Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон эки күндүк (23-24-август) мамлекеттик сапары менен бул өлкөнү барып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бишкектен учак эртең мененки саат 7:00дө Ашхабад шаарына учту. Туура 2 саат 20 мүнөт дегенде Түркмөнстандын борборуна келип кондук. Жолдо карата кесиптештер менен Түркмөнстан жабык өлкө экенин, шаарда жалаң гана ак түстөгү машиналардын жүрүүсүнө уруксат берилгенин жана жакында эле эркектердин чачын боёого тыюу салынганы тууралуу сүйлөшүп келдик.
Биринчи эле Ашхабад шаарындагы эл аралык аэропорт кооздугу менен көңүлдү бурду. Чынында алыстан канатын жайган шумкардай болуп жакшы көрүнөт экен.
Учактан шаша-буша түшүп эле журналисттерди күтүп турган микроавтобустарга бет алдык. Шаардын тазалыгы менен жаңы салынган имараттар чынында мыкты экен. "Кап, Кыргызстанга дагы ушундай имараттар салынса…" деп жанымда отурган кесиптешим экөөбүз сүйлөшө да кеттик.
Ашхабад бекеринен мрамор шаар деп аталбайт экен. Бардык имараттардын тышы аппак мрамор менен шөкөттөлүптүр. Алгач көргөндө "апей, эмнеге алюкобонд менен каптап койгон? Бири-биринен айырмаланган түс менен кооздосо болмок да" деген ой келди. Бирок ал алюкобонд эмес, мрамор экенин билгенде уялып да кеттим.
Ашхабад шаарынын борбордук бөлүгүндө орун алган президенттик резиденциядагы Огузхан атындагы сарай комплексине да жетип келдик. Бул жерде Кыргызстан менен Түркмөнстан президенттери тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту.
Бизди коштоп жүргөндөр менен имараттын кире беришинде турган күзөтчүлөр коопсуздук маселеси биринчи орунда экенин айтып да, кайталап да жатышты.
Кызыктын баары эки мамлекеттин президенттеринин кеңири форматта болгон жолугушуусунда башталды. Журналисттер үчүн уюштурулган маалымат борборунда коюлган чоң монитордо эки президенттин жолугушуусу көрсөтүлө баштаган. Бердымухаммедов акыркы жылдары эки мамлекеттин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы байланыштары бир кыйла жакшырганын айтып, ошентсе да бул жаатта иштерди илгерлетүү керектигин белгиледи. Ошондой эле эки өлкө дүйнөлүк абройлуу уюмдардын мүчөлөрү экенин жана Түркмөнстан нейтралдуу мамлекет экенин айтты. Дал ушул жерден президенттин сүйлөгөнү дароо токтоду. Шымалана ноутбукту ачып, президенттин айткандарын жазып жаткан жаныбыз колунан нанын тарттырып жиберген баладай эле бозала болуп отуруп калдык. Эмнеге өчтү, кайра көрсөтөбү деп чебелектегенибиз менен майнап чыккан жок. Бир гана "өчтү, техникалык ката болушу мүмкүн" деген сылык-сыпаа жооп уктук…
Албетте, бул ири иш-чарага карата даярдык да болушу мүмкүн. Антип ойлогуча көз алдыма Бишкектин Манас проспектиси, кортеждер өтүп кеткиче эки жагындагы көчөдө толуп калган өзүбүздүкүлөр эсиме түшүп кетти. Эмнегедир жылуу туюлду.
Ошентип түшкү тамактануу маалы келди. Сырты ак мрамор менен капталган чоң имараттардын бирине келдик. Экинчи кабатка чыгып биз үчүн жайылган дасторконго күбө болдук. Жаркылдап күлүп, тыпылдап чуркап жүргөн официанттар тосуп алды. Алар менен учурашып имараттын бир бурчунда даярдалган дасторкондун четинен орун алдык. Биз кирген залга бери болгондо 150-200дөй киши жөн эле батчудай. Атайын сахнасы да бар экен. Залдын ичи бийик, жарык. Кыязы чоң-чоң иш-чараларды уюштуруу үчүн атайын салынгандай. Официанттар биздин "чай берип коёсузбу", "бизге дагы эки тамак" деген сунуштарыбызга күлүп гана тим болуп жатышты. Алардын арасынан орусчаны дурусураак билген бирөө чай куюп жатып, "силер менен сүйлөшкөнгө болбойт" деп шыбырап кетти. Апей… кантип? Эмнеге? Эмне үчүн? деген суроолорубуз жоопсуз калды.
"Эркектерге чачын боётууга да тыюу салынды деген маалыматтар чыкты эле. Чынында эле ушундайбы?" деп кийинки суроомду узаттым. Бул суроомо ТИМдин өкүлү менен айдоочу жылмайып гана "андай нерсе жок" дешти.
Ии, баса, Түркмөнстанда Facebook, Instagram, ВКонтакте, Одноклассники, WhatsApp, Telegram сыяктуу социалдык тармактар менен мессенджерлер иштебейт экен. Мындан улам өлкөнүн жаштары жана катардагы жарандар кайсы социалдык тармакты колдоно турганы кызык болду. "Жаштар азыр кайсы социалдык тармакты колдонот? Жоро-жолдошторго сүрөт, видео жөнөтүп турасыңарбы? Facebook менен WhatsApp иштебесе эмнени колдоносуңар?" дедим. Менин үстөккө босток берген суроолорумду ТИМдин өкүлү жактырбай жатканын кебете-кешпиринен байкап турдум.
"Бизге социалдык тармактардын зарылдыгы жок. İmo мессенджерин колдонобуз, ошол жетиштүү" деп суз гана жооп берди. Микроавтобуста кетип бараткан кыргызстандык кесиптештерим "байкушту жүдөтүп андай суроолорду бербечи, азыр качып кетип жүрбөсүн" деп тамашалап калышты. Макул, чын эле байкушту жүдөтпөйүнчү деп отуруп калдым. Бирок бизди коштоп жүргөн бийлик өкүлдөрүнүн колундагы экиден телефонду жана көздүн кыйыгы менен көрүп байкап калганым жогорку катмардагылар кадыресе эле социалдык тармакты колдонот экен деген ойго түрттү.
23-августта кечинде президент Сооронбай Жээнбековду ээрчип Түркмөнстандын Аваза шаарына учуп келдик. Бул жерде Аралды сактоо боюнча эл аралык фондунун саммити болмок. Дароо эле Tolkun коттедж шаарчасына келип жайгаштык. Эми шаардын кооздугу, заңгыраган мейманкана комплекстери бир укмуш. Ашхабаддан айырмаланып бул шаарда аз да болсо кишилердин көчөдө ары-бери басып, балдарын жетелеп алып жүргөнүнө күбө болдум.
Чынында тазалык, тартип жагынан Түркмөнстандан үлгү алсак болчудай. Бирок алар эркиндик, анын ичинен сөз эркиндиги жагын бизден үйрөнүшү керек экен.
Ашхабад канчалык кооз, көз жоосун албасын жеке мага киши жашабаган, муздак шаар катары эсте калды. Эл үчүн, алардын ыңгайлуулугу үчүн салынган шаарда жашагым келет.
Учак "Манас" аэропортуна келип конду. "Бишкегим, Бишкегим борборум сен…" деп кыңылдаган тейде маршруткага түшүп, шаарды көздөй жөнөдүм.
Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп даярдаган автордук программасы коомчулуктун сынына кабылды. Шоуго ырчылар Кайрат Примбердиев менен Кайрат Кыргыз конок катары катышкан. Маданий кызматкерлеринин адаттан тыш жоругу көпчүлүккө жага бербеди. Мындан улам аларды жектеп, чара колдонуу талабы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылып жатышты. Министр Нуржигит Кадырбеков "мына сага" деп Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алды. Ал эми Примбердиевдин "Эмгек сиңирген артист" наамынан ажыратууну президенттин аппаратына сунуштады. Ошондой эле мамлекеттик маданий иш-чараларга эки ырчыны белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо аракетин көрүүдө.
Бул норма Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 364-беренесине киргизилип, сегиз саатка кара жумушка кесүү менен 1500 сом айып пул салуу же болбосо беш суткага камоо жазасы каралган.
Тилекке каршы дейбизби же бактыга жарашабы, бул мыйзамдын өмүрү кыска болуп, эки жыл эле жашады.
2019-жылдын 1-январында жаңы кодекстер күчүнө кирери менен бул норма алып салынган. Ага ылайык, коомдук жайда сөгүнгөндөргө эмес, түкүргөндөргө чара колдонула баштады.
Азыр Жоруктар кодексинен да, Бузуулар кодексинен да Жеенчороевдин мыйзамын кезиктирүү мүмкүн эмес.
Жоруктар кодексинин 119-беренесине майда бейбаштык деген бөлүм бар. Ага зомбулук же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу, мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу, коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуу киргизилген. Мындай жорук жасагандарга 30-60 миң сом айып пул салынат же алты айдан бир жылга чейин камалат.
Ал эми Бузуулар кодексинин 81-беренесинде коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча нормалар каралган.
Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто жана башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды колдонгондор же спирт ичимдиктерин ичкендер, адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактагандар жана мас болуп жүргөндөр жазага тартылат. Жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык тараптарга 17 000 сом айып салуу каралган.Жыйынтыктап айтканда, азыр коомдук жайда сөгүнгөндөргө карата бийлик чара колдоно албайт. Бирок адаштырбаңыз, сизди бирөө сөксө милицияга арыз жаза аласыз. Ал эми жаныңыздагы адамдардын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатса айла жок...
Эми элестетип көрөлү, эгер 2017-жылы кабыл алынган мыйзам күчүн жоготпогондо Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев мамлекет тарабынан берилген наамдардан гана айрылбастан жазага да тартылмак. Тагыраак айтканда, милиционерлер бул эки ырчынын жана программанын башка катышуучуларынын эшигин каккылап бармак. Сот чечими менен балким микрофон кармаган колдор сегиз саат кара жумуш жасап, 1 500 сом айып төлөмөк же беш сутка абакта отуруп чыкмак.
Ушул сыяктуу жаза 2018-жылдын февраль айында Бишкектеги түнкү клубдун диджейине колдонулган. Жылаңачтанып алып музыка койгон диджей кыздын видеосу социалдык тармакка тарап кеткенден кийин милиция аны кармап, беш күнгө камаган. Ал эми клубдун администратору 1 500 сом айып төлөп, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылган.
Оозуна алы жетпегендерге чара көрө турган мыйзамды кайра кайтарыш керекпи же жөн эле койгон жакшыбы? Пикириңизди калтырыңыз, баарлашалы.
Тереңдеп бараткан ички саясий каатчылык Кошмо Штаттарды тышкы дүйнө үчүн дагы коркунучтуу кылат. Улутчул Трамптан реванш алган глобалисттик маанайдагы истеблишмент дүйнөлүк аренада колдон чыгаргандарынын эсесин толтурмакчы. Америкалыктардын көңүлүн ички көйгөйлөрдөн тышкы маселелерге бурууга аракеттенет. Дегеле жарадар жырткычтан баарын күтсө болот... Ушундай божомолдор соңку убакта Россияда көп жаңырууда. Ушул теманын тегерегинде Петр Акопов ой чубаган.
Булардын баары АКШ супер держава гана эмес, азырынча атаандашы жок дүйнөлүк гегемон, АКШдагы кандай гана маселе болбосун, дүйнөгө дүрбөлөң салчудай чагылат деген ойдон улам чыгууда. Ошондуктан АКШдагы каатчылык башкаларга оңдой берди болгону менен кубанарлык нерсе жок. Тескерисинче, бардык фронтторго чабуулга өткөнгө чейин жаңы сыноолорго даяр болууга тийишпиз.
"Капитолий басылгандан" кийин "эми дүйнөдөгү тынчтыкты ким коргойт, глобализация жолуна адамзатты ким илгерилетет? Күчтөнүп бараткан Кытай, Россия жана башка демократиялык жетишкендиктерге жана Батыш курган дүйнө түзүмүнө коркунуч туудурган өлкөлөрдү ким ооздуктайт?" деген маанайдагы ойлор жаралды.
АКШ чындап эле дүйнөдөгү эң күчтүү, гегемонизмге талаптанган держава экени талашсыз, бирок бул – жакындагы эле окуяларга чейин эле ичинде ырк кеткен держава. Аны бул абалга мурда дал күч берип турган нерсе, тагыраак, АКШнын улуттук мамлекеттик кызыкчылыктары менен ааламдашуу боюнча атлантикалык долбоорун ишке ашыруунун ортосундагы ажырым талкалады. Башкача айтканда, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин глобалдык дүйнө түзүмүн, жаңы типтеги дүйнөлүк улут үстүндөгү империя куруучунун ролун жүктөнгөн Кошмо Штаттар ичтен ыркы кетүүдө. Баары көз алдыбызда болуп отурат, бирок замандаштарга болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын баалоо дайым татаал. Бул – өтө жаш мамлекет, беш жылдан кийин чейрек миң жылдыкка гана толот. Кыска тарыхынын туура жарымында ал өз көйгөйлөрү менен алектенген. XIX кылымдын аягында гана европалык колониялык державалардын ичинен эң чабалы, Испаниядан анын карибдик жана азиялык ээликтерин (Куба менен Филиппинди) тартып алууга чыгынган.XX кылымдын башында Кошмо Штаттар дүйнөлүк мейкиндикке чыккан, анан да эки европалык жана дүйнөлүк согуштарга катышуудан улам адегенде батыш ааламынын гегемонуна айланып, кийин глобалдык үстөмдүккө белсенген.
Акыркы жарым кылымда АКШ улуттук мамлекеттен акырындап улут үстүндөгү атлантикалык элитанын глобалдык үстөмдүгүнүн долбоорун жүзөгө ашыруу базасына айланган.
Глобализаторлорго оңдой берди болгону менен алардын долбоору ишке ашпай калган. Жаңы Вавилонду куруу жолунда Кошмо Штаттар дүйнөлүк аренада – аскердик күч, каржылык, идеологиялык жана кадрдык таасирде, болгондо да тарыхый ченем боюнча абдан кыска (кылымга жетпеген) убакытта укмуштай ийгиликтерге жетише алган. Эми дал ошондой – алда канча ыкчам эле баарынан кол жууй турганы анык. Ооба, ушул тапта көпчүлүк муну элестете албайт чыгар, аны түшүнүү үчүн орус же кытай болуу керек.
Эгер жүз элүү жыл оболу кимдир бирөөнө дүйнөнүн азыркы саясий картасын көрсөтүшсө, АКШны дүйнөлүк гегемон деп атоо оюна да келбесе керек эле, себеби анын территориясы андан бери дээрлик көбөйгөн жок. Натыйжада ким дүйнөнү башкарары түшүнүктүү эмеспи. Германия Европаны тескегени менен эки дүйнөлүк согушта утулуп, АКШдан геосаясий жана аскердик көз карандылыкта экенин угуп таң калмак. Ал эми ошол эле Кытай аймактык жактан өзгөрбөгөнү менен ичтен бөлүнгөн жана жарым вассалдык өлкөдөн дүйнөнүн кубаттуу экономикасына айланганын, миң жылдап келген ордун кайтара алганын билип айран калмак. Бирок дүйнөнүн глобалдашуу шартында Кытай эми түнт болбойт, ал дүйнөлүк мейкиндикке чыкты. Эми аны токтотуу мүмкүн эмес.Теориялык жактан Кошмо Штаттар азыркы каатчылыктан кийин сакталып да кала алмак. Ааламдашууну бир тараптуу башкарууга мүмкүн эместигин моюнга алып, гегемондун ролунан баш тартып, өз инфраструктурасын жана экономикасын калыптандыруу, башкача айтканда, улуттук мамлекетин бекемдөө зарыл болчу.
Трамп дал ушуга алып бара жаткан, көбүнесе ички туюмга салып, бирок туура багыт алган. Анткен менен глобалисттик маанайдагы америкалык элиталарга АКШнын мамлекет катары болушу менен иштери да жок, тагыраак, алар ички курамын жеңил эле өзгөртүп коюуга даяр.
Кытай, Россия, Германия жана башка өлкөлөрдөн айырмаланып Кошмо Штаттардын тамыры гана тургай, мамлекеттин негизги пайдубалын түзүп турган улуту жок. Ал эми ички өзөгү болбостон, дүйнөлүк гегемон тургай туруктуу мамлекет да болбойт. Дүйнөлүк үстөмдүктү кармап турууга күчү калбагандай эле азыр гегемон да жок. Вашингтондогу бийликке кайткан глобалисттер муну жакшы түшүнүшөт.
Обаманын тушунда эле алар союздаштар жана өнөктөштөр менен "лидерликти" бөлүшүп, глобалдашууга жоопкерчиликти бөлүштүрүү аракетин башташкан. Пайдасы, стратегиялык чечимдерди кабыл алууда таасири болбосо, чыгымын көтөрүүнүн кажети канчалык?
Байдендин администрациясы оптимизм менен мессианизмди айгинелеп, "демократия саммитин" өткөрүп, "атлантикалык шериктештикти" бекемдеп, Кытайга каршы бирдиктүү фронтту топтоп, Россияга кысым көрсөтөт. Бирок бул чаралардын жыйынтыгы төмөн, ал эми дүйнөдө АКШга карата мамиле мээлүүн болмокчу. Дүйнө жүзү "америкалык кылым" дүйнөлүк аренада гана эмес, АКШнын өзүндө да аяктап баратканына биротоло ынанды.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.