Какаганга муштаган! Оштон келем деп авиакомпаниянын "сюрпризин" көрдүм

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Международного аэропорта "Манас"
Деятельность Международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
TezJet авиакомпаниясынын учагына байланышкан окуяга бул ирет журналист Эламан Карымшаков өзү күбө болду. Аба ырайына байланыштуу каттамдын кармалып калышы анча таң калычтуу эмес. Бирок бул жерде эки ача ойго түрткөн жагдай жаралганын айтат.

"Узаган жумадагы беш күндүк эс алуу аз болуп калдыбы? Ишиңди ошол күндөрү бүтүрбөйсүңбү?" деп редактор тилдесе керек деп ичимден ойлодум. Бирок Ошко зарыл жумуштарым менен барууга туура келгендиктен үч күнгө эптеп уруксат сурашым керек. Бактыга жараша, редактор коё берип, убакытты үнөмдөө үчүн учакка билет алгам.

Эйр Манас авиакомпаниясынын финансы боюнча директорунун орун басары Данияр Арынов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Арынов: эл кайсы авиакомпаниянын акыбалы кандай экенин ажырата билсе
Бул жактан Air Manas компаниясынын учагы менен пландалган убакыттан кеч калбай Ошко жеттим. Кайтканыма билет карасам эртең менен алгачкы рейстер саат 9:30да TezJet, саат 9:50дө Air Manas авиакомпаниясынын учактары экен. 20 мүнөт болсо да эртерээк барайын деп TezJet менен кетүүнү чечтим. Жумуштарымды шаршембиде түнү менен бүтүрүп, бүгүн жумушка бир аз кечигип келип калам деп пландагам. Тилекке каршы, бул учурда TezJet мага "сюрприз" даярдап койгонун такыр билбептирмин. Оюма да келбептир. Буга чейин бул авиакомпаниянын учактары жолдон артка кайтып, авариялык конууга мажбур болуп же убактысынан кечигиптир деп угуп, жазып эле жүргөнбүз. Бүгүн ошол катардагы кечигүүлөрдүн бирине өзүм туш болдум.

Саат 9:10. Биздин учак Бишкектен учуп келип жүргүнчүлөрүн түшүрдү. Эми биз 20 мүнөт аралыгында учактын ичине отуруп жетишебизби же булар атына жараша тез бүтүрөбү деп ойлоп отурам. Ооба, ички туюмум алдабаптыр.

Саат 9:37. Автобус келип, күтүү залында отургандарды чакырышты. Шашып баратсам "Бул сиздин каттам эмес, азыр Air Manas учат" деп артка кайтарды. Бизден 20 мүнөт кийинки каттамдын жүргүнчүлөрү бизден биринчи кетип калганына таң калдым.

Саат 10:00. Андан соң кудай жалгап бизди чакырды. Баратып учакка эмес, үйдүн чатырына чыгып бараткандай болосуң. Дегеним көтөрүлчү тепкичи темир шаты экен. Улгайган ата-апалардын бар күчүн сынайт. Түнү уйкудан калгандыктан учакка отуруп, стюардесса техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштыргандан кийин көзүм илинип кетиптир.

Открытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Экотехинспекция: Кыргызстандагы 11 аэропорттун баары талапка жооп бербейт
Саат 11:00. Бишкекке жетип калдык окшойт деп ойгонсом, дагы эле Ошто отуруптурмун. Тагыраак айтканда, самолет ордунан жылбаптыр. "Манас" аэропортуна туман түшүп конууга мүмкүн эмес дешти. Жүргүнчүлөр чыдамы кетип ызылдай баштады. Анан аба майдандын сайтынан онлайн табло аркылуу бизден мурун учкан самолетту карасам, ал саат 10.43тө конгонун көрсөттү. Борт коштоочуга барып сурасам, "туман дагы эле тарай элек, бизди кабыл албай жатат" деп жооп берди. Air Manas учагы кантип конгонун сурасам "ал эртерээк жетип калган сыяктуу" деп койду. Анан "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова менен байланышсам, ал түндө туман каптап учактар коно албаганын айтып, бирок эртең менен кырдаал жөнгө салынганын билдирди. Таң калып кимисине ишенеримди билбей калдым.

11:20. Болбой калды окшойт, кайра баарыбызды учактан түшүрүп аэропортко киргизди. Балдак таянган эки киши жүргөн, алар да жанагы шаты менен чыгып-түшүүгө мажбур болушту. Кызматкерлер "аба ырайын өзгөртүү биздин колубуздан келбейт да" деп сылык жооп узатып турушат. Төртөө-бешөө билетин кайра тапшырып салды. Мага окшоп жумушка кечиктим дегендер, башка жакка кетүүгө камынгандар кейип, үшкүрүп отурушат. Чын эле туман болуп жатабы же учактын дагы бир жери бузулдубу деп шекшигендер да болду.

Саат 11:40. Кайра учакка чакырды, ушунусу чын болсо экен деп тилеп жөнөдүм.

Саат 12.00. Учак абага көтөрүлдү.

Саат 12:45. Кудайдын көзү түз экен, аман-эсен Бишкекке жетип келдик. Аба майданда бир аз туман бар экен. Күн суук, Оштон жеңил кийинип чыккандар титиреп калышты. Ал жакта кар жок, күн 5 градуска чейин жылуу болчу да. Мен эртерээк жумушка жетсем деп эки көзүм төрт. Мындай болорун кайдан билиптирмин, саат 15.00гө маек алууга конок да чакырып алгам. Ошентип тез жеткирем деген учак эки жарым саат кечиктирип алып келди.

Ушундай окурман… Азыр бирөөгө доомат коюуга батына албайм. Айтор, эскертип койгум келди.

Маалымдама:

Бульдозер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арматурага айланып кеткен бульдозер. Анан кантип жарыйбыз?..
Кыргызстанда ата мекендик үч авиакомпания иштеп, тогуз учак менен жүргүнчү ташып келет. Алар тогуз ай ичинде 3378 каттам аткарса, анын 582си өз убагында болгон эмес. Буга аба ырайы, техникалык мүчүлүштүк, авиакомпаниялардын жана диспетчердин милдеттерин өз учурунда аткарылбагандыгы себеп болгон. Андан сырткары, ал компаниялардын учактарынын эскилиги да чоң көйгөй. Биз кеп кылып жаткан TezJet авиакомпаниясынын эки учагы бар. Тогуз айдын аралыгында өз маалында 640 каттам аткарып, ал эми 158 каттамда мага окшогон жүргүнчүлөрүн кечигүү менен жеткирген.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0