СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак Кара майор

© Sputnik / Серикжан КовланбаевВетеран Афганской войны, полковник в отставке Борис Керимбаев
Ветеран Афганской войны, полковник в отставке Борис Керимбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1981-жылы 29-октябрда советтик армиянын даңкы чыккан Экинчи мусулман батальону СССРдин мамлекеттик чек арасынан өтүп, Түндүк Афганистанга кирет. Жоокерлердин каармандыгы, эрдиги тууралуу колумнист Алмаз Батилов айтып бермекчи.

Мусулман батальонунун командири майор, теги казак Борис Керимбаев эле. Батальон өзгөчө эрдиги менен айырмаланганы үчүн Афганистандагы советтик 40-армиянын жана афгандык моджахеддердин арасында тирүү уламышка айланган. Керимбаевди советтик аскерлер жана афгандыктар "Кара майор" дешчү.

Экинчи мусулман батальондун жаралышы

© Фото / из личного архива Сергея ЯкиманскогоЭкинчи мусулмандар батальонунун жоокерлери. Солдон экинчи кыргызстандык Сергей Якиманский
СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак  Кара майор - Sputnik Кыргызстан
Экинчи мусулмандар батальонунун жоокерлери. Солдон экинчи кыргызстандык Сергей Якиманский
Бул аскердик бөлүк СССРдин Коргоо министрлигинин Генералдык штабынын буйругу менен Алма-Ата облусунун Капчыгай шаарында түптөлөт. Адегенде экинчи мусулман батальону Кытайдын Синьцзян Уйгур автоном округунда диверсиялык согуш жүргүзүүгө багытталган. Батальондун расмий аталышы — 177- өзүнчө атайын даярдыктагы отряд.

Первая колонна советских войск, возвращающихся из Афганистана на родину - Sputnik Кыргызстан
Афган трагедиясы: согуштун келип чыгуу себептери жана кесепети
Афганистанга эмне үчүн Экинчи мусулман батальонун жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынган деген суроо жаралат. Эске сала кетсек, 1979-жылы 27-декабрда Афганистандын залим диктатору Хафизулла Аминди СССРдин Советтик Армиясынын Аскердик башкы чалгындоо кызматынын мусулман батальону деп аталган атайын бөлүгү менен Мамлекеттик коопсуздук комитетинин атайын даярдыгынан өткөн офицерлери бийликтен кулатат. Бул батальондун негизин тажик, түркмөн жана өзбек улутунан куралган аскерлер түзгөн. Мындан улам "Мусулман батальону" деп аталып, командири да теги өзбек, майор Хабиб Халбаев болгон. 1980-жылы 2-январда мусулман батальону толугу менен Афганистандан Ташкентке чыгарылат. СССРдин Коргоо министирлигинин жетекчилиги биринчи мусулман батальонунун аскерлеринин Афганистанда жергиликтүү эл менен бат тил табышканын, бийик тоолуу аймактын климатында кыйналбай жеңил жүргөндүгүн жана согуш ыкмаларын ыкчам өздөштүргөнүн эске алып, Экинчи мусулман батальонун түзүү тууралуу чечим кабыл алат.

Афганистанга советтик 40-армиянын киргенине байланыштуу Экинчи мусулман батальонунун максаты өзгөрөт. Жетекчилигине майор Борис Керимбаев дайындалып, курамына казак, кыргыз, өзбек, тажик жана түркмөн жоокерлери кирген. Алардын арасында Нарынбек Бексултанов, Мэлс Бекбоев, Таалай Шаатемиров, Эркин Жуматаев, Галиаскер Жунушев, Сагын Кубанов, Мирбек Үсөнов, Субханкул Рахманкулов сыяктуу кыргыз офицерлери бар эле. Жунушев батальон штабынын башчылыгына дайындалган.

Керимбаевдин батальону машыгуудан өтүп, согушка даяр болгондо Афганистанга кирүүгө буйрук алат. 

© Sputnik / Серикжан КовланбаевБорис Керимбаев Казакстан армиясынын эгемендиктен кийинки пайдубалын түптөшкөндөрдүн бири
СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак  Кара майор - Sputnik Кыргызстан
Борис Керимбаев Казакстан армиясынын эгемендиктен кийинки пайдубалын түптөшкөндөрдүн бири

"Кара майор" ысымы

1981-жылы 29-октябрда Экинчи мусулман батальону чек арадан өтүп, Түндүк Афганистандын Фарьяб чөлкөмүнүн Меймене калаасына кирет. Аларды Кундуз шаарынан келген мотоаткычтар батальону тосуп алып, коштоп жүргөндө душмандар кол салат. Моджахеддер Меймене калаасында жайгашкан түрмөгө кол салып, тарапташтарын бошотуу үчүн чабуул жасаган. Бирок Керимбаевдин аскерлери чабуулдун мизин кайтарат. Эң өкүнүчтүүсү, бул чабуулда батальон биринчи оор жоготууга учурайт, катардагы жоокер Иванов каза болуп, жердешибиз Жуматаев оң колунан оор жаракат алат. Ал Ташкенттеги аскердик ооруканадан толук дарыланбастан, кайрадан бөлүгүнө кайтып келип, андан ары кызматын уланткан. 

© Sputnik / Асель АкматалиеваМусулман батальонунун жоокери, афган согушунун ардагери Эркин Жуматаев
СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак  Кара майор - Sputnik Кыргызстан
Мусулман батальонунун жоокери, афган согушунун ардагери Эркин Жуматаев

Майор Керимбаев моджахеддердин тактикасын тыкыр иликтеп буларга каршы согушканды үйрөнүп, партизандык тактиканы колдонгон. Жоокерлери да талаа согушунун ыкмаларын бат өздөштүрөт. Кыска убакыттын ичинде батальондун чалгын кызматын жетектеген ага лейтенант, теги казак Сакен Жасузаков дари тилин билбегенине карабастан, жергиликтүү калктын арасында агентура түзүп, системалык түрдө баалуу маалыматтарды топтогонго жетишкен.

Меймене шаарындагы моджахеддерди жетектеген топтун башчысынын ысымы Мовладдин-кара болчу. Ал эми мусулман батальонунун жоокерлери Керимбаевди "Кара майор" деп аташкан. Керимбаевдин бөлүгү Дарзоб аймагына которулуп, ал жерден төрт айда афгандык куралдуу оппозицияга каршы операцияларды ийгиликтүү жүргүзөт. 

© Sputnik / Серикжан КовланбаевКезегинде Афган согушу учурунда моджахеддердин лидери "Кара майордун" - Борис Керимбаевдин башы үчүн бир миллион доллар сайган
СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак  Кара майор - Sputnik Кыргызстан
Кезегинде Афган согушу учурунда моджахеддердин лидери "Кара майордун" - Борис Керимбаевдин башы үчүн бир миллион доллар сайган

Кара майордун башы бир миллион долларга бааланган

1982-жылы май айында Керимбаевге 40-армиянын жетекчилиги Панжшер капчыгайын көзөмөлдөө боюнча тапшырма берет. Максат — белгилүү Саланг ашуусу менен өткөн стратегиялык жактан чоң мааниге ээ Хайратан — Кабул трассасынын коопсуздугун камсыздоо эле. Бул жол аркылуу СССРден Афганистанга аскердик жана жарандык жүктөр ташылган. Эзелтеден бери Панжшер капчыгайы партизандык согуш жүргүзүүгө абдан ыңгайлуу жер болуп эсептелет.

Памир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандуу тиреш. Памирди бөлүү. Афганистандын эгемендүүлүгү
Кара майор жетектеген аскердик топ Панжшер капчыгайынын ичиндеги Руха деп аталган айылга жайгашкан. Белгилей кетчү жагдай, Кара майордун бөлүгүндө болгону 500 аскер бар эле. Адегенде Кара майордун отряды бул капчыгайды отуз күн гана кармап турмак. Бирок Экинчи мусулман батальону "Панжшер капчыгайынын арстаны жана падышасы" деп аталган белгилүү талаа командири Ахмад Шах Масудга каршы бир жылга жакын согушту. Масуд афган талаа командирлеринин ичинен билимдүүсү эле, айлакерлиги, байлыгы менен айырмаланчу. "Панжшер капчыгайынын арстанынын" моджахеддери афгандык куралдуу оппозициянын арасында эң такшалган жоокерлер деп эсептелчү. Ахмад Шах Масуд ыйык Куран китебин кармап, Кара майорду Панжшер капчыгайынан бир айдын ичинде сүрүп чыгарам деп ант берген. Ага Пакистандын атайын даярдыктан өткөн "Кара илегилек" деп аталган аскерлери менен француз адистери колдоо көрсөткөн. Бирок ал антын иш жүзүнө ашыра алган жок. Керимбаевдин аскерлери ага туруштук гана бербестен, айласын алты кетирген. Аргасыздан Панжшердин арстаны Кара майордун башы үчүн бир миллион АКШ долларын байге саят. Бирок Керимбаев Ахмад Шах Масудду советтик 40-армиянын жетекчилиги менен убактылуу тынчтык келишимин кол койгонго мажбур кылган. Масуд Экинчи мусулман батальону капчыгайдан чыгып кетүүсү керек деген шарт коет. Ошентип Керимбаевдин бөлүгү Гүлбахор шаарына которулат.

1983-жылы Кара майор кызматынын мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу СССРге кетет. Ал эми Экинчи мусулман батальону афган согушу бүткөнчө кызматын өтөдү. 1989-жылы 15-февралда мусулман батальону Афганистандан СССРдин 40-армиясынын акыркы бөлүгү болуп чыккан. 

© Фото / из личного архива Сергея ЯкиманскогоКеримбаев жана анын жоокерлери эгерде согуштан аман-эсен келсек, Алматы шаарындагы "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында 29-октябрда жолугабыз деп бири-бирине сөз берген. Жолугушуу 30 жылдан бери уланып келет.
СССРдин мусулман батальону же башы 1 млн. долларга бааланган казак  Кара майор - Sputnik Кыргызстан
Керимбаев жана анын жоокерлери эгерде согуштан аман-эсен келсек, Алматы шаарындагы "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында 29-октябрда жолугабыз деп бири-бирине сөз берген. Жолугушуу 30 жылдан бери уланып келет.

Батальондун урматына Алматы шаарынын "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында эстелик тургузулган. Ал эми ошол бөлүктө кызмат өтөгөн жердешибиз Сергей Якиманский Ысык-Көлдөгү Тосор айылынын жанында мусулман батальону жайгашкан Руха айылынын атылышын алган пансионат курган. Ал батальондо кызмат өтөп, курман болгондорго эстелик тургузууну пландаштырууда. 

Бойцы-моджахеды в Афганистане. - Sputnik Кыргызстан
Тозоктогу белгисиз көтөрүлүш. Бадабер чебинде дайынсыз калган жоокерлердин сөөгү
Керимбаев жана анын жоокерлери эгерде согуштан аман-эсен келсек, Алматы шаарындагы "Гвардиянын 28 панфиловчулары" сейил багында 29-октябрда жолугабыз деп бири-бирине сөз беришкен. Керимбаевчилер ошол сөзүнө туруп, 30 жылдан бери Алматыда кезигишет.

Белгилей кетсек, мусулман батальонунан чыккан төрт генерал — Мэлс Бекбоев, Сакен Жасузаков, Мукан Дүсекеев жана Ринат Мереддурдыевдер Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын армиясынын эгемендиктен кийинки пайдубалын түптөштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0