Черчиллди суктантып... Индиялык армиянын II дүйнөлүк согушта билинбей калган эрдиги

© AFP / British OfficialНаступление британских войск на Рангун в Бирме
Наступление британских войск на Рангун в Бирме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк тарыхтагы белгилүү саясатчы Махатма Ганди британиялык баскынчыларга каршы куралсыз каршылык көрсөтүү идеологиясынын аркасы менен элин эркиндикке жеткирген деген көз караш бар.

Гандинин мындай мүдөөсүн Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан индиялык эки миллиондон ашык ардагер колдогонун коомчулук көп биле бербейт. Колумнист Алмаз Батилов дал ушул жагдай тууралуу кененирээк баяндап бермекчи.

Уулу Британиянын Индостан контингентинде колониялык армия түптөшү

Эске сала кетсек, XX кылымдын башында британиялык Индиянын калкы (бүгүнкү күндө Бирма, Пакистан, Бангладеш, Шри-Ланка жана Индиянын аймагы) 350 миллион адамга жеткен. 150 миң англиялык чиновник бул колонияларды 3 миллион жергиликтүү кызматкер жана жалданма 300 миң аскерге таянып көзөмөлдөгөн. Жергиликтүү жоокерлер толугу менен британиялык офицерлерге баш ийчү.

Расмий Лондон колониялык армиясына Индия жана Непалдын жоокердик касталарынан аскер жалдаган. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Улуу Британиянын катарында Европа жана Жакынкы Чыгыштагы фронттордо 1 440 437 индиялык жоокер согуш талаасына чыккан. Расмий Лондондун казынасы үчүн Англия жана австралиялык жоокерлерге караганда индиялык аскерлерди жалдоо арзан эле.

Индиялык аскерлердин фашисттик Германия менен Италияга туруштук бериши

Экинчи дүйнөлүк согуш индиялык жоокерлер үчүн 1940-жылы май айында башталды. Тилекке каршы, пенджаб раджпут элинен чогулган аскерлердин бир ротасы толугу менен немис армиясынын туткунуна түшөт. Калган индиялык бөлүктөр Улуу Британияга эвакуацияланууга үлгүргөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеңишке 10 мүнөт жетпей калган өмүрлөр... Ардагерлер кан майданды эскерет
"1940-1941-жылдары индиялык эки дивизия Сомали, Судан жана Эфиопияда фашисттик Италия армиясынын таш-талканын чыгарат. Алар 40 миң италиялык аскерди туткунга түшүрүп, 300 замбиректи олжологон" деп Уинстон Черчилль "Экинчи дүйнөлүк согуш" аттуу китебинде жазган. Ал эми алгачкы жолу өзгөчө эрдиги үчүн теги индус лейтенант Проминдра Сингх Бхагат Улуу Британиянын жогорку аскердик сыйлыгы "Викториянын крести" менен сыйланган. Мындай жогорку сыйлык менен индиялык 29 жоокер сыйланган.

1941-жылы декабрь айынан баштап фашисттик Германияны колдоп, япон бийлиги АКШ менен Англияга жана алардын өнөктөштөрүнө каршы согуш жарыялайт. Тилекке каршы, Улуу Британиянын аскер башчыларынын мажирөөлүгүнүн айынан Сингапур менен Индонезиядагы салгылашта 60 миңден ашык индиялык аскер Япониянын туткунуна түшкөн. Ошол эле маалда япон армиясы индиялык жоокерлердин эрдиги менен өжөрлүгүнө таң калган. 1942-жылы күнчыгыштыктар Англия менен Индиянын бириккен армиясына сокку уруп, Бирманы басып алган.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы эң ири жалданма армия

1942-жылдын июль айынан баштап айласы кеткен Англия Индияда бүт касталардын өкүлдөрүн армияга жалдаганга мажбур болду. 1943-жылдын аягында британ армиясынын курамында индиялык жоокерлердин саны 2 миллионго жетти. Мындан тышкары, расмий Лондон индиялык аскердик академияда жергиликтүү курсанттардын санын үч эсе көбөйтүп, офицерлерди даярдаган окуу жайларды ачууга аргасыз болду. Мындай кадам 1945-жылы индиялык офицерлердин санын 20 эсеге өстүрдү. Ал эми Улуу Британия аскердик продукция чыгарган жаңы ишканаларды ачканга барды. Бул үзүрүн берип, Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнчө Индия өзүнүн аскердик бөлүктөрүн 90 пайызга ок-дары, курал-жарак жана башка жабдыктар менен камсыздаганга жетишти. Ошентип Индия өзүнүн жоокерлерин тамак-аш менен камсыз кылып, башка чыгымдарын да толугу менен көтөргөн.

1942-1944-жылдары Индия менен Бирманын чек арасында индиялык жана япон аскердик бөлүктөрү катуу салгылашып жаткан эле. Эки жактын тең жоокерлери бир жагынан бири-биринин огунан каза болсо, экинчи жагынан тропикалык оорулардан кырылып жатты.

Рейхстагга орнотулган СССРдин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
Япон генералдары менен Индиянын көрүнүктүү саясий ишмери Субхас Чандра Боос мурда туткунга түшкөн 8 миң индиялык жоокерден өзүнчө "Индиянын улуттук армиясын" кураган. Буга чейин Боос британиялык баскынчыларга каршы күрөш жүргүзүш үчүн Коминтерн жана Гитлер менен кызматташууга барган. Расмий Токио бул аскердик бөлүккө таянып, Индияда Англияга каршы көтөрүлүш чыгарууга үмүттөнгөн. 1944-жылы февраль айында 100 миң япон жана 8 миң индус жоокери Индияга чабуул коёт. Февраль айынан баштап июль айына чейин индус жоокерлери япон армиясына айыгышкан каршылык көрсөтөт. Эки тарап тең жолдун жоктугунан тоо менен чер токойлордо оор замбиректерди ташуу үчүн пилдерди пайдаланган. Натыйжада индус жоокерлери жеңишке жетишкен. Ушул салгылашууда индус бөлүктөрүнүн 40 миң аскери окко учту. Ошол эле учурда ар түрдүү тропикалык оорулардан 82 миң индус жоокери каза болгон.

Ал эми туткундардан куралган "Индиялык улутук армиясы" толугу менен кандаштарынын тарабына өтүп кеткен. Белгилей кетчү жагдай, индус жоокерлери аларды чыккынчы деп эсептеген эмес. Тескерисинче, Индиянын патриоттору деген пикирде болушкан. Бирманы япон баскынчыларынан бошотууга өнөктөш өлкөлөрдүн армиясынан куралган 1 миллион аскер катышкан, анын 700 миңи индус аскерлери эле.

Бул индиялык аскердик бөлүктөрдүн Батыш Европада фашисттик Германия менен согушуп жаткан учуру эле. 1943-жылы биринчилерден болуп алар Сицилия аралына десант болуп түшкөн. Индиялык аскердик бөлүктөр италиялык партизандар менен биргеликте Флоренция шаарын гитлерчилерден бошоткон. Ошондуктан фашисттик Германиянын аскердик чалгын кызматынын пикиринде индиялык жоокерлер эң мыкты эле. Индус аскерлери алгачкылардан болуп Югославиянын чек арасына чыккан. Британиялык маалымат каражаттары расмий Лондондун башка колониялык аскерлердин ичинен индиялык жоокерлердин гана эрдигине суктанып жазганда, Черчилль алардан "Улуу Британия менен Индиянын бириккен армиясы деп жазгыла" деп талап койгонго аргасыз болгон.

Индияны бошотууга мажбурлап

Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унутта калган даңазалуу Кричев дивизиясы. Фрунзеликтердин белгисиз эрдиги
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Бириккен падышалыктын ар бир төртүнчү аскеринин теги индиялык эле. Бул согушка Англия эки миллиондон ашык индусту жалдаган. Негизги чыгымды Индия өзү төлөгөн. Ошондуктан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда индиялык аскердик бөлүктөр эң ири жалданма армия деп эсептелет.

Согуштан кайтып келген индус жоокерлер Махатма Гандиге чоң күч беришти. "Индиядан чыгып кеткиле!" деген ураан менен англиялык баскынчыларга каршы өлкөдө уюшкан нааразылык акцияларын башташты. Мындай аракет расмий Лондондун үрөйүн учурган. Дал ушул себептен улам 1947-жылы 15-августта Улуу Британия индус аскерлеринин кысымына чыдай албай, жыйынтыгында Индияга эгемендүүлүк бергенге аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0