Поездка в Таиланд журналиста Бегимай Бакашевой

Тынч океанга акула кое бердим. Таиландга барып келген журналисттин баяны

825
(жаңыланган 15:40 15.01.2019)
Таиланддын Тышкы иштер министрлиги журналисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, ал жакка өзбек жана казак кесиптештер менен бирге барып келдик.

Таиланд менен Кыргызстан бири-бири үчүн ачыла элек сандыктай эле экен. Мисалы, бири-бирибизде азырынча элчиликтерибиз дагы жок.

Бирок Түштүк-Чыгыш Азиядагы экономика, туризм жана айыл чарбасы гүлдөп-өнүккөн бул мамлекетте биз билбеген, үйрөнө турган нерселер арбын экен. Анда кеп башынан болсун. 

Почетный караул в королевском дворце в Таиланде
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Падыша хан сарайынын ардактуу кароолу

Таанышуу

Аэропорттон бизди ТИМ кызматери Вин менен котормочу Буссаба тосуп алышты. Буссаба айым менин Таиланд менен таанышуумдун алгачкы жана өтө кызыктуу "барагы" болду. Аны таиланддык кыз деп эч ким ойлобойт. Кара тору, бакыраң көз, кыскасы, индиялыктарга окшош. Мусулмандарча жоолук салынган, орусча жакшы сүйлөйт. Сураштыра келсек, чындап эле атасы жарым-жартылай индус, апасы тай кызы экен. Үй-бүлөсү менен ислам динин карманышат. Орусча жакшы билгенинин себеби — аспирантураны Санкт-Петербург шаарында окуп, орус жигитке турмушка чыгыптыр. Баса, Буссабанын фамилиясы — Кузьмин. Таиландда фамилияларга –ов(а), —ев(а) деген мүчөлөр кошулбайт. Күйөөсүнүкү кандай болсо, дал ошондой сакталышы керек. Ошентип бизди бир жума бою Буссаба Кузьмин аттуу татынакай, меймандос котормочу коштоп жүрдү. 

Журналист и колумнист Sputnik Кыргызстан Бегимай Бакашева с переводчицей Буссаба Кузьмин
© Фото / Бегимай Бакашева
Тай, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн Буссаба

Буссаба — бул өлкөдөгү 10 миллионго жакын мусулмандын бири. Калган 56 миллион таиланддыктардын көпчүлүгү буддизм, бир азы христиан динин тутат. Биз мусулман коомчулугу менен жолугушуу үчүн Бангкоктон анча алыс эмес Аюттайя шаарына барганыбызда, мечитке жергиликтүү буддистер менен христиандар дагы чогулуптур.

Ар диндин өкүлдөрү чогуу-чаран, ынтымакта жашайт экен. Бирине-бири өз оюн, ишенимин же кийимин таңуулаган эч ким жок. 

Изумрудный храм Будды в Банкоке
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Бул жактагы ар бир храмдан Будданын айкелин көрүүгө болот

Аюттайяда миңге жакын завод-фабрика бар. Эли негизинен айыл чарбасы, анын ичинен күрүч өстүрүү менен алектенет.

Баса, Таиландда туристтер көп токтогон мейманканалардагы ашканаларда гана болбосо, башка тамактануу жайларынан нан таппайсың. Анын ордуна бардык тамакты күрүч менен жешет. Анткени бул өлкөдө күрүч оголе көп. 2015-2016-жылдары 27,06 миллион тонна түшүм алып, бир нече жылдан бери күрүч экспорттоо боюнча алдына эч кимди салбай келет. Айрым гана учурда Индия алдыга озуп кетет экен.

Адалдаштыруу саясаты

Биз барган учурда Бангкок шаарында " Таиланд Халал Ассамблеясынын" ачылышы болду. Бул иш-чара 2014-жылдан бери уюштурулуп, ага мусулман өлкөлөрүнөн тышкары 40тан ашык эл аралык уюмдар катышат экен. Уюштуруучулардын "Биоэкономика доорундагы адалдаштыруу" деген сөзүн укканда, дароо биоэкономиканын тамакка кандай тиешеси бар деген суроо пайда болду. 

Открытие ассамблеи Халяля Таиланда
© Sputnik / Бегимай Бакашева
"Таиланд Халал Ассамблеясынын" ачылыш аземи

Көрсө, Халал ассамблеясынын негизги максаты — бизде, Кыргызстанда түшүнгөндөй, бир гана тамакты эмес, кийимди, косметиканы, жада калса кызматтарды дагы адалдаштыруу экен. Бул багытта мусулман динин карманган коноктор үчүн бир топ жакшы шарттар түзүлгөн. Мисалы, Prince of Songkla университети адал продукцияны кайсыл жерден тапса болору тууралуу маалымат берген мобилдик тиркеме иштеп чыкса, Халал институту адал туризм кызматтарын сунуштайт. Туризмдин бул түрүндө турист адал тамагы, намаз окуй турган жайлары бар гана мейманканаларга жайгашып, халал сертификаты бар кызматтарды пайдаланат.

Акуланын баласы

Журналист Sputnik Кыргызстан Бегимай Бакашева держит маленькую акулу в Таиланде
© Sputnik / Александра Куликова
Кичинекей жырткычты колго алганда, балача сүйүндүм
Тоодой эмоция тартуулаган учур — Түштүк Кытай деңизине акуланын балдарын кое бергенибиз болду. Ооба, кадимки акуланын. Кичинекей кезинде бойтоюп сонун көрүнөт экен, колума алганда балача сүйүндүм го, чиркин. Бирок чоңойгондо узундугу 3 метрге, салмагы 150 килограммга жетерин элестеткенде, жүрөгүм шуу дей түштү. Ичимден "Тынч океанда менин (Түштүк Кытай деңизи Тынч окенадын бир бөлүгү — авт.) акулам бар" деп кудуңдап койдум. 

Мындай жол менен тайлыктар туристтерге жаратылыш менен жакшы мамиледе экенин көрсөткүсү келерин айтышты.

Тай массажы

Таиландга барып массаж жасатпай кетүү — Италиядан паста жебей же Испаниядан букалар урушун көрбөй кеткенге барабар. Андыктан Бангкоктогу массаж өнөрүнүн башаты болгон Ват Пхо храмына бардык. Бул жерде алтын колдуу "сыйкырчыларды" даярдашат. Алгач мага Буппа аттуу укалоочу кыз кенен шым сунуп, юбкамдын ордуна кийишим керектигин айтты. 

Храм Ват Пхо, где появился тайский массаж
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Бангкоктогу массаж өнөрүнүн башаты болгон Ват Пхо храмы

Кызыгы, тай массажын биз элестеткендей жыттуу майларды сүйкөп алып, сылап сыйпаган жок. Анын ордуна акырындан булчуңдарымды чоюп, денемдин ар кайсы жерин катуу-катуу баскылап жатты. Бул үчүн укалоочу алаканын гана эмес, чыканак, тизе жана согончогун дагы пайдаланат экен. 

Храм Ват Пхо, где появился тайский массаж
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Ват Пходогу эң алгачкы укалоочуларга коюлган эстелик

Мунун баары денеме майдай жагып, мемиреп бараттым. "Эси ооп калдыбы" деп корктубу, айтор, Буппа улам-улам "баары жакшыбы?" деп сурап жатты. Эми ал нерсени өзүңөр баштан өткөргөнүңөр жакшы. "Миң айткандан бир көргөн" деп коет эмеспи. 

Храм Ват Пхо, в котором появился тайский массаж
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Ват Пхо храмына күн сайын жүздөгөн туристтер барат

Аягында "өзүмө" келип-келе албай коридордо сыртты көздөй бара жатсам, муздак чай көтөрүп кесиптешим чуркап келди. Көрсө, Буппа айым чайды берейин деп артымдан бир нече ирет кыйкырганын укпаптырмын. Ал кезде мен "бул жакка үй-бүлөмдү алып келишим керек" деп терең ойго батып кеткем.

Ачыла эле сандык…

Башында айткандай, эки өлкөнүн бири-биринде элчилиги жок. Бишкекте болгону Таиланд падышалыгынын ардактуу консулдугу бар. Таиландга баргысы келген кыргызстандыктар визаны дал ушул жерден алышат. Ал эми таиланддыктардын Кыргызстанга келгенден кийин "Манас" аэропортундагы консулдук бөлүмдөн же электрондук виза алуу мүмкүнчүлүгү бар. 

Официальная делегация Кыргызстана и представители Таиланда после официальной встречи в Бангкоке
© Фото / Александра Куликова
Аюттайя шаарындагы мусулман коомчулгу

Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча иштер жасалып жатканын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчиси Бусади Сантипитак айым айта кетти.

"Эки өлкөнүн экономикалык байланышы акырындан жанданып келе жатат. Былтыр Таиланд менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануунун көлөмү 200 миң гана долларга жетти. Туристтер тууралуу айсак, 2017-жылы Таиландга Кыргызстандан 4129 турист келип, тескерисинче, бизден Кыргызстанга 175 гана адам барган", — деди Сантипитак.

Кыргызстанда эс алуу багыты катары Таиланд популярдуу экенин Бишкектеги туристтик агенттиктердин биринин жетекчиси Беккул Жекшенкулов айтат. Өзгөчө биздикилер ал жакка кыш мезгилинде барууну жактырат экен. Мындан тышкары, кыргызстандыктар Египет, Түркия мамлекеттери жана Дубай шаарына көп катташат.

Мындан улам кандай бүтүмгө келсек болот?

Таиланд бийлиги Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен алакалаш болууга каалоосу күчтүү экен. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Кыргызстандай жаңы өнүгүп келе жаткан чакан мамлекет ар тараптан эчак алдыга кеткен өлкөдөн тажрыйба алса жаманбы? 

Вид на город Паттайя
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Паттайя шаары

Мен болсо ал жакка акуланы кое берген деңизди көрүүгө, балдай таттуу жер-жемиштерин ооз тийүүгө жана Буссаба айым менен жүз көрүшүүгө сөзсүз кайтып барам.

Таиландга барчуларга 7 хайфхак

— Кыргызстандан бул өлкөгө түз аба каттамы жок. Болгону кез-кезде Пхукет аралына чартердик каттам аткарылат;

— Кыз-келиндер, сөзсүз түрдө чоң чемодан менен баргыла. Анткени Таиланд сулуу болуп жүргүсү келген айымдар үчүн бейиштин төрү. Мында косметикалык жана жаштыкты узартчу каражаттардан баш айланат, баалары жеткиликтүү; 

Фасад королевского дворца в Бангкоке
© Sputnik / Бегимай Бакашева
Бангкоктогу падышанын хан сарайы

— Ысык чайды жакшы көргөндөр бир аз кыйналып калышы мүмкүн. Кафе-ресторандарда кандай гана тамак ичсеңиз дагы муздак суусундуктарды сунушташат. Айрым тамактануучу жайларда ысык чай эмес, чайнек табылбайт;

— Ар дайым жылуу жемпир ала жүрүңүз. Сыртта мээ кайнаткан ысык болгону менен имараттар менен коомдук транспорттун ичи абдан салкын. Бардык жерде кондиционерлер иштеп турат;

— Тайландын 1 баты — 2 кыргыз сомуна барабар; 

Журналист Бегимай Бакашева у скульптуры в Королевском дворце в Бангкоке
© Sputnik / Александра Куликова
Таиланддагы храмдардын көбүнө далы менен тизени жаба турган кийим кийип барган туура

— Тамактардын көпчүлүгү балык жана деңиз азыктарынан даярдалат. Тоок эти менен тамактар дагы көп. Ал эми уй менен койдун этин табуу татаалыраак. Болсо дагы даамы биздикинен башкача;

— Таиландда таксинин "тук-тук" деп аталган түрү популярдуу. Бул кадимки эле мопед же үч дөңгөлөктүү мотоцикл. Туристтер менен жерликтүү тургундар унаа таксилерине караганда дал ушуларды жакшы көрүшөт. Анткени бир нече чакырымга созулган тыгын маалында мопед менен бир нече мүнөттө каалаган жериңе жетесиң.

825
Белгилер:
саякат, туризм, экономика, Таиланд
Тема боюнча
Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды
Көзүңдү ала албайсың! Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу жаңы ролик тартылды
The Guardian туристтер үчүн түзгөн тизмесине Кыргызстанды да киргизди
Жылдыздуу асман: Москванын жаңы жыл алдында кереметтүү кубулушу