Швея. Архивное фото

Эртели-кеч ушуга барабыз. 50дөн ашканда кесип алмаштырган Замиранын баяны

3298
(жаңыланган 09:42 10.12.2019)
Жарым жыл ичинде жашы 40тан өтүп калса дагы кесибин алмаштыргысы келген 2-3 адамды кезиктирдим. Биринчиси буга жакшы акча табыш үчүн барса, экинчиси эбактан бери жан дүйнөсү эңсеген нерсеге умтулуп жатыптыр.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Бегимай Бакашева орто жашка барып калгандар арасындагы экинчи кесип тандоо боюнча ой-толгоосун жазды.

Азыр дүйнө жүзү боюнча бир адамга бир кесип жетишсиз деген принцип катуу иштей баштаган кез. Мурда бир киши өмүр бою ашпозчу же мугалим болуп иштесе, азыр жок дегенде ага үндөш кесиптерди өздөштүрүп алган жакшы. Мисалы, мен журналистмин. Мындан 5-6 жыл мурда макала жазганды билгеним жетиштүү болсо, азыркы иш берүүчүнү бул эле нерсе ыраазы кылбайт. Мен сүрөт жана видео тартканды, окуя болгон жерден социалдык тармактар аркылуу түз алып бергенди билишим керек. Ошондой эле мурдагыдай монтаждоочуну күтүп отурбай, тартып келген видеону журналист өзү иретке келтирип, сайтка бере калышы кажет. Баса, журналисттин өз макаласын социалдык тармактарда "сата" алганы андан жакшы. Тагыраагы, SMM-адистин  милдетин дагы өзү аткара алат.

Бул эми бири-бирине эриш-аркак, бир тармактагы кесиптер деңизчи. Негизи Кыргызстанда 50дөн ашканда жогорку окуу жайга тапшырып, биринчи жумушуна кайнаса каны кошулбаган билимге ээ болгондор бар.

58 жаштагы Замира Калдыбаева азыр англис тилин үйрөткөн мектептин ээси. Эки жыл мурда өзү Бишкектеги окуу жайлардын биринен чет тил факультетин аяктаган. Ага чейин 20 жылдай ак халат кийип, медайым болуп иштечү.

"Айлыгым эч нерсеге жетпей 11 жыл мурда жумуштан чыгып кеткем. Дагы жакшы, жолдошум тың, оокат-жайыбыз түгөл. Үйдө студент балдарымды окуусуна узатып, тамак-аш жасап берип жылдар өттү. Азыр алар да чоң киши болуп өзү менен өзү. Бир күнү ойлонсом, эч кимге деле "керегим" жок болуп калыптыр. Үйдү жыйнап койсом, бир жума чачылбайт, бир тамак жасасам жолдошум экөөбүз үч күн жейбиз. Ошентип кайра иштейин деп чечтим. Бирок ооруканага кайткым келген жок", — дейт Калдыбаева өзү.

Ошентип ал баласынын кеңеши менен англис тилин үйрөнө баштайт. Өзүнүн айтымында, жашы өтүп калгангабы, айтор, тилди үйрөнүү өтө татаал болуптур. Анткен менен азыр эмгегинин үзүрүн көрүп, күндө эртең менен сүйүктүү жумушуна жөнөйт. Өзүнүн туруктуу кардарлары бар.

Кайсы кесиптердин күнү тууйт?

Албетте, кайсы убакта болсо дагы жан жүйнөңө жагып, жумушка майрамга бараткандай сүйүнүп барчу кесипти тандаган жакшы. Бирок замандын талабын дагы карай жүрүш керек. Мисалы, дарыгерлер же ашпозчулар керек коомдо мен балет бийчиси болом деген болбойт да, туурабы?

Кесип жаңыртууну каалап, бирок ким болоруңузду билбей жатсаңыз, Кыргызстанда жана дүйнөдө кайсы адистер керектигин, келечекте кимдердин күнү тууй турганын билип алыңыз.

Ноябрь айында Россиянын Самара шаарына дүйнөнүн мен-мен деген футурологдору чогулуп, 10-15 жылдын ичинде дүйнө кайсы адистерге муктаж болорун айтышты.

Кайсылар десеңиз, келечекте молекулярдык диетолог, креативдик инженер, интернет-маркетолог, бренд-менеджер, мобилдик тиркемелердин дизайнери, web-дизайнер, санариптик иллюстратор, SEO-адис сыяктуулардын кызматына кезекке турат окшойбуз.

Ал эми Кыргызстанга бүгүнкү күндө жана келечекте маалыматтык коопсуздук, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, медицина, агрардык инженерия, маркетинг, курулуш тармагындагы адистер зарыл. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана билим берүү жаатындагы адистер ишсиз калбайт.

Сөзсүз эле атайын билим алуу керекпи?

Албетте, бул сиз тандаган кесипке жараша болот. Мисалы, азыркы жумушуңузга жакын кесипти тандасаңыз, магистратураны же квалификацияны жогорулатуучу курстан өтсөңүз жетиштүү экен. Ошондой эле сулуулук индустриясына байланыштуу жеңил-желпи процедураларды кылуучу адистерге, бухгалтерлерге, компьютерден кызматтарды көрсөтүүчү адистерге бир нече айлык курстар жетиштүү.

Ал эми дарыгер, юрист же учкуч болом десеңиз, кайра баштан студент болууга туура келет.

Жети өлчөп, бир кес...

Психолог Перизат Калмаматованын баамында, жашы ортолоп калган кезде кесип алмаштыруунун тобокелчиликтери көп. Мисалы, кайра билим алуу, жаңы тармактан өзүңдү табуу чоң эмгекти талап кыларын көпчүлүк этибар албайт.

"Кээ бир кишилер акчадан кыйналып турганда же бирөөнү көрүп алып эле мен да өзгөрөм деп ойлой берет. Бирок бул нерсе бир топ акча каражатын жана убакытты талап кыларын эстен чыгарбаш керек. Анын үстүнө сиз көздөгөн жаатта атаандаштык күч болуп калышы мүмкүн. Мунун баарына даяр болуңуз", — деди Калмаматова.

Бирок ал муну менен эч кимди айныткысы келбейт. Адистин айтымында, кесип алмаштыруу канчалык оор болсо, кийин ал ошончолук ырахат тартуулайт. Анткени адам өзүнүн, балким, жалкоолугун же алсыздыгын жеңе алганын түшүнүп, өзүн мурдагыдан дагы бактылуу сезип калат. Ишеним пайда болот.

Статистика жок

Анткен менен Кыргызстанда жашы ортолоп калганда кесип алмаштыргандар боюнча статистика жок. Андыктан мынча же тигинче киши экинчи кесипке ээ болду деп айта албайбыз. Өзүмдүн жеке байкоолорума таянсам, жашоосуна мындай жаңылык киргизгиси келгендердин катарында үй кожойкелери, балдары бойго жеткен аялдар көптүк кылат.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

3298
Белгилер:
каалоо, айлык-акы, билим, кесип, Кыргызстан
Тема боюнча
Мастит, матка, климакс... Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча аталышы
ИИК, ПНК, МФК... Кыскартылган бул сөздөрдү милиция гана түшүнөт