Алманы терүү убагында. Архив

Таш ыргыткандар аш алып кетсин. Алмадан алган сабагым

1151
(жаңыланган 15:43 05.03.2020)
Жакшылыкка жакшылык менен жооп берип коюу көп эле кишинин колунан келет. Колумнист Нуржигит Кадырбеков жамандыкка жакшылыкты кантип жасоо керектиги тууралуу жазды.

Айылдагы корообуздун тушундагы арыктын боюнда эки түп алмабыз бар. Жаштары менден да улуураак болсо керек. Убагында чоң атам атайын тоодон алып келип эккен экен. Алмалар көктөп, шактап, дүпүйүп аябай жетилишкен. Бир жесең көпкө чейин татымы таңдайыңда калып, тамшандырчу таттуу мөмөсү бар.

Айылыбызда ал алмаларды билбеген адам болбосо керек. Анткени жол боюнда турган соң ары өтүп, бери өтүп, үзүп же күбүп жегендер көп болчу. Өзгөчө сабактарынан курсагы ачып үйлөрүнө кайтып бараткан мектеп окуучулары таш ыргытып, күтүрөтө күбүп, талаша терип, капысынан короодон чыга калсак капсалаңга түшүп качып калышчу. Күз күрөш убагында машинага жүктөлгөн үйдөй чөп үстүндө отуруп келе жаткан кээ бир чөмөлөчүлөр алманын тээ чокусуна жакын шагалактаган жерлерине туштай өткөндүктөн, кызара, саргая бышкандарын үзө калууга үлгүрүп, суусун чачырата карс тиштеп, ыракаттана жеп кетишчү.

"Биздики", "меники" деген сезим табиятында бар адамзаты өзүнө тиешелүү нерсени башкага ыраа көрбөй, кызганат эмеспи. Ошол себептен бирөө алмабызды күбүп жатканын байкап калсак, "ким, эээй!" деп кыйкыра чуркап чыгып, артынан ормон опуза салып кубалаар элек.

Бир жолу ошентип жатканымды көргөн чоң атам: "Антип алманы корубагын! Ким болбосун каалаганча жесин, алып кете берсин" деп мага ачууланган. "Эмнеге өз менчигимди коргобошум керек?" деген купуя тентек суроо көкүрөгүмө тээп, чоң атамды түшүнө алган эмесмин. Бирок адеп сактап, тек гана башымды ийкеп, макул экенимди ишаралап койгом.

Чоң атам кээде алманын бышкандарын тандап терип, эки кочушуна батышынча алып чыгып, көчөдөн өткөн жаш балдарга таркатып калчу. Ушул алманы карайм, сугарам деп колум жооруп, белим оорубаса да, бул көрүнүш мага жага берчү эмес. Көрсө ошол бала курагымда сооп, бата, кайрымдуулук жана алардын жемиши, пайда-пазилети сыяктуу асыл түшүнүктөрдүн акыйкаты али жүрөгүмө сиңе элек тура. Биздики бизге гана тиешелүү болушу керек, анын жаргалын өзүбүз гана татуубуз абзел деген адамдын дээринде бар өзүмчүл ойдун ойдуңунан чыга элек эселек кезим экен. Ошол учурда сөзү эмес өзү, талабы эмес амалы менен туура өрнөк, татыктуу тарбия көрсөткөн чоң атама Жараткан чексиз ыраазы болсун.

Алмаларды чоң атам эмне үчүн эки кадам берирээк короонун ичине эмес, сыртка, тоо дайрасынан суу агып келчү арыктын боюна тиккенин балакатка жетип, бир аз акыл токтотуп калганда аңдадым. Көрсө, биз үчүн эмес, ары-бери өткөндөр даамын татып, ыракат алсын, кубансын деп эл үчүн эгиптир. Ал алмаларда бизге караганда да элдин акысы көбүрөөк экен.

Алмалар бирде жакшы алып, кийинкиде анчейин болбой калган башка алмалардан айырмаланып, демейде ар жыл сайын шактары ийиле мол мөмөлөчү. Балким буга алма тамырлаган берекелүү кара топурак менен алдынан шырылдай аккан арык суусу эле эмес, чоң атамдын өзүнөн мурда өзгөнү ойлогон аруу ниети менен алма даамын сызып, ичинен ыраазы болгон адамдардын ак батасы себептир.

Ошол алмалардан аябай маанилүү турмуштук бир сабак алганымды минтип кырктан ашканда билип, түшүнүп олтурам. Ал сабак — жамандыкка жакшылык, катуулукка жумшактык, арамдыкка адамдык менен жооп берүү. Ооба, далай адамдар, өзгөчө тестиер тентектер менен жаш балдар алмаларга канча таш атышты. Кээде ошол таштар алма шактарын аралап өтүп барып, чоң атамдын үйүнүн там башын таңкылдата кулачу. Бирок алмалар таш жеп ыза болсо да, ордуна эң даамдуу, эң кооз, эң бышкан мөмөлөрүн түшүрүп берчү.

***

Азыр дүйнөнү интернет жөргөмүштүн желесиндей каптап, ороп бараткан заман. Интернет аркылуу адам менен адам, эл менен эл бирине-бири билип же билбей, атайын же капыстан ызаланта ыркырап, капаланта каарып жатканы кадыресе көрүнүш, аттиң. "Мени компьютердин мониторунан башка эч ким көрбөйт" деген кыска ойго алдангандар бирөөнүн акысына, аброй-намысына чычкан ийинине киргендей кирип, куру дооматтын уусун, жалган жалаанын чыласын чачуу өнөкөтүнө өтө көнүштү. Кээде ошондойлордун айыпсыздарды айыптап, тазалардан тарп издеп, актарды каралаган эссиз эпкини далайлардын жүрөк толтосуна ууланган жебедей сайылып, көңүл казанын көңтөрүп, ден соолугун соолутууда. Кантебиз? Андайларга Жараткандан топук, нысап, ыйман жана күнөөсүнө тообо кылчу абийир, ариет тилейли. Эгер таанысак, билсек, жылмаюу, жылуу сөз жана эчтемени укпагандай, көрбөгөндөй болгон жумшак мамиле менен жооп кайтаралы. Балага теңелип бакылдашсаң, аялга теңелип акыйлашсаң, эшекке эрегишип аңкылдасаң, сенин алардан айырмаң канча? Бийик бол! Жамандыктын сүйлөмүнө жакшылыктын илеп белгисин кой.

Таш ыргытканга таш ыргытсаң, бөөдө жерден баштар жарылып, сөөктөр сынып, баалуу буюмдар, назик сезимдер талкаланат. Жаман сөзгө каршы арам сөз агызсаң, күнөөлөр күчөп, айыптар артат, жүрөктөр ажырап, көңүлдөр муздайт. Калыстык качып, каршылашуунун кара туманы каптап, душмандык дуулдайт.

Жаман сөз, жалаа жана доомат — кык, таштанды, заң жана топурак аралашкан балчыкка окшош. Ал адам үчүн жийиркеничтүү болгон менен чочконун эң жакшы көргөн жайы. Рухту, акылды, сезимди жана саламаттыкты ошол булганчтан алыс асырайлы. Ошондуктан жагымсыз сөздөрдү, жалаа-ушактарды тапкан жерде таштап, көргөн жерди көөмп, уккан жерде унут, досум! Чалчык кургаган соң, балким, гүлзар үчүн жер семирткич болор.

Ошондуктан бышкан мөмөсү көздү күйгүзүп, көңүлдү азгырган алма, өрүк, алмурут, шабдалы, кайналы сыяктуу мөмөлүү дарактардан жамандыкка жакшылык кылганды үйрөнөлү. Бизге таш ыргыткандар бизден аш алып кетсин!

Мен алмадан ушул сабакты алган элем!

 

1151
Белгилер:
интернет, жамандык, жакшылык, көчө, алма бак
Тема боюнча
Элди коргоп, улутту сактап калган кайрандар. Эр-азаматтар тууралуу баян
Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян
Тойго бараткан колукту. Архивдик сүрөт

Жашырынып тойлогон "генийлер" жана акылга сыйгыс ушактар. Пандемиядан алган сабак

903
(жаңыланган 18:31 20.09.2020)
Ааламды алаамат каптап алапайыбызды таппай жатканда да коомдо адамдын кыжырын келтирген окуялар болуп турду. Колумнистибиз Шабдан Абылгазы уулу кайсы жагдайга жини келгенин санап чыкты.

Дүйнөнү коронавирус каптап, ал илдет көп өтпөй биздин өлкөгө дагы кирип келди. Мындай апаатка өлкөбүздөгү дээрлик бардык тармак даяр эмес болуп чыкты. Экономика, медицина, билим берүү, туризм жана башка тармактын баары вирустун айынан келген кыйын күндөргө туруштук бере албай калды. Өзгөчө Кыргызстанда "казанда эмне болсо, чөмүчкө ошол чыгат" дегендей эле болду. Бардык жааттагы кемчиликтерди коронавирус көзгө сайып көрсөтүп жатты. Акыркы убактарда оору жуктургандардын саны азайып үмүттүн шооласын жандырганы менен адистер бул вирустун экинчи толкуну боло турганын боолголошууда. Мындан улам биринчи толкунда кандай сабактарды алдык, кайсы кемчиликтерибизди моюндап, аны жок кылууга аракет кылышыбыз керек деген мыйзам ченемдүү суроо келип чыгууда.

Пандемияда оорудан мурда ойдон чыгарылган кептер кууратты

"Дүйнөдө коронавирус аныкталууда" деген күндөн баштап, ар кандай ушактардын, божомолдордун арты тыйылбай келүүдө. Алар "бул атайын уюштурулган өнөктүк" дегенден башталып "биологиялык согушка" келип такалат. Албетте, мындай ой жүгүртүүгө кандайдыр бир себептер болгон чыгар. Ал эми такыр эле абсурд делген коомдогу аңыз кептерге саресеп сала турган болсок, таң калып эле отуруп каласың. Алардын айрымдары логикага дагы сыйбайт. Адегенде эле социалдык тармактар аркылуу "5G түйүнү коронавирусту күчөтөт экен", "дезинфекциялоо өпкөнүн кагынуусуна алып келет экен", "вертолет менен дары чачат экен, ал оорунун көбөйүшүнө алып келет" деген сыяктуу ушактар тарап, адистер, расмий органдар жалганга чыгарууга жетишпей жатты. Булардын ичинен "оору жок, бул жөн гана бийликтин оюну" деген таризде айтылган кепке ишенгендердин көбү санитардык талаптарды аткарбай, натыйжада илдет тез жайылып, канчалаган адам бул дүйнө менен кош айтышты.

Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар

Буларды абсурд деп четке кагуунун деле себеби бар. Маселен "5G түйүнү коронавирусту күчөтөт" деген кеп логикага деле сыйбайт. Анткени коронавирус илдети бай, кедей, мусулман, мусулман эмес дебестен бардык өлкөнү каптады. Мындай жагдайда адамдын ден соолугуна зыян келтире турган түйүндүн ишке берилиши мүмкүн эмес. Мындан тышкары, өлкөнүн масштабында алсак, аталган түйүн Кытайдын айрым аймактарында гана иштеп баштаганы маалымат булактарында жазылууда. Ал эми Кыргызстандын технологиялык, экономикалык өнүгүүсүн эске алсак, дүйнөгө тарай элек түйүн алгач бизде орнотулуп калса кызык эле болмок.

"Вертолет менен дары чачат экен" деген аңыз кепке коментарий деле бербей койсок болот эле. Көптөрдү ынандырууга аракет кылгандар башка планетадан келгенби деп кетесиң. Себеби мындан бир канча убакыт мурда чет жактан келген туристтер тоо башында калып кетип, аны куткарууга вертолет таба албай карайлаганбыз. Анан кайдагы өлкөнү кыдырып дары чача турган тик учак табыла калат? "Өзү өлкөдө канча вертолет бар" деген суроо салып көрсөк эле бул кептин калпы чыгып калып жатпайбы.

Аза күтүү "аралыктан" жасалып, тойлордо топурагандар...

Карантин бүтүп, оору азайып медиктердин көзөмөлүнө алына баштаган учурда Нарын облусунун райондорунун бирине барып калдым. Бардык жердегидей эле вирустун таасири жана кесепеттери тууралуу кеп салып отурдук. Биз барган айылда жана аларга коңшу айылда коронавирустан үч-төрт адам каза болуптур.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

"Башында кичине барып, кол-кабыш кылып, көз көрсөтүп жатканбыз. Анан оору күчөп жатканда ылдыйкы айылдан бирөө каза болуп калды. Баралы десек, медиктер телевизордон барбагыла деп үгүттөшөт. Жуктургандардын саны күн санап өсүп жатат. Аз эле адам барган. Ошондо каза болгон адамдын жакын тууганы "кошуналары келе беришпейби, эмне оорудан коркуп жатышабы" деп нааразы болуп ыйлап жаткан. Кийин ошол киши өзү вирус жугузуп алып кайтыш болуп калды. Анын жаназасына эч ким деле барган жок. Доктурлар эле жерге берди. Башында айылдагылар кантип ошондой болсун деп жатышкан. Кийин баары эле түшүнүп калды", – деди бир айылдашы.

Негизи маркумду жерге берүүнүн өз зыйнаты болот. Жакындары, туугандары чогулуп жоктоп, аза күтүлөт. Бирок "өлгөндүн артынан өлмөй жок" деп тегин жерден айтылбаса керек. Андыктан айылдарда абалды түшүнүү менен кабыл алып, аза күтүүнү да "аралыктан" жүргүзүп калышыптыр. Бул күндөр дагы өтөр.

Сөзүбүздү куру какшык менен улайлы. Антпесек, "акыл айтып жатат" деген токонаалатка калабыз. Жашырганда эмне, арабызда "генийлер" толтура жашап жүрүптүр. Мамлекеттик органдар жарандарга жөнү жок үйдөн чыкпоосун улам-улам эскертип, медиктер топтолууга тыюу салып, коомдук жайлар иштебей турганда да жолун таап, топуратып той бергендер болду. Кантип ыңгайын тапты? Ким билсин...

Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам

Тойго жарашыктуу кийинип алып, жаркылдаган унаа менен барып, ал жерден 200-500 адам топтолуп, айрымдары мас болуп алып шоктонуп, кубалашып тилдешип, кучакташып бийлешип... Анан ушунун баарын коомго да, тийиштүү органдарга байкатпай "жашыруун" жасаган адамдарды "гений" дебегенде ким дейбиз? Социалдык тармактарда анча-мынча адамдардын тойдогу сүрөттөрү карантин убакта да чыга калып турду...

Негизи пандемия бир топ эле жүрөктүн үшүн алып койду. Оорунун күчү бир аз басаңдап баратты эле, жаңы статистика вирус илештирип алгандардын саны көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. Экинчи толкун болот деп боолголоп, күн суук тартып сасык тумоо менен кошулуп айлабызды алты кетирет деп жатышат. Жакшы эле сабак алгыдай болдук, дүрбөлөңгө түшпөйлүчү. Сактаналы, дарыгерлердин айткан-дегенин аткарып, жардам берели. Өзүбүздү өзүбүз аяйлычы...

903
Белгилер:
ушак, айыл, той, карантин, коронавирус
Тема боюнча
Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы
Адамдан эс алган табият. Карантин кыялды чындыкка айландырганда
Кишилер шайлоо участкасында. Архив

Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар

568
(жаңыланган 16:15 15.09.2020)
Саясий жарышка аттанган 16 партиядан 1 952 талапкер депутаттыкты арзып турган чагы. Эмне үчүн мандатты мелжегендер көп? Кыргызстанда парламенттин укуругу канчалык узун да, депутаттын таасири кандай? Учурда эл эки тандоонун ортосунда калды.

Журналист Эламан Карымшаков шайлоонун шарапаты кызып турган маалда эл эске алчу эки нерсени айткысы келген.

Аз күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү биз жөн гана добуш бербейбиз, келечегибизди тандайбыз, колубуздагы бийликти бирөөгө ишенип тапшырабыз. Буга өзүбүзгө жар тандап жаткандай эле мамиле кылуу зарыл деп эсептейм. Себеби шайлоодон кийин депутаттарга беш жыл, алар түзгөн системага бери жагы 10 жыл чыдашыбыз керек. Бизди эр кылган да, кара жер кылган да ушулар болот.

Парламент кандай укукка ээ?

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгарып эле отурат деп ойлогон жоксузбу? Эгер андай десеңиз мандат мынчалык талаш болмок эмес. Мандаттын жыргалчылыгы башкада...

Шайлоодон уткан депутаттар жаңы өкмөттү бекитет. Ал үчүн ар бир партияга квота берилет, мисалы, менин партиям сунуштаган адам айыл чарба министри кызматына, сиздин партияңыздыкы Бажынын башчылыгына дайындалат. Ошентип өкмөттүн курамын түзүп, премьер-министрди дайындашат. Ошол өкмөт анан өлкөнүн тагдырын чечет. Ниети түз болсо өргө тартат, болбосо "өгүз өлбө, араба сынба" принциби менен эптеп иштейт.

Карыз жөнүндө көп кеп кылабыз. Өкмөт чет өлкөдөн насыя алып жатканда бир тыйынына чейин парламент менен макулдашат. Депутаттар карыз кандай максатта алынып, качан төлөнөрүн билген соң ратификациялайт.

Мындан сырткары, партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот, Конституциялык палата сыяктуу органдарга өзүнүн адамдарын коё алат.

Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз

Парламенттин күчүн ушундан байкасаңыз болот, жада калса бир дагы министр депутаттардын макулдугусуз кызматка отура албайт. Жыл сайын өкмөт аткарган иши тууралуу отчёт берет. Эгер аны парламент жактырбай койсо отставкага кетет. Сапар Исаковду дал ушундай жол менен ээрден алып түшүшкөн. Эсеп палатасы менен Улуттук банк дагы парламентке баш иет.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү — парламенттик-президенттик башкаруу. Демек, сиз шайлаган депутаттардын ичинен бирөөсү төрагалыкка шайланат да, президенттен кийинки эле өлкөнүн экинчи адамы болуп калат.

Кыскасын айтканда, бизде парламенттин ролу абдан чоң, кыбыр эткендин баары депутаттар аркылуу чечилет. Азыр сиздин колуңузда опол тоодой бийлик турганын түшүнүп жатасызбы? Ал каалайсызбы-каалабайсызбы 4-октябрдан кийин күчүн жоготот. Мен сизди максаттуу пайдаланууга чакырам.

Сизде эки тандоо бар

Биринчи тандоо:

VI чакырылыштын 100дөн ашуун депутаты кайра мандат алууга ашыгып жатат. Арасында буга чейин эки-үч жолу депутат болгондору бар. Кээ бирлери канча жыл иштесе да жыйынтык көрсөтүүгө жарабаган, галстугу бар, бирок калыстыгы жок оомо депутат катары эсте калды. "Башкасына баш оорутпайм, бизнесимди гүлдөтсөм болду" деп келе жаткандар да бар. Болбосо бир мандат үчүн 500 миң долларды (39,4 миллион сом) ким эле садага чапсын.

Талапкерлердин ооз көптүрүп айткан убадаларын угуп жатканда баскан жолуна да көз чаптырып коюңуз. Баарына көз жумуп, кайра эле ушулар бийликке келишин каалап турсаңыз, биринчи тандоо сиздики болот.

Ошол учурда сизге бир нерсени эскерте кетейин...

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Парламент өлкө тагдырын ишенип тапшырган өкмөттүн дараметин пандемия башталганда көрдүк. Бюджетте кошумча акча жок, карыз менен жан баккан мамлекет экенибизди түшүндүк.

Июлдагы апаатта саламаттык сактоо системасынын таш-талканы чыкканын жоон терибиз менен сездик. Чекеден кырылып калабызбы деген коркунуч жаралбады беле. Миңден ашуун үй-бүлө жер кучактап отуруп калганын унуткан жоксузбу? Адистер өз убагында медицина тармагына көңүл бурулбаганын айтышууда. Мунун кесепетинен учурда замандаштарыбыз мээрим төккөн энесинен, таянар тоо болчу атасынан, боор тарткан бир тууганынан, чырактай уул-кызынан жана бир жаздыкка башын жөлөгөн жубайынан ажырап, кан жутуп отурушат.

Экинчи тандоо:

Өлкөгө азыр тайманбас, курч, реформатор, сабаттуу жана саясий эрки бар адамдар керек. Агымга каршы сүзө алгандарды тандоо да сиздин эркиңиз. Жаңыланууга карай кадам таштасак, жаркын жашоону кура алабыз.

Мени күйдүргөнү, элдин жашоосун жакшыртууга жарабагандар, калктын жакырчылыгынан пайдаланып колундагы бийлигин 2000 сом менен сатып алууга аракет кылууда. Муну элди шылдыңдоо катары сыпаттайт элем.

Кээ бирлери карантин маалында тараткан жардамын бетине кармап, үгүт ишин аткарууда. Анысына рахмат, бирок билип коюңуздар, биз кайрымдуулук фондунун директорун эмес, мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды шайлап жатабыз.

"Өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн арылып, айылга эки машина шагыл төгүп бергендерге алданбай, "тууганым суранды эле" дегенди жыйыштырып, өз эркибиз менен тандоо жасайлы.

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Эч качан кайдыгер болбоңуз, шайлоого барып, колуңуздагы бийликти ишенимдүү адамга тапшырып бериңиз. Ошондо андан талап кыла аласыз. Азыр эч кимге добуш бербей койсоңуз, кийин бийликке нааразы болууга моралдык укугуңуз жок.

Адам сатып алган буюмун каалагандай колдонорун билесиз. Ошол сыңары эле добушуңузду сатып алгандан кийин өз билгениндей бийлик жүргүзөт. Андыктан ойгонуп, активдүүлүктү көрсөтүүгө убакыт келди.

"Элине жараша бийлиги" дейт, мен сиздерге аябай ишенип, үмүт артып турам. Бир күндүк оокат менен эмес, келечек үчүн күйөлүчү!

P.S: Мен эч бир партиянын курамында жокмун. Жөнөкөй жаран жана журналист катары пикиримди жазууну чечтим.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

568
Белгилер:
келечек, укук, парламент, депутат, тандоо, үгүт, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат
Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика
Кайсы учурда депутат мандат ала албай калат. Маалымдама
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

0
(жаңыланган 17:29 26.09.2020)
Келерки аптада президент Жээнбеков расмий иш сапар менен Венгрия өлкөсүнө барат. Иш сапарда бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлары айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарынын скверине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилип, салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу мамлекет башчы "Биринчи радиого" берген кезектеги маегинде айтты.

Президент Венгрия өлкөсүнө жасалуучу иш сапар, эки мамлекеттин ортосундагы алака тууралуу суроого жооп берип жатып бир нече учурду белгилеген.

"Мен расмий сапарымдын алкагында Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барам. Будапешт шаарынын скверине биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу иш-чарасы болот. Иш сапарым соода-экономикалык гана эмес, маданий тармакты да камтыйт", — деген Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат

Жээнбеков иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, өлкөлөр байланышын күчөтөрүн белгилейт. Анда биргелешкен өнүгүү фондусун түзүү боюнча сөз болот.

"Кыргыз-венгер өнүгүү фондусун түзүү боюнча ниетибиз бар. Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия "Эксимбанкы" буюрса, 50 миллион евро бөлгөнү турат. Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз, аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт.

Бул дагы абдан жакшы жетишкендик болот. Бул эми Кыргыз-Орус өнүгүү фондундай эле, келечекте ошондой фондго айлантканга аракет кылып жатабыз", — деди Жээнбеков.

Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда. Кыргызстандык ишкерлер Венгриянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Президент Жээнбековдун Венгрияга иш сапар жазында пландалып, коронавирус пандемиясынан улам жылган.

0
Белгилер:
инвестициялар, экономика, алака, фонд, сквер, Чыңгыз Айтматов, иш сапар, Венгрия, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу
Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл