Улуттук кийим кийген кыздар. Архивдик сүрөт

"Маданий дааватты" баштоо зарылдыгы тууралуу. 5 сунуш

628
(жаңыланган 15:48 21.05.2019)
Нуржигит Кадырбеков
Колумнист Нуржигит Кадырбеков кыргыз театрларында коюлуп жаткан спектаклдерге, музейлердеги көргөзмөлөргө же китепканалардагы окурмандардын агымына үстүртөн гана саресеп салып, элдин профессионалдык искусствого карата мамилеси өтө эле солгун, кош көңүл экенин айтып, абалдан чыгуунун жолун сунуштады.

Ээн талаа, эрме чөлдө же белгисиз аралда Робинзон Крузо сыяктуу жападан жалгыз калган аялзаты бетине эндик, кашына осмо коюп, оозун боейбу? Менимче, жок. Анткени аялды тотудай жасанткан жагдай — анын сулуулугуна суктанчу, чырай-жамалына арбалчу адамдардын бардыгы. Адам табиятынан өзү үчүн эмес, чоочун көздөр үчүн баш-аягына каранып, сыланып-сыйпанып, сулууланат тура. Искусство жана маданият тармагы да дал ошондой: көрөрманы, күйөрманы көбөйгөн сайын өнүгөт, чырайына чыгат, жаңы бийиктиктерге умтулат. Эгер азайса же жок болсо, кедери кетип соолуган бактын, жүдөгөн козунун кейпин киет.

Эмне үчүн?

Азыр кыргыз театрларында коюлуп жаткан спектаклдерге, музейлердеги көргөзмөлөргө же китепканалардагы окурмандардын агымына үстүртөн гана саресеп салган киши калкыбыздын профессионалдык искусствого карата мамилеси өтө эле солгун, кош көңүл экенин байкайт. Буга себептер толтура.

СССР ураган соң эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында калктын турмушу оорлошуп, ыр-күү, театр, китеп дүйнөсү унутулуп, биринчи орунга кара курсакты кампайтуу жан алакети чыккан учурдун эпкини күч. Андан бери базарлар байып, дүкөндөр дүркүрөдү. Алардын жанында театрлар, музейлер жана китепканалар зуулдап өтүп кеткен машинанын чаңында бараткан картаң атка чегилген арабадай өнүгүүдөн оголе артта калды. Голивуддун көбүнесе уятты уулап, абийирди алсызданткан ар кыл мазмундагы фильмдерин, баланын адебин талкалап, мээримин муздатып, мүнөзүн татаалдатчу мультфильмдерин, "жатканды теппейт" деген жигиттиктин улуу мыйзамын бузуп, жыгылганды жыртылган көрпөдөй андан бетер аеосуз тебелегенге үйрөткөн эрежесиз эр урушту жантыгынан жата калып көрүп, бирок көркөм өнөрдү кыртышы сүйө бербегендер басымдуулук кылган муундар өсүп чыкты. Акыбетинде минтип искусство, маданият тармагындагы жылдап тургузган ийгилик мунараларыбыз таланган чарбадай таз кейипке түшүп, аны кайра тикелөөгө чейрек кылым да жетишпей туру.

Бирок биздин максатыбыз так: кайрадан маданият жана искусство державасына айланышыбыз зарыл. Башкача болуусу мүмкүн эмес. Анткени биз "Манастай" эпосту, "Тогуз кайрык", "Сынган бугудай" күүлөрдү, "Түшүмдө", "Жолугарым билгемин" сыяктуу обондорду, Айтматовдой алпты, Алыкулдай асылды, Бурана, Таш-Рабат сыяктуу архитектуралык шедеврлерди, Саймалуу-Таш графикаларын ааламга тартуулап, сөз жана өнөр дүйнөсүнүн кереметин курган элбиз. Узак тарыхыбызда кимге жолубуз кошулуп, калаабыз канатташ, тагдырыбыз танапташ болбосун, алар менен биротоло кан-жаныбызды аралаштырып жибербей, жаман жагынан түңүлүп, жакшы жактарын сиңирип, өздүгүбүздү сактап, улуттук маданиятыбызды укумдан-тукумга асыл аманат эстафетасындай табыштап келе жаткан сырдуу калкпыз. Бизден, балким, атом бомбасын чыгарып ааламдын үшүн алган, же көп завод куруп экологиянын тарпын чыгарган, Марска жандооч учуруп атаандаштарына сес көрсөткөн улут чыкпайттыр, анткени ааламда жок гумандуулук, кең пейилдик жана баеолук кан-жаныбызга сиңип бүткөн. Демек, адамзатка асыл нарк сунган маданий кубаттуу дөөлөт куруу колубуздан келет жана бул биздин милдет.

Кантип?

1. Маданият айдыңынын каармандары "окоптон чыгуусу" зарыл. Майдан стратегиясында окоп болгону коргонуу үчүн керек. Ал эми сага караштуу айдыңды кеңейтүү үчүн андан чыгып, чабуулга өтүү маанилүү. Дегеним, актер менен живописчи көрөрмандарын театрдын сахнасында жана музейдин фоесинде, ал эми китепканачы окурманын китепканасында эле күтпөстөн мектептерге, университеттерге, аскер бөлүмдөрүнө, бирикме-уюмдарга өздөрү чыгышы керек. Дил маектер, суроо-жооптор, шыктандырчу окуялар, кыскача өнөр көргөзүү, мастер-класс сыяктуу программалар аркылуу демейде профессионалдуу искусстводон оолак чөйрөлөрдүн ичине сүңгүп кирип, жүрөктөрүнөн жана акылдарынан орун ээлегенде гана маданият ишмерлеринин жана тармагынын аброю артат. Адам бир нерсени сүйүш үчүн адегенде таанышы керек... Эмне үчүн СССР убагында маданият кызматкерлеринин сөзү өтүмдүү болгон? Акча жана көңүл көп бөлүнгөндөн улам дегени турасызбы? Балким. Бирок андан да мурда алар элге жакын болушкан: башкасын айтпаганда да, кыштын суугунда алыскы тоолордогу малчыларга чейин барып өнөрүн тартуулап келишчү экен...

2. "Маданий дааватты" баштоо жана күчөтүү зарыл. Молдокелер ар бир эшикти каккылап элди ыйманга, ал эми саясатчылар добуш берүүгө чакырып жүрүшөт. Маданияттын күйөрмандары да театр, музей, китепканаларга адамдарды ошентип топтоп келсе неге болбосун? Гүлбактарда, скверлерде, короолордо, төрт көчөдө эргип, сергип же ушак айтып отургандарга, оргумалардын жанында, көчөлөрдө, аянттарда сейилдеп жүргөндөргө барып маданиятка, адепке, спектаклдерге чакыруу жөрөлгөсүн баштаган демилгечил инсандар чыгып, аракетин такай улантса сөзсүз жемиши, кайтарымы болот, буюрса.

3. Саясий журналистика, экономикалык журналистика деген терминдерди байма-бай угабыз, бирок маданий журналистика дегенди дээрлик кулагым чалбаптыр. Демек, маданиятты жазган профессионал журналисттерди тарбиялап чыгуу маданиятты даңазалоодо аба менен суудай зарыл иш. "Түкүн жылдыздын концерти болду" же "балан жазуучуну эскерүү кечеси бүттү" деп тамга тааныгандын баары эле жаза алат. Маданиятты жазган журналист искусствону, сахнаны, кинону, адабиятты, актерлук чеберчиликти, архитектураны, айтор, чыгармачылык дүйнөнү мыкты түшүнүп, өздөштүрүп, искусство продукцияларын ар тараптан профессионалдуу талдай алгандай дараметке ээ болушу шарт. Алар жазганды эл окуйт, үйрөнөт. Атуулдар өз актерлорун, акын-жазуучуларын, драматургдарын, дизайнерлерин, архитекторлорун, креативдүү режиссерлорун тааный баштайт. Ушул багыттагы калемгерлерди кантип тандап, кантип даярдайбыз деген маселе, албетте, ойду жана убарагерчиликти талап кылат...

4. Сыңар өтүгү майрык болгону менен сынчы анча-мынча адам элес албаган кемчиликтерди көзгө сая көрсөтүп берет. Ооруну дарылоо үчүн адегенде диагноз коюу керек го, дал ошондой эле сынчынын да искусство продуктуларын торко электен өткөрүп, кебекти маңыздан бөлүп, мандемдин себебин аныктап берүүдөгү орду эбегейсиз. Ошондуктан ар кандай тармактын өнүгүүсү адистик талдоого жана адилеттүү сынга муктаж. Чыгармаларды жер-жеберине жеткире чукуп сындаган Белинский болбосо ошол доордогу орус адабияты, адабий билими деңиздей терең Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев сыяктуу кара сөздүн, поэзиянын толубайлары болбосо азыркы кыргыз адабияты ушул деңгээлге жетет беле же жокпу, бир Жараткан билет.

5. Демөөрчүлөрдүн, инвесторлордун каражатын өндүрүштөн маданиятка буруу аракетин күчөтүү лаазым. Карасаңыз, аз эле аралыкта жергебизде мечиттер канчалык көбөйдү. СССР учурунда республика боюнча отуздун тегерегиндеги мечиттердин саны отуз жылга жетип жетпеген аралыкта дээрлик жүз эсеге өстү. Бирок алар бир эле түндө курулуп, орноп калган жок да. Канча адам иштеди, аракет кылды, демөөрчү издеди, аларды ибадаткана куруу зарылдыгына ынандырды. Ошондуктан мектептен мечит көп деп кейип отурбастан, мектеп, театр, китепкана курууга демөөрчүлөрдү максаттуу издөө зарыл. Инвесторлорду, демөөрчүлөрдү мындай мекемелерди курууга шыктандырчу себептерди, сөздөрдү тактап алуу керек...

Демек...

Айтор, маданиятты тикелөө ашарын уюштуруу учуру келди. Көпчүлүк "ойчул ойлонгуча тобокелчил тоо ашыптыр" деген дем менен эч кимден эчтеме сурабай, ар кимдин алдында алакан жайып аброюн кетирбей эле кереге кеңеш куруп, акылы бары акылын, күчү бары күчүн, малы бары малын, убактысы бары убактысын ортого салып, жапа тырмак иштеп, алеки заматта керек жумушту бүтүрүп, муктаждыктарды чечип таштайт. Ошентип далай бактар тигилип, арыктар казылып, имараттар курулуп, айылдар тургузулган. Адамда ынтымактан өткөн күч да, ырыс да жок.

Демек маданият актер менен акындыкы, жазуучу менен манасчыныкы деген таризде күнүмдүк ууру турмушка алтын өмүрдү алдатпастан, ар бирибиз жок дегенде тарых-тамырыбызды тааныйлы, китеп окуйлу. Асыл идеялар болсо социалдык тармактардан бөлүшөлү, сахна жана өнөр чеберлеринин эмгектерин баалайлы, канча каражат, убарагерчилик менен даярдалган маданий продукцияларды кара далы кыздай кароосуз калтырбай көрөлү, көтөрөлү, аларга карата адилеттүү пикирлерди айталы.

Ата балага, эне кызга наркты, салтты үйрөтсүн, адепти айтсын, Калыгул, Арстанбек, Токтогул, Аалы, Түгөлбай, Бакен, Муратбек, Таттыбүбү, Даркүл, Сабира, Сүймөнкул менен жок эле дегенде тааныштырып койсун. Театрлар, музейлер, китепканалар ээнсиреп, жетимсиреп турбасын... Ошентип, улуттун улут, улустун улус катары сакталып, аброй даража күтүшүн каалаган ар бир адам маданият кызматкерине айлансын. Кыскасы, миң сөз менен маданият тармагын шыбагыча, бир иш менен анын оожалуусуна салымын кошсун.

628
Белгилер:
музей, китепкана, ырчы, манасчы, жазуучу, ашар, Нуржигит Кадырбеков, маданият
Тема боюнча
Көз, ой жана мээнин мегабайты. Өргө жетелечү өнөргө орун калбай калбасын...
Баарың болсоң бир ооздуу, душманың кантип былк этер. Ынтымактын 14 эрежеси
Мекениң кайда, бир боорум?.. Улутчул менен мекенчил тууралуу