Жаркын маанайда жүрүүнүн 15 эрежеси. Таңдын ырыскысы тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын көтөрүп турган ата. Архив
Кызын көтөрүп турган ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын баары эле алтын, күмүш, жакут издей бербейт. Бирок бакытты, жакшы маанайды издебеген, эңсебеген адам жок. Жакшы маанай — бул каалгаңды каккылап өзү кайрылгыдай кудайы конок эмес. Аны атайын чакыруу керек. Келгенден соң кетирбей алып калуу үчүн аздектеп асыраңыз, ага кызыктуу болуңуз.

Жакшы маанайдын башаты таңда. Бекеринен кыргыз эли таң заарда Жараткандын ырыскысы себилет деп айтпаса керек. Байкашымча, мындай маанидеги макал дүйнөнүн дээрлик ар бир калкында бар. Демек, күнүңдүн кандай өтүшү - аны кандай баштаганыңа өтө байланыштуу. Башкача айтканда, күндүн башталышы — күндүн падышасы. Ошондуктан бир канча жылдан бери өз тажрыйбабыздан өткөрүп, берекесин жана рахатын таткан ушул багыттагы айрым тартип-эреже менен бөлүшсөк дейм.

1. Күндү тосуп алыңыз. Күн сизди тосуп албасын. Канча адамдар күн чыкканча уктайт. Муну менен алар таңкы ырыскысынан эле куру калбастан, өмүрдүн эң берекелүү ирмемдерин ысырап кылып бошко кетиришет. Таңкы абадай таза аба күндүн башка бөлүгүндө болбойт. Таңкы убактагыдай мемиреген бейпилдик, сулуулук, куштардын кооз үндөрүнүн симфониясы, акыл-ойдун, пикирдин тазалыгы башка сааттарда кайталанбайт. Бул өмүргө келип супа салган таңды көрбөө — Египетке барып пирамиданы, Москвага барып Кызыл аянтты көрбөгөндөй эле кеп. Таң — бул сенин убактың. Кандай иш кылсаң да эч ким тоскоол болбойт. Бир аздан соң балдарың ойгонот, анан телефон чалуулар башталат, ошентип отуруп шакардай кайнаган турмушка кайрадан баш-отуң менен кирип кетесиң...

Обсуждение сирийского кризиса в Женеве - Sputnik Кыргызстан
Жер байлыгы алтын-күмүш болсо, эл байлыгы эмне? Салам берүү сабагынан
2. Ойгонгон соң дароо туруп кетпей көздү ушалап бир аз отуруңуз. Анткени бир абалдан экинчи абалга тез өтүп кетүү зыяндуу болушу мүмкүн. Ошон үчүн көлгө түшөрдө адегенде суудан сузуп денеңди муздакка көндүрөсүң. Балбан күрөшкө чыгардын алдында керилип-чоюлуп, денесин кызытат. Ошол сыяктуу эле жатып уктаган абал менен туруп ойгоо өткөрчү абалдын ортосун бир аз убакытка отурган абал бириктирсе туура болот. Анан "кичик өлүм" аталган уйкудан аман-эсен ойгонуп, ушул күндү көргөн үчүн Жаратканга чексиз шүгүр айтыңыз. Канча адам түндө жумулган көзү кайрадан ачылбай калганын эстеңиз...

3. Ниетиңизди түздөңүз. Түз жүргөн адам кем болбойт, назардан калбайт, оңойлук менен балакетке учурабайт, ызат-аброй күтөт. Түз жүрүм ниетти түздөөдөн башталат. Ошондуктан "буюрса, бүгүн жакшыны аткарам, жамандан сактанам" деп бекем ниет кылыңыз. Ниет кылуу жепжеңил, опоңой. Бирок анын адам дилине жана аракетине тийгизген таасири эбегейсиз. Ар кандай амал эки кадам менен ишке ашат: биринчиси — ниет, экинчиси — аракет.

4. Күндү күлүп баштаңыз. Жылмайыңыз. Адамдын түрү өзгөрсө, дили да өзгөрөт дейт. Демек, жүзүң жылмайса, жүрөгүң кошо жылмаят. Жылмаюу баштагы жагымсыз ойлор, жүрөктөгү терс сезимдер үчүн булутту айдап кеткен шамал сыңары... Жакшы окуяны, жакшы адамдарды, жакшы идеяларды, жакшы себептерди эстеңиз. Көзүңүздүн көргөнү, тилиңиздин сүйлөгөнү, дене мүчөлөрүңүздүн иштегени, дегеле аманчылыгыңыз — чексиз кубанууга себеп экенин бир эстеп коюңуз.

5. Кийинген соң төшөгүңүздү дароо иретке келтириңиз же жыйып коюңуз. Бети-колуңду жууп кайра киргениңде уктоочу бөлмөң жыйналуу турса, кадимкидей маанайың жаркып, көңүлүң шаттанат. Күнүң тартип менен натыйжалуу башталса, туюм күндүн калган бөлүгүн да ушундай улантуу керек деген буйрукту кабылдап, иштердин ирээттүүлүгүнө себеп болот. Чөйрөң чачылып жатса, акыл-пикириң да чаржайыт иштейт. "Иретсиз иште ийгилик болбойт" деген ошол. Жашоонун эң сонун эрежелеринин бири — өзүңө өзүң кызмат кылуу, башкага оордугуңдү тийгизбөө. Кээ бирлер апам, аялым же балдарым жыйнайт деген таризде алганын алган, салганын салган жеринде чачып калтыра берет. Биз тургай пайгамбарлар да өзгөгө оордугун тийгизбей, өз иштерин өздөрү кылышкан.

Президент федерации салбуруун Алмаз Акунов - Sputnik Кыргызстан
Көз, ой жана мээнин мегабайты. Өргө жетелечү өнөргө орун калбай калбасын...
6. Айнек парданы ачыңыз. Эгер өтө суук болбосо, же суук болгон күндө да бөлмөдө башкалар уктап жатпаса, терезени ачыңыз. Үйдөгү аба сыртка чыгып, сырттагы аба ичкери кирсин. Айнектен табияттын сулуулугуна суктанып, чымчыктардын ырларын эргип угуңуз. Табияттын музыкасы адамдардыкындай эмес: эс алдырат, бирок чарчатпайт.

7. Тазалыкка барып муктаждыктарды аткарган соң жок дегенде бетти, колду, тишти, бутту, кулактын ичтерин таза жууңуз. Дененин, дилдин, кийимдин, чөйрөнүн тазалыгы — сонун маанайдын, бактылуулук сезимдин угуту.

8. Ибадатка убакыт бөлүңүз. Ибадатты ар ким ар башкача жасашы мүмкүн: бирөөлөр мемиреген жымжырттыкта сүкүт (медитация) чалат, бирөөлөр Жаратканга сыйынат, бирөөлөр белгилүү бир руханий көндүмдөрдү кайталашат. Адамдын денеси, булчуңу машыгууга, кыймылга кандай муктаж болсо, жан дүйнөсү, руху да ошондой көнүгүүлөргө муктаж. Ибадат — бул жүрөк тынчтыгынын, рух бейпилдигинин башаты...

9. Уктап жаткан болсо да жубайыңыздын бетинен өөп, анан таза абага чыгыңыз. Бул кеңеш өзгөчө шаар тургундарына тиешелүү. Айылда каалайсыңбы-жокпу, чү дегенде эле эшикке чыгасың, анткени даараткана эшикте жайгашкан. Болбосо, жылкыга чөп салып, тоокко жем чачуу керек же кышында кар күрөп, очокко от жагуу зарылдыгы бар. Кайда болбо, кандай шартта жашаба, эртең менен таза абада сейилдөөнү адат кыл. Чыгып бара жатканда моюн жар бербегени менен, кирип келе жатканда өзүңүзгө өтө ыраазы болосуз. Таза абадан кере-кере дем алыңыз. Бактыбызга жараша кыргыздын абасы таза, демек, биз өтө байбыз. Бизге укмуш көрүнгөн Чыгыш жана Батыштын өнүккөн өлкөлөрүндө биздикиндей акактай абаны триллион евро берип да сатып ала албайсың.

III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер. Ынтымактын 14 эрежеси
10. Дене көнүгүүлөрүн жасаңыз. Бирок эринип кылбай коё тургандай оор машыгуу зарыл эмес. Жок дегенде моюнду, ийинди, кол-бутту, ичти, белди, муундарды кыймылдатыңыз, керилип-чоюлуңуз. Максат — кара терге чөмүлүп, энтиге чарчоо эмес, денеге кан жүгүртүү, уктаган клеткаларды ойготуу, алдыдагы иштерди ийгиликтүү аткаруу үчүн дем, кубат, эпкин жыйноо. Кыймыл — бул ден соолук. Ата-бабаларыбыз неге бакыбат болушкан? Алар бизчилеп пульт же чөнтөк телефон кармап алып чалкалап диванда жаткан эмес. Алар ат минишкен, отун алып, суу ташышкан, ууга чыгышкан, улак чабышкан. Айтор, ар дайым кыймылда болушкан. Ошондуктан алардын арасында чанач курсактар, денеси менен кардын май баскан ыкшоолор аз эле.

11. Кайра үйгө киргенде көп кабаттуу үйдө болсоңуз, лифт колдонбогонго аракет кылыңыз. Напсини жеңген адам гана максат чокусун багынта алат. Напсини чыркыратып жеңүүнүн бир жолу — каалооңо каршы иш жасоо...

12. Тердеген болсоңуз, денеңизди толук жууңуз. Айылдарда суукта ар дайым эле душка түшүү мүмкүнчүлүгү болбойт, ошондуктан жок дегенде белден өйдө жагын суу менен тазалаңыз.

13. Андан соң китепти колго алып он мүнөтчө окуңуз. Ибадаттан жүрөк, көнүгүүдөн дене, ал эми окуудан мээ ракат алат, өнүгөт. Жакшы китептен буга чейин эч ким айтпаган, эч ким сурабаган акыл, идея табасыз. Китеп окусаңыз сөзсүз көңүлүңүз көкөлөп, өзүңүзгө болгон ишенимиңиз артат. Анткени сиз байып каласыз. Болгондо да башкаларга берсең азайчу акчага эмес, көбөйчү акылга, рухка бай болосуз.

14. Анан үй-бүлөңүз менен тамактанууга отуруңуз. Тамакка тойгон болсоңуз элдин да тоюшун күтпөй туруп кетсеңиз болот, бирок тамактанууну эл менен чогуу баштаңыз. Тамак үстүндө жагымдуу сөздөрдү сүйлөңүз. Тамак даярдап бергенге рахмат айтып, таткан даамыңыздын таттуулугун мактаңыз. Дүйнөдө канча адамдар наны жок ачкачылыкта жашаганын ойлоп, Жаратканга чексиз шүгүр айтыңыз.

Вторые всемирные игры кочевников. Джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Оозуңа карап сүйлөп, ооз басырык бер... Ооз тууралуу эки ооз сөз
15. Анан кийимиңизди кийип, атырыңызды себинип, чачыңызды тарап ишиңизге же окууңузга жөнөңүз. Баса, чыгып бара жатканда апаңызды бешенесинен же колунан, жубайыңызды жана балдарыңызды бетинен өөп, жылмайып берекелүү күн тилешти унутпаңыз.

Бул тартипти "Минимум программасы" деп атадым. Анткени сиз кыска эле убакта денеңиз менен кошо рухуңуз жана акылыңыз да бакыбат болушуна кам көрдүңүз. Өзүңүз менен кошо өзгөлөрдү кубантып, жүрөктөрдү жылыттыңыз. Адам дене-бой, руханий, интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан өнүгүүсү керек. Сиз күн чыкканчакты эле ошонун баарын аткарып коюп, күнүмдүк минимумду толтурдуңуз.

Таң — бул күндүн ийгилик үрөнү себилген жер. Анын топурагы семиз, берекелүү болушуна кам көрөлү, үрөн себээрден мурда жерди жакшы иштетели, топуракты майдалап даярдайлы...

Жаңылыктар түрмөгү
0