Улуттук кийим кийген кыз. Архив

Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары

1274
(жаңыланган 13:56 01.02.2019)
Шаакан Токтогул
Колумнист Шаакан Токтогул аялзаты пайдаланып келген сулуулук каражаттарын тизмектеп, алар мээрими төгүлүп турган жароокер жандын гана ажарын арттырат дейт.

Тизгин жаяр

Келеңкер чачпак кең соору
Келини сулуу кыргыздын,
Кызыл көйнөк, кымча бел
Кыздары сулуу кыргыздын…
– деп улуу баянда айтылгандай, кыргызда аялзатынын сымбатына, ажарына байыртан маани берилип келгени белгилүү. Бүлөдө кыз төрөлгөндөн баштап эле Үр кызындай чырайлуу, кермаралдай сымбаттуу кылып өстүрүүгө далалат жасалган. Кыздын көзү кызылда дегендей, кызыл-тазыл кийинтип, шуру мончогун тагып асемдүү баккан.

Кыздын ажарын арттырууга багытталган буюмдар

Кызым сулуу болсун деп күмүш чөйчөктөн суу берип, мойну узун болсун деп ала тамак таккан. Чачы кундуздукундай жалтылдап турсун үчүн айран менен жууп, ашыра эт албасын үчүн тамак-ашын айрыкча көзөмөлдөгөн.

Шуру мончок бастырып аземдеп, төбөсүнө үкү тактырып, чай чыныдай кичине топу жасатып, беш-алты жашында чачын өргөндөн кийин кийгизген. Топу эңкейгенде, отуруп турганда, кыймылдаганда кыз кишинин өз тулкусун көзөмөлдөөсүн күчөткөн. Тактап айтканда, топу өтө кичинекей жана үкүсү бар болгондуктан, катуу кыймылдаганда ооп түшүп калган. Ал эми кыздын энеси башына кийигизгенде "Топуңдү түшүрбөй кий" деп баса айткан. Анын үстүнө кызыл мончок кадалган кооз топуну кийүү кызга деле кызык да. Ошондуктан башымдан түшүрүп албайын деп сыпаа отуруп, ыкчам туруп, ийиндерин бош таштап, далысын түз кармап, башын тик алып жүргөнгө көнгөн.

Кыз-келиндин сулуулук каражаттары

Кыз-келиндүү ар бир үйдө саймаланып тигилген күзгү кабы болгон. Анын ичинде атыр самын, атыр чөп, упа-эндик сымал сулуулук каражаттары сакталган. Андан сырткары, кетечик деп аталган тик бурчтук же жарым тегерек калыптагы колтукка кыстарып алма баштыкча ар бир аялзатында болгон. Мончок бастырылып, кымбат таштарды чөгөрүп жасалган бул буюм аш-тойго, шаан-шөкөттүү жерлерге алып барганга даярдалган. Азыркыга салыштырганда клатчтын ордун баскан.

Бой жетип калган кыздар, келиндер упа колдонгон. Элдик билимде упанын жасалышы тууралуу турдүү пикир бар. Маселен, эл оозундагы маалыматтарда кадимки ак борпоң таштан (хлорит-серицитовый сланец) жасалары айтылат. Аны алгач майда эзип туруп, андан кийин койдун сүтүнө кайнатып сүзүп алып, көлөкөдө кургатып упа катары колдонушкан делет. Элибиздин турмушунда мал чарбачылыгы басымдуу болгондуктан, жаздоо, жайлоо, күздөө, анан кыштоого чыгып, көбүнесе салкын аймактарда жашоо кечирген. Бийик аймактагы адамдын суукка, ачуу тийген күндүн нуруна бети-колдору туурлуп кетпеши үчүн койдун сүтүнүн майлуулугун эске алып, ошол сүткө кайнатып колдонушкан.

Анжиян кыргыздарынын кыз-келиндери кашы-көзүнө осмо коюп, чачтарын, тырмактарынын учун кынага боёшкон.

Келин болгондо беттин оту азаят дешет. Ошондуктан эндик чөптүн тамырынан эндик жасашкан. "Эндик басып бетине", деп улуу баянда дагы айтылат. Манас изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекованын айтымында, эндиктин кургатылган тамырын майдалап, талкан кылып алышкан. Аны улактын жумшак терисинен атайы тигилген баштыкчага салып, сыртынан жибек кездемеге ороп коюшкан. Упаланган бетке азыркы румянадай кылып басып же тийгизип колдонушкан.

Андан сырткары, жыпар мончокторду, абдан жагымдуу жыты бар чөптүн гүлү, уруктарын даярдап кургатып алып тагынып жүрүшкөн.

Жогоруда айткан эндиктин талканын каймакка аралаштырып, эрин боёк катары пайдаланышканы тууралуу маалыматтар бар. Бул бир эле убакта кооздук жана ошол эле убакта эрин, беттин кесилип кетпеши үчүн пайдалуу каражат болгон.

Тизгин жыяр

Элдик оозеки чыгармачылыктын бардык үлгүлөрүндө, санжыра, уламыштарда, кыргыздын кыздары, деги эле кыргыз аялзаты ашкере сулуу деп баса белгиленет. Бул сулуулук, бой мүчөсүнүн сымбаты, өң-келбетинин сулуулугу жана жан дүйнө ажарынын айкалышы менен көркүнө чыкса керек. Артыкча жароокерлик, өзгөчө мээримдүүлүк аялзаттын сулуулугун ансайын арттырып турат.

Сулуулук бул кашты, көздү чийип коюу эмес, сүйүүнүн ырахатын сезүү, бала жытына балкуу, үй-бүлө бактысынан баар табуу, табияттын, жер бетинин, ааламдын, андагы жандуу-жансыздын сулуулугун көрө билүү деп эсептейм.

1274
Белгилер:
жасалга, кыз-келиндер, сулуулук
Тема боюнча
Оозуңа карап сүйлөп, ооз басырык бер... Ооз тууралуу эки ооз сөз
Көрөөр көзүм көз жарды... Адамдын сырын жашыра албаган көз тууралуу