АКШ менен "Талибандын"* элдешүүсү. Таяктын экинчи учу жана Афганистандын тагдыры

© AFP / WAKIL KOHSARАКШнын аскери Дех Бала коңшулугунун бекетинде. Нангархар облусу, Афганистан. Архив
АКШнын аскери Дех Бала коңшулугунун бекетинде. Нангархар облусу, Афганистан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен "Талибан"* кыймылынын ортосундагы түзүлгөн келишим февралдын акыркы күнүндөгү маанилүү жаңылык болду. Бул макулдашуунун күнгөй-тескейине Евразия аналитика клубунун башчысы Никита Мендкович саресеп салды.

Аталган жаңылык жакшы угулганы менен кырдаал Афганистанды оор кризиске кептеп, керек болсо мамлекетти жок кылып кое турган коркунучу бар.

Макулдашуу түзүлгөн кризистик абалдан АКШнын гана тынч чыгып кетишин шарттап, Афганистан үчүн эч пайдасыздай. НАТОнун күтүүсүз кадамдарга барууга маш экенин эске алсак, ошондой эле талибдер менен шайлоо кризисинин фонунда эми Афганистан эле эмес, ага коңшу мамлекеттерге да оңой болбойт шекилдүү.

Америка үчүн оор жагдай

29-февраль күнү Доха шаарында (Катар) АКШ, НАТО жана Талибан армияларынын жетекчилери баары үчүн катаал болчу шартта тынчтык келишимине кол койду.

Документте АКШнын талибдердин алдындагы милдеттери жазылган. Ага ылайык, Вашингтон 2020-жылдын июнуна чейин Афганистандагы беш аскердик базасын чыгарып кетиши керек. Бул АКШ үчүн эң эле начар жыйынтык, анткени Баграм, Кандагар жана Шинданда Аскер-аба күчтөрүнүн стратегиялык объектилерин сактап калуу Американын аталган региондо жүргүзгөн саясатынын негизги максаты болчу.

Предвыборный митинг президента США Дональда Трампа в Северном Чарльстоне - Sputnik Кыргызстан
Трамп АКШ Афганистандагы аскерлерин токтоосуздан чыгарып кетерин айтты
Теориялык жактан алганда АКШ 2021-жылдын апрелине чейин Афганистанда 8600 аскерин калтыра алат. Контингент толугу менен ушул маалда чыгарылып бүтөт. Бирок базаларды расмий эвакуациялоо аларды экстерриториалдык макамдан ажыратып, америкалык аскерлер үчүн укуктук тобокелдиктерди шарттайт.

АКШ бул макулдашууга катыштыгы жок Афганистандын өкмөтү көзөмөлдөгөн абактарда кармалып турган "Талибандын"* 5 миңдей согушкерин бошотууга макул болуп, дагы бир мүдүрүлдү. Мындай кадамы менен согушкерлер АКШны афган суверенитинен күмөн санатууга мажбурлап койду. Буга чейин деле мындан шек санагандар арбын эле деңизчи, бирок расмий макулдашуунун пункту болуп жазылышы Кабулдун имиджи, кадыр-баркы үчүн оор эле сокку. Вашингтон үчүн деле.

Өз кезегинде "Талибан"* АКШга каршы согушту токтотууга гана милдеттендирилди, башкача айтканда, согушкерлер өлкө аймагынан чыгып кетип бара жаткан америкалык аскерлерге ок чыгарбайт, Аль-Каида* башында турган антиамерикалык топторду колдоону токтотот, аларды тескеп турган аймактан чыгарууга жан үрөйт.

Макулдашууда жазылгандар АКШ менен НАТО согушкерлер менен сүйлөшүүдө бир топ копромисске барганын айгинелеп турат. Демек региондогу мындан аркы процесстер Вашингтондун көзөмөлүнөн чыга баштамакчы.

Эми эмне болот?

Аталган документтин Афганистанга тийгизген кесепети оор эле болот. Акыркы беш жылдагы коопсуздук боюнча абал начарлап эле келе жатат. Эксперттердин санагы боюнча, 2019-жылы Афганистандын күч түзүмдөрүндө 3800 адам каза тапса, 10 миңден ашуун киши туткунга түшүп же талибдердин катарына өтүп кеткен. Афган армиясынын олуттуу каршылык көрсөтпөстөн согушкерлердин алгачкы соккусунан кийин эле позициясын, ири административдик борборлорду таштап кеткен учурлары көбөйдү. Былтыр жазда Бадгистеги согуштун жүрүшүндө жүздөгөн чек арачы курал-жарагы менен согушкерлердин туткунуна түшүп берген, калганы өлкөгө чектеш түркмөн тарапка өтө качкан.

Нефть станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласы жок... АКШ россиялык нефтиден көз каранды экенин мойнуна алды
Талибдердин былтыркы чабуулунун мизин АКШнын Аскер-аба күчөтөрү менен гана күзгө жуук кайтарууга мүмкүн болду. Сентябрдан тарта авиасоккулардын саны жумасына 10-20га чейин жетип жатты. Эгер азыр Вашингтон мойнуна алган милдеттерин аткара баштаса, аскердик авиациянын мүмкүнчүлүгү кыйла чектелип, афган армиясы менен полициясы негизги артыкчылыгынан кол жууйт. Согушкерлерге чабуул жасоого даңгыр жол ачылат.

Баса, АКШ менен тынчтыкта жашай турарынан башка "Талибан"* эки жума мурун Кабул менен сүйлөшүүлөрдү баштоо, ошондой эле зомбулукту азайтуу боюнча милдеттемеге кол койгон. Бирок бул эки документте тең ок атууну токтотуу каралган эмес, экөө тең америкалык аскерлерди коргоого гана багытталган.

Афганистанда кош бийлик өкүм сүрөбү?

Афганистанда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу ыктымалдыгы күздөн тарта айтылып келе жаткан. Бүгүнкү күндө учурдагы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылууда. Мында шайлоого элдин болгону 15 пайызы гана катышканын эске алуу керек. Бирок Ганинин башкы атаандашы — премьер-министр, доктор Абдулла Абдулла жеңилгенин мойнуна албай койду. Буга добуштардын фальсификацияланышын себеп келтирүүдө, өкмөт башчынын айткандарында негиз бардай.

Мурунку президент Хамид Карзай баш болгон оппозициячыл саясатчылар колдогон Абдулла кызматка киришип, Ганинин режимине альтернативдүү келген "инклюзивдик" өкмөт түзүү ниетин билдирген.

Кырдаалдын курчушунан улам АКШнын кысымы алдында президенттин инаугурациясы 27-февралдан 9-мартка жылды. Бул убакыт аралыгында көйгөйдү консультация жолу менен чечүү каралган. Ушу тапта Ганинин да, Абдулланын да бийлигинин легитимдүүлүгү күмөн ой жаратат. Экөөнүн тең америкалык-талибдик макулдашуу боюнча позициялары ар башка.

Митинг против правительства в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Венесуэлага санкция киргизген АКШнын көздөгөнү эмне? Эксперттин пикири
Эл алдындагы сүйлөгөн сөзүнө караганда, премьер Абдулла макулдашууну колдоп, аны талибдерди активдүү саясий турмушка аралаштыруунун бирден-бир жолу деп эсептейт. Бир катар тарапташтары былтыр "Талибандын"* өкүлдөрү менен Москвада жолугуп келген. Кыязы, Абдулла качандыр бир кезде АКШ өлкө аймагынан баары бир чыгарылат, ал эми талибдер менен тил табышып жашаш керек деген пикирде окшойт.

Ал эми президент Гани сүйлөшүү процессине каршы чыгып, АКШны согушту улантууга мажбурлап, азыркы режимди коргоп калууга жан үрөп жаткандай. Ал АКШнын 10-мартка чейин туткундагы талибдерди бошотуу боюнча алган милдеттемесин мыйзамсыз деп эсептей турганын айтты. Мындай билдирүү макулдашуунун аткарылышын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Гани менен анын тарапташтары АКШнын согуштук кампаниясынын уланышына кызыкдар, анткени ушул жол менен гана алар учурдагы режимди сактап кала алышат.

Ал арада Ганинин кадыр-баркы барган сайын түшүп баратканы да бир топ маселе жаратууда. Афган коомчулугу согуштан чарчап, президенттин ишинин натыйжасы жок деп эсептей баштады. Ал эми өлкөнүн түндүгүндөгү улуттук общиналар Гани менен каршылашып келет. Мындан улам "инклюзивдик" өкмөт жана "Талибан"* менен орногон тынчтык көптөр үчүн абалдан чыгуунун жолу болуп калышы толук ыктымал.

Коомчулуктун нааразычылыгынан улам АКШ мурункудай үстөмдүк кылып турган макамын калыбына келтире албай, абал курчугандан курчуп баратат.

Кооптуу оюн

Өлкө ичиндеги мындай карама-каршылыкты талибдер өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, позициясын чыңдап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Анын үстүнө 2020-жылдын декабрына чейин чырды ырбатуунун АКШ президенти Дональд Трампка да кереги жок, анткени анын кайра шайлануусунун бирден-бир шарты Афганистандагы согушту токтотуу болчу. Демек, 2021-жылга чейин Вашингтон кабулдук союздаштарына колдоо көрсөтө албайт. Ал эми бул убакыт аралыгында согушкерлер Кабулду алып, жападан жалгыз афган бийлиги катары АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантып калышы ыктымал.

Визит государственного секретаря США Майка Помпео в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
АКШнын Борбордук Азияда көздөгөнү эмне? Помпеонун сапары тууралуу
Окуя ушундай өңүттө өнүгөт деп буга чейин айтылган божомолдор суу кечпеген кептей кабыл алынчу. Эми гана АКШнын аскерий мүмкүнчүлүктөрү ашыра макталып келгени, аймактык стратегиянын туура эместиги ачыкталып отурат. Бирок Дохадагы дипломатиялык утулуш, "Талибандын"* аскердик жактан күчтөнүшү жана ички көйгөйдү чечүү үчүн Трамптын администрациясынын Афганистанды курмандыкка чалууга даярдыгы бул сценарийдин реалдуулугун көрсөтүп койду.

Мунун баары Афганистандагы абалды олуттуу олку-солкулукка кабылтат. Эгер конституциялык бийлик кулай турган болсо, өлкө 90-жылдардагы кейпин кийип, бардыгына каршы согуштун башталышын шарттайт шекилдүү. Анткени талибдер деле, башка топтор деле тез арада мамлекет ичинде тартипти орното албайт.

Демек, кооптуулук жогорулайт. АКШ декабрда жок кылдык деп шашып жар салып ийген "Ислам мамлекетинин"* афган вилаяты активдешет. Кытай, Иран, Пакистан сыяктуу коңшу өлкөлөр качкындар менен террорчулардын агымын токтотуу үчүн буфердик аймактарды түзүүгө аргасыз болот. Ал эми согушкерлер талибдерди үлгү тутуп, ишмердигин күчөтүп жиберери турулуу иш эмеспи.

* — Кыргызстан менен Россияда тыюу салынган уюмдар.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0