Туулган күнүң менен, менин жакшы адамым! Бүгүн сага ушул катты жазууга жарадым

© Фото / Исмаил МамытовЖурналист Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов
Журналист Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кесиптешибиз Исмаил Мамытов 26 жашка чыкмак. Тилекке каршы, өткөн жылдын 19-июлунда ооруну жабыштырган шум ажал аны арабыздан алып кетти. Сүйүктүүсү менен баш кошконуна бир гана жума болгон. Жалгыз калган жубайы Эркинай Бектенова Исмаилга кат жазып отурат.

...22-февраль мен үчүн майрам тартуулаган өзгөчө күн эле. Анткени бүгүн бирге болууга шерттешип кол кармашкан адамымдын туулган күнү. Былтыр 25 жашыңды белгилеп жатканда 26 жашыңды өз үйүбүздө тособуз деп кыялдансам керек. Бирок минтип жалгыз отуруп, сага кат жазып каларымды түк ойлогон эмесмин.

Жүрөгүмдү канаткан жай мезгили өтүп, күз келди, ал тургай аппак болгон кыш да узап баратат. Мен сени күтүп, эшик тарапты акмалап карай бергенден тажаган жокмун. Ишенбейм, ишенгим келбейт, жан дүйнөмдү жанчып, бир заматта аңтара салган күнгө ишенбейм, буйругу жок тагдырга ишенбейм! 

© Фото / предоставлено Эркинай БектеновойЖурналист Исмаил Мамытов менен Эркинай Бектенова көп убакыттан бери сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан
Туулган күнүң менен, менин жакшы адамым! Бүгүн сага ушул катты жазууга жарадым - Sputnik Кыргызстан
Журналист Исмаил Мамытов менен Эркинай Бектенова көп убакыттан бери сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан

Сүйүү — Жараткан бул дүйнөгө берген өзгөчө бир сезим экен. Сөз менен айтып берип жеткире албаган ичимдеги уйгу-туйгу, жүрөгүмдү ээлеген бир адам, жагымдуу элестер, сүйүүсүн арнап, эркелетип, кулагымда жаңырып турган сөздөрү. Жада калса, анын кийген кийими, баскан кадамы, жеген тамагы, тамашасы, күлгөнү, ачууланганы, таарынганы, кызганганы, сүйүнгөнү, чарчаганы, уйкусу, кубанганы, кыялы...

Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси - Sputnik Кыргызстан
Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси
Биздин кыялдар көп болчу, бир жанга айланган соң эки башканы кыялдануу мүмкүн эмес да. Эки адамда бир жан. Мына ушул сүйүү. Сүйүшкөн жубайлар, айтарым, чеги менен кыялдангыла! Аруу кыялдар бир күнү катуу сокку урушун, жан дүйнөнүн жанчылышын, ийинине жөлөнүп, оттой жанып турган көздөргө карап айткан тилектерге жетпей жалгызсыроону, суроого жооп таппай калууну эч кимге каалабайм! Ушул нерсени каалабайм…

Сагындым... Күндөр айга алмашып, мезгилдер өтсө да кусалыгым ошол бойдон. Карааныңа зар болуп калаарымды сезсемчи деги. Сагынган адамыңды бир көрүү — чоң бакыт экен. Азыр сен жок баары башкача. Баскан ар бир кадамым сени эске салат, бүтпөгөн ойсуң. Канча өтпөсүн жараатым жаңы, күйүтүм күчтүү бойдон кала берет окшойт. 

© Фото / Исмаил Мамытов Бектенова: сага айтып берчү сөздөрүм күн сайын көбөйүүдө. Эч кимге айтпаган ичимдеги сырларды сыртка чыгара албай буулугам.
Туулган күнүң менен, менин жакшы адамым! Бүгүн сага ушул катты жазууга жарадым - Sputnik Кыргызстан
Бектенова: сага айтып берчү сөздөрүм күн сайын көбөйүүдө. Эч кимге айтпаган ичимдеги сырларды сыртка чыгара албай буулугам.

Билесиңби, бош күндөрү экөөбүз эртеден кечке шаар аралап жүрчү элек. Анан убактысы келип калса намазкана издеп жөнөчүбүз, дайыма мен биринчи таап келип, сен мактап койсоң өзүмдү кыйын сезип калчумун. Намаз окуп чыкканыңча сыртта күтүп отураар элем. Азыр аябагандай көп көрөм, бирок сүйүнчүлөп айта албай ичимден эзилем.

Сага айтып берчү сөздөрүм күн сайын көбөйүүдө. Эч кимге айтпаган ичимдеги сырларды сыртка чыгара албай буулугам. Көп нерсени кобурап арызданып жатсам, дайым кайталап жүргөн "Баары жакшы болот" деген сөзүңдү уккум келет.

Көөдөнүмө батпай жаткан суроолордун жообун бир гана сен билесиң, өзүңдөн башка эч ким жооп бере албайт! Көзүмдө толгон жаш менен көкүрөгүмдөгү сагынуу сезими айтып бүтпөс арман. Бул жарыкта болуп жаткан жашоого эмне дээр элең?.. 

© Фото / предоставлено Эркинай БектеновойБектенова: кайра башынан жаратып тандоо укугун берсе, ушул эле жолду тандамакмын. Анткени сени менен өткөн ар бир ирмем баалуу, барктуу экенин жакшы билем.
Туулган күнүң менен, менин жакшы адамым! Бүгүн сага ушул катты жазууга жарадым - Sputnik Кыргызстан
Бектенова: кайра башынан жаратып тандоо укугун берсе, ушул эле жолду тандамакмын. Анткени сени менен өткөн ар бир ирмем баалуу, барктуу экенин жакшы билем.

Бирок өкүнбөйм, кайра башынан жаратып тандоо укугун берсе, ушул эле жолду тандамакмын, сенин жаныңда болмокмун. 10 жыл ичинде эч нерсеге теңдешсиз жана алмашкыс бактылуу күндөрүбүз көп болду. Сени менен өткөн ар ирмем баалуу, барктуу экенин жакшы билем.

Азыр ушул катты жазып жатканда шүгүр кылып, Жараткандан суранып "Бактыбыздан айырбачы, суук көздөн, жаман сөздөн сакта. Сүйүүбүздү соолутпай аярлап, барктап алалы" деп айткан сөздөрүң кулагыма жаңырууда. 

© Фото / Исмаил МамытовБектенова: эми менин чоң максатым бар. Ал — сендей жакшы адам болуу.
Туулган күнүң менен, менин жакшы адамым! Бүгүн сага ушул катты жазууга жарадым - Sputnik Кыргызстан
Бектенова: эми менин чоң максатым бар. Ал — сендей жакшы адам болуу.

Билесиңби, эми менин чоң максатым бар. Ал — сендей жакшы адам болуу, Кудайым берген жашты жашап, мүдүрүлсөм да сынбайм, чалынсам кайра турам. Эгер жакшылыгым көп болуп, жакшы адам болуп жашап өтсөм, анда биз сөзсүз жолугабыз, кайра табышабыз.

Туулган күнүң менен, менин жакшы адамым! Бүгүн сага ушул катты жазууга жарадым...

Жаңылыктар түрмөгү
0