Афганистандын королу  Аманулла хан. Архив

Алышып жүрүп араң жеткен азаттыктын баяны. Афганистан эгемендигин белгилөөдө

1548
(жаңыланган 16:47 19.08.2019)
Бүгүн Афганистан эгемендүүлүгүн белгилөөдө. Жүз жыл мурда бул өлкөнүн өкүмдары Аманулла хан Улуу Британия менен согушуп, өлкөсүн көз карандысыздыкка алып келүүгө жетишти. Колумнист Алмаз Батилов афган элинин көкүрөгүндөгү көксөгөн максатын иш жүзүнө ашырган Аманулла хан тууралуу баяндап берди.

1919-жылдын 19-августунан баштап Афганистан толук эгемендүү мамлекет болуп калды. Көз карандысыздыкка жетиш үчүн Англия менен үч ирет согушту. Улуу Британия колониалдык тарыхында биринчи жолу өзүнө көз каранды өлкөнүн эгемендүүлүгүн тааныганга мажбур болду. Белгилей кетчү жагдай, Афганистан менен Советтик Россия биринчилерден болуп бири-биринин көз карандысыздыгын тааныган.

Кендирди кескен Гандамак келишими

Афганистан Евразияда стратегиялык жактан абдан ыңгайлуу аймакта жайгашкандыктан, 19-кылымдын башында Россия менен Улуу Британиянын ортосунда айыгышкан күрөш башталат. Бул эки державанын ортосундагы атаандашуу дүйнөлүк саясатта "Чоң оюн" деп аталды. Англиянын көп колонияларынан айырмаланып, Афганистан эч качан толугу менен Улуу Британияга караган эмес.

19-кылымда Англия эки ирет Афганистанды басып алганга аракет кылат. Буга чейин Улуу Британия чыгыш афган тайпалары жашаган чөлкөмдү (азыркы Пакистан) басып алууга үлгүргөн. Бирок калган афган эли биригип, англиялык аскерди талкалап, өлкө аймагынан сүрүп, Ата Журтун сактап калышат. Улуу Британия мындай аракеттен майнап чыкпасына көзү жетип, Афганистандын эмири Абдуррахман хан менен өзүнө ыңгайлуу келишим түзгөнгө аракеттенет. 1879-жылы май айында Афганистандагы Желал-Абад шаарынын жанындагы Гандамак кыштагында расмий Лондон менен Кабул тынчтык келишимине кол коёт. Натыйжада өлкө бир топ жеринен ажыраган. Ошол эле учурда расмий Кабул тышкы саясатын Улуу Британия аркылуу гана жүргүзүп, Англия Афганистандын эмирин жылыга 600 миң рупийге каржылайт деген шартка Абдуррахман хан арга жок баш ийип берет. Белгилей кетсек, Гандамак келишими Афганистандын өнүгүшүнө абдан зыян келтирген.

Мындан сырткары, 1880-жылдары Англия Индия менен Афганистандын ортосундагы "Көз карандысыз афган уруулары жашаган тилке" деп аталган чек ара чөлкөмдү толугу менен басып алганга умтулат. Бул аймакта жашаган чыгыш афган тайпалары менен Абдуррахман хан Англияга баш ийип берүүнү каалабай каршылык көрсөтүшөт. Буга карабастан, 1893-жылы ар түрдүү амалдардын аркасы менен Улуу Британиянын Индиядагы колониалдык администрациясынын жооптуу катчысы Мортимер Дюранд чыгыш афган уруулары жердеген аймакты расмий Лондонго өткөрүп берүү тууралуу келишимге Абдуррахманды кол коюуга көндүрөт. Бул келишим дүйнөлүк дипломатияда "Дюранд сызыгы" деп аталып, афган эли экиге бөлүнүп калды. Азыркы күндө да "Дюранд сызыгы" Пакистан менен Афганистандын ортосундагы чечилбеген маселе бойдон калууда.

© Sputnik / РИА Новости
Жүз жыл мурда бул өлкөнүн өкүмдары Аманулла хан Улуу Британия менен согушуп, өлкөсүн көз карандысыздыкка алып келүүгө жетишкен

Алгачкы аракеттер

Өткөн кылымдын башында Иран, Кытай жана Түркияда бийликке каршы революциялар болот. Натыйжада бул мамлекеттерде саясий жана социалдык-экономикалык жактан өзгөрүүлөр башталат. Анын таасири менен Афганистандын элитасы, армия, интеллигенция жана көпөстөрүнүн арасында "Жаш афгандар" кыймылы жаралат. Булар Абдуррахмандын мураскору Хабибулланын залим саясатына тымызын каршы болуп, Ата Мекенин Англиядан толук көз карандысыз болушу үчүн олуттуу реформа жүргүзүүнү максат кылышкан.

Кыймылдын идеологдорунун бири - белгилүү коомдук ишмер жана жазуучу Махмуд бек Тарзи болгон. Ал Жакынкы Чыгышта жашап, билим алган эле. Махмуд бек Афганистанда биринчи "Серадж аль Ахбар" ("Жаңылыктардын чырагы") аттуу гезитин чыгарат. Бул басылма Афганистандын саясий турмушунда чоң роль ойноп, коомчулук аны "афган журналистикасынын атасы" деп атаган. Ошол эле убакта буларды афган падышасынын экинчи уулу ханзаада Аманулла хан колдойт. Анын үстүнө ал Тарзинин кызы Сорайяга үйлөнөт. Белгилей кетчү жагдай, "Жаш афгандар" кыймылы светтик билимдин чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулган.

Уулунун колунан ажал тапкан хан

Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда Хабибулла хан Афганистан бейтарап саясат жүргүзөрүн жарыялаган. Бирок иш жүзүндө ал түрк менен немис чалгынчыларына Англияга каршы диверсиялык аракеттерге жардам берген. Осмон менен Германия империяларынын чалгынчылары чыгыш афган тайпаларына таянып, Британиянын эң ири колониясы Индияда бир катар толкундоолорду уюштурат. Түрк менен немис чалгынчыларынын мындай кадамына Англия жана Россия бөгөт коёт. 1917-жылы Россиядагы Октябрь революциясын "жаш афгандар" жакшылыктын жышааны катары кабыл алышат. Алар большевиктердин чет элдик баскынчыларга каршы күрөшүп жатканын чын жүрөктөн кубатташат. Ал эми расмий Кабулду, тескерисинче, Октябрь революциясы кооптондурат. Хабибулла ханга Москва мурдагы Россия падышалыгынын Афганистан менен Иранга карата түзүлгөн теңсиз келишимден баш тартып, эки мамлекеттин ортосунда тең укуктуу келишимге кол коюуну сунуштайт. Россиянын мындай сунушунан баш тарткан хан "жаш афгандардын" кыжырын кайнатат. Божомол боюнча, 1919-жылы 20-февралда Хабибулла ханга улуу баласы Насрулла каршы кутум уюштуруп, аны өлтүрөт. Бирок бийлик үчүн күрөштө "Жаш афгандардын" лидери Аманулла хан жеңип, сегиз күндөн кийин тактыга отурат.

© Sputnik / Николай Петров
Көз карандысыздыкка жетиш үчүн Афганистан Англия менен үч ирет согушту. Улуу Британия колониалдык тарыхында биринчи жолу өзүнө көз каранды өлкөнүн эгемендүүлүгүн тааныганга мажбур болгон.

Жаңы ажонун амири

Жаш өкүмдар эки тизгин, бир чылбырды колго алары менен расмий түрдө "Афганистан эч бир башка өлкөгө баш ийбейт жана көз карандысыз мамлекет" деп жар салат. Ошол эле учурда "Жаш афгандар" кыймылынын "Аман жана афган" аттуу гезити чыга баштайт. Бул гезиттин биринчи санында өлкөдө реформалар башталат деп жарыяланган. Мындан сырткары, Аманулла хан кайнатасы Махмуд-бек Тарзини тышкы иштер министири кылып, өлкөдөгү көпчүлүк маанилүү кызматтардын жетекчилигине "Жаш афгандарды" дайындайт. Ошол эле убакта Англия падышасынын Индиядагы акимине Афганистандын толук эгемендүү мамлекет болгону тууралуу кат жөнөтөт. Андан кийин Аманулла хан кайнатасы Тарзи экөө Советтик Россиянын башчысы Владимир Ленинге достук мамиле түзүүнү өтүнүп кайрылышат.

Улуу Британиянын Индиядагы акими Афганистандын көз карандысыздыгын таануудан баш тартып, Гандамак келишиминдеги бардык шарттарды сактоону талап кылса, 1919-жылы 27-майда совет өкмөтү дүйнө жүзүндө эң биринчи болуп Афганистандын эгемендүүлүгүн тааныйт. Андан тышкары, Советтик Россиянын тышкы иштер министри Георгий Чичерин Афганистандагы кесиптештерине расмий түрдө советтик өкмөт Россиянын падышалыгынын тымызын жол менен расмий Кабулда түзүлгөн теңсиз абалга койгон келишимдин баарын жокко чыгарганы тууралуу деп нота жиберген. Бул кадам менен расмий Москва менен Кабул чоң жеңишке жетишкен эле. Аманулла ханды диний элитанын өкүлдөрү, интеллигенция, армия жана элдин калың катмары колдоду.

1919-жылы 3-майда хан Британиянын карамагындагы Пешавар шаарына чабуул жасаса, эртеси, 4-майда, Англия Афганистанга расмий түрдө каршы согуш жарыялайт. Чыгыш афган тайпалары Аманулла ханды колдоп, британиялык аскерлерге каршы партизандык согуш жүргүзөт. Каршылашкан эки тарап тең айыгыша согушат. Мында Аманулла хандын элдешкис атаандашы жана анын мураскору, аскер башчы Надир хандын жылдызы жанат. Эки жак тең алсырайт. 2-июнда расмий Лондон менен Кабул согушту токтотот. Эгерде согуштук иш-аракеттер улана берсе, Индияда көтөрүлүш чыгып кетиши мүмкүн экенин түшүнүп, Англия согушту уланткысы келген эмес.

© Sputnik / РИА Новости
Афганистан менен Советтик Россия биринчилерден болуп бири-биринин көз карандысыздыгын тааныган.

Көз карандысыз Афганистан

1919-жылы 8-августта Түндүк Индиянын Равалпинди шаарында (азыркы Пакистанда жайгашкан калаа) Улуу Британия менен Афганистан тынчтык келишимине кол коюшат. Ага ылайык, Англия мурдагы Гандамак келишиминдеги афган эмирине төлөнчү субсидияларды төлөгөнүн токтоткон. Муну менен расмий Лондон Афганистандын эгемендүүлүгүн тааныганга аргасыз болгон. Алгачкы жолу Англия колониалдык тарыхында өзүнө көз каранды мамлекет менен согушта утулуп, анын шартына моюн сунуп, көз карандысыздыгын тааныганга мажбур болду эле. Бирок Аманулла хан чоң атасы Абдуррахман хан кол койгон Дюранд сызыгы тууралуу келишимге дагы бир бир ирет кол коюп берүүгө мажбур болду.

19-августта расмий Кабул өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялады.

1548
Белгилер:
көз карандысыздык, согуш, колония, эгемендүүлүк, Афганистан
Тема боюнча
Чүмкөнбөгөн кыздарды өлтүрүшкөн... Кыргызстандыктардын афган согушундагы 11 сүрөтү
Ири мүйүздүү тирүү мал. Архив

Малдын териси иттердин эрмегине айланды. Айылдыктарга ким көмөктөшөт?

84
Ноябрь айында өлкө аймагындагы базарларда малдын баасы арзандап кетти. Буга элет жериндегилер жогору жактагы аткаминерлерди күнөөлөп, аларга түрдүү сын-пикир, сунуштарын айтып жаткан кези.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов аталган маселеге кайрылып көрдү.

Өкмөт ноябрь айында мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салды. Ал тизмеге тирүү жылкы, ири мүйүздүү тирүү мал, тирүү кой жана эчкилер, тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар кирди. Андан сырткары, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, тоок жумурткасы, йоддолгон туз жана тоют да сыртка сатылбай калды.

Айыл чарба министрлиги мындай сунушту азык-түлүк коопсуздугуна тынчсыздангандыктан улам бергендигин кабарлаган. Андан көп өтпөй облустардагы базарларда малдын баасы мурдагыга салыштырмалуу түшүп кеткендиги айтыла баштады.

Эл жаздан бери акчасын төлөп малын жайлоодо бактырып, жайы бою жем-чөбүн даярдап өз убарасын тарткан. Жандыгынын туягын санаган элеттиктер сатыкка ылайыктуу малын, талаадан жыйнаган түшүмүн күзүндө жана кышында сатып тиричилигин улантып, эмгегинин жемишин көрөт. Алардын андан башка деле оңгулуктуу киреше булагы жокко эсе.

Ошондуктан өкмөттүн кабыл алган чечимин айыл жеринде жашагандар түрдүү кабыл алууда. Кээ бири жогорку кызматтагы аткаминерлерге сын-пикир айтса, дагы бири малды чет жакка чыгарууну тыюу салбастан, өлкөдөгү мал чарбачылыгын алдыга жылдырган аракеттерди сунуштоодо. Биз алардын айрымдарын тизмектеп берелик.

Ит бекер жаткан тери

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 850 миңге жакын уй, жарым миллиондон ашык жылкы, алты миллиондон ашык кой-эчки жана 1,5 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал бар. Ошондой миллиондогон малы бар республикада азыркыга чейин бодонун, кой-эчкинин териси, жүнү өлкө аймагында иштетилбей келет. Бир нече жыл мурун облустарда кой-эчкинин териси 100-200 сомдон, бодо малдыкы 1000 сомдон жогору баада алынып турган. Ортодо ал чет элдик ишкерлердин байланышы бар өндүрүштөр токтоп калып, кайра иштетүүчү жарактуу продукция учурда айыл четиндеги таштандыга үйүлүп калды. Башка мамлекеттер бука менен уйдун терисинен кайыш, ат жабдыктарынан баштап бут кийимге чейин чыгарып жакшы эле киреше таап жатса, бизде малдын териси айылдык иттердин эрмегине айланды.

Кайра иштетүүгө муктаж болгон жүн

Ал эми боз үй, кийим-кече, кышкы өтүк, жип-шуу өңдүү толгон-токой буюмдарды даярдоого мүмкүн болгон кой-эчкинин жүнү элет жеринде өрттөлүп, айылдыктар жазында куйкум эле жыттанып жатып калышат. Кыркын маалында жайлоодогу кокту-колот, ээн талаалар баасы жок жүнгө толот. Аткаруу бийлиги аны колго алса, ар бир облуста жок дегенде ондогон жумуш орундары пайда болмок. Кыргызстандыктардын үйүнө Кытай, Иран, Түркиядан келген килемдер эмес, ата мекендик өндүрүштөгү өзүбүздүн сапаттуу шырдак, кийиздер салынып калмак беле. Малчыларга кам көргөн аткаминерлер, азык-түлүк коопсуздугуна тынчсызданган мамлекеттик кызматкерлер, арзан, жеткиликтүү чийки затты кайра иштетүүгө эчак эле убакыт келген.

Малдын сөөгүн дагы иштетсек болмок

Ооз көптүрүп "мал киндиктүү жербиз, этсиз жашай албайбыз, жамандык-жакшылыкта мал сойбой кое албайбыз" деген республикада  азыркыга чейин малдын сөөгүн иштеткен бир да ишкана жок. Мисалы, азык-түлүккө колдонууга жараксыз болгон сөөктөрдөн короодогу тоок, үндүк, үйдөгү ит-мышыктардын курсагын тойгузуп, өсүшүнө көмөктөшө турган кошулмаларды даярдоого мүмкүн экендигин чарбакерлер билет. Анткени анын курамында кальций арбын, аны жеген үй жандыктарынын сөөгү бекем болуп, тез өсүшүнө өбөлгө болот. Жок дегенде биз ошону жолго салып алсак, айылдагы иттер жугунду ичсе дагы, шаардагы үй жаныбарларынын курсагын жергиликтүү продукция менен тойгузуп калат элек. Себеби азыр ошонун баары чет мамлекеттерден алып келинүүдө.

Бул элеттиктердин тизмектеген сунуштарынын айрымдары гана. Азыр айылдыктар эт, сүт багытындагы асыл тукумдуу малды гана багууга, сандан сапатка өтүүгө өтө кызыкдар. Сааган уйларынын сүтү, малынын эти жогору баада алынса, жайдыр-кыштыр тоодо жүрүп, жада калса бала-чакасын унутуп калган чабандарга өкмөт көңүл бурса дегенде эки көзү төрт.

84
Белгилер:
колумнистика, өндүрүш, кайра иштетүү, мал чарбасы, Кыргызстан
Тема боюнча
Токтогазиев: өкмөт фитосанитардык көзөмөлдү бизге берсе иретке келтиребиз
Быйыл Кыргызстанда эт көбүрөөк өндүрүлдү. Тогуз айдын жыйынтыгы
Тоолуу Карабахтагы Армениянын талкаланган аскердик техникасы

Армениянын аскердик техника жактан көбүрөөк жоготууга учурашынын себеби эмнеде

205
(жаңыланган 16:33 03.12.2020)
Тоолуу Карабахтагы согуштук кагылыштардын учурунда армяндардын колундагы россиялык өндүрүштөн чыккан куралдардын майнаптуулугу боюнча эксперттик чөйрөдө жана медиа айдыңда талкуу жүрдү.

Кеп куралдабы же коргонуп жаткан тараптын өздүк курамынын даярдыгындабы деген маселеге аскерий баяндамачы Александр Хроленко үңүлүп көрдү.

Бүгүн армян тараптын жеңилип калышын Су-30-СМ истребителдеринин "эч нерсеге жарабай" тургандыгы менен жактаган аракеттер байкалууда. Анын катарына С-300 зениттик комплексти, "майнапсыз" РЭБ комплексин жана "такыр башка системадагы" танкаларды кошушту. Мунун баары россиялык куралдар.

Армения үчүнчү өлкөлөрдүн (мисалы, индиялык Swathi радарлары) куралын эч качан албагандай айтышты. Ал эми азербайжандык куралдуу күчтөр израилдик жана түркиялык үлгүдөгү гана ("Байрактар" тибиндеги) аскер техникасын алган сыңары жар салышууда. Ошондо жалпы дискурс: Карабах россиялык куралдарды союздаштар менен өнөктөштөргө берүүнү жөндөп, түздөп турат. Буга окшогон ой-жүгүртүүлөрдүн схемасы жетекчиликтин аскердик-саясий кетирген стратегиялык катачылыгын, жаздым басып алышын жана дүйнөлүк курал рыногундагы айыгышкан атаандаштыкты жаап-жашырууда.

Бул учурда чындыкка жүз буруп кароо орундуу болчудай.

Москва Арменияга бир нече аскердик насыяларды берди. Аны андан ары аскерий курулуш менен алып кетүү армян тараптын иши. Эгерде россиялык С-300 зениттик ракеталык комплекс Карабахтагы согуш аракеттеринде колдонулган болсо жана ишенимдүү ПВО системасынын жоктугунан жабыр тартышса, анда жогоруда айтылган 40 млн. долларлык Swathi индиялык радарларынын активдүү иштегендиги көрүнбөй жатпайбы.

Рекламалык аннотацияга ылайык, минометтук атууларды 20 чакырым, артиллериялыктарын 30, ракеталыктарды 40 чакырымга (ар бир жабдуу негизи 7 бутаны бир маалда байкап, көзөмөлдөп турууга жөндөмдүү) чейин билүүгө болот эле да. Кыязы, эсептөөлөр жаңы радарларды өздөштүрө элек окшобойбу. Армян адистерин окутуу жана россиялык өндүрүштөн чыккан аскердик техниканы иштетип, колдонуу (курал өзүнөн өзү атыла бербейт эмеспи) чечүүчү (алсыз) нерсе болуп көрүнүшү мүмкүн. Албетте, аскердик ишкерде чала даярдык менен эрдемсинүү орунсуз нерсе.

Жоготуулар менен олжо

Азербайжан башчысы Илхам Алиев 1-декабрда элге кайрылып жатып Тоолуу Карабахта армян тарап канча аскердик техникасынан ажырагандыгын кең-кесири айтып берди. Тизмектелген узун тизмеде жок кылынган жана олжо катары алынган ар кыл куралдардын жүзгө жакыны саналган. Азербайжан президенти ракеталык комплекстерди, бир дем менен атылуучу реактивдүү системаларды, танкаларды жана радиоэлектрондук күрөштүн каражаттарын атады.

Бул системаларга жана Азербайжан армиясынын атайын эле "көлөкөдө" калтырылган жоготууларына (кыязы, өтө маанилүүлөрүнө) ар башкача караса болот. Бирок жаралган бул абалда (жети райондун кайтарылышы) президентке каршылашынын жоготуулары тууралуу көбүртүп айтканга деле негиз жок.

Армян топторунун Тоолуу Карабахтагы согуштук 44 суткасындагы аскердик уюштуруу маселесинин деңгээли боюнча мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

Армения тараптын аскердик техникаларынын көп санда жок кылынышын каршылаш менен болгон айыгышкан салгылашы деп түшүндүрүүгө болот. Бирок ташталган 79 танка, жөө аскерлердин согуштук 47 машинасы, артиллериянын 104 бөлүгү (пушкалар менен минометтордуку), "Шилка" деп аталган 5 зениттик курал, 93 атайын автомобиль, 270 жүк ташуучу автокөлүк таңгалууну жаратты. Кыязы, Баку бул олжолорду президенттин сөзүнө далил катары көрсөтсө керек.

Ал арада согушка жарамдуу 790 танка – бул танкалык 2,5 батальондун куралы (коргонуу жана чабуул коюуда кубаты абдан күчтүү).

Армян тараптын мындай "берешендигин" эки нерсе менен түшүндүрүүгө болот. Аскер техникалары башаламандыкта, чегинип бара жатканда ташталган же күйүүчү майы жок калган (тылды камсыздоодогу көйгөй) жана машиналар андан ары жүрө алган эмес.

Кандай болгондо да бул жерде уюштуруу иштери боюнча бүтүм кылса болот, бирок бул Армениянын башкы штабынын жана аскердик-саясий жетекчиликтин укугу.

205
Белгилер:
Аскер, курал-жарак, Азербайжан, Тоолуу Карабах, Армения
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Россияга рахмат: Тоолуу Карабахта мектеп, ооруканалар ачыла баштады
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

0
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

0
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат