Оорукана. Архив

Жон терим менен сездим. Медицинаны акы төлөөгө өткөрүү керек экен

1895
Таалайгүл Усенбаева
Колумнист Таалайгүл Усенбаева Бишкектеги ооруканалардын биринде эки күн түнөп, күбө болгон нерселерин айтып берүүнү чечти.

Мен айтып берген окуяларды окурмандар кадыресе эле көрүнүш катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок 100 адамдын бирине балким бул макала сабак болуп калаар.

Жеке менчик оорукана менен мамлекеттик оорукананын айырмасы эмнеде? Баары эле каражатка барып такалат эмеспи. Менчик ооруканага барыш үчүн көп акча керек деп ойлойбуз. Кассасына акчасын төлөп киресиң да таза, бардык шарты түзүлгөн палатада, дарыгердин кадыр-көңүлүн алам дебей тынч дарыланып чыгасың.

Өкмөткө караган ооруканалардын "мамлекеттик" деген эле аты болбосо, ал жакка деле капчыкты калың кылып барбасаң, каралбай эле калат экенсиң. Дарыгерди, наркоз берген адамды, медайымды ыраазы кылып, дары-дармектен тарта эң эле жөнөкөй бахилага чейин да сатып алып жатып чөнтөккө бир топ эле күч келгидей.

Жакында эле эжем Бишкектеги мамлекеттик ооруканалардын биринде операция болуп жатып калды. Жанында караган кишиси болсун дегенинен мен баргам.

Жума күн болчу, кишинин көбүн айтпаңыз. Бишкекте соо киши калбай калгандай. Палаталар жыкжыйма. Дарыгерлер улам бир бейтапты операцияга алып кетип жатышты. Пол жууп жүргөн санитарка эжеден "күндө ушундай киши көп келеби" деп сурасам, "бешинчи күнү атайын операцияга киши көп алышат" деди.

Ошентип ооруканадагы түн башталды. Операциядан жаңы чыгып наркоздон өзүнө келе албай онтогон, ыйлаган адамдардын үндөрү. Коридордо бүкүрөйүп араң басып жүргөндөр. Түнкү саат 3тө деле коридордо киши толтура.

Таңга жуук көзүм илинип кетиптир. Аркы керебетте өтүн алдырып жаткан эжени караган аял "дарыгер сени чакырып жатат" деп ойготту. Коридорго чыксам, эжемди операция жасаган дарыгердин бири "анестезиолог наркозго 500 сом сурап жатат" деп шыбырады. Уйкулуу көзүм менен 500 сом алып чыгып берип "операцияга да акча төлөйбүзбү" деп сурасам, "аны башкы дарыгердин өзү менен сүйлөшүп алгыла, ал биринчи күнү келет" деп басып кетти.

Палатага кирип башка бейтаптардан "наркозго акча бериш керек беле" десем, аркы керебеттеги өтүн алдырган эже "менден 1000 сом алган" деди.

Ошону менен палатада дарыгерлердин ставкасы тууралуу сөз болуп кетти. Өтүн алдырып жаткан эже Токмоктон келиптир. Чет өлкөдө иштеген кызы 200 доллар салганын айтып, аным деле жок калды деп кейип отурду.

"Дарыгерге операция жасаганына 100 доллар бердим. Андан тышкары, дары-дармегиме да бир топ акча кетти. Азыр жанымда 300 сом эле калды. Айылга кеткенге жетсе экен" деп ушкүрүндү.

Сокур ичегисин алдырган жаш кыздын ата-энеси дагы дарыгердин колун "майлаптыр". Бирок канча беришкенин айткан жок. "Алдын ала ыраазы кылып койбосоң карабай коюшат деп корктук" деди кыздын апасы.

Ыраазы кылып акча бергендерди дарыгерлер ал-абалын бат-баттан келип сурап, карап жатышты. Үч күндөн кийин эле баягы эжем менен бир күндө сокур ичегисин алдырган кызды чыгарышты. Эртеси эле өтүн алдырган эже да үйүнө кетти.

Акча үмүт кылышканбы, айтор, эжемди ар кайсы шылтоо менен бир жума кармашыптыр. Акыры эч кимге айтпай дарыгеринин чөнтөгүнө "чай ичип коюңуз" деп тыйын салгандан кийин чыгарышты. Ошондо да дарыгер "күндө 1000 сомдон берип турат го деп ойлодум эле" деп айтыптыр.

Баса, мыйзам боюнча бир дагы бейтап наркозго да, операцияга да акы бергенге милдеттүү эмес.

Ооруканада дарыгерден кийин эле өзүн "кудай" сезгендер — медайымдар. Айрымдары ийне сайыш үчүн да каадаланышат. Ийнени убагында сайып, бейтаптан көзүн албай карап туруш үчүн аларды да ыраазы кылыш керек. Антпей койсоң кыялын көрсөтүп, чакырсаң келбей, орой мамиле жасап, иши кылса өз билгенин жасашат экен.

Дары-дармек, бахила бизнеси

Ооруканада ооруну басаңдатып, дене табын түшүргөн дарыдан башкасынын баарын бейтап өзү сатып алышы керек экен. Ал тургай кескен жерди таңууда бинттен тарта спиртине чейин алып бериш керек. Биздики го сокур ичеги, операциянын эң жеңил түрү болду. Олуттуу операция жасаткандардын дарысына мындан төрт-беш эсе акча көп кетсе керек.

Оорукананын ичиндеги дарыканалар "баары бир алышат да" дегендей, дары-дармекти эки-үч эсе кымбат сатышат. Жакынынын жаны кыйналып жатса, кымбатына карабай айла жок алышат да. Андан да күндүз 5 сомдон сатылган бахила биз жаткан ооруканада кечкисин 10 сомго кымбаттап кетет экен.

Мамлекетке караган ооруканадан дарылансаң деле ушундай майда-чүйдөгө көп эле акча кетет. Бирок тиешелүү шарт жок. Ал тургай ашканасына бейтаптар жарытып чай кайнатып иче алышпайт. Кеч киргенде ал жакты дагы кулпулап бекитип салышат экен.

Бул макаланы жазуу менен дарыгер, медайымдарды күнөөлөп же кайсы бир оорукананын бетине көө жапкым келген жок. Айтайын дегеним, мамлекеттик ооруканага жатсаң деле жеке менчик ооруканада дарылангандай акча кетет. Андай болсо өлкөдө жалпы эле медициналык кызматтты толук акы алмайга өткөрүп салышпайбы.

Жок дегенде ооруканадагы шарттар жакшырып, дарыгерлердин айлыгы көбөйүп, коррупция азаймак. Дарылоо шарттары да жакшырат беле деген ой-тилек...

1895
Белгилер:
акча, дарыгер, оорукана
Тема боюнча
Өзбекстан медицина боюнча немис тажрыйбасын өздөштүрмөй болду
"Буура болуп кеткендер" бушайман кылып... Чынында 5500 сом аздык кылат