Адамдан эс алган табият. Карантин кыялды чындыкка айландырганда

© Sputnik / Табылды КадырбековМагнитоланын гүлдөөсү - Тропикалык сулуулук Бишкектеги ботаникалык бакчада. Архив
Магнитоланын гүлдөөсү - Тропикалык сулуулук Бишкектеги ботаникалык бакчада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Нуржигит Кадырбеков карантинден улам айлана-чөйрө, жаратылыш адам пендеден эс алып, тазарып жатканына токтолуп, азыркы кырдаалдын оң жактарын санап өткөн.

...Түш ооп калган. Сыртка көз салганы терезени ачтым. Табияттын каңылжарды кытыгылаган атыр жытын себинген жаздын жагымдуу илеби беттен жумшак сүйө жылуу учурашты. Калаа түнү бою күрү-күү жашоо менен таң атырып, күн чыккан соң мамыкка манчыркай жатып шашпай уктаган кишидей мемирейт. Демейде машинаң менен жүз кадам аралыкты улгайган аксак кишиден да жайыраак басып өтүүгө аргасыз кылган тыгындан арылбаган маңдайдагы төрт көчө бош.

ИИМдин кызматкери Бишкете операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы
"Мурда Бишкекте кыймыл аз эле. Алдыңда улооң болсо шаардын буйтка-бурчуна заматта жетип барчусуң. Жол чырактарга эле айласыз токтобосоң, тыгын дегенди билчү эмеспиз" деп улуу кишилер айтса, Бишкектин көчөлөрүндө ошондой кенен-чонон зуулдап жүрүү бактысы эми кайрылар бекен деп ойлоп койгом. Кайра жетип-жетпеген жашоо кечирчү ал совет заманы кетти. Азыр турмуш оңолуп, чөнтөгү калыңдар көбөйгөн кез. Байлык менен кошо напси да семирип, анча-мынчага алымсынбай калат тура. Ошон үчүн канчалаган адамдар бир унаа минүүнү уят көрүп, эки-үчтү алмак-салмак алкынтышат. Анан кантип жолдор бошоп, мурдагы акыбалга келсин? Кийинкилерге Бишкектин көчөлөрү бир кезде ээнсиреп турчу десең жомок уккандай таң калуудан каш сермешер деген тыянакка келгем. Бирок минтип шакардай кайнаган кыймылдан, моторлордун дүрүлдөгөнүнөн, айдоочунун жөндүү да, жөнсүз да басылган сигналдарынан чарчаган көчөлөр, аллеялар, үйлөр, имараттар, бак-дарактар күтүүсүз буюрган бейпилдиктин ырахатына көшүлө эс алып жатканын өз көзүм менен көрүп турам. Мындай болот деп ким ойлоптур? Эгер тиги аты жаман вирустун жайылышын алдын алуу максатында карантин менен өзгөчө кырдаал тартиби чукул киргизилбегенде, ызы-чуусу ыкыйта тойгузган шаардын жайлоодогудай жайбаракат сүлпөт күтүшүн дегеле көрбөсөк керек эле.

Бууга буулган жыпар жыт

Бах, мына бул жыпар жыт кайдан келүүдө? Жолдун ары жагындагы мекеменин короосундагы жарым гүлүн төгүп калган өрүктөрдөнбү? Балким, өрүккө улай бүрүн ачып, бажырая гүлдөп сулуулугу баралына жетип турган береги гиласстар менен алмалардын сунган белегидир? Жазбы, жайбы, же күзбү, ушинтип терезени ачып, далай жолу теребелге жүз бактым. Бирок анын бүгүнкүдөй каңылжарды жарган куттуу жытын байкаган эмесмин. Качан караба, дүкөндөгү тартыш товарга кезекке тургандардай чубалган автоунаалардын артында буркураган көк түтүнү уулап, билинбей калчу белем? Тигил аллеяны бойлой узатасынан тигилген сирень ак, кырмызы гүлдөрүн ача баштады. Табияттын сүйгөнүн күткөн сулуудай атыр себингенин эми көрөсүң.

Бакты кыюу - бактыны кыюуга окшош

Чымчыктардын сайраганын айтсаң... Тим эле жан дүйнөң жайнап, эбедейиң эзиле тыңдайсың. Жаагы тынбаган техниканын кулак кужурун алган добушу ушул керемет үндөрдү да жарытылуу угузбай, жаңырыгына жашырып жүрүптүр. Каап, тилин түшүнгөндө бул паренделердин эмне деп жатканына парасат салып, балким, күн сайын баарлашып турмакмын.

Жашыл көктөмгө жагымдуу маанай жалгаштырууга дайындалган ушул чымчыктардын кең дүйнөнүн башка бир булуң-бурчуна, айыл-калаасына эмес, дал ушул биздин жерди, биздин борборду тандап келгени бакыт эмей эмне? Бирок аларды арбап, чакырган биз, адамдар, эмеспиз. Алардын издеп, сагынып, эңсеп келгени мына бул бак-дарактар. Алар куштардын түнөк-конушу да, ырыскысы да, ит-куштун коргонуучу чеби да. Кийинки жылдары жолдорду кеңейткен, үй-жай курган, эстелик тургузган, жол кырсыктарын алдын алган болумуш этип бак-дарактарды сөөк өчтү душманыбыздан бетер кыркып кыра баштадык. Бакты кыюу менен бактыны кыюу окшош болорун билгенибизде го, аттиң...

Алманы терүү убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таш ыргыткандар аш алып кетсин. Алмадан алган сабагым
Жанагы "элиткаларды" курган курулуш компанияларынын төбөлдөрүнө ушул багытта атайын сабак өтүш керек болуп калды. Көпчүлүгү сырты жалтыраган кооз көп кабат үйлөрдү тургузуп, тегерете же брусчатка, же асфальт, же цемент басып, булуң-бурчтарында калган токумдай кара жерлерге бирин-серин гана көчөт отургузууну өнөкөт кылышты. Таш басылган биртке жерди жапыз кашаа менен орой салып, ортосуна жыгачтан, темирден ойной турган бирдемелерди кураштырып, анысын "балдар аянтчасы" деп атап коюшат. Балдар сөзсүз эле таш басылган таштак жайда ойнош керекпи? Же бул замандын оюну жалаң эле бутка байланган дөңгөлөк тепмейби? Кара топурактын же ага эгилген шибер үстүндө, көчөттөрдү аралай будуң-чаң салса дагы жакшыраак жарашмак. Топуракка ботала боло чоңойгон наристенин дени сак, иммунитети дагы да кубаттуу болот дешет го. Айтор, бак-дарак менен газондордон өксүгөн зыңкыйган заманбап имараттар шымы жаргак, жаярга килеми жок жардыдай жалдырап, бозорушат. Басылган таш үстүндө каз катар унаалар токтотулат. Адамга караганда темирдин кадыры артып, ошолордун ыңгайын көбүрөөк ойлогон оомал заман десе...

Канчалык сындабайлы, бул жагынан совет мамлекети бизге караганда алда канча акылдуулук кылыптыр. Ал доордо курулган ширеңкенин кабыгындай окшош көп кабаттардын араларын карасаң күн желесин жерге жеткизбей тоскон калың бактар дүпүйүп турат. Калааны байырлаган булбул менен торгой ошол үйлөрдүн тургундары жана коноктору үчүн ырдап жаткансыйт.

Бир кезде "Жашыл шаар" атыгып атагы чыккан борбор калаабызды бозурайтып албасак болгону. Ошондо мына бул чымчыктар кайда конуп ырын ырдайт? Адамдар табиятты сыйлаган, сүйгөн, ал үчүн атадай кам көргөн башка ооматтуу тарапка ооп, ырыстуу жакка ыктап кетери анык. Жаратканым ошондон сактасын...

Жаңылыктар түрмөгү
0