Аялдамадагы адамдар. Архив

"Буура болуп кеткендер" бушайман кылып... Чынында 5500 сом аздык кылат

1909
(жаңыланган 21:04 20.01.2019)
Башканы кой, тартип менен эрежени өзүңдөн башта. Шилекейиң чачыраганча бирөөнү сындабай, өзүңө сырттан туруп көз сал. Бул сапаркы колумнистикада коомдогу жоопкерчилик, айлана-чөйрөгө болгон жарандардын мамилеси жана көп сөздүн башы болуп жаткан 5500 сомдук айып пул туурасында кеп жүрөт.

Былтыр күзгө жуук мезгил болчу.

— Алдагыны алып койгонуңуз жакшы го.
— Ыя?
 — жактырбаган тейде мени суроолуу карады кара күрмөчөн жигит.

— Таштаган кабыкты тээтиги жерге салып коюңуз, — дедим кайталап.
— Сизге эмне, кете бериңиз да,
 — деп күңк этти. Эңкейейин деген түрү жок.

— Алып коюңуз! — дедим.

"Кириешки" деген жазуу бар, айрылган кызгылтым жалтырак кагаз жерде жатты. Мен да тырышып туруп алдым. Тигил жигит ылаалап же аны алып койбойт. Кыязы ошол жерде бирөөнү күтүп жаткан окшойт.

— Алып коюңуз деп жатам! — деп өктөм чыгып кетти үнүм капыстан. Өткөн-кеткендер бурулуп карап калды.

Киев көчөсү. "Военторг" аялдамасы кол сунса жеткидей жерде. Басып баргандан эриндиби, билбейм. Менин да "оорум кармап" калды. Бир топ сөз айтып, сайрадым. Кызаңдап урушуп кете жаздадым.

Тигил улан акыры чуулуу кагазды алып барып, челекке салганга эрки жетти.

Муну менен эмне айткым келди? Жакындан бери баарыбыз "көчөдө жүрүп түкүрсө, 5500 сом айып салат экен" деген кабарга кызыл чеке болуп жатабыз.

Колумнистиканын алдында кесиптешим Жыргалбек Касаболотовдун болбогон нерселерди жазганга кеткен кайран өмүр деген тейде жазган постун эстедим… Эми аны түшүнгөн түшүнөөр…

Башталды! "Түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат!" деген кабардан соң аны билгенибиз, билбегенибиз, түшүнгөнүбүз, түшүнбөгөнүбүз деле талкуулап, билерманбыз. Социалдык тармактын күнү тууду. Колубуздан келгенибиз ар кыл видео менен аудиороликтерди жасап мыскылдасак, артыбыз пост жазып сындаганга үлгүрдүк.

Кимди сындап жатабыз, кимди мыскылдап жатабыз? Өзүбүздү эмеспи…

Айып салганга жеткирбей эле түкүрбөй койгонго, өзүбүздү өзүбүз тарбиялаганга болбойт беле. Шаар аралап бассаң, жогорку окуу жайлардын алдына келсең, аялдамада турсаң, көчөдө бара жатып, жагымсыз көрүнүшкө күбө болуп, "баары эле буура болуп кеткенби" деген ой келет. Кылкылдап автоунаа каз катар тизилген жолдо бара жатсаң, алдыңдагы киши токтото калып, кабинасын ачып, эңкейе "шалп" эттирип, насвайын түкүрөт!?..

Бишкек "кудайга шүгүр" кир шаар. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, сиз кадам сайын какырынып турсаңыз… анан кандай болот?

Моюнга алалы, түкүрүнүү — биздин эң жаман, уяла турган сапаттарыбыздын бири. Түкүрүк аркылуу оору жуга тургандыгын, илдетке кабылуу коркунучу бардыгын билип туруп жасайбыз. Өзүбүз эмес, башкалардын жоопкерчилигин карабайбыз, ээ бурадар, дегиң келет.

Албетте, чет өлкөгө барсак, түкүрбөйбүз, кымбат отелдерге кирсек, түкүрбөйбүз. А эмнеге өзүбүздүн шаарыбызга чоочундай мамиле жасап, башкалардай кымбат деп карабайбыз. Бишкек, шаар, көчө, кыргыз коому — сиздики жана меники. Бөтөн эмес, өз үйүбүз, өз калаабыз, өз коомубуз.

Түкүрбө дегендерди түктүйө карайбыз.

Акылдуусунбачы, андай болсо бийлик шарт түзсүн, таштанды челек койсун дегендер четтен табылар. Албетте, бул жактан да аксап жатышыбыз мүмкүн. Анткени менен тазалыкты сактайм деген киши челексиз эле ченемсиз маданияттуу боло алат.

Өз түкүрүгүңүздү өзүңүз тазалайт белеңиз?

Чайнаган сагызын кадимки эле асфальтка, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына шалп этип түкүрүп баса бергендерди кантебиз. Ошол маданиятсыздардын шилекейи менен катып калган сагызын "Тазалыктын" кызматкерлери жерди тытып, тазалап жатканына кандай карайсыз, замандаш? Сиз бирөөнүн эмес, ошол жерден өз түкүрүгүңүздү кырат белеңиз?

Тилекке каршы, айып пул салуу боюнча айтылганы менен анын ишке ашыруу механизми так эмес. Азырынча чийки. Бул тиешелүү тараптын кемчилиги. Түкүргөн киши кантип, кандай жагдайда, канча мезгилден кийин ошол 5500 сом айыпка жыгыларын ташка тамга баскандай айтып бериши керек эле…

10 мүнөттө бир киши көзгө илинбей…

Шилекейин жөндөй албагандар үчүн атайын айып пул салынары туурасындагы маалымат желдей тараган соң түкүрүнгөндөрдүн саны азайды.

Хайп темадан пайдаланып калам дегендерден же болбосо капыстан кайырмакка илинген милиционерлерден башкасын албаганда, эл кадимкидей тартипке келе баштап, жок дегенде тартынып, саксактап калганын көрүүгө болот.

Кызыгы, биздин оператор "Ош" базарында он мүнөттөй туруп, түкүрүнгөндөрдү видеого тартуу үчүн киши таппай келгенин айтты. Ылайым эле ошондой болсун.

Сөзсүз эле айыпка жыгып, күч колдонуп, кайтарып, карап туруу керек экен, демек бизге ошол жарашат.

5500 сомго чычалагандын ордуна өзүбүздү да, өзгөлөрдү да тартипке салганга аракет кылбайлыбы, кандай дейсиз, мекендеш?

1909
Белгилер:
түкүрүк, айып пул, Бишкек
Тема:
Түкүргөндөргө салынган айып пул (22)
Тема боюнча
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
Кыргызстанда жыл башынан бери түкүрүк үчүн эч ким айыпка жыгыла элек
АКШ армиясынын жоокери. Архивдик сүрөт

Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп

139
(жаңыланган 10:12 14.05.2021)
Пентагондун базаларынын Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда орун алышы ойрондотуучу жагдайга кептеши ыктымал, муну ондогон жылдар бою Афганистан, Ирак, Сириядагы кан күйгөн согуштар тастыктап турат.

Афганистандан АКШнын аскердик аэродром жана башка объектилерин Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан же Кыргызстанга көчүрүлүшү саясий жактан да, иш жүзүндө да аткарылгыс ой. Анткени Афган Ислам Республикасындагы согуш логикасын өзгөртпөйт, чөлкөмдүн азыркы коопсуздук тутумун талкалоо коркунучун туудурат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жаатта ой толгогон.

The Wall Street Journal басылмасы маалымдагандай, АКШ Афганистандан чыгарыла турган күчтөрдү Борбор Азия өлкөлөрүндө жайгаштырууга ниеттенет. Пентагонго мындай базалар жеке курам, учкучсуздар, учкуч менен тескелген бомбалоочу жана артиллериялар үчүн зарыл.

Жайгашууга болжолдуу жерлер катары Афганистандын түндүгүндөгү коңшулары жана Перс булуңундагы мамлекеттер да каралууда.

Вашингтондон расмий өтүнмөнү Бишкек да, Душанбе да, Ташкент жана Нур-Султан да ала элек өңдүү. Бирок америкалык маалымат каражаттарына тегин жерден тарабаган маалыматтар чөлкөмдөгү коомдук-саясий тынчсызданууга себеп болууда.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинен билдиришкендей, коргоо доктринасында, Конституцияда, 2012-жылдан берки өлкөнүн тышкы саясатынын концепциясында республиканын аймагына чет элдик аскердик базалар жана объектилерин жайгаштыруу каралган эмес. Коргоо министрлигинин позициясы кыйла анык, ошентсе да Ташкентте саясий чечимдер башка деңгээлде кабылданат. Зарылдыгы болсо чет элдик аскердик базаны (иш жүзүндө), маселен, юридикалык жактан биргелешкен машыгуу же логистикалык борбор деп атоого болот.

9-майда Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун (Москвадагы Жеңиш парадына КМШ өлкөлөрүнөн катышкан жалгыз лидер) Россияга болгон сапары постамерикалык афган тематикасы боюнча россиялык президент Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү катары көрүнөт.

Тажикстандын Афганистан менен эң ири (жана аяр) чек арасы бар. Пентагонго ислам республикасынын түндүк провинцияларына жапжакын, Пянж дайрасынын жээгине "лагерь куруу" ыңгайлуу болмок. Анткен менен Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүчөсү. Республиканын аймагында 201-россиялык аскердик база жайгашкан. Андан сырткары, мында дээрлик бүт планетанын үстүндөгү мейкиндикке көз сала алчу "Окно-М" жайгашкан. Бул россиялык оптикалык-электрондук комплекс космостук объектилерди аныктайт.

Булардын баары ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоочу стратегиялык элементтер, иш жүзүндө Россиянын алдыңкы чеги. Бул державага карата АКШ "ооздуктоочу" кастык саясатын ачык эле жүргүзүп келет.

Чыгыш кылдаттыкты талап кылат

Москванын Кызыл аянтындагы Жеңиш парадын утурлай россиялык президент Владимир Путин Кремлде тажик лидери Эмомали Рахмонду кабыл алган. Мамлекет башчылар сүйлөшүүлөрдө "Афганистандагы абалга байланыштуу тынчсызданууларын" билдиришти.

Тараптар Афганистандан Вашингтондун америкалык күчтөрдү Тажикстанга көчүрүү планын талкуулаганы да турулуу иш. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө азырынча жоромолдой гана алабыз.

Экинчи жагынан The Wall Street Journal май айы жаңырганы АКШ армиясынын "афган" контингентин Өзбекстан жана Тажикстанда жайгаштырылышы мүмкүн деп кайра-кайра кайталай берди. Бул чөлкөмдө Россиянын жарым-жартылай болсо да аскердик орун алышы жана Кытай (АКШ менен чыңалган алакасы бар) менен коңшу болгонуна карабай Вашингтондун аталган өлкөлөрдүн биринде америкалык аскердик базасын киргизүүгө катуу белсенгенин айгинелейт. Америкалык басылманын расмий булагы соңку факторлор жоюлбай кетпей турганын, болгону "Борбор Азияга жайгашуу боюнча пландарды татаалдаштырат".

The New York Times басылмасы Пентагон, америкалык чалгындоо агенттиги жана батыштагы союздаштары Афганистандан күчтөрдү жана сокку уруучу авиацияны коңшу Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанга көчүрүүнү талкуулоодо. The Wall Street Journal булактарында эмнеге Казакстан айтылбаганы түшүнүксүз. Албетте, долбоордун чоо-жайы коомчулукка толук ачыкталган жок, көп нерсе дале жашыруун бойдон.

Афганистан боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзаддын Өзбекстан жана Тажикстандагы апрелдеги сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби да так белгисиз. Эске салсак, апрель айынын башында Пентагондун делегациясы жумушчу сапары менен Өзбекстанда болгон. Аны АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын Стратегиялык пландоо жана саясат башкармалыгынын (CENTCOM) жетекчисинин орун басары, бригадалык генерал Дюк Пирак жетектеп барган. Пентагондун республикага кызыкчылыгы узак жана көп тараптуу. Кошмо Штаттар чөлкөмдөгү аскердик-саясий окуяларды көзөмөлдөөгө умтулат.

Республика Россия жана Кытайдын таасирине каршы Кошмо Штаттардын түз жана кыйыр күрөшү үчүн өзүнчө бир аянтча катары кызмат кылат. Тажикстандан айырмаланып "блоктун тышындагы" Өзбекстан Ханабаддагы АКШ армиясы менен өз ара аракеттешүүнүн жагымсыз тажрыйбасына карабастан, Вашингтон үчүн ыңгайлуу сүйлөшүүчү болушу мүмкүн.

Пентагон жана анын союздаштары өкмөттүк күчтөр менен талибандын* (башка террордук топторду эсептебегенде) куралдуу тиреши күчөп бараткан ислам республикасынан кетүүдө. Согушкер-моджахеддер менен күрөш аяктай электиги айкын. Жакыныраак жерде аскердик контингентин, "күч проекциясынын" инструменттерин сактап калуу үчүн ушул тапта америкалыктар жанталаша Афганистандан чыгуунун жолун издөөдө. Ошону менен бирге эле Пентагон узак мөөнөттүү керт кызыкчылыгын ойлоодо.

Чөлкөм үчүн эки вариант

Мурдараак АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы генерал Марк Милли америкалык күчтөр чыккандан кийин Афганистандагы абалдын кандай нук аларын мындайча божомолдогон: "Мында эки гана вариантты көрүп турам: жаман же өтө жаман болот". Ушундай бүтүм бүтүндөй чөлкөмгө чагылышы ыктымал. Афганистандын америкалыктар тарабынан окуудан өткөн, куралданган, жабдылган 350 миңдик армиясы талибдердин жана ИМдин* согушкерлеринин 50 миңдик "бөлүктөрүнө" татыктуу туруштук берүүгө жөндөмсүз. Өткөн аптада Афган Ислам Республикасында согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгү күч алды, анын кесепетинен күч органдарынын 211 өкүлү жана 15 жай жаран набыт болду. 315 согушкер жок кылынды (өлтүрүлгөн согушкерлер көп санда айтылганы менен Афганистанда алардын саны улам артып барат).

Түндүктөгү Баглан провинциясынын Баглани-Маркази районунда "Талибандын"* согушкерлеринин кол салышы бир топ дүрбөлөңгө салды, натыйжада алар өкмөттүк күчтөрдүн алты аскердик базасын жана жети постун басып алышкан (ошону менен бирге эле 100дөн ашуун жоокер талибдерге багынып берген).

Айыгышкан салгылаштар Вардак, Газни, Гильменд жана Кундуз провинцияларында да болгон. Эске салсак, сандык жана сапаттык курамы (согуштук тажрыйбасы жана куралдануусу) моджахеддерге Афганистандын чегинен тыш да операция жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Төрт күн ичинде эле Афганистандын аймагынан пакистандык чек арачы жана аскер кызматкерлерине экинчи ирет чабуул коюлганы жөнүндө маалымат чыккан. Натыйжада Белужистан провинциясында үч пакистандык чек арачы шейит болгон.

Издөө боюнча атайын операциядан майнап чыккан эмес. Пакистандагылар согушкерлердин активдешүүсү Афганистандан НАТО күчтөрүнүн чыгарылышына байланыштуу деп эсептешет. Борбор Азиядагы чектешкен өлкөлөр үчүн да бир топ кооптуу фактылар.

Кабулдагы өкмөттү Тажикстан жана Өзбекстандын аймагынан аскердик колдоо боюнча Вашингтондун чөлкөм жаатындагы пландары тууралуу азырынча жагдай анык эмес. Ошентсе да мыйзам ченемдүү түрдө маселе туулат: Пентагон жана анын НАТОдогу союздаштары Афганистандын аймагында туруп 20 жыл аралыгында талибдер менен болгон согушта жеңишке жете алышпады. Америкалык күчтөр Борбор Азияга "жер которгон" соң эмне өзгөрөт?

Балким Афганистан – Россия менен Кытайды "ооздуктоо" үчүн чөлкөмдө калууга тек гана шылтоодур. Мындай кыйратуучу саясат борбор азиялык өлкөлөр үчүн эки эсе кооптуу.

* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

139
Белгилер:
Талибан, база, Россия, Борбордук Азия, Аскер, АКШ, Афганистан
Тема боюнча
АКШ эмне себептен бардык согуштарда утулууда? Батыштагы басылмага сереп
Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив

Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?

291
Апрелдин ортосунда Жозеф Байден Афганистандан аскердик күчтөрдү толук чыгарууну 1-майдан 11-сентябрга которуу чечимин маалымдагандан тарта аталган республикада кан төгүү күчөп, зомбулук өсүп, каза болгондор жүздөп саналууда.

8-майда Кабулдагы Дашт-э-Барчи районундагы жардырууда эле алтымыш чакты киши, негизинен 11-15 жаштагы окуучу кыздар набыт болду. Деги эмне болуп жатат? Бул тууралуу Петр Акопов ой толгогон.

Кимдир бирөөлөр аскердик күчтөрүн чыгаргысы келбей жатабы же, тескерисинче, кай бирөөлөр америкалыктардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн тездетүүнү көздөп турабы? Алар кеткен соң эмне болот? Россия үчүн бул курулай эмес маселе: СССРдин ураганына карабастан маңызында РФтин Афганистан менен мурдагыдай эле чек арасы орток. Афганистан менен мурдагы советтик чек аранын басымдуу бөлүгү ЖККУга мүчө, башкача айтканда, РФтин аскердик союздашы Тажикстанга таандык. Афганистан менен чектешкен Өзбекстан менен Түркмөнстан да Россиянын улуттук кызыкчылык жана жоопкерчилик аймагына кирет.

Кокус Афганистанда толук кандуу жарандык согуш тутанып кете турган болсо анын эпкини бүтүндөй Борбордук Азияны каптайт. Эң кооптуу жагын айтсак, жалыны бул чөлкөмгө да өтөт.

Америкалыктар Афганистанда каалаганына жете алган жок, "Аль-Каиданы" жок кылдыбы, ал эми анын полктору жана дивизияларычы же ал ислам дүйнөсүнүн ар кыл бөлүктөрүндөгү түзүм жана топторду байланыштырып турган тармактык уюм беле?

Талибанды жеңдиби? Бирок ал америкалыктар кетери менен эле же коалициялык өкмөттүн бөлүгү катары тынчтык жолу, же күч колдонуу менен өз алдынча Кабулдагы бийликке келет.

Америкалыктар Афганистандан Россия менен Кытайга (ошондой эле Иранга) кысым кылууга, Евразиянын негизги чөлкөмүндө туруктуу жайгашуу үчүн плацдарм түзүүгө ниеттенген беле? Каалашкан, бирок бул үчүн Афганистанды чындап баш ийдирип, аны өз көзөмөлүнө алууга тийиш эле. Анын бир да болгон жок. Америкалыктар өздөрү гана чыгып кетпестен, аларга иштеген он миңдеген афгандыктарды да кошо ала кетүүгө аргасыз болот... Башкача айтканда Афганистандагы позициялары бузулуп тим болбой, таптакыр жок кылынат. Анткен менен АКШ аталган республикадан чыкканда ага коңшу мамлекеттерден орун алууга ниеткер. The Wall Street Journal өткөн ишембиде билдиргендей, Вашингтондогулар "аскердик күчтөрдү Афганистандан чыгарган соң аскерлерди жайгаштыруу жана талибдерди көзөмөлдөө үчүн чөлкөмдүк плацдармдарды издөөдө".

Каралган варианттардын арасында коңшу өлкөлөр да, ошондой эле алыскы мамлекеттер, мисалы, Бириккен Араб эмирлиги да бар. Перси булуңуна Аскер деңиз күчтөрүнүн кемелерин жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү талданууда.

Эгер "Аль-Каида" же Ислам мамлекети уюму Америкага же Афганистандагы анын кызыкчылыктарына коркунуч жарата турган болсо, кошмо штаттар абадан сокку урарын Байден убада кылууга да үлгүрдү. Бирок америкалыктар ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну самайт, себеби 11-сентябрдан кийин (июль айынын ортосунда деген да сөздөр жүрөт) Афганистанда америкалык да, дегеле кандайдыр чет элдик да күчтөр калбайт. Кокус америкалык элчиликке (мында 1000ге жакын кишини калтыруу пландалган) кол салынса эмне кылуу керек?

Пакистандан көмөк жөнөтүү зарылбы? Алыс, анан да ымала бузулгандан бузулуп барат. Ошондуктан, "америкалык базаны түзүү үчүн зарыл учурда күчтү жөнөтүү камсыз кылууга жеңилдик берчү, Афганистан менен чектешкен Өзбекстан жана Тажикстан эң артыкчылыктуу вариант болмок". Бирок тилегин таш каап, америкалыктардын бул пландарына Россия менен Кытай тоскоол болушу ыктымал деп ой жооруйт The Wall Street Journal басылмасы. Албетте, ошондой эле болот, америкалыктарга Борбор Азияда бекемдешине эч ким жол бербейт.

2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Россия Кошмо штаттарга Кыргызстан жана Өзбекстанда база түзүүгө уруксат берген. Бирок ал кезде Россия чабал, АКШ менен да алакасы активдүү тиреш абалында эмес эле. Азыр америкалыктардын Орто Азияда эч кандай, ал түгүл утурумдук жайгашуусу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Афганистанды 20 жыл оккупациялоодон соң толугу менен чөлкөмдөн чыгып кетүүгө туура келет.

Коопсуздугу үчүн Россия менен Кытай тарабынан түзүлгөн ШКУ жооп берет, ага жалпы борборазиялык республикалар гана тургай, Индия менен Пакистан да кирет. Ошондой эле жакында толук кандуу катышуучу укуктары менен Иран да кирет. Башкача айтканда, Афганистан ШКУ мамлекеттеринин толук курчоосунда калат, анын үстүнө өзүнүн байкоочу макамы гана бар.

Кабулду ШКУга объективдүү көрсөткүчтөрдөн улам гана кабыл албай жатышкан: альянстын мүчөсү тарабынан оккупацияланган, өлкөнүн толук суверенитетинен ажыраган республика аталган уюмга кире алмак эмес.

ШКУнун максаты — Азияда, эң оболу Борбор Азияда тынчтыкты колдоо. ШКУнун азырынча өз тынчтык орнотуучулары жок. Анан калса Афганистанга аскердик күчтөрдү киргизүүнүн, оккупанттарды башкаларга алмаштыруу зарылдыгы да жок.

Афгандыктар кырк жылдан ашуун бири-бири менен, 28 жыл чет элдик күчтөр менен согушуп келет. Толук кандуу ички афгандык диалог үчүн саясий шарттарды, эгер элдешүү болбосо да жок дегенде куралдуу, бирок ар кандай калк, саясий, диний, уруу жана кландык түзүмдөрдүн тынч жашашын камсыздоо абзел. Тышкы күчтөрсүз, болгондо да атлантикалык альянстын кийлигишүүсүз (ошондой эле таасири болбостон), бирок бардык коңшу жана жакынкы Россия, Кытай, Пакистан, Иран жана Индиянын активдүү катышуусу менен ушундай күнгө жетишүү керек. АКШ да афгандыктарды жараштырууга катыша алат жана катышууга тийиш. Болгону Афганистандагы алардын тарапташтарына болгон мамиле күчтөр чыгарылгандан кийин ар кандай диалогго жолтоо болушу мүмкүн.

Кандай болгон күндө да америкалыктар кеткенден кийин Афганистанга болгон жоопкерчилик жүгү ШКУга, айрыкча анын үч мүчөсү: Россия, Кытай жана Пакистанга артылат. Бул алардын да, Афганистан калкынын да кызыкчылыгында.

Афганистандагы өтө татаал ички тиреш — кол шилтеп же аскердик дубал менен тосуп алууга шылтоо эмес. Экинчиси дегеле мүмкүн эмес, ал эми биринчиси анын коңшулары жана улуу азиялык державалардын, Россиянын кызыкчылыгына жооп бербейт.

ШКУнун бул багыттагы милдети афган көйгөйүн өлкөнүн чегинен тыш чыгышына, ЖККУ алектенип калгыдай деңгээлге жеткирбөө. Ал эми эң ири милдети — афгандык тараптардын баарын чыныгы элдешүүгө жана жаңы федеративдик Афганистанды түзүүгө түрткү болуу. Кайраты бекем, согуштун запкысын жеген калк акыры өзүнүн тоолуу өлкөсүндө жай, өз алдынча жана тынч жашоого тийиш эмеспи. Швейцариядай эмес, албетте, кезегинде швейцариялык кантондор да, акыркы жолу тарыхый ченемдер боюнча XIX кылымдын ортосунда өз ара согушуп келишкен.

Афганистан Швейцария болбойт, анын пайдубалына батыш ченемдерин салуу аракети өлкөгө залалын гана тийгизди. Бирок Борбор Азия үчүн чыңалып турган очоктон тынч кошуна өлкөгө айланарына толук акылуу.

Афгандыктарга геосаясий кызыкчылык жана чоочун стратегдердин эксперименттеринин урматына эмес, алардын өзү үчүн гана өз алдынча жай турмушка кайтууга көмөктөшүү керек.

291
Белгилер:
серепчи, аскердик база, Аскер, АКШ, Афганистан, Россия
Тема боюнча
ЖМК: АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчүн Борбор Азияга жайгаштырабы?
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

Өткөн суткада 404 киши коронавирус жуктуруп, 8 бейтап каза болду

15
(жаңыланган 11:11 15.05.2021)
Азыркы тапта 1 717 бейтап стационарда дарыланууда. Анын ичинен 449 бейтаптын абалы оор болсо, 90 кишиники өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 404 кишиден табылып, 349 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 294;
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 65;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 9.

Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 100 249га жетти. Анын ичинен 93 302 бейтап дартты жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 200;
  • Ош шаары – 6;
  • Чүй облусу – 97;
  • Ош облусу – 2;
  • Нарын облусу – 14;
  • Ысык-Көл облусу – 21;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 1.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирустан сегиз киши каза тапкан. Анын төртөө Бишкектен болсо, үчөө Чүйдөн, дагы бири Талас облусунан экени айтылды. Ушуну менен каза тапкандардын саны 1 695ке жетти.

Азыркы тапта 1 717 бейтап стационарда дарыланууда. Анын ичинен 449 бейтаптын абалы оор болсо, 90 кишиники өтө оор деп бааланууда.

15
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Лабораториялык борбордун жетекчиси: вирус барган сайын өзгөрүп жатат
ТИМ Түркияга бара турчуларга сактык полисин алууну эскертти. Артыкчылыгы