Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив

Бетиңерге эле айтайын, Instagram жалганчылардын уюгуна айланып баратат!

2260
(жаңыланган 18:51 15.03.2019)
Колумнист Эламан Карымшаков Instagram тармагындагы жашоого ишенбейм дейт. Ал жактагы адамдардын чымынды пил кылып көрсөткөнүнө бир аз кейип, айрымдар виртуалдуу жашоодо башкача беткап кийип алышарына токтолду.

Жаркын маанай тартуулаган жаз келди. Күн жылып, жер көктөнүп, көчөдө кыздар жайкала басып жигиттердин көзүн күйдүрүүдө. Ушинтип жаз өз нугу менен кете берет, бирок менин айта турганым башка...

Мен сиздерге Instagram тармагындагыдай жашоону каалайт элем. Ал жакта жашоо жыргал, баары сонун, биринен ашкан бири сулуу, биринен ашкан бири кыйын. Айранга нан малып жеген жөнөкөй адамдар чанда. Кыздардын баракчасына кирсең, Бишкектеги клуб, ресторандардын жарымын менчиктештирип алгандай жүрүшөт. Дүкөнгө жумушка баргандай бараткансып, кийимдери шумдук. Эми сулуулугуна суусап жатып каласың. Жигиттер деле кем калышпайт, унаасын кучактап же спорт залда койкоюп түшкөн сүрөттөрүн жүктөйт. Кээ бирлери өзүнчө эле бизнесмен, Дубайдагы Бурж-Халифа мунарасын куруп койгондой мурдун көтөрөт. Бирок "бирок" деген жери бар...

Анын баарына ишенбегиле, Instagram жалганчы болот экен. Эгер андагы жашоо чын болгондо, баарын таштап ошол жакка кетип калмакмын. Байкасам Instagram бизди жасалмалуулукка, алдоого жана текебердикке үйрөтүп жаткансыйт. Минтип кете берсек, дээрдеги талантты тебелеп, жылдыздардын жашоосун туурап эт менен челдин ортосунда калгыдайсың.

Жөнөкөй эле мисалдан баштайын, суйкайып турган сулуунун сүрөтү канча түйшүк менен жараларын көбү биле бербесе керек. Бир эле ракурстан аз дегенде 50-60 кадр жасап, анын ичинен бешөөнү жактырып, андан бирөөнү тандай албай 15 мүнөт тиктеп отурат. Эптеп бирөөнө токтолот да болушунча эффект берип, бетин жууп-тазалап, ары-бери жагын түздөгөнгө жарым саат кетет. Анан астына акылдуу сөз жазып койгонун кантейин. Өзүнүн пикирин жазса мейли эле, Google байкесинен уурдап келет да. "Бул дүйнөдө эч нерсени жарытпаган, жан дүйнөсү жакыр адамдар жана куру сөздөр толтура" деп саат 10.30да уйкудан туруп алып жазат. "Эркектердин бир эле кемчилиги бар — өзүнүн сүйгөн кызы менен сыймыктана албайт", "Ар дайым эстеп жүр, тапанча же кылыч сага чыныгы күч болуп бере албайт. Сенин чыныгы күчүң — аялың!" дейт да, WhatsApp мессенджерине кирип "Жаным" деп жазган үч жигитке эркелеп жооп берет. Анан кантип анын сулуулугуна, акылдуу сөздөрүнө ишенесиң?

Ал эми эки курбунун чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөө өзүнчө бир азап. Бирине жакса, экинчисине жакпайт. Кээде курбусуна айтпай жүктөп койсо, "өзүң сулуу болсоң эле мени карабай киргизе бересиңби" деп жүз карашпай калышат. Кооз жерлерде жүргөн сүрөтүн киргизип жаткандар да алдашы мүмкүн. Алар күнүгө эле чартаңбай тээп жүргөн жок да. Бир жерге барганда көп жолу сүрөткө түшүп алган. Ошону кукси жеп отуруп бөлүп-бөлүп жүктөй берет.

Эми жигиттер тууралуу айталы. Адегенде эле машинасын кучактап түшүп мактана калат. Билет да, унаасы бар жигиттерге кыздар көбүрөөк көңүл бурат. Машыгуу залында түшкөн сүрөтүн киргизип өзүн спортчу катары көрсөткүсү келет. Бирок кармаша келсең үч мүнөттө шалдырап жатып калат го. Модель жигиттер бар, алар чыныгы салабаттуу эркектердин элесин чагылдырса жакшы болмок. Кээ бирлери кыздарга окшоп назик эле болуп баратат. Колун кармасаң былбырап жумшак, катуурак кыссаң бир манжасы сынып кетеби деп коркосуң.

Акылдуу сөздөрдү жазган эркектер да бар, "Алар ата-энесинин акчасына жыргай берсин, биз ийгиликке кечирээк жетебиз, бирок өз күчүбүз менен", "Мен жарым-жартылай достошуп же сүйө албайм, жан дүйнөмдүн баарын арнайм же эч нерсе бербейм" деген сыяктуу куру сөздөрдү жазбай эле койбойлубу.

Мен муну менен бирөөгө сынтагып же кээ бирлерди шылдыңдагым келген жок. Ар ким жеке баракчасын кандай колдонушун өзү билет. Бир эле сураныч, келгиле достор, жасалмалуулуктан арылалычы. Албетте, жакшы жактарыбызды гана көрсөткөнүбүз туура нерсе. Бирок тезектен гүл жасап, жок эле нерсеге мактанып текеберленүүнүн эмне кереги бар? Бул алдамчылык менен барабар да. Сүрөтүн көрүп таанышып, жолугууга барганда качканга шашып калган окуялар болуп эле жүрбөйбү. Өзүбүз кандай болсок, соцтармакта да ошондой бойдон калалычы. Бирөөнү туурап, ага окшош болууну кыялдана бербей, өзүбүздүн мыктылыгыбызды көрсөтпөйлүбү. Анда жок нерсе сенде бар да. Сага жыргал жашоосун көрсөтүп жаткан адамдар да экран артында көп эле ыйлашат.

Мындай пикирди мен эле айтып жаткан жокмун, АКШдагы Пенсильвания университетинин психологдору изилдөө жүргүзүп, Instagram тармагын колдонуп жаткан маалда адам өз жашоосун ал жактагыларга салыштырып, мындан улам башкалар мыкты жашап жаткандай сезимде кала турганын аныктаган.

Экспериментке Facebook, Instagram жана Snapchat тармактарын активдүү колдонгон 143 студент катышкан. Алар эки тайпага бөлүнүп, биринчиси соцтармакта адаттагыдай көп отурса, экинчи топ бир суткада жарым сааттан көп эмес колдонгон. Натыйжада биринчи тайпанын катышуучулары экинчи топко салыштырмалуу эксперимент маалында көбүрөөк жалгыздыкка кабылып, депрессияга учурагандыгы белгилүү болгон.

P.S: Эгер сиз жогоруда айтылгандардын катарында болбосоңуз, жүрөккө жакын албаңыз. Туура десеңиз, анда текебер досторуңузга жөнөтүп коюңуз.

2260
Белгилер:
Instagram, Сүрөт, адалдоо, жигит, кыз, социалдык тармак
Тема боюнча
Кара далы болуп калба, карагым. Кыздар кыжырды кайнатканда
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты дрон Bayraktar TB2. Архив

Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты

228
21-кылымдын куралы арзан боло албайт, ошентсе да сокку уруучу учкучсуз аппараттын баары эле жеңишке жеткире бербейт.

Мында чечүүчү ролду мамлекеттин аскерий уюмунун системасы, коргоо өнөр жайы, арсеналы жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң мааниге ээ. Карабах чыры Түркиянын Bayraktar TB2 аппаратынын мыктылыгын эмес, Армениянын өз күчүн ашкере баалаганын жана кургакта коргонуусу начар экенин көрсөттү. Аймакта чыккан чырда колдонулган курал-жарак жана техниканын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Тоолуу Карабахта атышуу токтогондон кийин медиа айдыңда окуяга баа берген бир топ комментарийлер, ой пикирлер жарыяланды. Ток этери эки сүйлөмгө сыят:

  1. Азербайжан Түркиянын учкучсуз аппаратына ээ болгону үчүн жеңишке жетти;
  2. Россиянын ПВО системалары азыркы "дрон согушунда" майнапсыз болуп калды.

Абалга минтип өзөгүн көрбөй жалпылап баа берүү эксперттердин аскердик билиминин тайкылыгы жана Армениянын аскердик техникасы менен өздүк курамынын көз көрүнөө жеңилип жатканы менен түшүндүрүлөт. Бирок реалдуулук биз көргөн-билгенден алда канча татаалыраак.

Адам жашоосунда керемет болбойт, кинонун баары режиссердун көз карашы, ойлоп тапканы менен тартылат. "Байрактар" жана Азербайжандын учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан тартылган видеосюжеттер алгач каршылаштын духун түшүрүүгө жана Түркиянын бул аппараттарын дүйнөлүк курал рыногунда жарнамалоого багытталган. Ал эми кадр артында ПВО жана радиоэлектрондук тирешүүдөн жеңилген ондогон дрондор калды.

Согуш талаасында каршылашты ментинен тайдыруунун негизги куралы артиллериялык курал, залптык оттун реактивдүү тутуму болуп кала берет. Куралдуу күчтөрдө да өзү учуучу аппараттарга караганда стволдук жана реактивдүү артиллерия басымдуулук кылат.

Мисалы, 1 миллион доллар турган Bayraktar болгону 150 килограмм ок-дары көтөрүп, керектүү жерге чейин жеткире алат, ал эми баасы кыйла арзан болгон залп оттун реактивдүү тутумунун жүгү 1 тоннага чейин жетет. Демек, артиллерия бутаны жок кылуунун "өз баасын" бир топ эле төмөндөтүп коет. Аскердик бюджеттин көлөмү жеңишке кепилдик бере албайт. Алсак, Пентагон ушунча жылдан бери Афганистандын асманында үстөмдүк кылганы менен кургакта талибдерди жеңе албай келет.

Өзүнө өзү ашкере ишенүүчүлүк

ПВОнун туура уюштурулган эшелондук системасы каршылаштын ири сандагы учкучсуз аппаратын жок кыла алат, ал эми радиоэлектрондук чалгындын каражаттары көз ирмемде душмандын ок атууну тескеген пунктулардын дайын-дарегин аныктоого жөндөмдүү. Армян армиясынын Карабахта колдонгон ПВО комплекстеринин тийиштүү деңгээлде коргой албаганына "эскирип" калганы эмес, бир беткей системанын жоктугу, аракеттердин башаламандыгы себеп болду. Белгилей кетсек, 1960-жылдары чыккан "Стрела-10" жана "Оса-АКМ" комплекстери айрым учурда сегиз чакырым жерден "Байрактарга" жетпей калып жатты. Ал эми заманбап делген "Тор-М2КМ" менен "Бук-М2Э" Ереван менен Мецамор атомдук электр станциясын гана коргоп жатышты.

Дагы бир маселе, маскировка таптакыр көз жаздымда калды, айрым объектилер "мен бул жактамын, өлтүр мени!" деп кыйкырып жаткандай эле болду.

Экинчи жагынан Түркиянын өзү учуучу аппараттары "кокусунан" Карабахтан Армениянын чек ара аймагына кирип калып жатты. Буларды ал жакта иши жолго коюлган ПВО жана радиоэлектрондук тирешүү каражаттары эч көйгөйсүз ордуна коюп келди.

Карабах боюнча 1994-жылкы жеңиш армян армиясынын кынтыксыздыгы тууралуу мифти жаратып, ондогон жылдар бою бул ойду бекемдеп келген. Аракс дарыясынан Мрава тоо кыркаларына чейинки 100 чакырым аралыкта бир да кыйраткан инженердик курулуштун жоктугун да өзүнө катуу ишенгендиктен деп билсек болот. Үстү жагы ачык окоптор, өзүнчө турган блиндаждар — өткөн кылымдын оокаты. Армян тарап темир бетондон жасалган ок атуу жайлары жана жер алдынан өтүүчү коммуникация түйүнүнө таптакыр баш оорутпаптыр, буга чейрек кылып убактысы бар эле. Абал ушундай болуп турганда 2019-жылы өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян: "Карабах — бул Армения" десе, коргоо министри Давид Тоноян: "Жаңы согуш үчүн жаңы аймактар" деген концепциясын жар салган.

Армян армиясынын потенциалы 27-сентябрга карата Азербайжандан кыйла артта болчу, ошентсе да каршылаштар адамдарынан да, техникасынан да бирдей эле оор жоготууга учурады. Азербайжандын түштүктөгү күчү кайсы бир убакта он эселеп алдыга кеткени менен бир айда 30-40 чакырымга эле жылганы маалым болду. Нары-бери кыла коем деген Бакунун ою ишке ашпай калды. Ал эми калкалоосуз, борбордук башкаруусуз калган армян аскерлеринин, ыктыярчыларынын эрдигине баа берүүгө болот.

Сирия жана Ливия тажрыйбасы

Россиянын ПВО системалары менен Түркиянын учкучсуз аппараттарынын атаандаштыгына кайрыла турган болсок, Сирия менен Ливиянын аба мейкиндигиндеги "Тор-М2КМ", "Бук-М2Э" жана "Сосна" зениттик ракета комплекстеринин ырааттуу иштешинин натыйжасындагы "дрон жаанын" эстөөгө болот. Майнаптуулугун "Панцирь-1" комплекси да көрсөткөн. Эгер аталган техниканы Карабахка өз убакында жайгаштырып колдонгондо, Түркиянын "Байрактары" алапайын таппай калмак.

Россия тынчтык орнотуу миссиясынын акагында Тоолуу Карабахка радиоэлектрондук тирешүүнүн жапжаңы "Леер-3" комплексин жөнөттү. Анын максаты GSM стандартындагы уюлдук байланыш сигналдарын басаңдатуу жана 3G менен 4G түйүндөрүн иштен чыгаруу болчу. Комплекс бир КамАЗ автоунаасынан жана 120 чакырым радиустагы "Орлан-10" деп аталуучу эки-үч учкучсуз аппараттардан турат. Бул аппараттар телефон, планшеттерди таап, чалгындап, маалыматтарды санарип картага түшүрүп, аларды сокку уруу үчүн артиллерияга жиберип тура алат. Карабах чыры толук чечилген жок, болгону токтоп калды. Ал эми ПВО менен чалгындоо каражаттары өз маанисин таптакыр жоготкон жок.

228
Белгилер:
согуш, сокку, ракета, техника, курал, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды
АКШнын жаңы шаланган президенти Жо Байден. Архив

Байден АКШны Европанын "камчысын чаптырабы"?

152
(жаңыланган 14:14 26.11.2020)
Европа өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча жана өзүнүн геосаясий ролун бекемдөөгө тырышып келе жатып эле Вашингтонго алардын өз алдынчалыгына жол бербей турган күчтөрдүн кайтышын кызуу кубаттоодо.

Еврокеңешти тескеп турган Шарль Мишель Жо Байденге "бекем трансатлантикалык альянсты калыптандырууну" сунуштады. Эгер ал бийликти колго алып, Ак үйгө баш бакса (ушундай болору айкын болуп калды), европалык жетекчинин бул каалоосунун ишке ашышына бардык негиз бар. АКШнын мамлекеттик катчылыгына болжолдуу кудаланган талапкер Энтони Блинкен "глобалдык альянстардын коргоочусу" болуп саналат. Мындай сунуштун келечеги тууралуу Ирина Алкснис ой калчаган.

Европа АКШ президентинин ролунда дал Байденди көргөнүнө кубанары ал жактагы лидерлердин биринен бири озуп шайлоодогу жеңиши менен куттуктап жатканынан эле байкалган. Ал эми ФРГ өзү ачык билдиргендей эле "дагы төрт жыл Трамп менен иштешүүгө көңүлү жок болчу". Бир гана Европа үчүн эмнеге Кошмо Штаттардын жетекчилигине глобалисттер — Вашингтон башында турган бир полярдык дүйнөнү сактап калууга далбас ургандардын келишине кызыкдар экени түшүнүксүз. Себеби бул алардын өз алдынча болууга жана жарым вассалдык көз карандылыктан арылууга умтулуусуна каршы келет эмеспи. Европада америкалык маанайдагы күчтөр жеңип, өз өлкөлөрүн Кошмо Штаттарга курмандыкка чалабы деп болжоого болот эле. Бирок фактылар башканы көрсөтүүдө. Маселен, Германия өкмөтү АКШда "Түндүк агым – 2ге" каршы даярдалган экстерриториалдык санкциялардын ылайык келбестиги боюнча өз позициясын билдиргени бар.

Ошентип Европа өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча жана өзүнүн геосаясий ролун бекемдөөгө тырышып келе жатып эле Вашингтонго алардын өз алдынчалыгына жол бербей турган күчтөрдүн кайтышын кызуу кубаттоодо. Балким мунун жандырмагын төрт жыл мурунку окуялардан издеген оңдур.

Ак үйгө келгенде Дональд Трамп АКШнын катыштыгы менен даярдалып жана ал түгүл кол коюлган эл аралык келишимдердин көпчүлүгүнөн баш тарткан. Айтылуу Трансатлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүк боюнча макулдашуу да ошондой тагдырга кабылган. Дүрбөлөң түшө берчүлөр Америка ошол келишим аркылуу Европанын ресурстарынын баарын өзүнө алат деп коңгуроо кагышкан.

Бирок өз мамлекетине экономикалык пайда алып келген ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого ашыккан Трамп Америкага узак жылдар бою "алтын жумуртка уялап берчү" бул иштен эч буйдалбастан баш тарткан. Анан да бул макулдашуулардын баары чындыгында Кошмо Штаттарга дегеле пайдасыз экенин билдирген. Балким бизнесте дасыккан америкалык патриоттун айтканы жөндүү чыгар.

Глобалисттердин (анын ичинде америкалыктардын да) улуттук кызыкчылыкты карманарын боолголоо чоң жаңылыштык. Алар үчүн Кошмо Штаттар негизги эмиссиялык борбор жана планетанын эң күчтүү армиясы катары маанилүү болушу мүмкүн. Бирок дээрлик 330 миллион калкы бар эбегейсиз өлкө аларга жүк болор. Анын өнүгүшүнө салым кошуп, көйгөйлөрүн чечүүдөн көрө андан кечип койсо болор. Антсе да глобалисттердин нагыз кызыкчылыктары жана сезимдери деле дүйнө жарандары катары башка нерселерге байланган болушу мүмкүн. Ошол эле Энтони Блинкендин бала чагынын басымдуу бөлүгү Парижде өтүп, анын калыптанышына европалык өгөй атасы таасир эткен. Андыктан мамлекеттик катчылык кызматта ал АКШнын улуттук кызыкчылыктары менен гана иш алпарарынан шек саноолор кыйла мыйзам ченемдүү. Мындан улам Европанын позициясы да түшүнүктүү боло түшөт. Акыркы он жылдыкта ал өз көздөгөнүнө түп-тамырынан америкалык тереңдиктен ажыратылган мамлекеттин жардамы, ошону менен бирге эле "эркин дүйнөнүн лидери" жана жападан жалгыз күчтүү державанын алдында тизе бүгүү менен жетүүгө үйрөндү. Иран өзөктүк келишимин эле эстеңиздерчи, жарым-жартылай ал Обаманын президенттигинин эң чоң жеңиши деп да аталып жүрбөйбү. Бирок ал келишимге АКШга караганда Евробиримдик көбүрөөк кызыкдар эле. ЕБ дале көп мамилелерде Кошмо Штаттарга муктаж, маселен, өз армиясын түзүү далалаты азыр көрсөтүүгө тырышканчалык деңгээлде эмес. Бул жаатында америкалыктарга альтернатива болууга жакын арада жетишери мүмкүн эмес.

Евробиримдик үчүн Россияга геосаясий, экономикалык жана ошол эле аскердик тең салмак керек. Ал эми Москвада батыш багытында бир топ жагымдуу шарттар жаралууда, бул батыш европалык борбор калааларга жагары арсар. Натыйжада бир кызык жагдай байкалат: Европа көпчүлүктүн көзүндө АКШ үчүн чыгыштоо каражаттары гана сымал, бирок чындап келсе америкалыктарды аёо зарыл. Алар европалык айлакерликтин курмандыгына айланып, өз элитасы тарабынан сатылышы ыктымал.

 

152
Белгилер:
Дональд Трамп, Жо Байден, Батыш, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Батыш өзүн-өзү кыйратууга чамындыбы? Ой толгоо
Бактын аяздуу бутактары

Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы

0
Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында аба ырайы климаттык норманын чегинде болмокчу. Жаан-чачын дагы айлык нормасынан ашпайт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан боюнча декабрь айынын аба ырайын алдын ала билдирген синоптиктер адаттагыдан айырмаланган көрүнүштөр болбостугун айтты. Анткен менен өлкөнүн тоолуу аймактарында сууктун күчү 34 градуска чейин жетери кабарланды.

Среднемесячная температура по Кыргызстану в декабре 2020 года
© Фото / Кыргызгидромет
Кыргызстандагы 2020-жылдын декабрьда орточо айлык температурасы

Чүй облусунда жалпы жонунан суук 16 градуска чейин түшүп, ал эми жылыганда 2 градуска көтөрүлөт. Ал эми Таласта жалпы жонунан суук 18 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын нормадан арбын болушу күтүлүүдө. Көл кылаасында жылуулук 8 градустан ашпайт. Ал эми Теңир-Тоодо сууктун күчү декабрда -20…-25 градуска жетери айтылды.

Световая карта среднемесячного количества осадков по Кыргызстану в декабре 2020 года
© Фото / Кыргызгидромет
Кыргызстандагы 2020-жылдын декабрьда орточо айлык жаан-чачын

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы боюнча алганда -1…-3°, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3°…+2 градустан -5…-10 градуска чейин болору айтылды. Ал эми күндүз -2°…+3°, +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -11…-16, түндүк тарапта -15…-20, күндүз -3…-8 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3… -8, күндүз +1…+6 градустун тегерегинде болушу күтүлөт.

Кээ бир күндөрү абанын температурасы -12…-17, күндүз -4…-9 градус болору айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасын алганда -2…-4° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4 …+1 градустан, -6…-11ге чейин, күндүз -3 ... +2 градустан +6…+11 градуска чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9° болору айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -1…+4° жылуу болсо, күндүз термометр 0…+5 градустан +7…+12° чекке чейин көрсөтүп турат деп болжолдонду.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2 градустан -4…-9га чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4...+1 жылуулуктан +5…+10 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болору айтылды.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2°, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустан -1…+4 градуска чейин болот. Күндүз 0…+5тен +7…+12 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турары айтылды.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2ден -4…-9 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4 …+1ден жогорулап, +5…+10° чейин өзгөрүп турат.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден -5…-10 градуска чейин, күндүз 0…-5тен +2…+7 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.

Баткен облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2 жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -1 …+4 градуска чейин, күндүз 0…+5тен +7…+12 градуска чейин чыгышы мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2ден -4…-9 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -4 …+1ден жогорулап, +5…+10 градуска чейин өзгөрүп турары айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Көл кылаасында жылуулук 8 градустан ашпайт.

Абанын айлык орточо температурасы 0…-2, чыгышында -3…-5 градус болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан -7…-12 градуска чейин өзгөрөт. Ал эми күндүз +3…+8 градустун тегерегинде болушу күтүлөт. Бирок кээ бир күндөрү 0…-5° көрсөткүчкө чейин төмөндөй турганы айтылды.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы -10…-12, Кочкор районунда -7…-9° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон тарта -14…-19 градуска чейин, күндүз -2 …+3төн -4…-9 градус суукка чейин өзгөрүлүп турары айтылды. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -20…-25 градус, күндүз -11…-16 градуска жете төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Бул аймакта аталган айда плюс деген көрсөткүчтү жолуктурууга болбой турганын синоптиктер билдирди.

Абанын айлык орточо температурасы -12…-14° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн тарта -15…-20° суукка чейин өзгөрүлүп турарын кабарлашты. Кээ бир түндөрү -23…-28 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -3…-8ден тарта -9…-14° суук болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Чаткал өрөөнү

Бул аймакта да плюс деген көрсөткүчтү жолуктурууга болбостугун төмөнкү маалыматтан окууга болот.

Абанын айлык орточо температурасы -10…-12° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон тарта -14…-19° болуп өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -21…-26 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2…-7ден баштап -8…-13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Суусамыр өрөөнү

Аталган өрөөндө эң төмөнкү көрсөткүч түнкүсүн, тагыраагы, -34 градуска жетери айтылды.

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулайт да, -14…-18° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15тен тарта -18…-23 градуска чейин, күндүз -2…-7ден баштап -10…-15° болуп өзгөрүп турушу күтүлөт. Кээ бир учурда түнкүсүн -29… -34 градуска, күндүз -16…-21 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

0
Белгилер:
кыш, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Эртең мененки жана күндүзгү Бишкектин чочуткан көрүнүшү. Видео
Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы