Чириген картошка айылымдан келген. Министрге жооп

© AFP 2023 / FREDRIK VON ERICHSENКартофель в форме сердца
Картофель в форме сердца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге чириген картошканын белекке берилиши коомчулукта чоң талкуу жаратып, түрдүү пикирлер айтылды. Журналистти алкап, ошол эле учурда анын коопсуздугу үчүн санаа тарткандар болду. Арасында министрдин кабинетине картошканы кантип алып киргенине кызыккандар бар.

Ал эми журналист Эламан Карымшаков министр Мурашевдин "Сен картошка эгип көргөн эмессиң!" деп айтканына таң калып жатат. Мындан улам ал тынчысызданган элге жана министрге жооп берүүнү эп көргөн. 

Айыл чарба министрине бараардын алдында Ош базарынан атайын Ысык-Көлдүн чоң, таза картошкасынан 1,5 килограмм сатып алдык. Ал эми чириген картошканы мага ата-энем айылдан жиберген болчу. Аны бир айдан бери жеп, калганы көпкө туруп калгандыктан өнүп, чирип кеткен эле. Анын министрге буйруп каларын кайдан билдим. Картошканы кадимки эле желим баштыкка салып министрликтин ичине киргенбиз. Кайра ойлонуп, муну көрсө чочулап жүрбөсүн деп көрүнбөгөн баштыкка салып койдук. Маек башталып, камераны күйгүзгөнгө чейин картошканы эч кимге көрсөткөн эмеспиз. 

Нурбек Мурашевге жума күнү эртең менен саат 10.00дө барганбыз. Министрдин маалымат катчысы, жардамчысы жана кеңешчиси баш болуп "ооруп жатат, бүгүн жумушка чыкпайт" деп артка кайтууну сунуштады. Эмнегедир алардын сөзүнө ишенгибиз келбей бир саат күттүк, акыры түңүлүп кетүүгө камынып калганбыз. Чыгып баратып кире беришке жеткенде ооруп жатат деген министр астыбыздан чыкты. Жолугарыбыз менен интервью алууга келгенибизди айтсак, "картошка тууралуу комментарий бербейм" деп так секирди. Анын себебин такып сурап видеого тарта баштасак кайра ойлонду окшойт, "азыр Кореянын элчисин кабыл алам, жарым сааттан кийин келгиле" деп кирип кетти.

Акыры эптеп Мурашевдин кабинетине кирдик. Андан кийин эмне болгонун өзүңүздөр көрдүңүздөр. Байкаган болсоңор керек, министр адамды бир көрүп анын ким экенин билип коюу жөндөмү бар окшойт. Мага: "Сен өмүрүңдө картошка өстүргөн эмессиң, мунун кандай экенин билбейсиң", — деп салды. Бирок ушул жерден катуу жаңылды.

Оптово-розничный рынок Привоз в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Картошка кайгысы: дыйкандарды мукураткан министрлик качан кыймылдайт?
Мен дыйкандарга окшоп гектарлап жер иштетпесем да картошка кара топурактуу жерге эгилерин, сөңгөгү менен жалбырагы жашыл болорун, бышканда жерден казып аларын билеримди айтып коёюн. Министр мени картошканы алмага окшотуп үзүп жейт деп ойлогон балкондо чоңойгон бала деп божомолдогон окшойт. Эми жооп берейин…

Биздин айыл дыйканчылык менен жан багат, демек, мен да картошканын арасында чоңойгом. Мурда бир гектардан ашык аянтка картошка экчүбүз. Ал да түз жер эмес, бир тоонун башында жайгашкан.

Ал талаага ат, эшек минип, жөө-жалаңдап бир саатта жетчүбүз. Жерибиз каптал бет болгондуктан трактор жүрчү эмес. Андыктан жазда эки атка чегилген соко менен жер айдап, чыкканда кетмен менен чаап жана бышканда да кол менен казып алаар элек. Картошка эгип жүргөндө жамгыр жаап ийип, үйгө көл-шал суу болуп келген күндөр алиге чейин эсимден кете элек. Катуу жаанда талаадан түшүп келгенче мойнуңан кирген суу кызыл ашыктан агып чыгарын жакшы билсеңиздер керек. Ат минген агаларыма учкашып алам, чыдабай калганда жөө чуркачумун. Бир жолу жаңы үйлөнгөн агам жеңемди да картошка чапканы алып чыккан. Түштөн кийин мөндүр жаап кирсе болобу, кайра үйгө жөнөдүк, мөндүргө чыдабаган жеңем жолдо шолоктоп ыйлап келген.

Баса, картошканы эгип эле тим болбой, мал жеп кетпесин деп айланасын тикен зым менен тосчубуз. Аны үчүн ар үч метр жерге мамы тургузуп, үч катар тикен зым тартып чыгуу да өзүнчө бир азап болчу.

Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Төө буурчактын баасы көтөрүлөбү? Таластык дыйкандардын арыз-муңу
Ал эми күздө жыйнаганда чоң ата, чоң энем баш болуп бүт үй-бүлөбүз менен огороддун чекесине боз үй тигип 10-15 күн ошол жакта жашачубуз. Анткени жол алыс болгондуктан, күнүгө үйгө келип-кетүү кыйын. Ошентип жыйнаган 10 тоннадай картошкабызды ЗиЛ унаасы менен ташып келебиз. Үйгө алып келүү менен эле кутулуп калбайсың. Жегенге, үрөндүккө, сатканга деп ар бирин ылгап, ороого көмүшүң керек. Түшүмү мол, баасы жогору болуп турса жакшы, арзан болсо бармак тиштеп отуруп каласың. Анткени биздин мектепте кийген кийимибиз, кышында жечү азык-түлүгүбүз, кыскасын айтканда, тиричилигибиз ошол картошкадан көз каранды. Күздө баа арзан болсо, жазга чейин сактайм деп кыштын суугунда үшүк алып кеткен учурлар да болгон.

Сөзүмдүн аягында жонума бир кап картошканы көтөрүп, колума кетмен кармап кара топурактуу талаада тер төгүп чоңойгонумду дагы бир ирет белгилеп коёюн. Кетменди компьютерге алмаштырганыма 4-5 жыл эле болду. Бирок толугу менен оолактап кеткен жокмун, жайында барып атамдын дыйканчылыгына жардам берип турам.

Эми макаланын өзү тууралуу эки ооз кеп айтып кетейин.

Sputnik Кыргызстан агенттигине "Айыл чарба министрине чириген картошка белекке берилди" деген макала чыгары менен элге заматта тарап кетти. Бир күндүн ичинде Россиядагы досумдан, Алайдагы жердештериме чейин мага жазып жатышты. Соцтармакта ишибизди алкагандар да, ошол эле учурда менин коопсуздугума тынчсыздангандар да болду. Аларды окуп отуруп Кыргызстанда журналисттердин өмүрү ушунчалык коркунучта турабы деп таң калдым. Себеби "Журналист, сак бол эми, абайлап жүр! Аткаминерлерден баарын күтсө болот" деп жазгандар көп болду. Эми туугандарымды айтпай эле коёюн. Чоң энем "Эламанды эстесем түндө уйкум качат" десе, апам "этияттап жүрчү, менин ашыкча балам жок" деп сарсанаа болуп отурат.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Миллиондордун башын жеген ден соолук программалары. Акча кайда сарпталган?
Менин айтарым, биз болгону өз ишибизди жасап, дыйкандардын көйгөйүн министрге жеткиргибиз келген. Буга чейин да картошка маселеси боюнча бир топ макала даярдап, министр Нурбек Мурашевге сылык-сыпаа кайрылып түрдүү жообун алып турганбыз. Мунусунда көйгөйдү жакындан көрсөтүп берүүгө аракет кылдык.

Ушул үчүн да теригип, жосунсуз жоруктарды жасап жибериши мүмкүн эмес деп ойлойм. Бир чети уят болсо, экинчиден журналистке кол салууну кесепети кандай болору баарыбызга маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0