Улуу ата мекендик согуш. Архив

2 млн. жылкы өлгөн... Улуу Жеңишке Монголиянын кошкон салымы

1398
(жаңыланган 15:47 06.05.2019)
Алмаз Батилов
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге АКШ сыяктуу, керек болсо андан да чоң колдоо көрсөткөн. Колумнист Алмаз Батилов Советтер Союзу менен Монголиянын ортосундагы мамиле чыныгы достукка негизделгенин айтып бермекчи.

1924-жылы сырткы Монголия көз карандысыздыгын жарыялаган. Буга чейин сырткы жана ички Монголия Кытайдын курамында болгондуктан, ал сырткы Монголияга эгемендүүлүк бергенден баш тарткан. Ошондон тарта Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөнгө чейин жалгыз СССР гана жаңы мамлекеттин азаттыгын тааныган. Жаңы түптөлүп жаткан мамлекетке Кремль жардамын аяган эмес.

1931-жылы Япония Кытайдын түндүк-чыгыш аймагын басып алганы маалым. 1935-жылы расмий Токио ички Монголияда өз бийлигин орнотуп, СССР менен сырткы Монголияга каршы саясатын жүргүзө баштаган. Ошондуктан Монголия Чыгыш Азиядагы СССРдин Япония менен тирешинде калкан болгон. 1939-жылы Япония Монголияга кол салганда Кремль аскерлерин жардамга жиберет. Эки өлкөнүн бириккен кошуунун анда белгисиз дивизиянын командири Георгий Жуков жетектейт да, советтик жана монгол жоокерлери Халхин Гол дарыясынын жанында япон баскынчыларына сокку уруп, сүрүп чыгарат. Дал ошондон тарта келечектеги маршал Жуковдун жылдызы жанат.

Бардык күч - Жеңишке!

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Монголиянын жетекчилиги өлкөнүн бүт мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, СССРге жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алып, атайын фонд түзөт. 1941-жылы октябрда монгол жарандары кышкы жылуу кийим жана азык-түлүк менен биринчи эшелонду жөнөтөт. СССР Монголиядан 0,7 миллион бодо мал жана 4,9 миллион майда жандык, тон, кийиз импорттогон. Согуш учурунда Кызыл Армия менен СССРди АКШ "Ленд-лиз" мамлекеттик программасынын алкагында 665 миң тонна эт консервасы менен камсыз кылганы белгилүү. Ал эми ошол эле маалда Монголия өлкөбүздү 500 миң тоннага жакын эт менен камсыздаганы жөнүндө маалымат көп жок.

Монголдор жапайы аркар, жейрен, теке жана бугуларга ууга чыгып, аларды темир жол станцияларга айдап келип, түз эле вагондорго салышкан. Мындан тышкары, аталган өлкөдөн стратегиялык товар — жүн жеткирилген. АКШ өлкөбүзгө 54 миң тонна жүн берсе, Улан-Батордон 64 миң тонна жүн ташылып келген. 1942-1945-жылдары ар бир бешинчи советтик шинель монгол жүнүнөн тигилген. Ошондой эле азык-түлүк, вольфрам жана булгаары, аң-тери да да ушул өлкөдөн тынбай келген. Өнөктөш өлкөдө СССРдин тылындагыдай эле ачкачылык башталып, расмий түрдө жумуш күнү 10 саатка чейин узартылган.

500 миң монгол жылкысы

Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы советтик жана немис армиясынын штатында сөзсүз түрдө жылкынын болушу шарт эле. Анткени автомобилге караганда жылкы менен жолу жок же жолу начар аймактарда аскердик оор техника жана башка оор жүктөрдү ташып өтүүгө оңой болгон. Ошондой эле Советтик Армиянын атчан жоокерлери чоң күч эле, капысынан немис армиясына чабуул коюп, кайра куюндай жок болуп кетчү. Дагы бир өзгөчөлүгү — жылкы баласы талаадан тамагын өзү таап жечү. Айрым учурларда алар жоокерлерге азык да болуп берчү. Согуш башталганга чейин өлкөбүздө 17,5 миллион баш жылкы бар болчу. Ал эми 1942-жылы күзүндө совет бийлиги көзөмөлдөгөн аймакта болгону 9 миллион баш калган. Жылкынын тукумун көбөйтүү узак убакытты талап кылгандыктан, 1943-жылдан баштап 1945-жылга чейин СССРге Монголия 500 миң аргымакты бекер берген. Монголиядан тышкары, мынчалык көлөмдө жылкы Түштүк жана Түндүк Америкада бар болчу. Бирок каражаттын жетишсиздигинен жана жолдун узактыгынан ал жактан алып келүүгө мүмкүн эмес эле. Монголиянын ээн талаа менен чөлдө өскөн жапайы жылкылары абдан чыдамкай келип, Советтик Армияга чоң жардам берген. СССРдин эки жолку баатыры, генерал Исса Плиев: "Баарына чыдамдуу монгол жылкысы советтик танк менен бирге Берлинге чейин жетти", — деп "Гоби чөлү жана Хинган тоосу аркылуу" аттуу китебинде жазган. Белгилей кетсек, бул согушта Совет мамлекети жана фашисттик Германиянын эки миллион жылкысы өлгөн.

Экинчи дүйнөлүк согушта ар бир экинчи монгол согушкан

1942-1945-жылдары монголиялык боордоштор акча чогултуп, бул каражаттын эсебинен СССРге "Монгол көчмөнү" авиаэскадрилья менен "Революциялык Монголия" атындагы танкалык бригаданы курап беришкен. Жогоруда айтылган аскердик бөлүктөрдү расмий Улан-Батор Улуу Жеңишке даярдаган.

Батышта согуш бүткөнчө СССР Ыраакы Чыгышта фашисттик Германиянын өнөктөшү Японияга каршы бир миллион жоокерден турган армияны кармап турганга аргасыз эле. 1941-1944-жылдары Монголия армиясынын санын төрт эсе көбөйткөн. Офицерлерди Москвадан даярдашкан. Ошол эле убакта Улан-Батор курал көтөрө ала турган бардык эркектер менен аялдарды аскердик кызматка чакырган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия коргоо иштерине бюджетинин 50 пайызын жумшаган. Мунун негизинде Япониянын Маньчжуриядагы Квантун армиясына каршы туруштук бергенге жарап, СССР Ыраакы Чыгыштан бир нече дивизиясын батыштагы кан майданга алып кеткенге жол ачылган.

Афган согушунун ардагери, отставкадагы полковник Саламат Абдылдаев
© Фото / из личного архива Саламата Абдылдаева
Тарыхчылардын маалыматына таянсак, 500 монгол ыктыярчысы Советтик Армиянын курамында фашисттик Германияга каршы согушкан. 1945-жылы август айында СССР менен Монголия Японияга каршы согуш жарыялайт. Бул согушка ар бир онунчу монгол катышкан. Натыйжада 1945-жылдын 2-сентябрында Токио булуңунда АКШнын "Миссури" атындагы аскер кемесинде милитаристтик Япония СССР, Франция, Улуу Британия, АКШ жана алардын өнөктөштөрүнүн алдында капитуляция тууралуу актыга кол койгон.

Августтан сентябрга чейинки арылыкта монгол армиясы пайыздык сан менен эсептегенде АКШ армиясындай эле жоготууга учураган. Эң башкысы, Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндө СССР менен генералиссимус Чан Кайши башкарган Кытай Республикасы сырткы Монголиянын көз карандысыздыгы тууралуу келишим түзөт. Ага ылайык, "Улан-Батор эгемендүүлүк тууралуу элдик референдум өткөргөндө гана Кытай сырткы Монголиянын көз карандысыздыгын тааныйт" деген талап коюлган.

Көптөн күткөн эгемендик

1945-жылы 20-октябрда сырткы Монголия көз карандысыздыгы жөнүндө референдум өткөрөт. Анын натыйжасында Монгол Эл Республикасынын жарандары Кытайдан толук бөлүнүп, өзүнчө эгемендүү мамлекет болуу тууралуу чечимин кабыл алат. 1946-жылы 5-январда Кытай Монголиянын көз карандысыздыгын тааныйт. 1949-жылы Кытайдагы жарандык согушта Коммунисттик партия жеңип, Кытай Эл Республикасы да сырткы Монголияны эгемен өлкө катары таанууга аргасыз болот.

1398
Белгилер:
Монголия, СССР, Аскер, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөө (24)
Тема боюнча
Аралда 30 жыл жалгыз согушкан жоокер. Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы
Памир кыргыздарына согуш учурунда да жардам берилген. Полковник Саргазаков менен маек