Улуттук кийим кийген аялдар. Архивдик сүрөт

Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер. Ынтымактын 14 эрежеси

1118
(жаңыланган 18:35 27.01.2019)
Нуржигит Кадырбеков
Колумнист Нуржигит Кадырбеков ынтымак президенттин Жарлыгы, парламенттин мыйзамы менен эмес, дилдердин жакындашы, жан дүйнөлөрдүн жаркышы, жүрөктөрдүн жылышы жана баштардын биригиши менен келет дейт.

Жүз адам бир адамдан качып келе жатат имиш. Алдынан чыккан бирөө: "Силер көпчүлүк, кубалаган жалгыз экен. Качпай эле биригип төпөштөп койбойсуңарбы", — дептир таң кала. Анда тигилер: "Кимибизди кубалап келе жатканын билбейбиз да", — дешет имиш дыргаяктап баратканча. Кайсы элде, жамаатта, үй-бүлөдө ынтымак болбосо дал ушундай күлкүлүү да, аянычтуу да акыбал жаралат. Эгер биримдиктүү болсо аз болуп көптү, кичик болуп чоңду сүрдөтөт, кармашса жеңет, арбашса качырат. "Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер", "Төртөөң төп болсоң төбөңдөгүнү аласың, алтооң ала болсоң алдыңдагыны алдырасың" деп акылман элибиз тегин жерден айтпаган. Ошондуктан күчтүү деп космосту багынткан, атом бомбасы бар, аскери кубаттуу, байлыгы мол, завод-фабрикалары жайнаган эмес, элинин башы жана жүрөгү бириккен, ыркы шайкеш, ынтымагы бекем мамлекетти атоого болот.

Алтын эреже

Бирок "Ырыс алды — ынтымак" деген бадырайган жазууну миң көрнөккө илдирип, жыйналыштарда "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы" деп бакылдоо менен эле ынтымак келе калбайт. Ынтымак куруунун да "эки жерде эки — төрт" дегендей формуласы, "заттын атын билдирген сөз зат атооч деп аталат" дегендей эрежеси бар. Ал президенттин жарлыгы, парламенттин мыйзамы менен эмес, дилдердин жакындашы, жан дүйнөлөрдүн жаркышы, жүрөктөрдүн жылышы жана баштардын биригиши менен келет. Адамдын көркөм адеби, жагымдуу кулк-мүнөзү, таза ниети, түз пикир-ою жана пайдалуу амал-аракети менен бекемделет. Кийинки он төрт шартты аткарсаң, ынтымак куусаң кеткис коногуң, чансаң калгыс түбөлүк шеригиң болот.

1. Салам айт. Бир эле жылмайып салам айтуу качантан бери келе жаткан кекти кетирип, өчтү өчүрөт. Муздаган жүрөктү жылытып, тоңгон сезимди эритет. Душманыңдын дос, оройдун жоош болушуна, капалуунун кубануусуна, үзүлгөн алакалардын улануусуна себеп болот.

2. Тамак бер. Тамак берүү — бул тек гана бирөөнүн ашказанын даам менен толтуруу эмес, анын жүрөгүн жибитип, көңүлүн алуу. "Жүрөккө барчу жол курсак аркылуу өтөт" дегендин бир мааниси ушул. Тамак берип, кызмат кылган адамыңа сөзүң өтүмдүү, таалимиң таасирдүү болот. Жылдап бүтпөгөн ишиң сулуу табактан жылуу тамак жеген жарым саат ичинде жеңил-желпи чечилген учурлар азбы? Элибиз "миң күндүк сиз-бизден бир күндүк чыз-пыз" деп бекер айтпаган. Кыскасы, чачташып душман болгондорду ашташып доско айлант.

3. Туугандыкты бекемде. Адамзаттын эң даанышманы өмүрүм узун, ырыскым кең, ден соолугум чың болсун деген ар бир адам тууганы менен жакшы мамиледе болуусу керектигин эскерткен экен.  "Сендей тууганым жок!" деп туугандан кол үзүү — арак ичүү, адам өлтүрүү, уурулук кылуу сыяктуу оор күнөө эле эмес, ырыскыңдан баш тартып, өмүр учугун улоону каалабагандай эле бир кеп тура. Туугандыктан кечүү — бул Жараткандын өкүмүн тааныбастык, чануу жана моюндабоо. Анткени эч ким тууганын өзү тандап алган эмес. Туугандык — бул Жараткан жазган тагдыр, буюрган энчи.

4. Белек бер. Белектин ынтымакты ширелтүүдөгү орду эбегейсиз. Байлыктын баасынан да анын кандай ниетте, ыклас менен берилгени маанилүү. Белек жалаң эле акча, алтын, күмүш, үй, кийим, унаа сыяктуу материалдык эмес, бата берүү, дуба кылуу, өткөндөргө куран окуу сыяктуу руханий түрдө да болот.

5. Тилек тилейли. Апалар балдарына басса-турса "аман-эсен болсун, өркүнү өссүн, жамандыгын көрсөтпө" деп тилек кылат. Бир жакка кетсең уктабай, байсалдуу, бейкапар сапар тилеп уйкусуз таңды атырган бир гана эне болсо керек. Демек, кимди аруу тилектериңде капарыңа алсаң, демек, ага карата жылуу сезим, ызат-сый жүрөккө уялап, сиңе баштайт. Кечиримдүү, такыба адамдар, демейде, жолуна аң казып, артынан бычак урган нааданга да жамандык каалабай нысап, ыйман, адеп, туура түшүнүк тилеп жакшы батасын багыштайт.

6. Артынан макта. Мактабасаң, жок дегенде жамандаба. "Укпайт деп ушак айтпа" дегендей, жаңылып-жазып жамандап койгонуң билинип калса, досуң болсо да таарынат, көңүлү муздайт. Ал эми душманыңды капыстан мактап койгонуң ага жетчү болсо, жүрөгүндөгү сага карата музу эрип, какыраган чөлдөй сезими гүлзарга айланат. Ошондуктан эч качан эч кимди жамандаба. Айтканын айтып алып, качан ошол кишиге угулуп калат деп чийки май жегендей кыжалатчылыкта жашоонун өзү тирүүлөй азап эмеспи.

7. Бирөөнүн жакшы жагын карасаң — биригесиң, кемчилдигин издесең — бөлүнөсүң. Адам деген ак менен каранын, ачуу менен таттуунун, сооп менен күнөөнүн, адеп менен зулумдуктун, туура менен каталыктын аралашмасы сыяктуу. Телегейи тегиз, ар тарабы келишкен дегеле макулук жок. Андыктан, алакан менен жүзүңдү жапсаң асман көрүнбөгөн сыяктуу, адамдын алакандай жакшы жагын таап карасаң, асмандай чоң кемчилдиги да көмүскөдө калат. Кимден нени издесең, ошону табасың. Сүйгөн адамыңдын дегеле кемчилдиги көрүнбөй калат эмеспи. Ошон үчүн ага жүрөгүң, башың, тагдырың биригет. Жараткан асман менен жерге батпай, адамдын жүрөгүнө батат дейт. Ушундай кенен жүрөктө ар бир жанга карата бир туугандык сүйүүгө кантип орун жетишпесин.

8. Дароо жемелебе. Адамдагы эң кымбат сезимдин бири — анын ызаты, аброю. Жемелөө менен ошол ыйык сезимди тебелеп, жаралайсың. Эгер жемелөөгө негиз болсо, бир жөн. Кээде жагдайды жакшылап териштирбей туруп айыпсыз жанга тил менен ыза жеткиресиң. Кийин кайра кечирим сурасаң да абал калыбына келбейт. Кагылган мыкты кайра сууруп алган менен тагы кала берген сыяктуу жеменин тагы көңүлдөн кетпейт, жүрөктөн өчпөйт.

9. Кызмат кыл. Кимге чын ыкластан кызмат кылсаң, анын жүрөгүн жылытып, батасын аласың. Ар кандай чөйрөгө аралашып, өз тургай жатка жагып, чоочундар арасына батып, кадыр таап кетүүнүн жападан жалгыз жолу — ушул кызмат кылуу. Кыргыздын келиндеринен айланса болот. Күйөөгө да, кайын журтка да, жамандык-жакшылыкта кошуна-колоңго да ак кызматын аябайт. Ошон үчүн барган жеринен баар таап сый-урматка бөлөнөт, багы ачылып агарып-көгөрөт. Кичи пейилдик менен кылган кызматың — улуу даражаңдын тамыры.

10. Жакшылыкта башканы алдыга өткөр. Кыргыздын "төргө өтүңүз", "нан ооз тийиңиз", "тамакка караңыз", "устукандын улугун алыңыз", "бата бериңиз", "кана, баштап бериңиз" деп өзүн кичик тутуп, өзгөгө жол бошоткон керемет сапаты бар. Ушул сапаты ынтымак-ырашкерликке өзөк болуп, не бир кылымдардын сынагынан элибиздин ийгиликтүү өтүп, улуу жолун улашына себеп болсо керек.

11. Жакшы ат менен чакыр. Сөз — бул адамга карата мамиленин күзгүсү. Андыктан тамашалап да бирөөгө жаман ат койбо. "Дөңгөч", "жилбик", "сакоо", "муйрук", "шлянга", "маймыл", "кинг-конг", "тупой" деген сыяктуу аттар менен чакыруу акыры адамдын жүрөгүндөгү музга, көңүлүндөгү жарага айланат. "Берекем", "аалым", "залкар", "кыраан", "сулуу", "азамат" деген сөздөр — болгону бир тыйын төлөнбөс ооздун жели, бирок ортодогу ынтымакка, сүйүүгө өбөлгө, адамдагы жарык маанайга, шыктанууга себеп.

12. Кемчилдикке ачууланба. Кемчилдикке кемчилдиги жок зат гана ачууланса жарашат. Калган баарыбыздын кемчилигибиз бар. Аны оңдосо болот, бирок ачуунун уусу адам көңүлүнө кетпес болуп сиңип калышы мүмкүн.

13. Жумшак сүйлө. Топту дубалга ыргытсаң, кайра өзүңө келет, жерге урсаң секирет. Бирок чыныны же телефонду ыргытсаң талкаланат. Себеби топ жумшак, а тигилер катуу. Жумшак ийилсе да сынбайт, катуу ийилбей туруп сынат. Ошондуктан сөздүн жумшагы, жылуусу — ынтымактын ыйык көпүрөсү, пайдубалы, көңүл дартынын дабаасы. Бир эле сөз биримдикти калкалашы да, талкалашы да ыктымал. Андыктан жүзүң жылуу, сөзүң жумшак болсун.

14. Жүрөктө ырайымың болсун. Кээде адам ката кетирип, айып жасайт. Кааласаң жазала, кааласаң кечир. Ошол адамдын ордунда сен болсоң, кандай өкүм болушун каалар элең? Ушул суроонун жообун унутпа. "Кек алуунун рахаты утурумдук, кечирүүнүкү түбөлүк" деген кеп бар эмеспи.

1118
Тема боюнча
Майда, бирок маанилүү! Той өткөрөм дегендердин кулагына күмүш сырга
Бата берүүгө байланыштуу 6 "болбойт"