Чыңгыз хандын эстелиги. Архивдик сүрөт

Чыңгыз хан менен Атилла курган империялар кайда? Дүйнө багындыруунун 8 жолу

1320
(жаңыланган 15:17 09.07.2019)
Колумнист Нуржигит Кадырбеков дагы бир ирет адамдын жан дүйнөсүн байытып, аруулай турган нерсеге кайрылыптыр. Адамзат жер бетинде жашап турганда баалуулугун, таасирин жоготпойт дейт.

Кол башчылардын артында "бул жерди багынткан, тигил элди караткан" деген аты гана даңаза болуп калбаса, алардын кылганынын азыркыларга ысык-суугу канчалык? Ал эми адабият алптарынын жазгандары — алигиче акылыбыздын азыгы, рухубуздун нуру.

Саясат жана адабият

Саясат кызып, адабият өлбөстүн күнүн көргөн заманда жашап жатабыз. Саясаттын айдыңы чектелүү, жолу кууш, өмүрү кыска. Ал эми адабият чек ара дегенди билбейт, адамзат барда баалуулугун, таасирин жоготпойт. Дегеним, миң жыл мурда жашаган Жусуп Баласагын атабыздын "Куттуу билим" чыгармасы алигиче бир чымчым да маанисин жоготподу. Ийгилик издеп, бакытка бап болгусу келген ар бир адам үчүн дале жакшылыкка багыттап, жамандыктан тооруй турган руханий улуу казына жана мурас катары ак кызматын өтөөдө. Баласагынга замандаш атактуу падышалар тууралуу уккан, билгендер барбы? Ал падышалардын, ошол учурдун тың чыкма мамлекеттик ишмерлеринин, саясатчыларынын курган державалары, тургузган саясий системдери азыр кайда? Грек акылмандары Сократ, Платон, Эзоп, Гомердин эмгектери, айткан накыл кептери дале өтүмдүү, окумдуу. Алардын доорундагы грек кол башчысы Македонский кураган кыйырсыз империянын сайда саны калдыбы? Ошон үчүн адамдар Руми менен Эмрени, Низами менен Новаини, Пушкин менен Байронду, Тагор менен Майн Ридди, Драйзер менен Кавабатаны, Айтматов менен Маркести, Лорка менен Алыкулду, Гюнтекин менен Ауэзовду улутуна, тегине, макамына, жердигине карабай сүйүп окушат.

Аскерден артык каармандар

Саясат бир тарапка иштесе, адабият адамзатка тегиз кызмат кылат. Мамлекеттик ишмерлер менен саясатчылар бирөө үчүн улук болсо, башкасы үчүн курук, бир эл үчүн баатыр жана кумир, дагы бир эл үчүн кан ичкич, баш кесер... Ал эми Хосров, Мажнун, Ак кол башчы, Эдигей, Балконский, Кикудзи, Хосе Аркадио, Онегин, Мартин Иден, Айтолду, Фериде, Абай ж.б. каармандар дүйнөдө эч ким үчүн чоочун эмес, баарына бирдей, баарына калыс. Алар кезеги келгенде дүйнөнүн кайсы тилинде болбосун түш жоруп, окурман менен баарлашат, сырдашат, дос болот, керек болсо калбаган катарлашына, жандаган сапарлашына айланат. Алардын улуу жана ак жолтой миссиясы — адамдардын акыл чабытын кеңейтүү, жүрөк кылдарын күүгө салуу, оюн, дүйнө таанымын байытуу, билим сересин бийиктетүү, бирөөгө өрнөк, бирөөгө сабак болуу... Македонский менен Атилланын, Чыңгыз хан менен Наполеондун селдей каптачу аскеринен да күчтүү, таасирдүү. Аскерлер кан төгүп адамдын жүрөк үшүн алса, адабий каармандар чебер сүрөттөлгөн өзгөчө касиеттери жана амалдары менен жүрөктү ээлешет.

Бөтөн жүрөктөрдөгү кыргыз руху

Айтайын дегеним, кыргыз дүйнөнү сөз менен гана багынта алат. Чыңгыз атабыз муну далилдеди. Ал багынткан он миллиондогон жүрөктөрдө кыргыздын руху жана таасири бар. Аттиң, бирок жүрөктөгү сезимдер алтын менен акчадай, үй менен улоодой атадан балага, энеден кызга мурас болуп калбайт экен. Ар бир адамдын жүрөгү — өзүнчө дүйнө, өзүнчө аалам. Ар бир жүрөккө өзүнчө жол табуу керек. Демек, сууну ысык сактоо үчүн улам отту ичкеретип тургандай, башка жүрөктөрдөгү кыргыз рухун асыроо үчүн элибизден бир аз да болсо аракет суралат...

Бирок Айтматов ачып берген кыйырларга маашырланып отура берсек, башка тургай залкардын өзүнүн арбагы да ыраазы болбос. Адабияттагы амбициябыз ай чапчып, алыстарды көксөп да, көздөп да тынымсыз иштөөбүз керек. Ийгилик иштерманды сүйөт, максат аны таап, так билгенге багынат. Шылтоо-шынаа издеш — мококтордун, өтүмсүздөрдүн тагдырдагы үлүшү. Биз дүйнөнү жаңы чыгармалар, жаңы каармандар, жаңы идеялар менен багындырууну улантуубуз керек... Кол куушуруп отура бериш үчүн "каражат жок", "адабиятка көңүл бөлүнбөй жатат" деген сыяктуу шылтоо-шынаа толтура, бирок адамзатка акыл деген улуу байлык ушундай кыйчалышта жол таап, көйгөйдү чечүү үчүн берилген тура.

Кыскасы, улуттук адабиятыбызды өнүктүрүп, дүйнөгө таанытуу — азыркы маданият саясатынын эң орчундуу багыттарынан болушу шарт. Ал үчүн төмөндөгү бир канча долбоорлорду аткарууга бел байласак...

Жазуучулар жайлоодо

Жазуучу өз чыгармасы үчүн ойду, демди, эргүүнү, сюжетти жана идеяны элден алат. Демек жазуучу менен элди көбүрөөк жолугуштуруу керек. Чыгармачыл жолугушуулар өңчөй эле мектептерде, университеттерде же клубдарда өтпөстөн күтүлбөгөн жагдайларда да уюштурулса. Маселен, элдин көбү эс алууга тараган жайдын күндөрү "Жазуучулар жайлоодо" деген ат менен кеңири компания өткөрсөк неге болбосун? Жайлоо — баарлашууга, сырдашууга эң ыңгайлуу жай. Телевизор жок, көп жерлерде чөнтөк телефон иштебейт, шаар-кыштактардагыдай адамдар көп эмес. Адам аз жерде адамдын кадыры көтөрүлөт, маектешип чер жазууга шерик издейсиң. Ошондой учурда катардагы Калманбет эмес, кыл калем кармаган жазуучулар китептерин жүктөнүп өздөрү келип отурса жайлоо тургундары тим эле жыргабайбы. Ак дастарконду жайып, куймак, боорсок, каймак, май, кымыз, айранды жайнатып коюп жан дүйнөлөрдү сергитип да, эргитип да сырдашып, китеп, чыгармалар, каармандар, залкар акын-жазуучулар тууралуу кеп кылып отурууга не жетсин. Дасторкон четинен өткөн мектеп да, окуу жай да жок. Куйма кулак бөбөктөр ата-апалардын дасторкон үстүндөгү баарлашууларын угуп отуруп далай жомокторду, окуяларды, санжыраларды, тарыхтарды, макал-лакаптарды эстерине сиңиришкен...

Конокто калемгер...

Кыргызстандагы миңден ашуун китепканалардын ийгилигин аныктоонун бир шарты катары "жыл ичинде канча акын-жазуучу конокто болуп, окурмандар менен дил маек курду?" деген суроону кийирип койсок, жер-жерлерден атактуу калемгерлерди жолугушууга чакыруу жөрөлгөсү жайылмак. Жазуучу-акындар барган жеринде жок дегенде өз китептерин жана өздөрүн таанытып келишет.  Жек Лондонду билип, бирок өзүбүздүн таланттуу Дүйшөналы Султанкуловдон кабарыбыз болбогондон улам адабиятыбыз оожалып кете албай убарабыз...

Кыскача мазмун...

Интернетте кыргыз чыгармаларынын кыскача сюжетин жазып жайгаштырып, чет тилдерге которуу ишин колго алуу өтө зарыл. Жети жүз бетке чукул "Сынган кылычтын" үч беттик кыска түшүндүрмөсүн окуп чыгуу бир жагынан жеңил болсо, бир жагынан романдын өзүн окууга чакырчу мыкты жарнама. Бир эле мезгилде кыргыз авторлору жана көркөм чыгармалары тууралуу кенен маалымат базасы түзүлүп калмак.

Ааламга жол...

Кыргыз адабиятын дүйнө тилдерине которуу боюнча эл аралык конференция өткөрүп, жер шарынын булуң-бурчтарынан келген кыл калем чеберлери менен кереге кеңеш курсак далай маселенин башы ачылмак. Айтматовду немисчеге, Эралиевди түркчөгө, Касымбековду англисчеге оодарган же башка авторлорду өз тилине которууга кызыкдар адистерди топтоп, көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулап, өз адабиятыбыздын жана маданиятыбыздын өзгөчөлөгүн таанытып, меймандостук менен коноктоп айрым кооз жерлерибизге зыярат кылдырып койсок ишибиз илгерилегени турат. Элибизди сүйүп, жерибизге суктанган чет элдик жүз коноктун бири адабиятыбыз үчүн ааламга терезе ачып берүүгө баш-оту менен киришсе деле чоң жеңиш болмок.

Эсептүү тууган

Чыгармаларым ааламга аты чыкса дегенде ичкен ашын жерге койгон калемгерлер канча. Жок дегенде тили тектеш казак, өзбек, каракалпактан ошондойлорду таап, сенин ырыңдыбы, повестиңдиби же драмаңдыбы биз кыргызчалайлы, биздин бул, тигил таланттарыбызды сен өз элиңе тааныт деген эсеп менен эмгектенсек далай акын-жазуучуларыбыз окула баштамак. Ушундай усул менен бир тууган элдер арасындагы достук, ишеним жана ынтымак чыңдалары турган кеп...

Кыргыз адабиятынын достору

Дүйнөдө кыргыз чыгармаларын өз тилине которгон же ошого себеп болгондордун "Кыргыз адабиятынын достору" маалымат базасын жасап, ар бири менен байланыш түзүүгө аракеттенип, алардын арасынан кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытуу боюнча атайын кеңеш уюштуруу зарыл. Кыргыз-Кувейт Чыгыш университетинде Айтматовдун араб тилине которулган китептеринин таанытымы жакында болуп өттү. Бирок кыргыз маалымат каражаттарында араб котормочулары тууралуу учкай да сөз айтылганын байкабадым. Кыргыз адабиятынын достору — кыргыз элинин достору. Алардын көмөгүсүз аалам айдыңындагы таскагыбыз катуулабайт. Жок дегенде алардын атын атап, рахмат айтып турсак демине дем, күчүнө күч кошулмак беле дейм.

Сыйга сый...

Кыргызда сыйлык жана сыймык үчүн иш кылуу илдети бар. Эмгекти кыларын кылып, артынан мага тиги мамлекеттик сыйлыкты бере гой дечүлөр, аттиң, оголе көп. Анчейин арзыбаса деле сыйлык ала коюп коомдук пикирдин чордонунда дүң болгондор да аз эмес. Жалаң эле ич ара устукан бөлүшө бербестен, жыл сайын кыргыз маданиятына жана адабиятына кызмат кылып жаткан чет элдиктерди лупа менен болсо издеп таап ошолорго да мамлекеттик сыйлыктарыбызды ыроолосок. Медаль менен орден — болгону темир, Ардак грамота — кагаз. Аларды берүү менен жок дегенде шүгүрчүл эл экенибизди тастыктап, өз маданиятыбыздын күйөрмандарын көбөйтмөкпүз...

Адабият дипломатиясы

Жыл сайын бир же эки багытта өтө катуу иш алып баруу эрежесин киргизсек. Маселен, "2019-жылы кыргыз жазуучуларынын эмгектери негизинен өзбек тилине, 2020-жылы казак тилине которулсун" деген сыяктуу багыттуу аракет менен чындап ийгилик жемишин татмакпыз. Кол башчылар деле адегенде бир чөлкөмдү, андан кийин башкасын багындырат эмеспи. Ошол эле мезгилде кыргыз тилинде өзбек жана казак адабиятынын он, орус адабиятынын жыйырма, француз адабиятынын жети томдугун ж.б. даярдап таркатсак, эл достугун ширелткен чыныгы маданий дипломатия жүргүзмөкпүз.

Албетте, мындай демилгелер каржы болмоюн ишке ашпайт. Салык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, социалдык долбоорлорго ири колдоо көрсөткөндөргө салык жагынан жеңилдик берилерин шарданаласак, демөөрчү ишкерлер менен ишканалар четтен чыгарына шегим жок. Айрым кошуна өлкөлөрдө ар бир маданий мекеме, адабий басылма жана чыгармачылык союздар бирден ири бизнес компанияга аманат болуп бекитилип берилиптир. Балким, ушул тажрыйбаны биз да колдонуп көрөрбүз.

1320
Белгилер:
чыгарма, мыйзам, жайлоо, акын, жазуучу, саясат, адабият
Тема боюнча
Жаркын маанайда жүрүүнүн 15 эрежеси. Таңдын ырыскысы тууралуу
Темир базардан өмүр базарга карай. Эксперимент уланат...