Сабыр, токтоолук жана тактык ооруну сөзсүз жеңет. Дүйнө суктанган япондор да ошентти. Айтылган эрежени так сактады, айылчылап кетпеди, айтканды укту. Булардын баарына күбө болгон кыргызстандык Чыңгыз Сүйүнбек уулу аны Япониянын дал ичинде жүрүп баяндап берди.
Бүт дүйнө эли бир муштум болуп түйүлдү. Кытайдан башталган коронавирустун жаңы түрү COVID-19 бул ирет бир гана континент же өлкөнү эмес, бир заматта дүйнөнү аралап, миңдеген өмүрлөрдү жалмап кетти.
"Коронавирусту жуктургандар", "андан өлгөндөр", "алып жүрүүчүлөр", "айыгып кеткендер" деген статистикалык сандар дагы канчаны түзөрүн, кайсы чекке барып токтору азырынча белгисиз. Ааламды багынткан адам баласы бул тумоонун алдында азырынча алсыз болуп турат.Жүрөктүн үшүн алган вирус дүйнөнү айланып жүрүп отуруп акыры биздин өлкөдөн дагы кыйгап өткөн жок. Бирок Кудай бизге алыбызга, ага каршы тура алар дараметибизге ченеп жөнөттү белем, ылайым ошондой болсун деп тилейм...
Вирус жуктурган алгачкы үч адам катталганын укканда жүрөк "зырп" этти. Элдин реакциясы — дүрбөлөң, чочуу, вируска кабылгандарды күнөөлөө... Социалдык тармактар аркылуу баам салып отуруп психологдордун "эгер элге эртең апокалипсис болорун айтсаң, алар аны бүгүн жасап жиберишет" дегени эске келди. Бул атайын биздин коом үчүн айтылгандай эле.
Миңдеген чакырым алыста, тээ Күн чыгышта алакандай смартфонумдун бетин тиктеп, ноутбукту кадала Кыргызстанды карап отурдум. Бул бир башкача сезим, ал абал чет жакта жүргөн мекендештерге жакшы тааныш.
Мекенимде ошол дүрбөлөң түшүп, ун-майды жанталашып сатып алган күн жаңырып кетпесе, ажиотаж дагы канчага уланып, арты эмне менен бүтмөк, жообу мага дагы эле кызык. Бул окуядан соң алакандай кыргызды дүрбөтүү да оңой, жооткотуу да оңой, ишендирүү дагы оңой деген ой дагы да бекемделди. Атактуу Салижан Жигитов айткандай, биздин элдин чоң кемчилиги ошол оомалыгында болуп келет.
Бул мамлекетте эл менен бийликтин ортосунда боштук жокко эсе. Медиалар, журналисттер өз ишин мыкты аткарышат. Алсак, вирус жаңы тарап баштаганда эле андан сактануунун жолдору, кокус жугузуп алса алгачкы белгилери кандай болору, анын алдын алуу маанилүү деген маалыматтарды ЖМКлардан байма-бай берип баштады. Эрикпей, керели кечке беришти. Ансыз да так жүргөн япондордун кулагына куюшту. Эл дагы расмий булактардан маалымат алган соң эрежени сактоого өттү. Биздегидей социалдык тармактарга желдей тараган жалган маалыматтарды, "кемпир хадистерди" токуганга эч кимдин убактысы жок. Таратса дагы расмий маалымат булагы болбогондуктан эч ким көңүл деле бурбайт. Кыязы, убактысын бекер короткусу келбейт окшойт. Айтор, так маалыматты кайдан алууну билишет, бере турган жактар да тыпылдып, убакыт-сааты менен кабардар кылып, маалыматты кечиктирбестен жеткирип турат.
Вирус тарап баштаар замат биз сабактан кийин иштей турчу кафелерде, заводдордо дагы күн сайын температураңды ченеп анан жумушка киргизүү эрежелери сааттай чыкылдап иштей баштады. Кудум эле кичине, бала бакчадагы балага үйрөткөндөй колду жуугандан бери көрсөтүп, түшүндүрүп беришти. Кайра-кайра көрсөтүүдөн тажашкан жок. Аны кайталоодон мен тажаган жокмун...
Башынан нечен сыноону өткөргөн япондор өткөөл мезгилдерде дагы оор басырыктуулуктун жогорку чегин көрсөтө алышат. Тайфун, жер титирөө, цунами жана башка кырсыктарга кабылып, башынан өткөрүп, кесепетин жоюп, жашоосун улантып келе жаткан элдин кайраты балээлүү бул коронавируска келгенде да өзүн көрсөтө алды. Окуу жайларга карантин жарыяланган алгачкы күндөрү азык-түлүк алганы супермаркетке барып элдин көптүгүн байкагам. Кадимкидей соодамды кылып узун кезекке туруп эсептешип чыгып кеткем. Эл деле күндөгүдөй жайдары. Ашыкча, көзгө жат эч нерсе байкалган эмес. Калп айткан менен болобу, кээ бир жактарда медициналык бет кап менен антисептиктердин, даарат кагаздарынын таңсыкстыгы жаралды. Анда да тактыгы ушунчалык чекке жеткен япондор маселени тез аранын ичинде жөнгө салып койду. Андай жетишпестик кийин башка эч жерде кездешкен жок. Айта кетчү нерсе, кайсы бир товарга суроо-талап аябай жогоруласа дагы спекуляциялык учурларды мойнумду созуп алып карасам да байкай алган жокмун. Эл көп алган товардын баасын жогорулатып жиберүү деген оозуңдан айлансын, бул жерде жок. Мен социалдык тармактан Кыргызстандын базарларында ажиотажга алдырган элге ундун баасын бир топ көтөрүп сатып жиберген фактыларды, соодагерлерди угуп, анан ошондой кырдаалда бир да тыйын кошпогон япондорду салыштырдым. Кудум таразанын ташына койгон сымал салмактап карадым...
Бул жерде күн чыгыштыктардын медицинасынын күчүн айтпай кетсем, макалам көркүнө чыкпайт. Вирусту жугузуп алгандарды айыктырууда дагы Япония бир топ өзгөчө ыкмаларды колдонуп келүүдө, жыйынтыктары мактоого аларлык. Бирок эң чоң жардамды жогоруда мен айтып кеткендей, ЭЛ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ жасап жаткан учуру.
Ошентип Япония бул сыноону тартип жана биримдик менен жеңүүдө. Ошол эле убакта окуу жайлардан жана сырттан көз каранды болгон кээ бир ишканалардан башка завод-фабрикалар, дүкөндөр, коомдук транспорттор, калкты тейлөө пункттары кадимкидей иштеп жатат. Жашоо дайымкыдай өз нугунда өтүүдө, болгону бир канча эрежелер коштолгон. А бизде, Кыргызстанда абал кандай?
Медицина илимине жол салган Абу Али ибн Сина "дурбөлөң менен жашоо — оорунун жарымы. Тынч жашоо — ден соолуктун жарымы. Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы" деген эмеспи.
Башка келген сыноодон сабак алып, зыянсыз өтүп, бейкутчулук күндөрдө аманчылыкта көрүшөлү, мекендешим!
Боррелдин айтымында, бул Евробиримдиктеги демократияны каралоого жана эл аралык кызматташтыкты чабалдатууга багытталган. Бул тууралуу Ирина Алкснистин материалын РИА Новости жарыялады.
Боррель мизи али кайта элек пандемия шартында жалган жана жаңылыш ойго түрткөн маалыматтардын өтө кооптуулугун белгилеген. "Биз Кремлге ыктаган каналдардын бет кап тагынуунун кажети жоктугун айтканын, карантинге каршы козуткандарын көрдүк", — дейт ал.
Дипломаттын пикиринде, эми Москванын вакциналык дипломатиясы биринчи планга чыкты. Ал бир жагынан батыш препараттарын жана өндүрүшчүлөрүн каралоого тырышып, экинчи жагынан өздөрү өндүргөндөрүн даңазалап, активдүү таанытууга аракет кылууда.
Европада жаңы карантиндик катаал чаралар толкуну башталып туру. Финляндияда өзгөчө абал жарыяланып, Чехияда дүйнөдө илдет эң көп катталгандыгынан улам тургундарга жашаган райондорунан чыгууга тыюу салынган. Италияда да чектөөлөр күчөтүлдү.
Өз кезегинде дээрлик бир жылдан берки тыюу салуулар жана үйдө отургандан жадаган Европа калкы бийликтин бул чаралардын баары өз саламаттыгы үчүн деген аргументтеринин эч бирин уккусу келбей баратат. Массалык протесттер дээрлик бүт континентке жайылды.
Кырдаал ушунчалык татаал экенин мындан билиңиз, биримдиктин бекемдиги көз алдыбызда бириндөөдө. Чехия "Спутник V" вакцинасын алуу үчүн Россияга кайрылды, бул – өлкөнүн президенти жана премьер-министринин макулдашылган позициясы. Словакия андан да алдыга кетип, аркасынан Венгрия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн европалык жөнгө салуучуну күтпөстөн россиялык препаратты тездетилген жол-жобо менен каттады.
Коронавирус боюнча кыйла татаал кырдаалдагы поляктар үчүн Россияга жардам сурап кайрылуу акылга сыйгыс, ошондуктан алар COVID-19га каршы вакцина жөнүндө Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.
Абал бир жыл мурунку окуяны эске салууда. Анда Европа биримдиги өзгөчө кырдаалда өзүнүн толук алсыздыгын көрсөтүп, анын мүчөлөрү курч каатчылыкка каршы өз алдынча күрөшүүгө мажбур болгон. Айырмасы – анда глобалдык масштабдагы күтүүсүз жагдай эле, бул чындап эле принципиалдуу түрдө маанилүү. Анын жүрүшүндө өзгөчө шарттарда ыкчам реакция зарыл учурда Брюссель аракетке жөндөмсүз экени айгинеленди.Бул, албетте, Европа үчүн жагымсыз ачылыш. Бирок ошол абалда ЕБдин дармансыздыгын актоого болбосо да, жок дегенде көйгөйдүн өтө күтүүсүздүгү жана глобалдуулугун түшүндүрүүгө болмок.
Азыр кырдаал алда канча башкараак. Пандемиядан улам күтүүсүздүктүн таасири басаңдаганда Евробиримдик кайрадан тирдене түшкөн. Анткени анын күчтүү деп саналган сапаттары, атап айтканда, стратегиялык пландоо, татаал процесстерди уюштуруу, каражаттарды топтоо жана бөлүштүрө билиши зарыл болду. Европалык бийликтин жакындагы эле аракеттеринде, маселен, экономиканы кайра калыбына келтирүү планынан дүйнө жүзүнө мындай коркунучтар менен күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтө тургандыгы боюнча убадасы байкалат. Көрсөтүштү. Анын натыйжасы маанилүү багыттардагы ийгиликсиз аракеттери болду.
Европа талдалган карантиндик стратегия өз башына муш болду, ал эми калкты эмдөө боюнча иш жагдайын сүрөттөө үчүн "кырсык" деген гана аныктама туура келет. Ошону менен катар мындай абалдын кейиштүүлүгүн мындан билиңиз, пандемия менен күрөшүүдө үлгү болгусу келген өлкөлөрдүн өзүндө абал Европадагыдан бир топ дурус.
Ал эми бардык нерсенин өзөгүндө европалык бийлик тарабынан кабыл алынган жаңылыш чечимдер. Бул Европа биримдигинин кадыр-баркына алапайын таппай калган бир жыл мурунку абалынан да катуу доо кетирет.
Ушундай жагдайда чыгыш европалык мамлекеттердин өз алдынча аракет этүүгө умтулганы түшүнүктүү. Алар, албетте, ЕБ курамында экинчи сапта турушарын жакшы билишет, ошондой эле коронавирус көйгөйүндө калдык принциби боюнча жардам алууга мажбур экенин билет. Натыйжада өз кезегин сабырдуулук менен күтүүдөн чарчаган өлкөлөрдүн саны улам арбып, анын ордуна алар Брюсселдин уруксатын албастан аракетке өттү. Брексит, ошондой эле өзгөчө шарттарда да Брюсселге кылчактабаган польшалык жана венгриялык бийликтин евроскептицизминин өрчүп баратышы Европа биримдиги үчүн анча жакшы көрүнүш эмес.Дээрлик алты жыл мурун Европа өзүнө миграциялык каатчылык уюштуруп, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келет. Пандемияга каршы күрөш европалык саясатты дагы бир ийгиликсиздикке тушуктуруп, кыска эле мезгил ичинде оор кесепеттерге кептеген кыйла стратегиялык туура эмес эсептер менен жүргүзүлгөнүн көрсөттү.
Брюсселдин көйгөйдү сырттан европалык демократия жана шериктештикке доо кетирген душман издөөгө шылтоо менен өз катачылыктарын моюнга алуудан принципиалдуу түрдө баш тартышы бул маселелер менен эле токтоп калбастыгын кепилдейт.
Шассинин өзгөчөлүктөрү анын ичинде ушундай эле жылмакай стволдуу замбирек орнотулган өзү жүрүүчү "Спрут-СД" өңдүү курал комплексин жыйноого мүмкүндүк берерин айтат РФтеги "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору Александр Красовицкий. Дөңгөлөктүү танкты Андрей Коц мүнөздөп чыккан.
Александр Красовицкийдин айтымында, зооттолгон "Бумеранг" платформасынын негизиндеги дөңгөлөктүү жаңы танкты иштеп чыгуу аяктап барат. К-16 зооттолгон транспортерун жылдын аягына чейин сыноо пландалган.
Инженерлер белгилегендей, бул аппаратты жасоодо илим жана техниканын эң акыркы жетишкендиктери пайдаланылды. Кийинки пландарда өзгөчө багыттагы жана бөлөк үлгүлөрдөгү техника – БМП К-17ни сыноо да бар. "Аскердик-өнөр жай компаниясынын" башкы директору "Бумеранг" платформасынын базасындагы дөңгөлөктүү танкын тез арада бүтүрүү өнөр жай үчүн маселе эместигин баса белгилейт.
Ушул сымал техникалар Советтер Союзунда да чыгарылган, россиялык армияда толук бурулчу мунарасында кубаттуу курал орнотулган дөңгөлөктүү танктар болгон эмес. Зооттолгон автомобилдердин тобун бейрасмий түрдө ушинтип атап коюшат.
Корголушу боюнча бул машиналар чынжырлуу танктарга жетпесе да, ыкчамдыгы, маневр жана жүрүш запасы боюнча алардан артык.
"Дөңгөлөктүү танктар аларга ылайык топурактуу өлкөлөрдө кеңири таралган, — дейт аскерий эксперт Алексей Леонков. — Мисалга Африкада. Атап айтканда, Түштүк Африка Республикасында дал ушундай дөңгөлөктүү танктарга басым жасашат. Алардын негизги артыкчылыгы — ылдамдык жана бир ремонттон кийинкисине чейинки жүрүш аралыгы. Эгер негизги танк он миң чакырымдан кийин бузулуп калса, анда замбиректүү зооттолгон автомобиль жүз миң чакырым жүрө алат".Эксперттин айтымында, мындай техника ошол эле Сирияда күзөт өтөөгө көмөкчү болмок. Азыр ал жакта аскердик полиция "Тигр" жана БТР-82А зооттолгон автомобилдерин айдап жүрүшөт. Леонков зооттолгон транспортер өңдүү эле танк суу бөгөттөрүнөн да өтүп, жүрүп да, сүзүп баратып да ок атууга жөндөмдүү. Күчтүү куралдан улам аны рейддерде, ошондой эле жалпы операцияларда, атап айтсак, аскердик катарда, чалгында, чалгындоочу отрядда жана кайтарууда колдонууга болот.
Болоттон жасалган танктар абдан бышык асфальт жолду да талкалап кетери жашыруун эмес. Жол катмарына дөңгөлөктүү техника зыян келтирбегендей болушу маанилүү. Дал ушул себептен зооттолгон оор техниканы атайын тартып келүүчү транспортерлор менен жеткирүүнү ылайык көрүшөт. Жүктөө жана түшүрүүгө бир топ убакыт кетет. Ал эми дөңгөлөктүү танк согуш талаасына дароо, эч кандай машакатсыз жана даярдыгы жок эле кирип кетет.
Келечектүү танктын негизги куралы катары атайын аба-десанттык күчтөр үчүн иштелип чыккан 125 мм замбиректүү курал бөлүгү каралган. Мындай жабдык өзү жүрүүчү "Спрут-СД" танкка каршы замбирегинде да орнотулат. Октоо автоматы жана 40 дүрмөттөн турган ок-дарысы менен турукташтырылган тутумдагы жылмакай стволдуу 2А75 Т-72 жана Т-90 танктарындагы 2А46М куралына окшош.
Өзү жүрүүчү аппарат тийиштүү калибрдеги ок-дарынын бардык түрү менен октолуп, анын ичинде танкка каршы коргонуу тутумундагы тескелүүчү ракеталарды да кое бере алат.
Батыш жана Чыгыштагы бул типтеги аскердик техниканын басымдуу бөлүгү 105 миллиметрге чейинки калибрге ээ.
Дөңгөлөктүү танктар менен НАТО жана Азия чөлкөмүндөгү бир нече өлкөлөр камсыздалган. Атап айтсак, Stryker платформасындагы америкалык M1128 MGS, ошондой эле франциялык AMX-10RC, япониялык MCV, италиялык Centauro танктары аталган мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө бар.
РФтин коргоо министри мурунку он жылдыктын башында Рим менен
Centauro партиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Ал түгүл бир нече машина Россияга сыноо үчүн алып келинген, бирок иш ошол менен тык токтогон. Италиялык дөңгөлөктүү танктар аскердик техниканын ишенимдүүлүгү боюнча Россиянын талаптарына төп келген эмес.
"Бумеранг" дөңгөлөктүү платформасы алгач ирет 2015-жылдагы Жеңиш күнүндөгү парадда элге көрсөтүлгөн. Бул негиздеги техника БТР тибиндеги советтик жана россиялык транспортёрлордон кыйла көлөмдүү жана күчтүү келет.
Шосседе 750 ат күчүндөй кубаттуулуктагы ЯМЗ-780 кыймылдаткыч саатына 100 чакырымга чейин күүлөнө алат. Мотордук бөлүгү алдында, бул десантты арт жагынан салып жана түшүрүүгө мүмкүндүк берет.
"Бумеранг" тобундагы машиналар керамика камтылып, кат-кат сооттолгон, ал эми бул гомогендик коргоого караганда алда канча ынанымдуу. Азырынча дөңгөлөктүү БМП К-17 бул топтогу эң күчтүү машина деп саналат, бул универсалдуу "Бумеранг-БМ" аскердик модулу менен аралыктан башкарылат. Машина тандалма ок-дарылар жана кошумча 500гө чейинки дүрмөт менен камсыздалган 30 миллиметрлик автоматтык замбирек, ошондой эле эки эселенген "Корнет" танкка каршы коргонуучу эки ракета менен камсыздалган.Мындан олуттуу варианты да бар: К-17 үчүн болжолдуу аскердик модулдардын бири — мүнөтүнө120 ирет ок атуучу 57 миллиметрлик замбиректүү АУ-220М "Байкал". Анын дүрмөттөрүнүн күчү батыштагы акыркы үлгүдөгү бардык пехоталык машиналар менен күрөшкө жетишерлик деп айтылат. Мындан тышкары, 57 миллиметрлик калибри учкучсуз учуучу аппараттарды, анын ичинде чакан көлөмдүүлөрүн да 12 чакырымга чейинки аралыктан таамай жок кылууга мүмкүндүк берет.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.