Көчмөндөр оюунундагы этнофестиваль. Архивдик сүрөт

Оозуңа карап сүйлөп, ооз басырык бер... Ооз тууралуу эки ооз сөз

597
(жаңыланган 17:11 11.01.2019)
Шаакан Токтогул
Айтаарга сөзүң болсо, сүйлөгөнгө не жетсин. Бүгүн дал ушул ооз тууралуу Шаакан Токтогул кезектеги колумнистикасын сунуштап турган чагы.

Тизгин жаяр

"Жылкы кишенешкенче, киши сүйлөшкөнчө билинет" дешет. "Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш, үч көргөн катыш" дегендей, бир көргөнүң менен ооз учунан учурашып, эки көргөн таанышың менен ал-жай сурашып, ал эми үчүнчү көргөн кишиң менен бакылдашып кепке келип калат эмеспизби. Оозубуз бар экен, андан ойлогон ой үн коштолуп, сөз болуп сыртка чыгып жатпайбы. Оозубуз бар экен, дүйүм тамактын, түркүн жемиштин даамын билип жатабыз. Оозубуз бар экен, ыр жандуу элбиз, үн салып ырдайбыз, жок дегенде кыңылдап коштойбуз, болбосо "бали" деп сүрөп алабыз. Демек, ооз аркылуу баарлашуу, сүйлөшүү, маектешүү ырахатын алабыз, ооз аркылуу даам татуу ырахатын алабыз, ооз аркылуу ырдоо ырахатын алабыз. Ооздун бары кандай жакшы…

Этимологиясы

Ооз деген сөздүн этимологиясын иликтесек, байыркы түрк тилинде āgıŕ ("ооз") дегенден тарап жалпы түрк элдеринде, атап айтканда түркчө — aγïz, башкырча — ауыҙ, хакасча, шорчо, тувача — аас, түштүк-алтайча — оос, кыргызча — ооз, казакча — ауыз, карачай, балкарча — аууз, кумыкча — авуз, ногойчо, татарча — авыз, өзбекче — ogʻiz, азериче, крым-татарча, түркчө — ağız, гагаузча — aaz, түркмөнчө — agyz деп айтылат.

Ооздун маанилери

Ооз — кишинин сүйлөөчү, тамак ичүүчү маанилүү органы. Андан сырткары, ооз кире беришти да түшүндүрөт. Мисалы, үңкүрдүн оозу, капчыгайдын оозу деген сымал. Ошону менен катар кире бериш бөлмө — оозгу бөлмө, биринчи эшик — оозгу эшик, биринчи омуртка — ооз омуртка деген сымал биринчи, алдыңкы дегенди да түшүндүрөт.

Ооздун түрлөрү

Оймок ооз — көлөмү кичине бирок эриндери кырлуу болуп турган ооз

Жалаяк ооз — калбайган эриндери да калың ооз

Калбыйган эриндүү ооз — эриндери өтө калың ооз

Жука эриндүү ооз — эриндери ичке келген ооз

Оозго карай сын

"Киши жаманы кирип чыккыча билинет" дегендей, адеп көргөн кишисине баам салуу деген бар. Баскан-турганы, кийген кийиминен тартып кебете-кешпирине чейин назар салып, дене түзүлүшүнө, бет түзүлүшүнө карай кишиге сын берүү байыркы билимдерден. Анын баары эчен кылымдык тажрыйбага ээ маалыматтар болгондуктан көбүнесе чындыкка туура келет.

Чоң эриндери калбыйган ооздуу кишини эр мүнөздүү деп санашкан.

Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрди калың, көзү чуңкур,
Эр мүнөзү көрүнөт,
– деген сыпаттама эрлердин эри, баатырлардын баатыры, кандардын каны Манас атага карата айтылган. Эриндери түйрүлүп турган ооздуу кишини ачуулуу, ичи тар деп сыпатташкан. Ал эми эриндери жука болсо сөз көтөрө албаган, кыялы чукул деп билишкен.

Киши менен сүйлөшүп жатып анын ички оюн оозунун кыймылынан билип коюшкан. Оозун кымтып турса, бирдеме жашырып жатат, оозун ачып алса, маңыроо чалыш деп, оозун бек кымтып алса, ачууланып жатканын билип, оозун түйрүп алса, жактырбай жатат деп ой жорушкан.

Оозго байланыштуу айтымдар

Адеп жарык дүйнөгө келген баласын "ооз ачып өпкөнүм" деп кастарлап, сары май менен оозанткан. "Ооз-кесир сүйлөбө" деп бала-чакасын жамандыктан саксактап, жакшылык-жамандыкта алыс-жакынына бир ооз кабарлап коюу, айтып коюу милдет саналган. Жакшы кабар айтылганда "оозуңа май" деп кошо сүйүнгөн. Ишмердиги оозунда болгон акындарын, манасчыларын, дастанчыларын, чечендерин барктап, оозундагы кебине маашырланып жашаган. Бардар болсо да, бактысы толук болсо да жар салып, оозун толтуруп сүйлөгөн эмес. Өзүн көтөрө чалып ашыкча мактанып ооз көптүргөндөрдү жеңил-желпи, насили пас киши тура дешкен. Бирөөнү басынтып, ашкере кордогонду "оозуңа карап сүйлө" деп тыйган. "Беш кол тең эмес" дегендей, эл арасында айлакер адамдар айыбын жабыш үчүн ооз басырык бергенин угуп жүрөбүз. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан, киши менен урушуп тургусу келген адамдар да жок эмес. Жалаң жаманды гана сүйлөгөн ириген ооздуулар, чириген сөздүүлөр да кездешет. Андайларды "оозуңа таш" деп кагып салышкандар да бар. Сөгүнүп сүйлөгөн бок ооздор четтен чыгат. "Кой аксагы менен миң" дегендей, мындай адамдар да коомчулукта биз менен аралаша жашайт. Көрүнгөнгө чымчып сүйлөп тийишип турган кер ооздуулар да жок эмес. Ошону менен катар оозун ачса жүрөгү көрүнгөн ак жүрөк, ак дил кишилер да арбын. Оозунан жалаң жакшы кеп, жакшы тилек чыккан бал ооздуу кишилер ар качан өмүргө өбөлгө боло келген.

Тизгин жыяр

"Кандай ооз жакшы" десе, "жалаң жакшыны айткан ооз жакшы" демекмин. Анткени жакшыны айта берсе, жакшынын түбү жакшы болот. Оозду сүйлөгөнгө жараткан. Бирок оозум бар деп эле ойду-тоону сүйлөй бербей, оозго карап, оозду тизгиндеп турган жакшы окшойт.

Оозду башкара албаганыбыздан сөздүн баркы кетти өңдөнөт. Ооздон чыккан сөз аткарыла турган, боло турган сөз эмес, абада калкыган жел сөз, болбой турган жөө сөзгө айланып калды. Ошондуктан эл башчыларынан тартып караламан калк арасында деле оозуна алы жетпегендер көбөйдү.

Демек, ооздун негизги бир милдети — бышып аныгына жеткен гана сөздү айтуу. Келе турган жакшылыкка айта берип жол ачуу, жакшылыкты чакыруу.

597
Белгилер:
сөз, кыргыз тили, Шаакан Токтогул
Тема боюнча
Шыбага, кешик, табак түптүн мааниси эмнеде? Ырымга жасалчу азыктар
Сал билек, таруу кууру. Балдар оюндарынын маани-маңызын билесизби?
Жылкынын түрү менен сынын ким билет? Айтуяктын асылы тууралуу
Пикирлер