Улуттук кийим кийген кыздар. Архив

Манжасы кыска аялдар дүнүйөгө өч болот. Кыргыздагы сынчылык тууралуу

(жаңыланган 15:22 01.02.2020)
Бул ирет колумнист Шаакан Токтогул кишини бир карап тулку боюнан, турган турпатынан, сүйлөгөн сөзүнөн кандай экенин билип койгон сынчылар жана жалпы сынчылык касиет тууралуу ой бөлүштү.

Тизгин жаяр

Көрүү үчүн көздү жараткан кудай, көргөн нерсеңе назар салып, талдай бил деп баам-парасатты да берген. Көз көргөн нерсесин акыл талдап, эс баамдап, сезим-туюмубуз иликтеп-жиликтеп турат. Ошону менен буюмбу, кишиби, табияттын бир затыбы, айтор, ал тууралуу түшүнүк пайда болот. Ал эми эл арасында баам салуунун ушунчалык бийиктигине жетип, бир караганда кишинин кулк-мүнөзүн, ден соолугун, керек болсо келечек тагдырын билип койгондор болгонун билебиз. Мындайларды сынчылар деп аташканы да белгилүү.

Сындын түрү

Кыргыз элинде сынчылык касиети бар адамдар өтө ардакталып, алардын сынын угуп, келечегине жоромолун алып калууга аракет кылышкан. Сындын түрлөрүнүн ичинен уламыштардан бизге жеткени кишиге сын, элге, жерге сын жана жылкыга сын, ал эми майда-барат нерселерди баалай билүү сынчылык катары эмес баамдуулук, эстүүлүк катары гана эсептелген.

Жылкыга берилген сын дегенде эле 12-13-кылымдарда жашап өткөн Толубай сынчы эске келет. Андан кийинки Шергазы, Байгазы сындуу сынчылардын сынчылыгынан да тулпар таптаган саяпкерлиги көп айтылып калган. Бир көз караш менен жылкы баласын аңтара тиктеп, күлүк, тулпар, дулдул, жорго болорун, ичиндеги дартын, керек болор табын көрө билүү көпчүлүк кыргызга таандык сапат болсо дагы сынчылык айрымдарга гана, татыктууларга гана буюрган дөөлөт болгон.

Эл-жерге сын Санчы сынчы, Арстанбек, Мойт аке, Сарт аке, Калыгул олуялардын бир аймакка же өрөөнгө берген сындары эл арасында ооздон-оозго өтүп келет.

Санчы сынчынын "Кабак жердин баатыры аз, кыздары саз чыгат" деп айтканы, Арстанбектин Чүй өрөөнү тууралуу айткандары, Мойт аке менен Сарт акенин Каракол, Боом тууралуу айткандары басып өткөн жерине баам салып, назар салып, ошол жердин келечегин айта билген көрөгөчтүктөн, көсөмдүктөн кабар берет.

Кишиге сын

Сынчылык, жогоруда айткандай, баам-парасаттын, акыл-эстин түшүмү катары караганда ар бир кыргызга таандык сапат, ашыра билгендерге өнөр, ал эми каадасын кармангандарга касиет болгон. Баатырды баатырдай, эрди эрдей, болор баланы боло тургандай тааный билишкен. Бирок сынчы деген атка татыктуулар кишинин өткөнүн көрө билген, келечегин туя билген. Анын оозуна сала берип, айтылган кишиге отуруп, орноп калган сын менен кошо бир жакшылык, дөөлөт ээрчип келерин эл билген. Ошондуктан боло турган уулуна сын айттырып калууга далалат кылышкан.

Сын берүү

Сырткы көрүнүшүнө карай сын берүү көрөгөч сынчыларда гана болуп, кишини, баланы же кызды караганда эле дээринде, тегинде бар экенин, келечеги кандай болорун туя билип, жараткандын буйругун алдын ала сезип айта билүү;

Дене түзүлүшүнө карай сын берүү — боюнун узун-кыскалыгына, эңчегер же шыңгалыгына, ийининин кең-кууштугуна, мүчөсүнүн түздүгүнө, ичке же жоондугуна карап баа берүү менен бирге анын кишилик сапаттарын, тагдырдагы энчисин айта билүү;

Жүз түзүлүшүнө карай кишинин мээрим-каарын, адилет-кара мүртөздүгүн, март-сараңдыгын, акыл дараметинин, күч дараметинин канчалык экендигин, эрктүү же алсыз экендигин баалай билүү;

Кийимине карай кандай жашарын, эгер кийимдери кымбат, бирок ыксыз болсо өзүн барк албаган, жарашыксыз болсо өзүнө баам салбаган деп этек-жеңинен тыкандыгын баалашкан;

Басканына карай ак сөөктүгү же тексиздиги билинет дешкен. Ак сөөк, мырза тукумдан чыккандар буттун учун биринчи таштап, ыкчам, шайдоот адымдап, басканы жеңил болот экен дагы, таманын тегиз таштап оор кыймылдагандарды орто жашагандардан, ал эми башын ылдый салып ийинин куушуруп баскандарды кулдун тукуму катары санашкан;

Жоокерлик заманда жигиттин жоо-жарагына, уздун жип-шуу, ийне, кайчысына, сарамжалдын үй оокатына, устанын устаканасына карай баа берилгени маалым;

Сүйлөгөнүнө карай "көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт" деп маани беришкен. Кооз сүйлөгөн эмес, орундуу сүйлөгөндөр бааланган;

Күлкүсүнө карай баа берүү негизинен кыз-келиндерге карата колдонулуп, күлкүнүн угумдуулугунан улам жылаажын, шыңгыр, күмүш күлкү деп бөлүшкөн. Ал эми күлкүсү катуу чыккандарды бетинде уяты азыраак дешкен. Шаңкылдап ачык күлгөндөрдү тайманбаган келин деп баа беришкен;

Манжалары узун, ичке аялдар уз катары, эркектер мүнөзү жумшак, боорукер катары бааланган. Быртыйган манжалуу аялдар дүнүйөгө өч болот дешсе, эркектерди байлыктын кулу дешкен. Шадылуу болсо ак сөөктүктүн белгиси, алаканы да чоң, манжалары да узун болсо дөөлөттүүлүктөн кабар берген;

Көзүнө карай кыз-келиндин сулуулугу, жароокерлиги аныкталса, жигиттин жүрөгүндөгү дем-дымагы аныкталган. Көзгө тик багып сүйлөгөн жигиттен көптү үмүттөнүп, жер тиктеген жигитти жактыра берген эмес.

Көкүрөк-көөдөнүнө, ичи-башына, бутуна, чачынын учунан тырмагынын учуна чейин үңүлүп баа бере билүү ар бир кыргызга мүнөздүү элдик билим болгон жана анын көпчүлүгү чындыкка дал келген десек жаңылышпайбыз.

Тизгин жыяр

Байкап, баам сала жүрүү, баалай билүү жакшы. Бирок сындоо менен каралоонун, баалоо менен ушактоонун айырмасы болот. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей, өзгөлөргө сын берүүдөн мурун өзүбүздү да баалап койсок ашык болбойт. Кастарлап күткөн касиет болбогон соң сын айтат элем деп азапка кабылгандар да жок эмес. Анткен менен элдик билимди унут калтырбай, сын бербесек да баа берип талдай билсек, жок дегенде жар тандаганда кереги тийип калар...

Белгилер:
каада-салт, тагдыр, эркек, кыз, Шаакан Токтогул, сын
Тема боюнча
Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары
Оозуңа карап сүйлөп, ооз басырык бер... Ооз тууралуу эки ооз сөз
Эркиндик айкелинин дубалга тартылган сүрөтү. Архивдик сүрөт

АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда

(жаңыланган 19:03 11.04.2021)
Батышта Россияга каршы санкциялар иши өз нугунда жүрүүдө: бири аларды иштеп чыгып киргизип жатса, башкалары жаңы санкциялардын кесепетин болушунча азыраак тартуунун жолун издөөдө.

Айрым учурда ролдору бири-бирине дал келбейт, башкача айтканда, адегенде чектөөлөр киргизилет. Кийин демилгечилер өздөрү ошол "саздан" чыга албай чабалактайт. Ал эми Россия элитасын улутташтыруудан технологиялык автономдуулукка дейре өзү пландагандай жаңы, бирок өз пайдасы үчүн бир өңчөй чараларды пайдаланат. Дал ушул жагдайга баам салган Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Ушул тапта Вашингтон "Түндүк агым – 2" долбоорунун тагдыры боюнча сүйлөшүүлөрдү жетектей турган атайын өкүлдүн талапкерлиги аныкталат. Politico басылмасы америкалык Юстиция министрлиги курулуп жаткан газ түтүгүнө каршы кезектеги дагы эки санкцияны жактырганын жазып чыкты. Анын алкагындагы кара тизмеде газ түтүгүнүн курулушу жана кийинки пайдаланылышына жооп бере турган швейцариялык Nord Stream 2 AG компаниясы, анын жетекчиси Матиас Варниг да бар.

Чектөөлөрдүн долбоору келерки айда конгресстин кароосуна коюлуп, бекитилиши күтүлөт. Ачыгы бул так эмес, анткени газ түтүгүнө каршы жаңы чаралар боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек. Ал түздөн-түз сүйлөшүүлөргө жараша экени ачык. Бирок ал Россия менен эмес, Европа менен жүргүзүлмөкчү. Байдендин администрациясы үчүн башкы көйгөй дал ушунда. Конгрессте эки партиянын өкүлдөрү тең "Түндүк агым – 2" долбоорун эмне болсо да токтотууну талап кылып, ал эми Берлин айтканынан кайтпай газ түтүгүн коргоп көшөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Вашингтон стратегиялык объектисин коргогон Батыш Европанын бул маселеде жумшарышына үмүттөнөт. Анткен менен журналисттер улам эскертип тургандай, газ түтүгүнүн курулушу 96 пайызга аяктап калды.

Дээрлик бул менен катар эле Politico Bloomberg шайлоого кийлигишүү жана хакердик чабуулдар үчүн Россияны жазалоонун жаңы чараларынан баян салды. Кезектеги кара тизменин "Россиянын президенти Владимир Путинге жакын адамдар" менен толтуруудан тышкары, администрация "АКШда дипломатиялык вазийпаны жамынып иштеп жүргөн россиялык чалгынчыларды" өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароодо. Ошентсе да Вашингтон үчүн анын "кыйыр таасирлери" да жок эмес. Жакында эле Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов айткандай, Кошмо Штаттар РФ дипломаттарына каршы визалык согушту баштап, анын айынан эки миссия тең кызматкерлердин, анын ичинде техникалык адистердин тартыштыгына кабылууда. Анткен менен россиялык элчиликтин кызматкерлери бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүдө.

Пандемия маалында видеоконференция кызматын көрсөтүп, иши өргө чыккан Zoom компаниясы Россия жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик мекемелери жана компанияларын тейлөөгө тыюу салган. Бирок бир нече саат өткөн соң Zoom компаниясынын өкүлү "мамлекеттик, ошону менен бирге эле жаңы жана азыркы пайдалануучулар таратуучулар аркылуу эмес, сайт аркылуу түз кайрылып аккаунт сурай алышарын" тактаган. Компаниянын мындай кетенчиктегенин да түшүнүүгө болот, себеби былтыр россиялык мамлекеттик мекемелер, атап айтканда, жогорку окуу жайларына байланышкан кардарлары кыйла көп киреше алып келип турган. Эми алар жапырт жана шашылыш түрдө альтернативдик аянтчаларга кетүүдө.

Акыркы жылдары санкция темасы Россиянын ичиндеги процесстер да, эл аралык алакалар үчүн да кадыресе көрүнүшкө айланган. Глобалдык бир полярдуу дүйнөдө санкциялар – чындап эле азыркы тутумду бекемдөө инструменти.

Эң катаал чектөөлөр менен да жашоого болот, муну Иран да, Корея элдик-демократиялык республикасы тастыктап келет. Тек гана мунун куну чоң, калктын турмуш сапаты начарлайт, улуттук экономиканын жоготуулары көбөйөт, технологиялык жактан артта калат.

Санкциялар ал убакта өлкөнү заманбап өнүккөн цивилизациядан чийип салууну түшүндүргөн. Мейли бул жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруудагы кыйынчылык болсун, ал түгүл жөнөкөй эле жагдай, мисалы, SWIFT тутуму өчүрүлгөндүктөн жарандар дүкөндө да карта менен төлөй алышпайт. Жети жыл мурунку РФке каршы санкциялар да өлкөнү ушундай эле залалга батырган. Бирок бара-бара санкциялар батыш биримдигин да, АКШ үстөмдүк кылган жалпы дүйнөлүк тутумга да таасир этпей койбоду. Ал убакта өгөйлөнгөн өлкөлөрдү технологиялык жактан солгундатуу механизми болсо, азыр санкциялар, тескерисинче, алардын өнүгүшүнө өбөлгө болчу инструментке айланып отурат. Муну түшүнүп турса да, дүйнөдө Кошмо Штаттардын үстөмдүгүн кыйратып бүтүрсө да Вашингтондогулар бул кадамдан артка кайта албай турушат.

Белгилер:
экономика, КМШ, чектөө, санкциялар, Европа, АКШ, Россия
Тема боюнча
Батыш жаңы санкциялар менен темир көшөгөнү тартууда. Сереп
Климатты бетке кармап... АКШ кантип жашаш керектигин үйрөтүүгө өтчүдөй
Россиялык Белгород эксперименталдык субмаринасы. Архив

Россиялык "Посейдон" Тынч океанга карай камынууда

(жаңыланган 13:13 11.04.2021)
Тынч океандагы базалардын бири "Посейдондорду" ташуучунун дайымкы жайгашкан жайына айланмакчы. Ошону менен бирге эле суу түбүндөгү эксперименталдык кайык Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде белгиленген милдеттерин аткара алат.

НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн күчкө таянып Россия менен диалог куруу аракеттери мыйзам ченемдүү түрдө катуу каршылыктарга кабылат. Россиянын батыш чек араларына жакын жердеги АКШ армиясынын чагымчылдыктарынын күч алышы батыш, Кошмо Штаттардын тынч океандык чек араларына да чагылбай койбосу анык. Бул тууралуу РФтин "өнөктөштөрүнө" россиялык "Белгород" эксперименталдык субмаринасы жана "Посейдон" термоөзөктүк тутуму эскертип турарын белгилейт аскерий серепчи Александр Хроленко.

Жума ортосунда аскердик-өнөр жай комплексиндеги булактар деңиз учкучсуздарын ташуучу "Посейдон" – 09852 долбоорунун эксперименталдык "Белгород" суу түбүндөгү атомдук кайык сүзүүгө бет алганы турат (реактору кое берилген). Субмарина сентябрга чейин сыналып, океанда күзөт өтөйт. Шварттык сыноолору жүрүп, башкача айтканда кеменин курулуш сапаты, тетиктеринин топтоштурулушу жана жөнгө салынышы, жүк алдында энергетикалык орнотмосун, бышыктыгы жана коопсуздугу текшерилүүдө.

Тынч океандагы базалардын бири "Посейдондорду" ташуучунун дайымкы жайгашкан жайына айланмакчы. Ошону менен бирге эле суу түбүндөгү эксперименталдык кайык Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде белгиленген милдеттерин аткара алат. 2027-жылга чейинки куралдануу боюнча мамлекеттик программасынын алкагында Россия ушундай үч субмарина курмакчы.

"Посейдон" тутумун иштеп чыгуу тууралуу РФ президенти Владимир Путин алгач ирет 2018-жылы айткан ("Белгород" сууга 2019-жылдын 23-апрелинде кое берилген). Буталарынын кеңири спектрин – болжолдуу душмандын абада ташуучу топтору, жээкти бекемдөө жана инфраструктурасы экенин белгилеген.

Мындай инструменттер менен Путин "тек полярдуу оюндун" эрежелерин өзгөртүүгө убада берген. АКШнын ошол туштагы расмий өкүлдөрү "техникалык жактан жасалма жана укмуш" деп россиялык жаңы куралды ачык эле жактырышкан эмес. Бүгүн Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти континенттер аралык 2М39 "Посейдон" өзөктүк торпедасынын пайда болгонуна өзгөчө тынчсызданып туру.

Жалпысынан РФтин "өнөктөштөрүн" аталган мамлекеттин улам өнүгүп жана бекемдеп бараткан Аскердик-деңиз флоту чочулатат. Business Insider басылмасынын маалыматына таянсак, анын курамында 360 чакты кеме, анын ичинде 59 субмарина (баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү 12 крейсер) иштейт.

Өзгөчө мүнөздөмөлөрү

09852 долбоорундагы суу түбүндөгү "Белгород" көп буталуу атомдук кайыгы – үчүнчү муундагы 949А долбоорунун "Антейдин" эксперименталдык кайра жаралышы. Эске салсак, бул "Посейдон" тутуму үчүн атайын ыңгайлаштырылган. Ал эми эң башта "Антейлер" ракетага каршы коргонуучу "Гранит" ракеталарын ташуучусу эле.

"Посейдон" – ооздуктоонун абдан олуттуу инструменти. Өзөктүк энергетикалык орнотмосу бар стратегиялык континенттер аралык терең суудагы аппарат 10 миң чакырымга чейинки аралыкка 1000 метрлик тереңдикте сүзө алат. Сыноолор аталган системанын "укмуштай" мүнөздөмөлөрүн жана ыраак аралыкты багындыра аларын чындап эле тастыктады. Автономдуу "Посейдон" болжолдуу душмандын колундагы азыркы жана келечектеги субмарина, торпеда жана ракеталары жете алгыс тереңдик жана ылдамдыкта жүрөт. Океанда ушундай "торпеданын" изин табыш оңой эмес, жай ылдамдыкта дээрлик дабышсыз сүзөт. Автономдук башкаруу системасы кайыктарга каршы чектерди, коргонуунун бөлөк тутумдарын таап, басып өтүп, таамайлыгын кепилдөөгө мүмкүндүк берет.

Узундугу 24 метр, диаметри 1,6 метрлик өзөктүк кыймылдаткычтуу аппарат кадимки жана мегатонналык ок бөлүгү менен жабдылган. Мындай куралга Россия гана ээлик кылат, дүйнөдө эч бир өлкөнүн "Посейдондон" коргонуу каражаты жок.

Мурдараак АКШ башында турган жамааттык Батыш Чыгыш Европада ракетага каршы коргонуунун глобалдык тутумун түзүп НАТОну чыгышка карай кеңейтүү менен РФтин стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн дараметин жок кылууга тырышкан. Россиянын чек араларына жакын аймактарга сокку уруучу "Томагавк" жана орточо ыраактыктагы башка ракеталарды жайгаштыруу ниетин көздөгөн. "Посейдон" континенттер аралык тутуму РФтин "өнөктөштөрүнө" агрессор сөзсүз жазасын ала турган көп полярдуу дүйнөнүн катаал чындыгына кайтууга түртөт.

"Кыямат күндүн торпедасы" Америкалык стратегиялык командачылыкты (STRATCOM) 2019-жылдын февралындагы сыноолордун башында эле тынчсыздандыра баштаганы тегин жерден эместир. Конгресстеги угууларда STRATCOM жетекчиси Жон Хайтен "Посейдон" жаңы курал тутуму катары СНВ-3 келишиминдеги чектөөлөргө кирбестигин, ошондой эле Кошмо Штаттарда аналогу иштелип чыга электигин билдирген. Континенттер аралык учкучсуздардын штаттык ташуучусунун топтомун 098531 долбоорундагы "Хабаровск" суу түбүндөгү атомдук кайыгы ачат.

Субмаринанын негизги мүнөздөмөлөрү купуя сыр. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, кеме жапжаңы өзөктүк энергетикалык түзүлүш менен жабдылып, "Кыямат күндүн учкучсуз торпедаларынан" алты бирдикти бортунда ташый алат.

Сыйымдуулугу – 10 миң тоннанын тегерегинде, суу түбүндөгү ылдамдыгы – 32 узелге дейре, чөмүлүү тереңдиги – 500 метр, автономдуулугу – 120 сутка, экипажы 100 кишиден кем эмес. Субмаринанын корпусу жаңы "Борей" стратегиялык ракета ташуучуну эске салат.

Мында учкучсуз Түндүк жарым шардын каалаган бурчунан АКШнын жээктеги чийиндерине жете аларын эске алуу зарыл, бирок ал РФке каршы агрессия жанданган күндө гана колдонулат. Эске салсак, Кошмо Штаттар орто жана кыска аралыкка багытталган ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден жок шылтоо менен чыгып, былтыр аскердик бюджетин 750 миллиард долларга чейин (бул сумма дүйнөнүн калган бүт өлкөлөрүнүн жалпы коргонуу чыгымдарына барабар) өстүргөн.

Россиянын көп буталуу океандык тутуму – көзү түз эмес "өнөктөштөрүнө" кулак кагыш, Чыгыш Европада Пентагондун жана НАТОнун сокку уруучу дараметинин кооптуу топтоштурулушуна ассиметриялык жообу болмокчу.

Белгилер:
экипаж, суу, Дүйнө, АКШ, Россия, ракета, курал-жарак
Тема боюнча
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
F-35 өзүн-өзү кыйратып... Келтирген зыяны — 2,5 млн. доллар
Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама. Архив

Далай-лама дүйнөнү аялдар башкарышы керектигин айтып, себебин түшүндүрдү

(жаңыланган 10:24 14.04.2021)
Тибеттин руханий лидери жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.

Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.

"Аялдар менен эркектердин интеллектуалдык жөндөмүндө эч кандай айырмачылык жок жана бардык адамдар бирдей укуктарга ээ. Бизге жалпы адамзаттын биримдиги жана мээримдүүлүк, боорукерлик жөнүндө түшүнүк керек. Эркектер аялдарга, ал эми аялдар эркектерге муктаж, демек, биз тең болушубуз керек", — деген тибеттик буддисттердин лидери.

Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.

Белгилер:
боорукерлик, башкаруу, Дүйнө, эркек, аял, Далай-лама
Тема боюнча
Далай-лама ачууну кантип жеңсе болорун айтып берди