Пикирим үчүн айрымдар таарынар, ал тургай түшүнбөй жемелээр. Ак мээнети үчүн алкыш алууга татыктуулар жана татыктуумун деп ойлогондор арабызда аз эмес. Бирок терең ойлонуп көрсөк, наам ыйгаруу жөрөлгөсүнүн коом, эл ынтымагы, ыйман, кишинин өсүшү үчүн пайдасынан зыяны көбүрөөктөй.
Экинчиден, сыйлык жана наам күтүү канчалаган адамдардын ден соолугуна, бактысына балта чабууда. Жакшы ишти жасарын жасап алып, "Атаңдын көрү, ушуну билишпеди, баалашпады" деп ар кимге таарынып жүргөндөн маанайың жаркып, саламаттыгың чыңалып кетпейт. Таарыныч деген – ичтен иритип, акырын кемирген курт сыяктуу. Өзгөнү тажатып, өзүңдү муңкантып, аброюңду астанадай аттап, постектей тебелей турган зыяндуу сезим.
Жыл сайын сыйлыкка талапкер болуп, жыйынтыгын күтүү да оңой иш эмес. Ой-пикириң, үмүтүң бир белгисиздикке багытталып, туман арасынан туу көтөргөн ийгилик оро-пара чыгуусун күтүп жашагандан асырасын Жараткан. Өмүр – бул жокту күтүп кезерүү же өткөндү өкчөп өксүү үчүн эмес, барды барктап, көмүскө көрөңгөнү ачып, жакшылыкка пайдаланууга берилген эң кымбат мезгил мерчеми...
Үчүнчүдөн, сыйлык менен наам ыйгаруу - пакиза периштелер аткарчу милдет эмес. Бир пендезатынын элегинен өтүп, өкүмүнө байланган иш.
…Ким адабиятта алп эмгек кылганын бир жылда бир адабий китеп окур-окубасы шектүүлөр чечип жатканын көргөндө кантип чечекейиң чеч болот? Аалы менен Жоомарттын фамилиясын так айта албагандар акындарга баа берип, Океев менен Шамшиевдин фильмдерин айра тааныбагандар актерлор менен режиссерлордун тагдырларын калчап жатканда кантип күйбөгөн жериң күл болбойт?..
Мен өзүм да сыйлык-наамга татыктууларды тандаган коллегияда мүчө катары биринчи жолу иштеп көрдүм. Оо Кудай, кимдин кайсы тармакка канчалык эмгек сиңиргенин баалап, тыянак чыгарып тариздегидей мен ким элем? Кыргызстандын булуң-бурчунан канчалаган талапкерлердин кимисинин эмне кылганын кайдан билем? Мисалы, «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамына талапкер аксылык Ырызаалы Жанчаров дегенди коллегиянын мүчөсү болгонум үчүн гана өмүрүмдө биринчи жолу уктум. Иликтей келсем, тарыхый романдан баштап ыр, кара сөз, публицистика тармагында катар-катар китептерди жазып чыгарып койгон чебер калемгер, эл-жеринде кадыры зор журналист, коомдук ишмер экен. Анын китептерине, эмгектерине менден башка коллегия мүчөлөрү кызыгып көрдүбү? Алардын басымдуу көпчүлүгү сыйлык-наамга талапкерлер аруу үмүт менен толтуруп жиберген документтерин ырымга болсо да бир ачып коюшпайт экен. Ачуу чындык мына ушундай...Төртүнчүдөн, наам жана сыйлык берип, далыңдан таптап "сен укмушсуң" деп эшектей иштетүү — бул совет доорундагы идеологиялык машинанын куу ыкмасы эле. Айтылуу Рыспай ырчы атак-даңктын чокусунда турган учурда Улуттук филармонияда жумалап концерт берип, ар бир кечте залга адам батпай, билеттер Кызыл китепке кирген кыргоолдой таңкыс болуп, бирок концерт аяктаган соң аккордеонун мойнуна асып алып, 20-30 сомдун тегерегиндеги гонорарын чөнтөгүнө салып жөө-жалаңдап үйүнө кеткени тууралуу айыңдар айтылып жүрөт. Мамлекет ошентип адамды качырдай иштетип, кирешесин шыпырып алып, а эмгек ээсине бешбармакка малынган соң манжага жуккан майды жалаткансып бир аз көз акысын ыйгарып туруп "ушул жетет, күтө турсаң сыйлык берип, сыймыкка бөлөйбүз" деген таризде куру сөз, кургак үмүткө семиртип, өз кызыкчылыгына пайдаланган экен. СССР ураган менен сыйлык тууралуу түшүнүк аң-сезимдерде дале жашап келет. Ооба, шоу-бизнес күркүрөгөн базар экономикасы шартында өмүр кечирип жатабыз, бирок өмүрдү эмес, өмүр баянды узартып, өлгөндө некрологго жазылгандан башкага жарабаган сыйлык жана наам үчүн башыбызды ташка уруп, кадырыбызды көрүнгөндүн астына көрпөдөй жайып жалдыраган аң-сезим каныбызда кала берди, аттиң.
Алтынчыдан, ушул бойдон кетсек, бир аздан соң таш ыргытсаң "эл акыны" менен "эл жазуучусунун" башына тийчү заман келчүдөй. Адегенде эки Касымалы (Жантөшов менен Баялинов), Түгөлбай менен Чыңгыз сыяктуу залкарларга буюруп, андан соң Касымбековго чейин эч кимге берилбеген "эл жазуучу" наамы кыйраткан бир да роман чыкпай калган азыркы заманда берешен бай таркаткан садагадай катарма-катар ыйгарылып жатат го, чиркин. Залкар аталарыбыз го чыныгы элдик болчу. Алар жазган "Каныбекти", "Ажарды", "Тоо арасынданы", "Делбиримди" окубаган адам болбогон ошол убакта. Төлөгөн атабыз "Сынган кылыч" баш болгон дүйнөнү дүңгүрөткөн үч романды жазган соң гана ушул зыяпатка арзыптыр. Азыркы биздерге алар менен эрегишүүнү ким коюптур. Ушунча талапты бийик коюп ыйгарыла баштаган наамды ылайыктуу адам чыкканча тапшырбай эле турсак кантет? Берилбей жатса эскирип кеткидей, наам деген эт менен сүт же кийим эмес го акыры.
Кеп өзүң менен кошо көмүлчү наам менен макамда эмес, кылымдардын элегинен, замандардын сыноосунан өтүп тарых деген эң калыс соттун жакшы өкүмү буюруп, барактарынан бараандуу орун табууда экенин түшүнүү насип болгой ар бир талант ээсине. Ак ниет, аруу ыклас жана адал аракет – улуу ийгиликтердин башаты...
Шассинин өзгөчөлүктөрү анын ичинде ушундай эле жылмакай стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү "Спрут-СД" өңдүү курал комплексин жыйноого мүмкүндүк берерин айтат РФтеги "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору Александр Красовицкий. Дөңгөлөктүү танкты Андрей Коц мүнөздөп чыккан.
Александр Красовицкийдин айтымында, зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизиндеги дөңгөлөктүү жаңы танкты иштеп чыгуу аяктап барат. К-16 зооттолгон транспортерун жылдын аягына чейин сыноо пландалган.
Инженерлер белгилегендей, бул аппаратты жасоодо илим жана техниканын эң акыркы жетишкендиктери пайдаланылды. Кийинки пландарда өзгөчө багыттагы жана бөлөк үлгүлөрдөгү техника – БМП К-17ни сыноо да бар. "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору "Бумеранг" платформасынын базасындагы дөңгөлөктүү танкын тез арада бүтүрүү өнөр жай үчүн маселе эместигин баса белгилейт.
Ушул сымал техникалар Советтер Союзунда да чыгарылган, россиялык армияда толук бурулчу мунарасында кубаттуу курал орнотулган дөңгөлөктүү танктар болгон эмес. Зооттолгон автомобилдердин тобун бейрасмий түрдө ушинтип атап коюшат.
Корголушу боюнча бул машиналар чынжырлуу танктарга жетпесе да, ыкчамдыгы, маневр жана жүрүш запасы боюнча алардан артык.
"Дөңгөлөктүү танктар аларга ылайык топурактуу өлкөлөрдө кеңири таралган, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалга Африкада. Атап айтканда, Түштүк Африка Республикасында дал ушундай дөңгөлөктүү танктарга басым жасашат. Алардын негизги артыкчылыгы — ылдамдык жана бир ремонттон кийинкисине чейинки жүрүш аралыгы. Эгер негизги танк он миң чакырымдан кийин бузулуп калса, анда замбиректүү зооттолгон автомобиль жүз миң чакырым жүрө алат".Эксперттин айтымында, мындай техника ошол эле Сирияда күзөт өтөөгө көмөкчү болмок. Азыр ал жакта аскердик полиция "Тигр" жана БТР-82А зооттолгон автомобилдерин айдап жүрүшөт. Леонков зооттолгон транспортер өңдүү эле танк суу бөгөттөрүнөн да өтүп, жүрүп да, сүзүп баратып да ок атууга жөндөмдүү. Күчтүү куралдан улам аны рейддерде, ошондой эле жалпы операцияларда, атап айтсак, аскердик катарда, чалгында, чалгындоочу отрядда жана кайтарууда колдонууга болот.
Болоттон жасалган танктар абдан бышык асфальт жолду да талкалап кетери жашыруун эмес. Жол катмарына дөңгөлөктүү техника зыян келтирбегендей болушу маанилүү. Дал ушул себептен зооттолгон оор техниканы атайын тартып келүүчү транспортерлор менен жеткирүүнү ылайык көрүшөт. Жүктөө жана түшүрүүгө бир топ убакыт кетет. Ал эми дөңгөлөктүү танк согуш талаасына дароо, эч кандай машакатсыз жана даярдыгы жок эле кирип кетет.
Келечектүү танктын негизги куралы катары атайын аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан 125 мм замбиректүү курал бөлүгү каралган. Мындай жабдык өзү жүрүүчү "Спрут-СД" танкка каршы замбирегинде да орнотулат. Октоо автоматы жана 40 дүрмөттөн турган ок-дарысы менен турукташтырылган тутумдагы жылмакай стволдуу 2А75 Т-72 жана Т-90 танктарындагы 2А46М куралына окшош.
Өзү жүрүүчү аппарат тийиштүү калибрдеги ок-дарынын бардык түрү менен октолуп, анын ичинде танкка каршы коргонуу тутумундагы тескелүүчү ракеталарды да кое бере алат.
Батыш жана Чыгыштагы бул типтеги аскердик техниканын басымдуу бөлүгү 105 миллиметрге чейинки калибрге ээ.
Дөңгөлөктүү танктар менен НАТО жана Азия чөлкөмүндөгү бир нече өлкөлөр камсыздалган. Атап айтсак, Stryker платформасындагы америкалык M1128 MGS, ошондой эле франциялык AMX-10RC, япониялык MCV, италиялык Centauro танктары аталган мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө бар.
РФтин коргоо министри мурунку он жылдыктын башында Рим менен
Centauro партиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал түгүл бир нече машина Россияга сыноо үчүн алып келинген, бирок иш ошол менен тык токтогон. Италиялык дөңгөлөктүү танктар аскердик техниканын ишенимдүүлүгү боюнча Россиянын талаптарына төп келген эмес.
"Бумеранг" дөңгөлөктүү платформасы алгач ирет 2015-жылдагы Жеңиш күнүндөгү парадда элге көрсөтүлгөн. Бул негиздеги техника БТР тибиндеги советтик жана россиялык транспортёрлордон кыйла көлөмдүү жана күчтүү келет.
Шосседе 750 ат күчүндөй кубаттуулуктагы ЯМЗ-780 кыймылдаткыч саатына 100 чакырымга чейин күүлөнө алат. Мотордук бөлүгү алдында, бул десантты арт жагынан салып жана түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
"Бумеранг" тобундагы машиналар керамика камтылып, кат-кат сооттолгон, ал эми бул гомогендик коргоого караганда алда канча ынанымдуу. Азырынча дөңгөлөктүү БМП К-17 бул топтогу эң күчтүү машина деп саналат, бул универсалдуу "Бумеранг-БМ" аскердик модулу менен аралыктан башкарылат. Машина тандалма ок-дарылар жана кошумча 500гө чейинки дүрмөт менен камсыздалган 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, ошондой эле эки эселенген "Корнет" танкка каршы коргонуучу эки ракета менен камсыздалган.Мындан олуттуу варианты да бар: К-17 үчүн болжолдуу аскердик модулдардын бири — мүнөтүнө120 ирет ок атуучу 57 миллиметрлик замбиректүү АУ-220М "Байкал". Анын дүрмөттөрүнүн күчү батыштагы акыркы үлгүдөгү бардык пехоталык машиналар менен күрөшкө жетишерлик деп айтылат. Мындан тышкары, 57 миллиметрлик калибри учкучсуз учуучу аппараттарды, анын ичинде чакан көлөмдүүлөрүн да 12 чакырымга чейинки аралыктан таамай жок кылууга мүмкүндүк берет.
Себеби "бешинчи муундагы" көзгө чалдыкпас учактын солгундашына күбө болуп келебиз. F-35тин америкалык паркынын үчтөн экиси кыймылдаткычтагы көйгөйүнөн улам уча албайт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул аппараттын кемчилиги, келечегине сереп салган.
Учактын оголе көп орчундуу конструктивдик мүчүлүштүктөрү бар. Пентагон тарабынан белгиленген сыноодон өткөн жок, алигүнчө жалпы өндүрүшкө уруксат чыга элек. Ушул тапта АКШнын Аскердик аба күчтөрү F-35тен баш тартып, 4+ муундагы жөнөкөй F-16 истребителин тандоого даяр.
Пентагондогулар F-35A учагына буюртманын көлөмүн адегенде 40 пайыздан ашуун, тагыраагы, 1 763төн 1050 учакка чейин кыскартууну сунуштаган. Аны менен катар эле АКШ Аскердик аба күчтөрү эски, бирок ынанымдуу F-16 Fighting Falcon учагына буюртма алуу жолун караштырууда.
F-35 бомбалоочу истребителин АКШ Аскердик аба күчтөрү беш жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланып келет, бирок даярдыгынын төмөндүгү, майнапсыздыгы өнөкөткө айланган. АКШ коргоо министринин орун басары мурдараак F-35 Lightning истребителдеринин 36 пайызы гана учууга жарактуу экенин, калган машиналар "жарым-жартылай гана иштээрин" маалымдаган.
F-35тин бирдигин 100 млн. долларга сатып алган АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрүнүн (Улуу Британия, Норвегия, Израиль, Италия, Сингапур, Түштүк Корея, Япония) үмүтү акталган жок. Учак 5-муундагы көрсөткүчтөргө төп келбейт, аскердик даярдыкка дегеле караандабайт, башкача айтканда, багыты боюнча милдеттерин аткара албайт. Кызыгы, АКШнын Аскердик өнөр жай комплексинин "чийки" түзүлүшүн алууга кезек бүтпөйт.
Бириккен Араб Эмирлиги F-35тен 50 даана алууга келишим түзгөн. Израиль "чагылган" паркын үч эскадрилияга (40 машинага чейин) көбөйтүү ниетин билдирген. Мындай жагдайды АКШ менен "достукка" жамынган акы менен гана түшүндүрүүгө болот.
Мурда "чагылгандардын" үндөн ыкчам ылдамдыкта стелс-каптагычы жана корпусу талкаланып кетери, кычкылтектин берилишиндеги үзгүлтүктөр (учкучтарга) жана F-35тин программалык камсыздоосундагы мүчүлүштүктөр туурасында кабарланган.
Инженерлер пайдалануунун жүрүшүндө анын кемчиликтерин жоюуга аракет кылышат, бирок алар улам арбып барат. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн F-35A истребители F135 менен жабдылган, аны америкалыктар "дүйнөдөгү каалаган истребителге пайдаланылчу эң кубаттуу" кыймылдаткыч деп санашат. Бирок дал ошол жабдыгы F-35тин начар иштешинин негизги себеби болуп эсептелет. Машакаттуу F135тин бир саат учушуна 31 миң, ал эми "карыя" F-16 – 8 миң долларга чукул каражат сарпталат. Айтмакчы, Pratt&Whitney компаниясынын F135 кошумча кыймылдаткычтары жетишсиз, ал тургай жай убакта да тартыштык бар. Кокус согуш тутанып кетсе, абага F-35 учактарынын үчтөн бири көтөрүлөт, кийин душмандын абадан коргонуу каражаттарынан да эмес, металлдын ысып кетишинен эле күндөн-күнгө азаят.АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн согушка жарамдуулугун сактоо үчүн F-35тин үлүшүн кыскартууга аргасыз. Алар заманбапташтырылган F-16 Fighting Falcon (бул менен 1979-жылы куралданышкан, бүгүн мындай типтеги 790 истребитель бар) менен алмаштырылат. Төртүнчү муундагы F-16 көп функциялуу жеңил истребителинин учуш массасы – 21,8 тонна, илмегинин 9 бурчунда 7,7 тонна авиабомба жана ракета ташый алат. Радиусу – 1700 чакырым, максималдуу ылдамдыгы – саатына 2200 чакырым. Аймактык жаңжалдар үчүн дурус машина, бирок "бешинчи муундан" бир кадам артка чегинүү (технологиялык деградация) жакшы эмес. Пентагондо бул жаатта компромисс издөөдө.
Америкалык Аскердик аба күчтөрү F-16 Fighting Falcon истребителдерин аскердик учактарга алмаштыруунун жөндүүлүгүн баалоо үчүн изилдөө программасын баштады. Изилдөө каржылык 2023-жылдын башталышына чейин аягына чыгат. F-35 батыш дүйнөсүндө өндүрүлгөн "бешинчи муундагы" жалгыз истребитель болгондуктан ушундай машакат жаратууда. Ал менен шарттуу түрдө атаандашкан кансыз согуш доорундагы төртүнчү муундагы конструкциялар, тагыраагы, Boeing өндүрүшүндөгү F-15 жана F-18 истребителдеринин эскилиги жетти.
АКШнын европалык союздаштары бешинчи муундагы өз истребителин чыгарууга батына элек, ал эми үмүтү үзүлгөн Улуу Британия, Польша, Бельгия, Италия америкалык F-35ти сатып алууга инвестициялап келет.
"Чагылганды" иштеп чыгууга жалпы чыгымдар 400 млрд. доллардан ашып кетти, бирок бул улуттук бюджеттик каражаттарды туура эмес пайдалануунун башаты гана болду.
"Көзгө чалдыкпас" F-35 долбоорунун мындай "өнөкөт" ийгиликсиздеринен улам россиялык Су-57 истребителинин технологиялык жетишкендиктери өзгөчө айырмаланат. Бул – гипер үндүү ракеталарды өздөштүрүп жаткан дүйнөдө чыныгы бешинчи муундагы истребителдеринин карлыгачы. Америкалыктар россиялык куралдын артыкчылыгын аргасыз моюнга алууда.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Билдирүүнү Sputnik Кыргызстан агенттигине Финполдун маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаарынын тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн опузалап 100 миң сом талап кылган деп шектелүүдө.
Маалым болгондой, милиционерлер 2-мартта жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан.
Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.
Колго түшүрүү учурунда тартылган сүрөттөрдү укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар беришти.