Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү боюнча спортчулары. Архивдик сүрөт

Саясат көк бөрүгө да жетти. Федерация башчылыгын талашкандардын максаты эмне

1207
(жаңыланган 11:09 04.03.2019)
Эламан Карымшаков
Астана 8 мамлекетти чакырып конгресс өткөрүп, көк бөрүнүн эл аралык эрежесинен тай казанды алып салууга жетишти. Ошондон бери кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн чуусу басылбай келет. Сырттан караганда бул оюн да саясатташып кеткендей көрүнөт. Эламан Карымшаков бул кырдаалга көз чаптырып, жиптин учугун издеп көрдү.

Бир күндүн ичинде Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовду ээрден шыпырып түшүп, анын ордуна "Түндүкэлектр" ишканасынын директору Искендер Кадыркуловду шайлашты. Анын эртеси Канат Исаев 2013-жылы Көк бөрү федерациясын жетектеп турганда Казакстан негиздеген "Түрк тилдүү элдердин салттык спорту ассоциациясына" мүчө болуп кирүүгө кол койгон деген документтер тарап, аны чыккынчы деп атагандар болду.

Курултай, жок, курултай эмес...

Астана көптөн бери түртмөлөп жаткан көкпарды эл аралык эреже катары киргизгенден кийин Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Кыргызстандын таламын талашпай отуруп алды деген таризде сындар айтылып жаткан. Кызматтан кетириш керек дегендер да болгон. Бирок бир топ адам чогулуп курултай өткөрө калып, аны ээрден шыпырып түшкөнү таң калычтуу болду. Бул дагы бир күмөндүү ойго түртөт.

Саматов өзү ал күнкү курултайды легитимсиз деп айтып, аны курултай эмес, жөн гана жыйын деп эсептей турганын билдирди. Курултай өткөрүүнүн жобосу боюнча алгач карала турган маселени бекитип, ар бир регионго чакыруу жиберилиши керек. Анан алар өз делегаттарын жөнөтөт. Ушундай жол менен барышса, баары мыйзамдуу болмок дейт.

Ал күнкү курултайга Канат Исаев Көк бөрү федерациясынын экс-президенти катары катышкан. Ал эми депутат Урмат Самаев федерациянын вице-президенти болгондуктан жыйынга модераторлук кылган.

Президентти ээрден түшүрүүгө эмне себеп болду?

Биринчи себеп — Астанадагы конгресске барбай коюшу, экинчиси — бир эле учурда Кыргызстандын да, Эл аралык федерацияны да жетектегени.

Жыргалбек Саматов аны кызматтан кетирүүгө депутат Канат Исаев кызыкдар болуп, атайын уюштурганын айтууда. Ушул жерде "эмнеге?" деген суроо жаралат. Анткени Исаев Кыргызстан Көк бөрү эл аралык федерациясынын башында турганына карабай, Казакстандын "Түрк тилдүү элдердин салттык спорту ассоциациясына" мүчө болууга макулдугун берген. Ушул жана башка документтер ачыкка чыгып кетишинен коркуп, федерацияга өзүнүн адамын алып келүүгө жан үрөгөн. Албетте, бул кызматтан кеткен адамдын кадимки реакциясы болушу мүмкүн. Кантсе да акыйкаттык үчүн жазып коюшубуз керек.

Деген менен Исаевди улуттун чыккынчысы кылып көрсөткөн документ жарыяланып кетти. Мындан улам ал 1-мартта маалымат жыйын өткөрүп: "Ассоциацияга киргенибиз улуттун кызыкчылыгына каршы келди дегенге жатпайт. Ал жерде тай казанды алып салуу маселеси каралган эмес. Жетекчиликтен кеткенден кийин маселенин баарын башка бирөөгө оодарууга аракет жасалып жатат", — деп жооп берди.

Маалымат жыйындын соңунда Исаевге дагы бир суроо берип көрдүм. Анын мындай пикирин укпаганда көк бөрү саясатташып кеткенине анча ынанбайт болчумун...

— Жыргалбек Саматовду кызматтан алууга эмне себеп болду?

— Үч айдан бери көк бөрүчүлөр анын туура эмес иштерине нааразы болуп жүрүшкөн экен. Ал эми Астанадагы конгресске барбай, Кыргызстандын намысын талашпай отуруп алганы негизги себеп болду.

— Бул маселени чечүү үчүн сөзсүз президентти алмаштырыш керек беле?

— Эми алдын ала иш жүргүзбөй койду да. Өзбекстандагы чемпионатка жарым жыл калды, эми эмне кылат эле...

— Анда жаңы президент тай казан маселесин чечет деп ишенесизби?

— Эми бул ишти ага эле жүктөп койбой, баарыбыз жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Ошол эле саясатчылар, Спорт агенттиги, керек болсо өкмөт, Жогорку Кеңеш, баарыбыз аракет кылалы.

Эгер андай болсо эмнеге буга чейин эле жапа тырмак аракет кылбай, бир адамды карап отура берип, аягында аны күнөөлүү кылып коюшту? Кандай дейсиз?

Астанага барса, маселе чечилет беле?

Ошол курултайда федерация башчылыгына Таластын "Ынтымак" командасынын жетекчиси Талас Бегалиевдин талапкерлиги сунушталган. Бирок ал кызматка баруудан баш тартты. Сөз берилгенде Бегалиев  федерациянын президенти айрым учурларда чекилик кетиргенин белгилеген.

"Биз баарыбыз көк бөрүнүн өнүгүшө салым кошушубуз керек. Ички жана тышкы саясатка көз салып ар кандай кырдаалга даяр болуу зарыл. Тилекке каршы, биздин жетекчилер Астанага барбай койду. Мындан сырткары, "Өзбекстанда чемпионат көкпардын эрежеси менен болсо барбайбыз" дешүүдө. Биз барбай койсок эле оюн өтпөй калбайт. Андан көрө катышып, утуш керек", — деген чакырык таштаган Бегалиев.

Ал эми Жыргалбек Саматов Астанага барсак, мындан да жаман болмоктугун айтып жатат.

Биринчиден, алар Эл аралык Көк бөрү федерациясынын жоболорун бузуу менен конгресс өткөрдү. Экинчиден, биз барып каршы добуш бергенибизге карабай катышты деп айтылып калат. Барбагандан кийин мыйзамдуу түрдө талаша алабыз. Сауд Аравиядагы фестивалга барып келгенден кийин дагы бир конгресс өткөрүп, ушул маселени ортого салайын дегем. Мен деле мекендин патриоту катары тай казанды коргоого аракет кылып жүрөм. Башкаларга окшоп туура эмес документке кол койгон жокмун. Мамлекеттин кызыкчылыгын талашып келгем. Анан ушундай иш болуп кетти", — деди Саматов.

Менин жеке пикиримде, Саматов Казакстандын аракеттерине туруштук берүү үчүн дипломатиялык жол менен алдын ала иштерди жасашы керек болчу. Астанага барып баарын биздин эрежеге ынандыра алса, чоң жеңиш болмок. Эгер иш оңунан чыкпай калса, мындан да чоң балээге калмак. Адегенде эле "казактарга сатылып кетти" деп чыкмакпыз. Эсиңиздерде болсо, мындай сөздү 2017-жылы Астанадагы көкпар чемпионатында кыргыз улакчылары жеңилип калганын түз эфирден көргөндөн кийин да айткандар болгон.

Көк бөрү федерациясын башкаруу кандай пайда алып келет?

Оюнду ичинен түшүнүп комментатор болуп жүргөн Табылды Асыгалиев бул 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык болушу мүмкүндүгүн айтты.

"Көк бөрү федерациясына бирөө акча табайын деп келбейт. Буга элдин кызыгуусу күч болгондуктан көк бөрү менен коомчулукка таанылып, упай топтойм деген ойлору болушу мүмкүн. Менин оюмча, Жыргалбектин анчалык деле күнөөсү жок. Иштеп баштаганына аз эле болгон, анан да жалгыз болуп калды. Астанага барганда дагы жалгыз эч нерсе чече алмак эмес. Ага баары жардам бериши керек болчу", — деди Асыгалиев.

Ошондой эле ал саясат көк бөрүгө чейин жетти деген пикирде.

"Болот Шер эл аралык федерацияга баш катчы болгондо Кыргызстандын федерациясын Аскар Салымбековго тапшырган. Жыргалбек да ансыз деле ошентип өткөрүп бермек. Шашып коюшту. Бул деле саясатташып кетти окшойт. Искендер Кадыркулов Көк бөрү федерациясынын Чүй облустук бөлүмүн жетектечү. Жакшы эле иштеп жатканын билем", — деди Асыгалиев.

Мындан сырткары, ал Эл аралык федерациянын жыйынында Кыргызстандын үч добушу бар экенин белгиледи. Баш катчыныкы, федерация жетекчисиники жана ардактуу катчы катары Болот Шердики.

1997-жылы тай казанды ойлоп таап көк бөрүнүн эрежесин түзгөн гениалдуу режиссёр Болот Шамшиев Көчмөндөрдүн дүйнөлүк экинчи оюндарында казак көк бөрүчүлөрү Кыргызстандан чоң айырма менен утулгандан кийин башкача эреже ойлоп табышкан дейт. Аны менен дүйнө чемпионатын өткөрүп Кыргызстанды утуп алгандан кийин ошол эрежени өнүктүрүүгө кызыгып калганын айтууда. Ал федерациядагы жетекчилердин алмаша бериши көк бөрүнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Жаңы шайланган президент Искендер Кадыркулов буга чейин Көк бөрү федерациясынын Чүй облустук бөлүмүн жетектеген. Учурда "Түндүкэлектр" ишканасынын директору. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун бир тууган агасы.

1207
Белгилер:
Улукбек Карымшаков, Көк бөрү
Тема боюнча
Тай казан менен кош айтышабы? Астанада көкпардын эрежесин 10 өлкө колдоду
Бишкекте мындай болгон эмес! Москвадагы көк бөрүдө эл ипподромго батпай калды. Видео