Ооруканадагы аял. Архивдик сүрөт

Топу кийбегендерди чокуга эле чабыш керек... Күйгөндөн айтам бир сабак

3980
(жаңыланган 17:59 04.06.2019)
Гүлдана Талантбекова
Колумнист Гүлдана Талантбекова үч-төрт жыл артка кайтса жылуу топуну кышы бою башыман түшүрбөйт элем деп кейип турган чагы. Өткөндөн сабак албай бир жыл мурда ден соолугуна дагы балта чапканына бармак тиштейт. Жыйынтыгы — маалы менен ооруканалап жүрмөй болду.

Негизи бул колумнистиканы Facebook баракчама блок катары эле жайгаштыргам. Байкасам, досторум ден соолугумду тилеп, кеңешин айтып, өз баштарынан өткөн окуяларды да айтып баштады. Мындан улам айрым адамдарга сабак болсун деген максатта кесиптештер менен кеңешип, кеңейтип берүүнү эп көрдүк. Мынчалык ачылам деп ойлобопмун.

Бир жума ооруканага жатып чыктым. Ушул аптанын эмес, мурдагы жуманын ишембисинде эс ала турчу күнүм эле. Эртеси кайра жумуш болчу. Керилип 11ге чейин жаттым. Турсам башым тегеренгенден уйкусурап жатсам керек деп кайра жаздыкты кучактап жатып алдым. Көзүмдү ачсам 14:00. Кечинде конокко чакырган курбумдукуна жуунуп-тазаланып даярдана баштадым. Раковинага эңкейсем мээм "куюлуп" кетчүдөй болгондон, уктай берип өтө эле "чоң баш" болуп кетипмин деп койгом. Кечке жуук маршруткада баратып алым жоктой сезилди. Сасык тумоо болупмун деп курбума киргиче дарыканадан "кытай антигриппинин" алып ичип койдум. Кыздын үйүнө барганда ысык сууга малина кошуп чай ичип, сөзгө алаксып уктап кеттим.

Балакеттин баары эртеси жумушка чыкканда башталды. Эки чекем түйүлүп, башым мыжыгып ооруп, "бырбыңдап" дем алганым кыйындады. Столдо отурган боюнча көшүп кетип аттым. Жарыгы өчүрүлгөн бош кабинетке барып тык эте турайын десем да башым басылбады. Түрүмдү көрүп кесиптештерим үйгө кетиришти.

Эртеси баягы "маңкам" кармап жатса керек деп Улуттук госпиталдын кулак-мурун-тамак (ЛОР) бөлүмүнө барсам, айткандай эле гайморит дешти. Былтыр да ушул оорудан дарыланып кутулдум го дегем. Көрсө бул өнөкөт илдет экен. Рентгенге түшүрүп, ириң чеке тушта экенин айтышты. Негизи эки бетте, тагыраагы, көңдөйчөлөрдө да болот, аны дарылап, ыңгайы келсе мурунду тешип ириңин сордуруп алышат. Чекеге аспап киргизе албайбыз деп күчтүү укол, капельница, дары-дармек беришти. Ачуу уколдорду көтөрө албай кан тамыр аркылуу алдым. Биринчи күнү байкабай жамбашка сайдырып алып ооруканадан чыккыча түйүлүп жүрдү. Медайым чыгып баратып, "чет өлкөдө эбак эле жамбаш эмес, кан тамыр аркылуу дары алып калышкан" деп кобурады.

Капельницалары "атып" кеткендей эле уктатат. Анын да ийнесинен корком, киргизип жатканда көзүмдү жумуп алам. Ийнени эмес, кан тамырды сыртка сууруп жаткандай туюлат. Ичимден "дарыгердин колу катуу" деп коем. Мурунга темир таякчанын башына кебез ороп, арак жыттанган дары коюшат, жөн эле баш мээни өрдөп кетет. Ал ириңди суюлтканга жардам берет экен. Бири таякты акырын киргизсе, экинчиси шишкебектин этин сайгандай эле болот. Анан акшыйып кала бересиң. Буга кошумча таблетка менен мурунга куя турчу дарылары болуп жатты. Кыскасы, оорукананы желкемдин чуңкуру көрсүн!

Какаганга муштаган болуп 3-4 жыл мурда кулагыма суук тийгизип алып, оң жагы 80 пайыз гана угат. Бул дарыгерлердин аныктамасы. Чыкыроондо топу кийбей, кооз жолуктарды башыма илип, учтарын ийинге түшүрүп алчумун. Ошо кезде кыздар ушинтип сулууланчу. Анан бир күнү бир кулагым таптакыр укпай калды. Чуркап жүрүп угуусун ачтыргансыдык, бирок ашыкча үн болуп турат. Бул нерсени калонканы өчүргөндөн кийинки дыңылдаган үнгө салыштырууга болот. Ошол укканга тоскоол кылат. Негизи ар үч ай, алты ай сайын көрүнүп турушум керек эле. Мен аны кылган жокмун. Анүстүнө дабыш-добушка деле көнүп калат экенсиң да...

Гайморит кармаганда кулагымдын дагы үнү көбөйгөндөй туюлду. Балким, толук угуп кетер деген ниетте аны жеке медициналык жайга көрсөттүм. Бирок "мындан артык эч нерсе кыла албайбыз, нервдери жабыркап калган, тек гана өтүштүрүп ийбегенге жардам беребиз" дешти. Анан да бирөөсү жанды кашайтып "аппарат кийбей эле коюңуз" деп коет. "Ботом, кайдагы нерсени айтып жатасыңар" дегендей көзүмдүн төбөсү менен бир карап чыгып кеттим. Бизге университетте окуп жүргөндө кулагына аппарат тагып алып сабак берген кары профессорду элестеттим. Кыскасы, мурунду бүтүп, кулакты дарыламай болдум.

Оорукананын ичи мен чыккыча ысык болду, акыркы күнү эле күндүн илеби азайгансыды. Түнкүсүн тер кетип уктай албай жаттык. Мен дагы үшүктө калгансып жалаң жылуу кийимдерди алып келиптирмин. Анткени былтыр жука кийим менен келип тоңуп калгам. Жанымдагы эки эже кулак оорусу менен түшүптүр. Бири кулагы төрөгөндөн кийин дагы начарлап кеткенин айтат, аны угуп башы бош менин жүрөгүм түшөт. Бир аздан соң экөө тең эси ооп операциядан чыкты. Түндө тамагы шишиген орус келинди алып келишти. Ал "ушундан көрө тамагымды кесип алып салышса" деп коет. Жума күн эле. Эки күндүк дем алышта ал келинге эртең менен кечинде ийне гана сайышты. Так бир илдетин аныктап, баштан-аяк текшерип, толук кандуу жардам көрсөтүшкөн жок. Себеби күзөткө турган дарыгерден башкасы эс алууда. Бул эми ошол оорукананын эмес, жалпы саламаттык сактоо системасынын көйгөйү. Эс алуу күндөрү жамааттын жарымын жумушка алып чыгуу барып эле акча маселесине такалса керек. Анан дүйшөмбү күнү тиги келинди "каныңды, заараңды тапшыр, аппаратка түш, дары алып кел" деп буту тешилгиче ар кайсы кабинетке сүйрөп жатышты. Мындай нерсени бейтап келген күндөн тарта жасаса болот беле?

Орус келин келген түнү дем алгандан кыйналып коридорго чыксам, айланайын, мурду-башын таңган эле киши. Бардыгын көрө берип жаман болдум. Адамды түнкүсүн ой баса берет эмеспи. Төшөктө жатканда "ден соолук — аманат" деп кайталай берип уктап кетипмин. Негизи адамды өзүнөн башка бирөө соорото албайт окшойт. Мен ичимен "быйыл 24кө чыгам, мүчөл жашта адам ооруп-сыктайт, апам айылдан келсе тарелка тээп, кызыл кийим кием" деп коем. Себеби жыл жаңыргандан бери өзүм машыккан муай-тайдан бир топ жаракат алып, ортодо туура эмес тамактан ашказаным дагы катуу ооруган. Бул эми башка кеп.

Негизи адам бош болсо эле ар кайсыны ойлонуп кыжалат боло берет экен. Үйдө отуруп депрессияга түшкөн айымдарды эми түшүнгөндөй болдум. Мен дагы чөгүп кетпейин деп жаныма ноутбугумду салып алгам. Бир макаламды бүткөндөн кийин баягы кулагы ооруп аткан эженин бири "эмне эле чыкылдап атат" деп сөз ыргыткандай болду. Ичимен кулагы оңолуп калган го деп жылмайып, ноутбугумду жыйыштырып, жумушка алып барып койдум.

Калган күндөрүмдү ай караган текедей өткөрдүм. Элдей болуп уктап же жөн гана телефон тиктеп жата албайм. Коридорго чыгайын деп эшикти ачсам ак халатчандар кир дешет, сыртка чыксам кайда баратканымды сурашат, анан акырын көрүнбөй жумуш жакка эки жолу өтүп бардым.

Дүйшөмбү күнү "чыгаргыла мени" дедим. Ийнелеримди алып бүткөм, таблетка менен мурунга куя турчу дарыларды үйдөн деле алууга мүмкүн эле. Ырым-жырымды сактаган жаным ооруканага кайра кайтып келбейин деп болгон оокатымды түгөлдөп улам сумканы карап коем.

Бул макаланы жазганымдын себеби бар. Биз ден соолугубузга өзүбүз душман экенбиз. Убагында "жылуу кийин, суукка баш кийими жок чыкпа, доктурга бар" дегенди укпайбыз. Ден соолук аманат да. Кудай төрөлгөндө аман-соо жараткан, ага аяр мамиле кылышыбыз керек. Ооруган жер канча дарыласа да толук өзүнө келбейт экен. Азыр 3-4 жылым артка кайтарылса кулагыма суук тийгизбейт элем деп бармак тиштеп отурам.

Ии баса, кыйраткансып мен медицина тууралуу материалдарды дайыма жазам. Элге шумдук акыл үйрөтүп, анткиле кокуй, минткиле деп... Өзүмө келгенде анын бири жок.

Жөнөкөй сасык тумоо, тамак оору деген илдеттерге абдан көңүл буруш керек экен. 3-4 күн ичинде айыкпаса дарыгерге кайрылыңыз. Сасык тумоодо мурундан чыккан суюктук сары түстө болсо, гайморитте ал жашыл болуп калат. Суукта топу кийбеген жакындарыңыз болсо, чокуга бир чаап кийгизиңиз. Өзүңүздү караңыз, көп болсо "ушул обу жок" деп айтышар.

Ден соолук — аманат...

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

3980
Белгилер:
гайморит, мурун, кулак, илдет, оорукана
Тема боюнча
Чоң эле киши тойдон соң онтоп, ыйлап келген. Хирург агынан жарылганда
Колу күйгөн баласын чаап жиберди... Кокуй энелер тууралуу врачтын баяны