Устукан көтөрүп бараткан официант. Архив

Кудага сөзсүз эле 10 жолу эт тартып түштөнтүү керекпи? Ыксыз каадалар

3094
(жаңыланган 15:01 07.10.2019)
"Аш көп болсо, каада көп" демекчи, кыргыздын той-топурунан да андагы каада, ырым-жырымдар көбөйүп кетти. Колумнист Таалайгүл Усенбаева анын айрымдарынын кереги жок деген пикирин жазды.

Шаан-шөкөттү аябай жакшы көргөн калкпыз. Дарыга табылбаган акча тойго дароо табылат. Балдардын окуусуна табылбай жаткан акча туулган күн, шерине, кудага алеки саатта колго тиет. Кыргыздын көп үй-бүлөсү алган айлыгы, тапкан маянасынын баарын азыр кошумчага коротуп жатса керек. Ошол дагы жетсе, жетпегени "кой, уят" деп карыздап барат.

Той-аштын күтүрөп турган убагы. Мындан улам азыр "куда тосом", "баланчанын кудасын түштөндүрөбүз" дегендер көбөйдү.

Куданы да барган сайын укмуш шаан-шөкөт менен тосчу болдук. Куда тосууда "түштөнтүү" деген каада модага айланып кетти. Өткөндө Нарында тааныштар куда тосту. Келген меймандарына бир жылкы союп, 12 жолу эт тартыптыр! Мындай мисалдар азыр толтура.

Негизи менин билишимче, түштөнтүү деген түшүнүк илгери эле бар болчу. Куда тоскон кишинин кыйбас жакыны жаңы тууган болгон кишилерди жоон тобу менен таанышуу, жакындашуу максатында үйүнө алып барып, чай-пайын, тамак-ашын берип сыйлап, узатып койчу. Бүгүнкү күндө эмнегедир түштөнтүү деген кааданын арышы кеңейип кеткендей. Ал "кол чайкаар" деп да айтылып жүрөт. Үй-ээсинин бөлөлөрү, жаш туугандар, кары туугандар, теңтуштары, аяштары, кошуналары, чогуу иштешкендери деп жатып кудаларга жок эле дегенде 10 жолу эт тартылат.  Бул 10 ирет козу же кой союлду дегенди билдирет. Анча этти барган меймандар баары бир жей албайт. Бешбармактан эптеп ооз тийишет да устуканды баштыктарына салышат. Андан да куда тоскон үй атайын бир муздаткыч даярдап коёт экен. Ар биринин аты жазылган пакет улам бир устукан менен толукталып, муздап турат. 10 жолу эт тартылса, 10 устукан алат, бул бир куржун эт. Ошондо кудага келген киши дээрлик бир койдун этин алып кетет. Кеч күз же кыш болсо жакшы. Ичеги-карынды эсептебегенде бир койдун эти. Той азыр мезгилге карабай өтүп калганын эске алсак, Нарындан Ошко, же Таластан Көлгө жеткиче баягы эт эмне болорун элестетип көргүлө. Албетте, мунун баарынын алдын алып, этти өзгөчө кылып ороп, коробкага салып бергендер бар. Ошентсе да... Көлдө Жалал-Абаддан барган кешиктен ооз тийген кошуналардын ууланып, ооруканага түшкөнүн көбүбүз унутпасак керек.

Бул бир жагы. Экинчиден, куда деген көп болсо бир күнгө, ашып кетсе жатаар конок болуп эки күнгө барат. Он үйгө кирип түштөнүп чыккыча кетер маал болот. Жакын жер болсо жакшы, алыстан келгендерге оор эле. Кыйналып жол жүрүп келгени аз келгенсип түнү менен уктабай, улам-улам этке шыкалып, ашказан, өт, боорду биротоло өлтүрүп, кайра жол тартат. Эч нерсе болбогондой так секирип, эртеси жумушка чыгып кеткени анык баатыр. Демек, был сыйлоо эмес эле кыйноо.

Үчүнчүдөн, 10-15 жолу түштөнткөн кишинин кудасынын мынчалык тааныш-билиши, катышы жоктур. Кийинки жылы барганда антип сыйлай албайт чыгаар. Бирок биз намыстуу кыргызбыз да, колунда жок болсо да "кызым/балам кем болуп калбасын" деп насыя алып, карыздап кудасын "тийиштүү" шаан-шөкөт менен тосот. Мындан да адам кыйналат, социалдык теңсиздик маселеси пайда болот. Ал эми бул нерсе көп чырдын башы экени баарыбызга эле маалым.

Ыксыз ысырапкорчулукка, кыйноого алып келген кааданын азыркы заманда кереги барбы? "Сый" деп коюп эле өзүбүздү өзүбүз кыйнай беребиз. Айрымдары шаан-шөкөттүн көп болушун "бул деген барчылыктын, токчулуктун, элдин жашоосунун жакшырышынын белгиси" дейт. Туура. Бирок аша чаап кетүүнүн эмне зарылдыгы бар?

P.S. Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

3094
Белгилер:
Кыргызстан, эт, каада-салт, той
Тема боюнча
Куда тосушкан. Көлдөгү массалык уулануунун чоо-жайы
Кыркылык берилбесин! Өзбекстан депутаттары той-аш өткөрүү тартибин сунуштады