Кыргызстандын желеги. Архив

Коңшулар ири аэропорт куруп, жаңы автоунаа чыгарганы жатат. Кыргызстанчы?

1878
(жаңыланган 15:23 31.05.2019)
Мирбек Сакенов
Өзбекстан Volkswagen үлгүсүндөгү унааларды чыгара баштайт, Казакстанда 70 миллион доллардан ашык инвестицияга жаңы аба майданы курулат. Бул коңшулардын биз уккан ири долбоорлорунун айрымдары гана.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов эмне себептен кыргызстандыктар чоң инвестиция тарта албай жаткандыгына кайрылып көрдү.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган 1990-жылдардын башында өзүн демократиялуу, ачык өлкө экенин жарыялап эшигин кенен ачкан. Дүйнөнүн булуң-бурчунан ишкерлер, ири компаниялардын келе баштаганы эсибизде. Ал кездеги басылмаларды барактасаң, бир топ чет элдик ишканалар жаңы базарды өздөштүрүүгө кызыгуусу артып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп келгендигин баамдай аласың. Себеби алар үчүн кечээ эле жабык болгон республика өзүн такыр башка жагынан жарнамалаган.

Бирок иш жүзүндө өлкөдө абал чет элдиктер күткөндөй болгон эмес. Алардын айрымдарын тизмектеп, ошол кездеги инвестициялык климаттын абалын элестетип көрөлүк.

Союз тарагандан кийин инвесторлор КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүнө ыктаган. Себеби бул жакта миллиондогон кардар, арзан жумушчу күч жана сырье болгон.

Базар рыногуна өтүп, экономикасы эптеп эле турган Кыргызстанга 90-жылдардын башында Түштүк Кореядан автоунаа чыгаруучу заводдун өкүлдөрү келет. Кыргыз бийлигине заманбап чоң ишкана ачып, жаңы жумуш орундарын түзүп, биргеликте автоунаа чыгаруу ниетин билдирет. Чоң курсак жергиликтүү аткаминерлер алыстан келген акчалуудан "шапке" сурап туруп алган. Иш баштала элек жатып мындай абалга кабылган кореялыктар "сый эле бололук" деп акырын жыла жөнөйт. Муну ошол кезде эл башында тургандар да моюнга алат.

Ошентип дымактуу ойлору менен келген инвесторлор Өзбекстанга өтө качат. Алар азыркыга чейин коңшу өлкөдө жеңил жана жүк ташуучу автоунаанын, коомдук транспорттун түрүн чыгарып, башка мамлекеттерге экспорттоодо. Биз жер муштап отурабыз, эсибизге эми келгенсип...

1990-жылдардын соңунда япониялык адистер өз каражатына республикада чалгындоо иштерин жүргүзө баштайт. Бирок көп өтпөй Баткен коогалаңы башталып, куралчандардын колуна япондук төрт геолог туткунга түшүп калат. Ошондо чет элдиктердин амандыгы үчүн олчойгон акча сурагандардын аркасы менен Кыргызстан дүйнө жүзүнө "катуу таанылган". Ал эми япониялыктар кичи мекенине аман-эсен кеткенине ыраазы болуп, ошол бойдон кайтып келген эмес. Ошол кезде чет элдик ишкерлерди тоноо, кол салуу, туткунга алууга байланышкан окуяларды гезит беттеринен байма-бай кезиктирүү мүмкүн болгон.

Кийин германиялык энергетиктер да Кыргызстанда ондогон чакан ГЭСтерди куруу планы менен учуп келет. Ал европалыктар да баягы эле "шапке" маселесинен улам "аман эле болгула" деп жолго түшкөн.

Кыскасы, мындай жанды кейиткен мисалдар кептин чети гана. Так ошол жагдайлардын аркасында инвесторлордун биз жөнүндө түрдүү ой-пикирлери пайда болуп, азыркыга чейин анын азабын тартып келе жатабыз. Алсак, апрель айында Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Борбор Азия өлкөлөрүнө мамлекеттик сапары менен келип, Өзбекстанда 12 миллиард, Казакстанда 3,2 миллиард долларлык келишимге кол койду. Кореялык жетекчи да, инвесторлор да Кыргызстандан кыйгап өтүп кетти. Себеби ортодо ишенич, кызматташуу, жада калса, сүйлөшө турган сөз да жок.

Андан сырткары, жакында эле коңшу Өзбекстан германиялык Volkswagen автоконцернинин темир тулпарларын чыгаруу (чогултуу) ишин баштай тургандыгын жар салды. Долбоордун жалпы суммасы 40 миллион еврону түзөт. Ошол эле маалда казак туугандар Түркстан облусуна жаңы аэропорт курууну баштай тургандыгын айтып чыкты. Ал аба майданды түрк компаниясы куруп, ага 70 миллион доллардан ашык инвестиция салат.

Кыргыз бийлиги өткөн жылы сырттан 12 миллиард сомдой эле инвестиция тарта алды. Сөздүн ачыгы, Кыргызстан ири инвестицияларды тартууда аксап жатат. Муну аттуу-баштуу саясатчы, парламенттеги депутат, жада калса, айылдагы малчы да мойнубузга алышыбыз керек. Адистер да инвестиция менен инвесторлор  туруктуулукту, мыйзамдуулукту сүйө тургандыгын четке какпайт.

Учурда кыргызстандыктар күнүмдүк ич ара талаш-тартыш, ызы-чуубуз менен алектенип, түрдүү саясий оюндарга аралашып жүрсөк, коңшулар дымактуу ойлорун, ири долбоорлорун ишке ашырууда.

Эл башындагысы да, элеттегиси да эсибиз барда этегибизди жыйып, чарбабызды жолго салалы.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

1878
Белгилер:
колумнистика, экспорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Аз болсо да... Өлкөнүн мамлекеттик карызы 12 млн. долларга кыскарды