Окуучулар. Архив

Билим мектеп менен китептен эле алынбайт. Өзүңдү таануунун 9 багыты

2106
(жаңыланган 12:26 17.10.2019)
Колумнист Нуржигит Кадырбеков өзгө элдин аки-чүкүсүнө чейин билсек да, өзүбүздү унутуп бараткансыйбыз дейт. Ал мындай жагдайга интернеттин жайылышы менен аң-сезимди улам көбүрөөк ээлеп бараткан батыш-чыгыш баалуулуктарынын үстөм абалы себеп экени белгиледи.

2009-жылы Японияда айтылуу Фужи тоосунун (Фудзияма) чокусунда болгом. Челектегендей куйган нөшөрдөгү суукта коюн-колтугума чейин суу өтүп, калтырап үшүп, көлчүккө түшкөн коёндой жүдөп араң жеткеним тууралуу “Жапон кереметинин сыры” китебимде кенен жазгам. Аныма маашырланып, бараандуу баяндаганым менен Кыргызстанымда бир деле чокуга кадам таштабапмын. Унааны уңулдатып Төө-Ашууну, Ала-Белди, Өтмөктү, Чапчыманы, Долонду далай жолу ашканым чын, а бирок Фужиге чыккандай атайын чыгынып чокуларды жөө-жалаң беттебептирмин. Жада калса, өз айылыбыздагы шаңкайган Мазар-Чокуда боло элекмин.

“Колдо бар алтындын баркы жок” деген ушул. Биз географиядан, башка китептерден окуган чет жактагы жерлерди, көл, чөл, коолорду, тоо-токойлорду көрүүгө куштарбыз, бирок алардан ашса ашып, асты кем калбаган өзгөчө кооз табияттуу жергебиздеги керемет жайларга зыярат кылбайбыз. Дубайга, Стамбулга, Мисирдеги пирамидаларга баруу — аброй, зыяпат, ал эми Таластагы Манас-Ордону, Нарындагы Таш-Рабатты же Жалал-Абаддагы Шах-Фазилди көрүп-билүү — күн, керек болсо жыл тартибибизде жок.

Адабият, маданият, тарых, искусство айдыңдарында деле ушул көрүнүш. Брэд Питт, Женнифер Лопес, Сильвестер Сталлоне, Шахрух Хан, Митхун Чакроборти, Жан Поль Бельмондо, Ален Делон, Гойка Митиш, Жекки Чан сыяктуу голливуд, болливуд ж.б. чет элдик киноактерлорду, Мухаммед Али, Тайсон, Конор, Роналдо, Месси, Пеле, Марадона, Майкл Жексон, Пол Маккартни, Бритни Спирс сыяктуу  спорт жана шоу жылдыздарын жакшы билгени менен жаштарыбыздын көбү Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сайра Кийизбаева, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева  сыяктуу кыргыз киносунун жана искусствосунун, Каныбек Осмоналиев, Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Раатбек Санатбаев, Игорь Паклиндей спорт залкарларын, мыктыларын унутуп баратышат. Учурдагы таланттуу акын-жазуучулар, өнөр адамдары мындай турсун, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Шүкүрбек Бейшеналиев, Темиркул Үмөталиев, Эрнис Турсунов сыяктуу даңктуу калемгерлердин чыгармаларын билгендер аз. Шумердин, Байыркы Римдин, Карфагендин, Алтын Ордонун, Француз ыңкылаптарынын тарыхын, Македонскийдин, Цезарь, Долгорукий, Чыңгыз хан, Наполеон, Кеннединин өмүр таржымалдарын саймедиреп айтчу мекендештерибиз Кара-Буура кайсыл облуска карарын, Эркеч-Там аркылуу өткөн жол кайда барарын билбей, Тагай бий менен Тайлак баатыр, Алымбек датка менен Абдыракман Кучак уулу, көлдүк акелер жөнүндө сурасаң жооп таба албай мелтейип туруп берсе таң калбайбыз.

Бир сөз менен айтканда, өзгөлөрдү аки-чүкүсүнө чейин билсек да, өзүбүздү унутуп бараткансыйбыз. Буга интернеттин жайылышы менен аң-сезимди улам көбүрөөк ээлеп бараткан батыш-чыгыш баалуулуктарынын үстөм абалы себеп. Экинчи жагынан, өз тарыхыбызды, каармандарыбызды, руханий мурастарыбызды даңазалоо аракети чабал. Мисалы, Мандельштам же Есенин, Байрон менен Шиллер тууралуу интернетте маалыматтар толтура. Бирок Молдо Кылыч же Белек Солтоноев деп Google аркылуу издөө жүргүзсөң жарытылуу бирдеме табылбайт. Адам аракети, мээнети болбосо мындай маалыматтар интернетте жапайы чөптөй өзүнөн өзү өсүп чыкпасы түшүнүктүү.

Сулуулукпу же оригиналдуулукпу?

Эгер билсек, өз жерибиз, төрүбүз жана тарыхый каармандарыбыз менен кошо адабиятыбызды, маданиятыбызды унута баштайбыз, демек, тамыр-тарыхыбыздан оолактайбыз. Элдин элдүүлүгү — аталышы менен өң-келбетинде эле эмес, ушундай угутунда, дөөлөтүндө. Чыңгыз атабыз ошолордон алыстоонун кесепетин эскертип, “маңкурт” темасын козгоп кетти эле...

Ошондуктан коомубузда, өзгөчө жаштар арасында тарых-тагдырыбызга, аймак-айдыңдарыбызга, сөз, акыл жана рух мурастарыбызга кызыгууну күчөтчү “Өзүңдү тааны” аталышындагы долбоор дейбизби, же идеология деп атайбызбы, айтор, ырааттуу иш-аракет өтө керек.

Көйгөй көрүнүп турганы менен аларды чечүү жолдору азырынча көрүнбөс көшөгөлөргө тосулган.  Акылдашып жүйө табалы... Тамырыбызды таанып, өзүбүзгө үңүлүп, түпкүлүгүбүздү түшүнүү ишин төмөнкүдөй тартипте жана усулда жолго койсок кантет?

1. Таңуулабай кызыктыралы... Адамга таңуулоо жакпайт. Кызыктыруу керек. Жаштарыбыздын аң-сезимине “өзүңдү билүү, таануу модалуу” дегендей маанини сиңирсек. Чындап эле адамдагы тартып, кызыктырып турган касиет – сулуулугу, келбети же билиминен да мурда, анын өзгөчөлүүлүгү, башкаларга окшобогон жактары. Наполеон менен Македонский жөнүндө айтып, гитара ойноп, балетти сүйлөп, Пушкин менен Шекспирди талдап, “Битлз” тобунун репертуарынан бир шиңгил аткарып дүйнөнү анчейин таң калтыра албайсың, анткени аларды бардыгы билет. Ал эми Барсбек Ажо баяны, Калыгулдун казалдары, Бурананын тарыхы, көк бөрүнүн келип чыгыш таржымалы, Боогачынын обондору, комузда кол ойнотуу, кыл кыякты созолонтуу, ордо, тогуз коргоол оюндарынын эрежелери, кыз узатуунун, келин алуунун таш-пиши, айтор, кыргызга тиешелүү ар бир салттын, нарктын, маданияттын өзгөчөлүктөрү башка эл, улут үчүн кызык болору чын...

2. Алтын тизме түзүү... Дүйнөдө “сөзсүз окулчу эң мыкты 50 китеп”, “эң чыгаан 100 дипломат”, “эң бай 10 адам” же “эң атактуу 30 университет” деген сыяктуу тизме толтура. Балким, биз дагы Кыргызстандын алкагында дал ошондой бир топ тизмелерди түзөрбүз. Ар бир кыргыз сөзсүз көрүүсү маанилүү болгон 10 жерди же фильмди, окушу керек делген 100 чыгарманы, мекен үчүн кырчылдашып кыл чайнаган 70 баатырды, өмүр таржымалы мотивациялык демге себеп болгон 15 ишкерди, улуттук маданияттын, адабияттын, искусствонун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон 150 залкарды ж.б. тизмелеп чыгарбыз.

3. Миң уккандан бир көргөн артык... Демек, өз атактууларыбыз, чыгаандарыбыз, мыкты жайларыбыз тууралуу 3-4 мүнөттөн ашпаган кыска, бирок нуска креативдүү роликтерди кызыктуу форматта бир канча тилде даярдап теледен, социалдык тармактардан, интернеттен таркатып, атайын жыйындарда, жаштардын мотивациялык семинарларында байма-бай көрсөтүп турсак. Үйрөнүү үчүн окуп эле чектелбей, көр, ук, сүйлө, жаз дешет го айтылуу аалымдар.

4. Каармандардын китептери, фильмдери, аткарган өнөрлөрү, жетишкендиктери, кызыктуу сөздөрү ж.б. тууралуу суроолор түзүлүп викториналар, акыл таймаштары өткөрүлсө.

5. Көзмө-көз баарлашуу аянтчаларын түзсөк. Көзү тирүү каармандар менен жаштардын, дегеле жарандардын чыгармачылык жана мотивациялык жолугушууларын уюштурсак. Алар ийгиликке карай жолу, жеке таржымалы менен кошо убакытты туура колдонуу, илим алуу, спорт менен машыгуу, максат коюу, биримдик ж.б. жөнүндө насааттарын айтышса. Угармандарды чарчатпагандай абалда каармандын жан дүйнөсүн ачып, дараметин, эпкинин көпчүлүккө жеткирүү үчүн, балким, жолугушууларды атайын даярдалган модераторлор менен өткөрүү керектир. Байлыгы бары байлыгынан, билими бары билиминен, күчү бары күчүнөн кайрымдуулук кылышы керек деген ошол.

6. “Тарыхыбыз — тамырыбыз” темасында ар бир облус же район мектептеринде башка облустун географиясы, тарыхы жана салты тууралуу викториналар, акыл жарыштары өтсө. Мисалы, Ысык-Көл облусу тууралуу Ош мектептеринде, Нарын боюнча Таласта, Баткен жөнүндө Чүйдө... Дегеним, “ата-бабам укмуш болгон” деген тар жана тайкы маалыматтын, көз караштын таш коргонунан аттап өтмөйүн, биз өзүбүздү тааный албайбыз.

8. Көзүң көргөн жерге мээримиң түшөт. Ошон үчүн “Атаң барда эл тааны” темасында мектеп окуучуларына жер көрсөтүп, эл кыдыртсак. Бир облустан тестиер кыз же бала, атасы же апасы менен кошо башка облуска барып, ал жактагы тосуп алууга куштар бир үй-бүлөдө жок дегенде үч күн жашасын. Конок тоскон үй-бүлө балага ошол аймак тууралуу мүмкүн болушунча толук маалымат берет. Мисалы, жаратылышка алып чыгат, меймандоо жана мейманчылоо салтын көрсөтөт, жергиликтүү оюндарды, каадаларды, диалектилерди үйрөтөт, чыгаан инсандар, легендалар тууралуу айтып берет... Кийин ал бүлө берки адамга үч күнгө конокко келет. Дегеним, билим жалаң эле мектеп менен китептен алынбайт, сапарга чыгууда, эл-жер аралоодо илим-билимдин көзгө көрүнбөгөн, баамга байкала бербеген сырдуу булагы бар... Бул долбоор аркылуу бардык кыргызстандыктар борбор калаа менен Ысык-Көлдү көздөй агылып, бирок башка аймактарды көрүү зарыл эмес деген купуя туйгу сезимдин чебин да бузуп өтмөкпүз.

9. Ушул иш-чаралардын баарын атайын репортаж катары чагылдырган “Өзүңдү тааны” телепрограммасын ободон чыгарсак. Теленин да өз күйөрмандары, сүйөрмандары бар... Дилди карайтып, адепти бузчу, көздүн нурун кетирип, зээнди мокотчу, эл ичине жик салып, араздаштырчу канча программаларга каршы мыкты альтернатива болмок.

Бул - болгону сунуштар... Алса, кошсо, толуктаса болот. Бирок аракет аба менен суудай керек. Максатка алып барчу улуу сапарга алгачкы кадам ташталган соң көп нерсенин сыр капкагы ачылып, булуң-буйткалары ачыктала баштайт. Өзүңдү тааны, мекендешим. Тагдырыңды, тамырыңды, тарыхыңды, салтыңды, наркыңды, баркыңды, мыкты адамдарыңды бил. Ашказанга — көнгөн тамак, адамга — өз дөөлөтү, баалуулугу пайдалуу...

2106
Белгилер:
тарбия, мектеп, Кыргызстан, аймак, тарых
Тема боюнча
Кошой, Бакай аталардын юбилейи... Туулган күндөгү көз жаш
Айтматовдун тагдыры же миграциядан эмне таптык да, эмне жоготтук