Телефон колдонуп жаткан кыз. Архив

Хайп десе айт дечү болдук! Чектен ашкан соцтармак колдонуучулар күйгүзгөндө

995
(жаңыланган 15:46 24.04.2020)
Соңку кезде социалдык тармактын айрым колдонуучулары, бөтөнчө видео менен жан баккан ютуберлер аркы-беркини эске албай, "аккаунтумду тескей турчу ай деген ажо, кой деген кожо жок" деп эле хайп үчүн акылга сыйгыс нерселерди жарыялоону адатка айлантып бараткандай. 

Мындай пикири менен бөлүшкөн колумнист Гүлдана Талантбекова социалдык желелерге катталгандардын чектен ашкан кадамдарына баам салып, эске ала турчу нерселерди жеткиргенге аракет кылды. 

"Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем"

Албетте, кайсы бир социалдык тармакка катталгандан кийин аны кантип иштетишти элден сурап, бир нерсе жазарда көпчүлүк менен кеңешип отурбайбыз. Бирок аккаунт меники деп эле болгон нерсенин бардыгын жаза бергенге болбойт. Сиздин кандайдыр бир билдирүүңүз катталуучулар арасында талаш-тартыш пикирди жаратып, элдин чоң темасына айланышы мүмкүн. Ошол себептен интернеттеги ар бир кадамыңызга жоопкерчиликтүү болсоңуз.

"Какой то чувак" же элди сыйлоо түшүнүгү

Кечээ жакында кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурап, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев дүйнө салды. Карантин болбогондо аны акыркы сапарга узатууга миңдеген киши чогулары шексиз эле. Ошентсе да жүздөн ашуун киши топурак салды, ананчы, калдайган талант кетип атса?..

Иманалиевдин зыйнатындагы сүрөтүн бир интернет колдонуучу өзүнө жүктөп, карантинде эл көп чогулганына нааразычылыгын айтып, алп акынды "какой то чувак" каза тапты деди. Албетте, мен андайларды элин, маданиятын, үрп-адат, каада-салтын билбеген маңкурт деп атай албайм. Балким, ал бул нерселерди билүүгө милдеттүү эместир. Бирок ал соцтармактын колдонуучусу болгондон кийин кыргыз элинин кабыргасы кайышып, ичи эңшерилип турганын байкашы керек эле да. Аны деле билип, бирок "ишиңер эмне, өз оюмду айтам" дегендей текеберлигин көрсөтүп койгондой сезилди. Ошентсе да жалпы элди сыйлап койсо болмок. Биз бардыгыбыз эле кайсы бир адам тууралуу же коомчулуктагы айрым окуялардан кабардар болуп турууга милдеттүү эмес чыгарбыз, бирок ошол болуп жаткан нерселер тууралуу кенен маалыматың болбогондон кийин бир нерсе деп жазуунун өзү кооптуу. Ашкере сынга, күлкүгө же тепкиге каласың.

Ажал "угузгучтар"

Негизи өлгөн кишини алгач жакындарына, андан кийин жалпы элге угузуу керек дегенди бардыгыбыз эле билсек керек. Анан ушунчалык эле катталуучуларына угузууга далалат кылышабы, балким, эмоцияга ээ боло албай калабы же упай топтош керекпи, айтор, бирөөдөн уга калып эле соцтармактагы баракчаларына жаза калгандар бар. Атын деле атабайт. "Армандуу дүйнө, аттиң, кете берди..." деген сыяктуу бир сүйлөм менен деле жазып коё беришет. Элдер комментарийден чоо-жайын сураса, ага деле жообу жок.

Мындай учурда эске ала турчу нерселер бар. Мисалы, жакындары уктубу? Анын өлгөнүн кимдер кабарлап жатат? Ага жана кайсы бир ЖМКга канчалык ишенсе болот? Менин азыр бир нерсе деп жазганым канчалык маанилүү?

Өлбөгөнүн өзү тастыктаган кыз

Эсиңиздерде болсо керек, былтыр жергиликтүү ЖМКлар журналист кыз рак оорусунан каза болгонун жазып жиберишкен. Элдин бардыгы көңүл айта баштаган эле. Кызыгы, ал кыз эртеси тирүү экендигин өзү тастыктап, шишик оорусуна да чалдыкпаганын билдирген. Буларды угуп алып шок болгонун айтып, жалган маалыматтарды өчүрттүргөн. Бул да болсо тактабай маалымат тараткандын кесепети болсо керек.

Пикири "маанилүүлөр"

Албетте, коомчулуктагы окуяларга реакция кылуу өзүңүздүн ишиңиз, балким, милдетиңиздир. Соцтармактагы билдирүүңүз маанилүү да болуп чыгар. Бирок айрымдар кандай тема болсо да ашкере кайгырымыш эткен, маңдайы жарыла сүйүнгөн, күйүнгөн, ызырына сөгүнгөн, сындаган, деги койчу, миң түркүн билдирүүлөрдү жазууну адатка айланткан. Мунун арты кээде элдин оюн адаштырып, чаташтырып, арадай ишти чарадай кылып жиберет. Эң эле ачууну келтиргени — мунун бардыгы кээде жасалма экендиги сезилип турат. Анан да кыжырды кайнатканы — адамдын өлүмүнөн, кырсыгынан пиар кылабыз. Андайлар дапдаана эле көрүнүп калат. Кээ бирлерин көрүп, жашоодо булар ушундай эки жүздүүбү деп каласың. Алар хайп жараткысы келеби же билдирүүсүн маанилүү дейби, же элден калбаш керекпи, айтор, окшошсо-окшошпосо деле бир нерсени жазып калтырууну максат кылгандай сезилет.

Ютуберлер чектен ашканда...

Негизи материал көп окулушу үчүн аталышы кызыктуу болушу керектиги маалым. Анан видеого элди тартам деп эле айрым ютуберлер "бол, тез көр", "мына сага, ушинтип салды", "шок, шок" деген кыжырды кайнаткан сөздөрдү кошуп, ага оозун ачып, таң калып, кыйкырып жаткан эмоционалдуу быйтыкчаларды коюшат. Ушинтсе эле видео көрүлөт деп жатасыңарбы? Анан калса окурманды тартуу үчүн фонго укмуштуудай коллаждар менен фотошопторду жасашат. Жакында эле бир канал каза болгон таланттар Гүлбү Ороскул кызы менен Элмирбек Иманалиевдин сүрөтүн бириктирип, бири экинчисин тиги дүйнөгө алып кеткенин жазышыптыр. Эгер силер бул адамдарды сыйласаңар минтип көңүл иренжитмек эмессиңер. Бул видеонун аталышы соцтармакта талкуу болуп, блогер кыз сын айтып чыккандан кийин аталышы өзгөртүлгөн.

Анан ютуберлер кадр артында үн окуу менен видео берүүнү да кеңири жайылтып жатасыздар. Сураныч, кээ бир ЖМКлар үч күн даярдап чыгарган материалдарды үч мүнөттө окуурдан мурда шилтеме бериңиздерчи. Негизи бирөөнүн ресурсун уруксатсыз колдонбой эле койгон жакшы.

Жок дегенде балдардын бетин жабалы

Социалдык желеге эмне деген гана видеолор тарабайт. Алгач аны ким жайылтканын атайын органдар гана аныктабаса, чыккан түйүнүн табуу кыйын. Себеби ар ким өзү тарткансып биринен-бири көчүрүп жүктөй беришет. Социалдык тармактагы автордук укуктар тууралуу өзүнчө кеп болсо керек. Бир гана өтүнүч, балдардын зордук-зомбулук аралашкан видеосун саларда беттерин жашырып коюнуздар. Эртең чоңойгондо теңтуштарынан, элден кемсинип калбасын. Муну айтып жатканымдын себеби жакында эле өз баласын аёосуз сабаган атанын видеосу катуу талкуу болду. Ал окуяга ачуусу келгендер деле, келбегендер деле видеону бөлүшүп, кайра башынан жүктөп, баланын бетин көрсөтүп эле жатышты. Негизи мындай нерсеге пикириңизди билдиргиңиз келсе сөздүн деле күчү кетет. Же болбосо мындай көйгөйлөрдүн чечилишин кааласаңыз, реалдуу кадамдарга барыңыз.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.

995
Белгилер:
колумнистика, колдонуучу, интернет, социалдык тармак, Кыргызстан
Тема боюнча
Фейк желдей тарап кетүүдө. Министрликтердин сайты кандай иштеп жатат?
Казак кудалар, көлөччөн келин, "Дордойдогу" абысындар. Кыргыздар тойго жөнөгөндө
Тойго бараткан колукту. Архивдик сүрөт

Жашырынып тойлогон "генийлер" жана акылга сыйгыс ушактар. Пандемиядан алган сабак

1654
(жаңыланган 18:31 20.09.2020)
Ааламды алаамат каптап алапайыбызды таппай жатканда да коомдо адамдын кыжырын келтирген окуялар болуп турду. Колумнистибиз Шабдан Абылгазы уулу кайсы жагдайга жини келгенин санап чыкты.

Дүйнөнү коронавирус каптап, ал илдет көп өтпөй биздин өлкөгө дагы кирип келди. Мындай апаатка өлкөбүздөгү дээрлик бардык тармак даяр эмес болуп чыкты. Экономика, медицина, билим берүү, туризм жана башка тармактын баары вирустун айынан келген кыйын күндөргө туруштук бере албай калды. Өзгөчө Кыргызстанда "казанда эмне болсо, чөмүчкө ошол чыгат" дегендей эле болду. Бардык жааттагы кемчиликтерди коронавирус көзгө сайып көрсөтүп жатты. Акыркы убактарда оору жуктургандардын саны азайып үмүттүн шооласын жандырганы менен адистер бул вирустун экинчи толкуну боло турганын боолголошууда. Мындан улам биринчи толкунда кандай сабактарды алдык, кайсы кемчиликтерибизди моюндап, аны жок кылууга аракет кылышыбыз керек деген мыйзам ченемдүү суроо келип чыгууда.

Пандемияда оорудан мурда ойдон чыгарылган кептер кууратты

"Дүйнөдө коронавирус аныкталууда" деген күндөн баштап, ар кандай ушактардын, божомолдордун арты тыйылбай келүүдө. Алар "бул атайын уюштурулган өнөктүк" дегенден башталып "биологиялык согушка" келип такалат. Албетте, мындай ой жүгүртүүгө кандайдыр бир себептер болгон чыгар. Ал эми такыр эле абсурд делген коомдогу аңыз кептерге саресеп сала турган болсок, таң калып эле отуруп каласың. Алардын айрымдары логикага дагы сыйбайт. Адегенде эле социалдык тармактар аркылуу "5G түйүнү коронавирусту күчөтөт экен", "дезинфекциялоо өпкөнүн кагынуусуна алып келет экен", "вертолет менен дары чачат экен, ал оорунун көбөйүшүнө алып келет" деген сыяктуу ушактар тарап, адистер, расмий органдар жалганга чыгарууга жетишпей жатты. Булардын ичинен "оору жок, бул жөн гана бийликтин оюну" деген таризде айтылган кепке ишенгендердин көбү санитардык талаптарды аткарбай, натыйжада илдет тез жайылып, канчалаган адам бул дүйнө менен кош айтышты.

Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар

Буларды абсурд деп четке кагуунун деле себеби бар. Маселен "5G түйүнү коронавирусту күчөтөт" деген кеп логикага деле сыйбайт. Анткени коронавирус илдети бай, кедей, мусулман, мусулман эмес дебестен бардык өлкөнү каптады. Мындай жагдайда адамдын ден соолугуна зыян келтире турган түйүндүн ишке берилиши мүмкүн эмес. Мындан тышкары, өлкөнүн масштабында алсак, аталган түйүн Кытайдын айрым аймактарында гана иштеп баштаганы маалымат булактарында жазылууда. Ал эми Кыргызстандын технологиялык, экономикалык өнүгүүсүн эске алсак, дүйнөгө тарай элек түйүн алгач бизде орнотулуп калса кызык эле болмок.

"Вертолет менен дары чачат экен" деген аңыз кепке коментарий деле бербей койсок болот эле. Көптөрдү ынандырууга аракет кылгандар башка планетадан келгенби деп кетесиң. Себеби мындан бир канча убакыт мурда чет жактан келген туристтер тоо башында калып кетип, аны куткарууга вертолет таба албай карайлаганбыз. Анан кайдагы өлкөнү кыдырып дары чача турган тик учак табыла калат? "Өзү өлкөдө канча вертолет бар" деген суроо салып көрсөк эле бул кептин калпы чыгып калып жатпайбы.

Аза күтүү "аралыктан" жасалып, тойлордо топурагандар...

Карантин бүтүп, оору азайып медиктердин көзөмөлүнө алына баштаган учурда Нарын облусунун райондорунун бирине барып калдым. Бардык жердегидей эле вирустун таасири жана кесепеттери тууралуу кеп салып отурдук. Биз барган айылда жана аларга коңшу айылда коронавирустан үч-төрт адам каза болуптур.

Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу

"Башында кичине барып, кол-кабыш кылып, көз көрсөтүп жатканбыз. Анан оору күчөп жатканда ылдыйкы айылдан бирөө каза болуп калды. Баралы десек, медиктер телевизордон барбагыла деп үгүттөшөт. Жуктургандардын саны күн санап өсүп жатат. Аз эле адам барган. Ошондо каза болгон адамдын жакын тууганы "кошуналары келе беришпейби, эмне оорудан коркуп жатышабы" деп нааразы болуп ыйлап жаткан. Кийин ошол киши өзү вирус жугузуп алып кайтыш болуп калды. Анын жаназасына эч ким деле барган жок. Доктурлар эле жерге берди. Башында айылдагылар кантип ошондой болсун деп жатышкан. Кийин баары эле түшүнүп калды", – деди бир айылдашы.

Негизи маркумду жерге берүүнүн өз зыйнаты болот. Жакындары, туугандары чогулуп жоктоп, аза күтүлөт. Бирок "өлгөндүн артынан өлмөй жок" деп тегин жерден айтылбаса керек. Андыктан айылдарда абалды түшүнүү менен кабыл алып, аза күтүүнү да "аралыктан" жүргүзүп калышыптыр. Бул күндөр дагы өтөр.

Сөзүбүздү куру какшык менен улайлы. Антпесек, "акыл айтып жатат" деген токонаалатка калабыз. Жашырганда эмне, арабызда "генийлер" толтура жашап жүрүптүр. Мамлекеттик органдар жарандарга жөнү жок үйдөн чыкпоосун улам-улам эскертип, медиктер топтолууга тыюу салып, коомдук жайлар иштебей турганда да жолун таап, топуратып той бергендер болду. Кантип ыңгайын тапты? Ким билсин...

Бизге позитив керек! Жашоону оң нукка бура турган 8 кадам

Тойго жарашыктуу кийинип алып, жаркылдаган унаа менен барып, ал жерден 200-500 адам топтолуп, айрымдары мас болуп алып шоктонуп, кубалашып тилдешип, кучакташып бийлешип... Анан ушунун баарын коомго да, тийиштүү органдарга байкатпай "жашыруун" жасаган адамдарды "гений" дебегенде ким дейбиз? Социалдык тармактарда анча-мынча адамдардын тойдогу сүрөттөрү карантин убакта да чыга калып турду...

Негизи пандемия бир топ эле жүрөктүн үшүн алып койду. Оорунун күчү бир аз басаңдап баратты эле, жаңы статистика вирус илештирип алгандардын саны көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. Экинчи толкун болот деп боолголоп, күн суук тартып сасык тумоо менен кошулуп айлабызды алты кетирет деп жатышат. Жакшы эле сабак алгыдай болдук, дүрбөлөңгө түшпөйлүчү. Сактаналы, дарыгерлердин айткан-дегенин аткарып, жардам берели. Өзүбүздү өзүбүз аяйлычы...

1654
Белгилер:
ушак, айыл, той, карантин, коронавирус
Тема боюнча
Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы
Адамдан эс алган табият. Карантин кыялды чындыкка айландырганда
Кишилер шайлоо участкасында. Архив

Шайлоодон кийин депутаттар кантип "жыргашат". Келечек үчүн элде эки тандоо бар

980
(жаңыланган 16:15 15.09.2020)
Саясий жарышка аттанган 16 партиядан 1 952 талапкер депутаттыкты арзып турган чагы. Эмне үчүн мандатты мелжегендер көп? Кыргызстанда парламенттин укуругу канчалык узун да, депутаттын таасири кандай? Учурда эл эки тандоонун ортосунда калды.

Журналист Эламан Карымшаков шайлоонун шарапаты кызып турган маалда эл эске алчу эки нерсени айткысы келген.

Аз күндөн кийин парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү биз жөн гана добуш бербейбиз, келечегибизди тандайбыз, колубуздагы бийликти бирөөгө ишенип тапшырабыз. Буга өзүбүзгө жар тандап жаткандай эле мамиле кылуу зарыл деп эсептейм. Себеби шайлоодон кийин депутаттарга беш жыл, алар түзгөн системага бери жагы 10 жыл чыдашыбыз керек. Бизди эр кылган да, кара жер кылган да ушулар болот.

Парламент кандай укукка ээ?

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам чыгарып эле отурат деп ойлогон жоксузбу? Эгер андай десеңиз мандат мынчалык талаш болмок эмес. Мандаттын жыргалчылыгы башкада...

Шайлоодон уткан депутаттар жаңы өкмөттү бекитет. Ал үчүн ар бир партияга квота берилет, мисалы, менин партиям сунуштаган адам айыл чарба министри кызматына, сиздин партияңыздыкы Бажынын башчылыгына дайындалат. Ошентип өкмөттүн курамын түзүп, премьер-министрди дайындашат. Ошол өкмөт анан өлкөнүн тагдырын чечет. Ниети түз болсо өргө тартат, болбосо "өгүз өлбө, араба сынба" принциби менен эптеп иштейт.

Карыз жөнүндө көп кеп кылабыз. Өкмөт чет өлкөдөн насыя алып жатканда бир тыйынына чейин парламент менен макулдашат. Депутаттар карыз кандай максатта алынып, качан төлөнөрүн билген соң ратификациялайт.

Мындан сырткары, партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот, Конституциялык палата сыяктуу органдарга өзүнүн адамдарын коё алат.

Байыркы бабам кандай эле?.. Эл энчисиндеги эгемендик тууралуу эки ооз сөз

Парламенттин күчүн ушундан байкасаңыз болот, жада калса бир дагы министр депутаттардын макулдугусуз кызматка отура албайт. Жыл сайын өкмөт аткарган иши тууралуу отчёт берет. Эгер аны парламент жактырбай койсо отставкага кетет. Сапар Исаковду дал ушундай жол менен ээрден алып түшүшкөн. Эсеп палатасы менен Улуттук банк дагы парламентке баш иет.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү — парламенттик-президенттик башкаруу. Демек, сиз шайлаган депутаттардын ичинен бирөөсү төрагалыкка шайланат да, президенттен кийинки эле өлкөнүн экинчи адамы болуп калат.

Кыскасын айтканда, бизде парламенттин ролу абдан чоң, кыбыр эткендин баары депутаттар аркылуу чечилет. Азыр сиздин колуңузда опол тоодой бийлик турганын түшүнүп жатасызбы? Ал каалайсызбы-каалабайсызбы 4-октябрдан кийин күчүн жоготот. Мен сизди максаттуу пайдаланууга чакырам.

Сизде эки тандоо бар

Биринчи тандоо:

VI чакырылыштын 100дөн ашуун депутаты кайра мандат алууга ашыгып жатат. Арасында буга чейин эки-үч жолу депутат болгондору бар. Кээ бирлери канча жыл иштесе да жыйынтык көрсөтүүгө жарабаган, галстугу бар, бирок калыстыгы жок оомо депутат катары эсте калды. "Башкасына баш оорутпайм, бизнесимди гүлдөтсөм болду" деп келе жаткандар да бар. Болбосо бир мандат үчүн 500 миң долларды (39,4 миллион сом) ким эле садага чапсын.

Талапкерлердин ооз көптүрүп айткан убадаларын угуп жатканда баскан жолуна да көз чаптырып коюңуз. Баарына көз жумуп, кайра эле ушулар бийликке келишин каалап турсаңыз, биринчи тандоо сиздики болот.

Ошол учурда сизге бир нерсени эскерте кетейин...

Кайсы партияда жогорку билимдүү талапкерлер көбүрөөк? Рейтинг

Парламент өлкө тагдырын ишенип тапшырган өкмөттүн дараметин пандемия башталганда көрдүк. Бюджетте кошумча акча жок, карыз менен жан баккан мамлекет экенибизди түшүндүк.

Июлдагы апаатта саламаттык сактоо системасынын таш-талканы чыкканын жоон терибиз менен сездик. Чекеден кырылып калабызбы деген коркунуч жаралбады беле. Миңден ашуун үй-бүлө жер кучактап отуруп калганын унуткан жоксузбу? Адистер өз убагында медицина тармагына көңүл бурулбаганын айтышууда. Мунун кесепетинен учурда замандаштарыбыз мээрим төккөн энесинен, таянар тоо болчу атасынан, боор тарткан бир тууганынан, чырактай уул-кызынан жана бир жаздыкка башын жөлөгөн жубайынан ажырап, кан жутуп отурушат.

Экинчи тандоо:

Өлкөгө азыр тайманбас, курч, реформатор, сабаттуу жана саясий эрки бар адамдар керек. Агымга каршы сүзө алгандарды тандоо да сиздин эркиңиз. Жаңыланууга карай кадам таштасак, жаркын жашоону кура алабыз.

Мени күйдүргөнү, элдин жашоосун жакшыртууга жарабагандар, калктын жакырчылыгынан пайдаланып колундагы бийлигин 2000 сом менен сатып алууга аракет кылууда. Муну элди шылдыңдоо катары сыпаттайт элем.

Кээ бирлери карантин маалында тараткан жардамын бетине кармап, үгүт ишин аткарууда. Анысына рахмат, бирок билип коюңуздар, биз кайрымдуулук фондунун директорун эмес, мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды шайлап жатабыз.

"Өзүбүздүн бала" деген түшүнүктөн арылып, айылга эки машина шагыл төгүп бергендерге алданбай, "тууганым суранды эле" дегенди жыйыштырып, өз эркибиз менен тандоо жасайлы.

Кайсы партия жаштарды көбүрөөк чогултту? Жаш курак боюнча инфографика

Эч качан кайдыгер болбоңуз, шайлоого барып, колуңуздагы бийликти ишенимдүү адамга тапшырып бериңиз. Ошондо андан талап кыла аласыз. Азыр эч кимге добуш бербей койсоңуз, кийин бийликке нааразы болууга моралдык укугуңуз жок.

Адам сатып алган буюмун каалагандай колдонорун билесиз. Ошол сыңары эле добушуңузду сатып алгандан кийин өз билгениндей бийлик жүргүзөт. Андыктан ойгонуп, активдүүлүктү көрсөтүүгө убакыт келди.

"Элине жараша бийлиги" дейт, мен сиздерге аябай ишенип, үмүт артып турам. Бир күндүк оокат менен эмес, келечек үчүн күйөлүчү!

P.S: Мен эч бир партиянын курамында жокмун. Жөнөкөй жаран жана журналист катары пикиримди жазууну чечтим.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбей калышы мүмкүн.

980
Белгилер:
келечек, укук, парламент, депутат, тандоо, үгүт, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Бир эле телеканалга 3 млн. сом берип... Партиялар акчасын кайда чачып жатат
Катарында жумушу жок талапкерлер басымдуулук кылган партиялар. Инфографика
Кайсы учурда депутат мандат ала албай калат. Маалымдама
Эл аралык валюталык фондунун имараты. Архив

МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат

0
(жаңыланган 19:32 21.10.2020)
Эл аралык валюталык фонддун (МВФ) жетекчисинин билдирүүсүнө караганда, ири улуттук каржылык уюму Covid-19 пандемиясынын шылтоосу менен 1944-жылга кайтууга же кеминде эле 1944-жылды кайталагысы бар.

Эпидемиянын экономикалык жана гуманитардык кесепеттерин жеңүүгө дүйнөгө көмөкчү болуу туурасындагы МВФ жетекчисинин бул бийик сөздөрүнүн төркүнү башка чоң нерседе көрүнөт. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бедели өтө төмөн каржылык структуранын гуманисттик ойлоруна бул вашингтондук уюмдун кезектеги карыздары "экономиканы көтөрүү үчүн МВФтин талаптарын" аткаруу үчүн социалдык программаларын кыскартып, мамлекеттик ишканаларын арзыбаган баага сатканын эч качан көрбөгөн киши гана ынанышы мүмкүн. Аталган финансылык уюм тууралуу Иван Данилов сереп салган. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн башкы кредитору (маңызында "планетанын башкы Шейлогу") дагы да баягы эле "глобализм" версиясын жайылтууга багытталат. Аны кандай жагдайда болбосун адилеттүү деп атоого болбойт.

Эгер Covid-19 эпидемиясынын башында батыш маалымат каражаттары жана серепчилери глобализм версиясындагы жашоо үчүн тынчсызданып, деглобализациядан чочулашса, азыр "негизги Шейлок" өзүнө дагы бир Бреттон-Вуд конференциясы керектигин айтып, башкача айтканда, 1944-жылы фонддун түзүлүшүнөн берки схема эпидемиянын курмандыгы болгонун, кызуусунда жаңы, жакшыртылган версиясын тезинен дүйнөгө жайылтууну көздөөдө.

Эл аралык валюталык фонддун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева Андорра фондунун киришине арналган расмий билдирүүсүндө тарыхый учур келгенин белгиледи.

"Биз 190-мүчөбүз катары Андорраны күтүп турганыбызда МВФтин иши адамзаттын бир туугандыкка негизделген кызматташтык жана шериктештигинин баалуулуктарынын күбөсү болуп саналат.

Бүгүн биздин алдыбызда жаңы бреттон-вуд "учуру" турат. Миллиондон ашуун өмүрдү алып кеткен пандемия. Дүйнөлүк экономиканы 4,4% га кыскартып, келерки жылы өндүрүштү 11 триллион долларга кыскартууга алып келе турган экономикалык катастрофа. Адамзат он жылдардан берки ири кыйроо жана улам тереңдеп бара жаткан жакырчылык менен бет келди. Кайрадан биз эки ири милдетти аткарууга: каатчылык менен бүгүн күрөшүп, мыкты келечекти түзүүгө тийишпиз" – деди ал өз сөзүндө.

Американын вакцинага акчасы жеткен жок

1944-жылдагы конференциядан анык эмес бир эпизодду эске салып коюу дурус. Ал конференцияда ар кандай өлкөлөрдүн 44 өкүлү Эл аралык валюталык фонддун уставына кол койгон. Конференцияга чакырылган советтик дипломаттар глобалдык фонд-кредитордун сунушталган иш эрежелери менен таанышкан соң кетип калышкан. Уюштуруучуларга да алар жаңы структура "Уолл-стриттин эле филиалы" болот деп айтышкан. Алардын айтканындай эле болду. "Бреттон-Вудс 2.0" деле ошол эле принциптер менен иш алпарат дегенге негиз бар. Мисалы, МВФтин директор-бөлүштүрүүчүсү эпидемия жүрүп жаткан убакта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр алган карыздардын тунуктугу үчүн түйшөлөт. МВФ бүгүн эмнени сунуштап турат: "Биз карыздардын ачыктыгына умтулуп, кредиторлордун координациясын күчөтүүгө умтулуубуз зарыл. "Чоң жыйырманын (G20)" "Суверендүү карызды жөнгө салуунун жалпы негиздери" жаатындагы дискуссиясы, ошондой эле суверендүү карызды, анын ичинде жеке тармакты да катыштыруу менен жөнгө салуунун түзүлүшүн жакшыртууга чакырыгыбыз бизди шыктандырат. Биз мүчө өлкөлөрүбүз менен биргеликте алардын саясатын колдойбуз".

Сыртынан жакшы эле, бирок, америкалыктардын "эрежелерге негизделген дүйнөлүк түзүлүштү сактоо" дегени "Россия Крымды кайтарууга тийиш", ал эми "карыздын ачыктыгы" дегени бул Кытайга тиешелүү.

Февралда эле японилык экономикалык Quartz басылмасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кытай таасири менен МВФ жана Дүйнөлүк банктын күрөшү туурасында жазган.

"Ири кредитор болуп саналбаса да, африкалык өлкөлөрдө капиталдын таасирдүү булагына айланган Кытайдын таасирине МВФ жана Дүйнөлүк банк тынчсызданат. Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасстын айтымында, көйгөй ачыктыктын жоктугунда. "Жаңы кредиторлордун айрымдары Париж клубуна кирбейт, менимче, бул туурасында айтканыбызда адамдар муну Кытай деп түшүнүүгө тийиш", – деген эле Малпасс. "Алар (кытайлык структуралар – авт. тактоосу) насыялоонун көлөмүн кеңейтишти. Бул кайсы бир мааниде жакшы. Бирок алар түзгөн контрактта жарыялабоо туурасында пункт камтылат. Бул Дүйнөлүк банк же жеке секторго келишимдин шарттары кандай экенин көрүүгө тыюу салат". Карызды кечүү маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Кытайдын өзү менен эмес, МВФ жана Батыш өлкөлөрүнүн катышуусунда көп тараптуу форматтын алкагында чечилген.

Жаңы дүйнөлүк каржылык бир туугандыкты куруу аракети Пекин абдан жолтоо болуп жаткан колониалдык эмес схеманы кандай жол менен болсо да коргоп калуу далалатындай туюлат.

Европа Россияга каршы жаңы санкциялардын азабын тартабы?

МВФ жаркын келечек түзүүгө ниеттенген дагы бир принцип росссиялык экономикалык коопсуздук жана бюджетине түз коркунуч туудурат. "Пандемия көрсөткөндөй, биз эми саламаттыкты сактоо тармагындагы алдын ала көрүлчү чараларды, климаттын өзгөрүшүн көз жаздымда калтыра албайбыз. Климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени, ал макродеңгээлде чечүүчү мааниге ээ жана өсүү жана өнүгүүгө олуттуу коркунуч жаратат. Бул адамдар жана планета үчүн да абдан кооптуу. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй жашыл инвестициялар менен көмүртектин жогорку баасынын туура айкалышында 2050-жылдары экологиялык, миллиондогон жумуш орду түзүлгөн дүйнө курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Төмөн пайыздык чен менен салынган туура инвестициялар эртеңки күнү төрт эсе дивиденд алып келиши мүмкүн. Болочоктогу чыгымдарды жоюп, экономикалык кирешени өбөлгөлөп, өмүрлөрдү сактап жана жалпыга социалдык жана экологиялык пайда алып келиши ыктымал.

Иш жүзүндө бул Батыш өлкөлөрү технологиялык прогресстин жыйынтыктыктары менен 150 жыл жыргап, ал эми калган дүйнө "климатты өзгөртүү" деген ураан алдында түбөлүк жакырчылыкка тушугушу мүмкүн. Анткени, бул маңызында арзан электр кубатын, жеткиликтүү баадагы бензин, кышкысын жетиштүү баада жылуулук жана жөнөкөй эле үзгүлтүксүз электр кубаты менен жабдууга тыюуну туюндурат.

Жашыл энергетика түзгөн жумуш орундары — бул эл аралык чиновник, экологиялык активисттер жана жашыл энергетикадагы европалык жана америкалык компаниялардын акционерлери. Булар мамлекет жана керектөөчүлөрдүн эсебинен өз өндүрүмдөрүн жогорулатылган баада таңуулап сата алышат.

МВФтин жетекчиси айткан "көмүртектин жогору баасы" Евробиримдик улам Россияга каршы киргизери менен опузалап келген "көмүртек тарифинин" эле кабары.

Россияга каршы көмүртек тарифтери киргизилсе, РФтин экспортчулары (социалдык программалары менен бирге россиялык бюджет да) жылына ондогон миллиард долларды жоготот, бирок Грета Тунбергдин күйөрмандары жана жашыл экономиканын тарапташтары бакытка бөлөнүшөт.

МВФ сүрөттөп жаткан жаркын келечек — эзоп тили менен жазылган антиутопия,

экология — бул жакырчылык, транспаренттүүлүк (тунуктук) — бул Вашингтон менен МВФке баш ийүү.

"Бреттон-Вудс 2.0" үчүн эмес, тескерисинче, 1944-жылы АКШда түптөлгөн ушул глобалдык желмогузду түп-тамырынан жоготуу үчүн биз чындап тарыхый учурдун алдында турабыз.

0
Белгилер:
уюм, финансы, Россия, АКШ, Эл аралык валюта фондусу
Тема боюнча
Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"