Акылдуу адамдар жабыркаган дарт. Коркунучтуу кеселдин белгилери

© AP Photo / David GoldmanЛагерь для детей с синдромом Туретта в США
Лагерь для детей с синдромом Туретта в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин медициналык колумнист Улугбек Жоомартов эң кеңири таралган оору — Туретта синдрому боюнча баяндап берди. Анын айтымында, көптөгөн адамдар жылдар бою бул дарттан жабыркап, бирок аңдабай жүрө беришет.

Тааныштарыңыздын арасында мындай адам болору шексиз. 70 пайыз учурда алар —  акылдуу, тамашакөй эркек кишилер. Андайлар адатта ишинде ийгиликтүү, курчаган чөйрөсүндө сүймөнчүк болушат. Айтмакчы, алар ашынган адилеттүү, дайым чабал кишиге болушууга даяр.

Ресторанда эт жеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тукумсуз болуп каласың! Кыргызстандыктар оңой жуктуруп алчу 5 дарт
Бирок бир жагдай бар! Дал ушундай адамдардын арасында жан алгычтар жана чоң муштум күйөөлөр көп. Ичкилик аларды айбанга айлантат. Алардын нерви тартылып азап чегишет, жүзү, колдору, буттары эрксизден тарта берет. Бейтаптардын 10 пайызында копролалия байкалат — адамдын оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат же башкача бир сөздөрдү айтып, өзүн кармана албай кыйкыра берет. Мунун баары — Туретта синдрому.

Мындай адамдар көп. Айрым эсеп боюнча миң кишинин ону аталган кеселден жабыркайт. Башкача айтканда, Кыргызстанда 60 миң жаран Туретта синдрому менен жашап жүрөт.

Дарыгерлер алигүнчө кеселдин чыгыш себептери боюнча талашып-тартышып келет. Азыр Туретта синдрому генетикалык оору деп боолголонот. Ал эне кош бойлуулуктун алгачкы үч айында катуу стресске кабылса, өтө чарчаса, ичимдик ичип же чылым чексе, жалпысынан, ар кыл терс факторлордо чыгат.

Кандын айланышы бузулганда түйүлдүктүн организми шарттарга ыңгайланыша баштайт. Мээге кандын жетиши күч алат да, тамыр түйүнү аябай бутактанып кетет.

Мындай синдрому бар адамдарда дофамин — кубанычтын гормону көп өлчөмдө иштелип чыгат. Ал аябай ашыкча болуп кеткенде бузулуп, адреналинди түзөт, бул агрессиянын күчөшүнө алып келет.

Синдромдун алгачкы белгилери бала эки жашка чыкканда байкалат, эне баланын эрксизден кыйкырыгын уга баштайт. 4-8 жашында баланын нерви тартышканы сезилет, маселен, бутун булкуп, стол үстүн манжалары менен тыкылдатат.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Создуктурбастан "Тез жардам" чакырууга 14 себеп
Кийинчерээк бул өтүп кеткендей болот, бала андай нерселерди жеңүүнү үйрөнөт. Бирок оору эч кайда жоголбойт! Адам эр жетет, үйлөнөт же турмушка чыгат, анан көйгөйлөр ачык көрүнөт. Себеби мындай синдрому бар адамдар таптакыр оозуна ичимдик албоого тийиш. Алар ичкиликке оңой берилет, тез эле мас болушат.

Туретта синдромдуу мас кишиге өзүн жоготуп, каршысындагы капа кылган кишиге муштум менен атырылышына болор-болбос себеп деле жетиштүү. Адатта алардын курмандыктары — өз жубайлары. Алар адамды өлөрчө сабап, өлтүрүп алып да, кандайча болгонун эч эстей алышпайт.

Көп учурда андай эркектен аял өзү да кетип кала албайт, себеби соо кезинде ал мыкты жолдош, камкор ата, бар жагынан жагымдуу жан. Айланасындагылар баш чайкай гана кеп кылышат.

Чындыгында андай киши жана анын жакындары оору менен алышууга көнүгүшү керек. Биринчиден, балага көз салган энесинин коңгуроо кагуусу зарыл. Эгер баланын нерви тартышса, класста ал абдан чыр атка конот, көп туталанат, бул аны генетикке көрсөтүүгө себеп.

Андай бала өз эмоцияларын көзөмөлдөп, ичкилик ага эч жакпастыгын аңдоого тийиш. Этти азыраак, жашылчаны көп жегени оң.

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
Чоң кишилерге дагы бир кеңеш бар. Айланабыздагы адамдардын дене сигналдарын мээ сергек кабыл алат. Аялдын организми менструалдык циклдин экинчи жарымында окситоцин деген гормонду иштеп чыгат. Окситоцин эркекти жооткотуп, Туретта синдрому менен жабыркагандарга күчтүү таасир этет, андай убактарда аял күйөөсүнөн кордук көрүшү чанда.

Аталган гормон дары түрүндө да бар, баасы да кымбат эмес, ал Бишкектеги ар бир дарыканадан табылат. Аны жаздыкка гана сээп коюу жетиштүү, адам бир аз өзүнө келет.

Эгер киши өз дарты менен күрөшө алса, анда аны жакшынакай келечек — укмуш кызмат, узак үй-бүлөлүк турмуш күтөт. Башкысы, андан айланасындагылар баш тартпай, жардамга кол сунганы оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0