеңил жана орто абалдагыларга өзүнчө стационар борборлорун даярдагыла. Ал борбордон капельница сайдырып, дарыгерлерден жардам алышат", — деген шаар башчысы.

Мэриянын маалымат кызматы тактагандай, шаардагы окуу жайдын жатаканасы менен эки мейманканада бейтаптар үчүн убактылуу орундар болот. Бир спорт комплекси күндүзгү стационар катары даярдалып жатат.

Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Жыйында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кыялбек Ташболотов менен санитардык-эпидемиологиялык станциянын башчысы Санталат Орозбаева шаарда абал оорлошуп жаткандыгын билдиришкен. Алар кычкылтек концентратору менен ИВЛ аппараттарын көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканына токтолушкан.

Мэр дарыгерлердин резервин түзүүгө жана жеке медициналык клиникаларды дагы СОVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берүүгө чакырган. Ошондой эле мобилдик бригадалар жана колл-борборлордун чыгымдарына көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилген.

0
Белгилер:
орун, коронавирус, пневмония, стационар, мэрия, Ош шаары
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Пневмония же грипптин жеңил түрүнө кабылгандар кайрылчу стационарлардын иш тартиби
Бишкекте күндүзгү стационарлар бейтаптарды кабыл алып баштады. Видео