"Кирпик-кашы өзүнүкү". Азыр жеңелер күйөөгө кетчү кызды кантип мактайт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМакияж жасап жаткан кыз. Архив
Макияж жасап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Бегимай Бакашева учурда бойго жетип калган кыздарды жакшы жерге бериш үчүн тууган-уругу кантип мактап калганына таң калды.

Тааныш эже менен сүйлөшүп отуруп, бойдок иним бар экенин айтсам, ал дароо эле 2-3 "талапкер" сунуштап ийди. Кадимкидей эле эли-жери, ата-энеси, эмне иш кыларына чейин айтып жатты. Кызыгы мага "кашы, кирпиги өзүнүкү, оозунда ботокс жок, төшү силикон эмес" дегендери "шак" этип угулуп жатты.

Ошондон кийин байкасам, чын эле азыр кыздардын оокат-жайга кандай экенин айтпай эле биринчи "келбетине" басым жасап калышыптыр. Күйөө болчу жигит дагы кашы менен кирпиги өзүнүкү деп койсо, ошого ыраазы болуп ичинен кудуңдап калат экен.

5 жылдык иш тажрыйбасы бар косметолог Айнура Сагынбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Косметолог Сагынбаева: ботокс жасатам деп эркектер да көп келе баштады
Бир чети аларды деле түшүнсөң болот. Биринчиден, кимдин эле суйкайган келинчегин мончодон чыккандан кийин тааныбай калгысы келсин? Экинчиден, мындай "сулуулукту" белендеп кармап туруу дагы оңой эмес. Мисалы, кирпик коштуруу үчүн айына 700 сомдон 2,5 миң сомго чейин кетет. Тырмакка (шеллак) 500-1000 сом. Оозго ботоксту жарым же бир жылда бир куйдуруу керек. Ага 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин каражат сарпталат. Мындайча айтканда, үй-бүлөлүк бюджеттин "пайдасыз чыгымдар" деген бөлүгү кеңейип кетиши мүмкүн. Эркектерди бул нерсе катуу түйшөлтпөсө дагы ойго салышы мүмкүн.

Баса, анча болгондон кийин "жасалма" сулуулук жөнүндө инимдин да оюн уктум. Инстаграмдагы кытай кыздардын боенгонго чейинки жана андан кийинки видеолорун көрө берип, жүрөгүнө тийген окшойт, "натуральный эле кыздар жагат" деп так кесе жооп берди.

"Өзүнүн болгон келбетин боеп, жакшынакай болуп жүрсө ким каршы болот? Бирок жок эле нерсени чаптап алгандан эмне пайда? Мисалы, кирпиги кыска же кашы суюк экенин эч ким билбесе бир жөн. Анан жасалганы айдан ачык көрүнүп турса, эмнеси кызык?" — деп кайра мага суроо менен жооп берди.

Анткен менен коомдогу көз караштар, адаттар, баалуулуктар заманга жараша ойкуп-кайкып өзгөрө берет тура.

1980-жылдары курбумдун таенеси уулуна кошунасынын кызын "нанды кыйын жабат" деп алып берип коюптур. 1990-жылдары аталаш тууганыбыз соодагер кызга үйлөнгөн. Апасы "тың кыз экен. Россияга чейин өзү барып товар алып келет" деп мактап жатканы элес-булас эсимде. 2000-жылдары бюджеттик бөлүмдө окуган же окуусун бүткөн кыздар өзгөчө бааланчу эмес беле. Айрымдар кандай кыз экенин билбей туруп эле, "контрагы жок бекен" деп сурашчу. Кээде кыздын төрт тарабы төп келишип турса деле контрагы үчүн дароо "борттун" сыртында калчу.

Кашын боеп жаткан кыздын архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кыздар, каш-кирпикти эмне мынча кордодуңар? Эми үйлөнбөй каламбы...
Азыр эми келин болчу кыздын контрагына баш ооруткан кишини деле көбөй калдык. Ал эми кызга нанды жакшы жасаганы үчүн эле үйлөнүп алган эркекти такыр эле кезиктирбейсиң.

Демек азыр колуктуларга талаптар өзгөрүп, ошого жараша "рекламалоонун" дагы жол-жобосу башкача болуп калыптыр.

Айтылгандын баары менин жеке пикирим, окурманга эч нерсени таңуулабайм. Кирпик коштуруп, оозун чоңойтуп жүргөн кыз-келиндерге дагы сөз тийгизгим келбейт. Дене мүчөңөргө эмнени коштурсаңар дагы ошондон өзүңөрдү бактылуу сезип, жан дүйнөңөрдө жылуулук өкүм сүрсө болду.

Бир үйдүн куту болчу болочок келиндердин сырткы сулуулугу менен кошо жан дүйнөсү жакшырып, акылы тунсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0