Россия президенти Владимир Путин жана АКШ президенттикке талапкер Жо Байден. Архив

Путиндин Байденди куттуктоосуна себеп жок

481
(жаңыланган 22:35 11.11.2020)
АКШдагы президенттик шайлоодо өзүн жеңүүчү деп жарыялаган Жозеф Байденди батыш дүйнөсүндөгү гана эмес, бир топ өлкөлөрдүн жетекчилери куттуктоого үлгүрүштү.

Мындан улам куттуктоо телеграммаларын жолдоого ашыкпагандардын үн катпаганында "чечендик" катылгандай. Мисалы, Латын Америкасындагы ири мамлекеттердин, атап айтканда, Бразилия жана АКШнын коңшусу Мексиканын президенттери куттук катын жолдой элек. Петр Акопов ушул ойдун учугун чубаган.

Бразилиялык лидер Болсонару дайым Трампка ачык суктанып келсе, мексикалык Лопес Обрадор "бардык укуктук жол-жоболор аяктаганча" күтүп турууну туура көрөт. 14 жыл оболу президенттик шайлоодо жеңишин уурдаткам деп санаганы жүйөөлүү. Ошондо чет элдик лидерлер расмий жыйынтыкты күтпөстөн анын атаандашын куттуктап киришкен.

Трамп менен үч ирет кезиккен маршал Ким Чен Ын да Байденди куттуктаган жок. Ак үйдүн азыркы кожоюну менен жылуу мамиледеги Режеп Тайип Эрдоган да дым дебейт. Бирок Москва менен Пекиндин унчукпаганы баарынан "катуу угулгандай" — Владимир Путин жана Си Цзиньпин Байденди куттуктаганга ашыкпайт. Бул айрыкча шайлоо алдындагы "кытайлыктар Байденге, орустар Трампка басым кылышат" деген кептен улам айрыкча байкалат.

КЭР менен соода согушун тутанткан Трамптын утулушуна Пекин жетине албай кубанат, Байден кытайлыктарга жакын дешкен. Бирок Си Цзиньпин деле үн катпайт, Пекиндегилер америкалык укуктук жол-жоболордун жыйынтыгына жараша шайлоонун тыянагын күтүшөрүн айтышат. Соттордун узакка созуларын эске алсак, Байден туулган күнүнө карата куттуктоолорду албай турганы анык. Ал киши туура тогуз күндөн кийин 78ге толот.

Владимир Путиндин унчукпаганын The New York Times басылмасы Россия АКШнын жаңы президенти менен "кастык мамилелерге" кам урганынын биринчи белгиси деп атады. Болбосо, 2016-жылы Трампты Россия жеңип чыгарынан бир нече саат өтпөй куттуктабады беле. Бул жолу үндөбөйт, демек, мунун баары эки өлкөнүн мамилесинде чыңалуу болорунан кабар берерин боолголойт The New York Times гезити.

Эмне себептен Путин Байденди куттуктай элек. Кремль себебин айтты

Путин Байден менен салгылашка камынып жаткандыгынан эмес, Трампты сыйлаганынан улам унчуга элек. Адамдык факторду эч ким жокко чыгара элек эмеспи. Албетте, биринчи кезекте прагматикалык эсеп турат, Россияга Американын ички териштирүүлөрдөн баш көтөрө албаганы пайдалуу. Мындай мамиленин АКШнын ички иштерине кийлигишүү менен эч кандай байланышы жок.

Эгер президенттик шайлоонун жыйынтыктары америкалык ички тирешти ырбатса, анда Россия тараптан (Американын өз аныктамасы боюнча каршылашы болгон кайсы гана держава болбосун) кырдаалдан пайдаланбай коюу кызык эле. Инаугурацияга дейре Байденди куттуктоого ашыкпоо туура туюлса, дал ошондой болот. Антсе да, Байдендин мыйзамдуулугун тааныбай коюу өңдүү радикалдуу кадамга жол берилбей турганы анык.

Эгер Байден 20-январда президент деп жарыяланса, Трамп (республикачылар менен же аларсыз) анын жеңишин тааныбайт. Шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөн соң АКШда легитимдүү мамлекет башчысы жок дешке Москвага шылтоо табылат. Бул толук америкалык ыкма, бирок Россия АКШ менен андай оюндарга кирбеси турулуу иш.

Россияга Трамптын экинчи мөөнөткө кайра шайланышы пайдалуу экени да түшүнүктүү. Трамптын экинчи мөөнөтүнүн вариантын ушул тапта эсептен толук чыгарууга болбойт: соттук териштирүүлөр анын тарапташтарынын митингдик жана көчөдөгү активдүүлүк менен коштолот. Кырдаал андайда "вашингтондук саздын" көзөмөлүнөн чыгып кетиши мүмкүн.

Бирок Путин Трамптын уурдалган жеңишин кайтарып алуусуна басым жасары арсар. Ал эми жеңиштин уурдалганынан шек санабай деле койсо болот. Төрт жыл бою орустардын кийлигишүүсү жана Трамптын орустар менен болгон байланышы бар деген жалган жалааны кайталап келгендердин жеңишине Кремль кантип ынансын?! 2016-жылы шайлоодо уткан президентке каршы кутум уюштуруп, "орус шылтоосун" ойдон чыгаргандар кийинки шайлоодо утулушу үчүн болгон амал-куулукка барбасына ким кепилдик бере алат?

Путин менен Трамптын бири-бирине симпатиясы адамдык жакын мамилеге жеткен эмес. Үч жарым жыл ичинде алар бир нече ирет кезикти. Трамп жеке тааныша элек кезде Путин тууралуу жылуу ойлорун билдирген, сүйлөшүү тажрыйбасы да анын пикирин тастыктаган. Жакында эле Трамп Путинди "дүйнөлүк класстагы шахматчы" деп атаган. Ушул эле категорияга Си Цзиньпин, Режеп Тайип Эрдоган жана Ким Чен Ынды да кошууга болот.

Польшанын "беларустук сценарийи" өз башына кайтып келдиби?

Чындап күчтүү геосаясий оюнчу (эң оболу алардын өлкөлөрүнүн толук өз алдынчалыгы күч берип турат) болушунан тышкары бул төртөөнү эмне бириктирип турат? Бул төрт лидер тең Байденди жеңиши менен куттуктоого шашылбайт. Трамптын шахматисттер тууралуу айткан сөзүндө "Эгер Байден президент болуп шайланып калса, Путин, Си, Эрдоган жана Ким менен теңата иштей албайт" дегенинде калет жок.

Байден менен Путиндин толук кандуу жолугушуусу бир гана ирет — 2011-жылдын 10-мартында болгон, ошондо да ал маектешине Россиянын президенттигине кайра ат салышпоого кеңеш берүүнүн эбин тапкан.

Си Цзиньпинге (ошол убактагы КЭР төрагасынын орун басарына) вице-президент Байден он жыл мурун эле G2 түзүүнү сунуштаган. Ошол Обама менен Байдендин администрациясынын Кытайды жаңыланган атлантикалык дүйнөлүк түзүмдө кенже өнөктөштүн ролунда үйрөтүү оюну эле. Башкача айтканда, Байдендин ошондогу аракетинен майнап чыкпай, тескерисинче, "өнөктөштөрүн" өзүнө жана АКШга кайраштырып алган. Эгер азыр Кошмо Штаттардын башына келсе, алар менен иш алып барууга — эми ачык душман сыпатында кызматташат.

Байден – артында дүйнөдөгү эң кубаттуу машина турганы менен чындап эле чабал геосаясий оюнчу. Ал машинанын өзү деле эбак алдан тайып барат, эгер Трампты жеңе алса, анда бул дүйнөлүк күчтүү машина үчүн соңку "жеңиш" болушу толук ыктымал. Андыктан Байденди куттукташка деле себеп жок.

481
Белгилер:
Жо Байден, Владимир Путин, АКШ, Россия
Тема боюнча
Батыш "америкалык төөнү" көрбөй, Беларустун башындагы "чөптү" байкаганда
АКШдагы шайлоонун күңгөй-тескейи: өлкө келечегине азыртан абай салганда
Степанакерт аэропорту. Архив

Тоолуу Карабах: аба мейкиндигин ачуу аракеттери. Сереп

43
(жаңыланган 14:04 02.12.2020)
Степанакерттен Ереванга чейинки (Эребуни авиабазасы, Звартноц аэропорту) автомобилдик көчөлөр менен кеткен жолдун узундугу 320 чакырымды түзөт. Операциялардын алгачкы күндөрү тынчтык орнотуучулар Степанакерттен ушул багыт боюнча жүрүшкөн.

Тоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучу операция татаал логистикасы менен айырмаланат. Степанакерттеги аэродромду реконструкциялоо жана заманбапташтыруу Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учактарын кабылдоого мүмкүндүк берет, жаңы операциялык мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, аскердик топторду жабдуу боюнча көптөгөн маселелерди чечет. Ушул тапта көпчүлүктүн көңүл борборундагы аймактын аэропорт жагдайына аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.

Карабахты Армения менен туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору гана байланыштырып турат. Россиялык тынчтык орнотуучулардын көзөмөлүндөгү аймакта бул жол кокус кырдаал курчуп кете турган болсо, баары бир эң талуу көйгөйлөрдөн болуп калат. Келечекте жаңы жолдун (коридордун) оңой эмес курулушу жана Азербайжанга өткөрүлүшү күтүлөт. Бирок жүргүнчү жана жүктү ыкчам ташуу бүгүн зарыл болуп турат.

Степанакерттен Ереванга чейинки (Эребуни авиабазасы, Звартноц аэропорту) автомобилдик көчөлөр менен кеткен жолдун узундугу 320 чакырымды түзөт. Операциялардын алгачкы күндөрү тынчтык орнотуучулар Степанакерттен ушул багыт боюнча жүрүшкөн. Кийин (28-ноябрда) аралаш багыт табылып, Россиядан жүк жана техника жүктөлгөн вагондор Азербайжандын Барда темир жол станциясына келчү болду. Автомашиналарга жүктөлгөн соң Барда – Агдам – Степанакерт багыты боюнча 100 чакырым жол жүрүүдө. Багытты кайда бурба, жол ыраак.

Жоокердик бөлүктөрдүн, техника жана жүктөрдүн Тоолуу Карабахтын шартында жүздөгөн чакырымга ыкчам жеткирүү оор аскердик операцияга айланууда. Тынчтык орнотуучулар тобунун ички курамы жылына эки ирет алмашат. Аймактагы кырдаал курчуп кетсе, дагы кошумча күч жана каражат керектелиши мүмкүн.

Ошондой эле Степанакерттен тогуз чакырым аралыкта жайгашкан Ханкенди аэропорту бар. Болжолдуу түрдө оор аскердик-транспорттук авиацияны кабылдай алат. Бул жакта 1990-жылдардын башындагы согуштук аракеттерден улам учуштар токтоп калган.

Аэропорттун инфраструктурасы 2020-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Азербайжан тараптын ракеталык аткылоолорунан кийин жабыркады. Бирок учуп-конуучу тилкенин узундугу 2200 метрди түзөт. Бул жердин рельефи да зарылдыгы чыкса тилкени дагы 1000 метрге узартып, жанына экинчисин курууга ылайык келет.

Степанакертке жакын аэропортту кайра калыбына келтирүү жана заманга бапташтыруунун баасы жакын арада каралса, көп жылдык узун каттам, убакыт жана күчтүн олчойгон чыгымдарынан кымбат деле болбойт. Аэропорт жарандык жүктөрдү ташуу, ошондой эле келечегинде Тоолуу Карабахтын экономикалык өсүшү үчүн түзүлгөн логистикалык борбор да болуп калышы ажеп эмес.

Ыраак жана кооптуу жол

Россиялык тынчтык орнотуучулар 23 байкоочу постто Тоолуу Карабахтагы окту токтотуу режимин сактоого күнү-түнү көз салышат. Лачин коридору аркылуу өткөн автотранспорт жана жергиликтүү калктын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышат.

14-ноябрдан тарта 26 миңден ашуун качкын үйлөрүнө кайтты. Аймакта россиялык саперлор, аскердик медиктер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да кызуу иш алпарууда.

Тынчтык орнотуу милдеттерин аткаруу дайымкы ыкчамдыкты талап кылат. Карабах согушун токтотуу боюнча Россия – Азербайжан – Армения үч тараптуу макулдашуусунун негизинде Москва менен Баку кол койгон атайын протокол Азербайжан менен Армениянын ортосундагы транспорттук коммуникацияны жандандырууну да камтыйт.

Степанакерттеги аэропорттогу учуштарды эске алсак, бул документ жердеги гана тургай, абадагы тыюу салууларды жоеру айкын. Россиядан түз маршрут логистика жана жабдуунун көп көйгөйлөрүн чечип, тынчтык орнотуучу 15-бригаданын аскердик топторунун операциялык мүмкүнчүлүктөрүн арттырмак.

Мурда Грузия Азербайжан жана Армениянын өтүнүчү менен өз аба мейкиндигин россиялык аскердик-транспорттук авиацияга ачкан. Учактар Ереванга учуп турган. Андан ары Степанакертке техникада узак жол басууга аргасыз болушкан. Эми аймактын аба мейкиндигиндеги бөгөттөрдү толук алып салууга убакыт келди. Бул Азербайжандан Нахичеван автономиясына чейинки жолду куруу долбооруна да чоң пайда келтирмек.

Жабык асман

Степанакерт аэродрому ремонттолуп, 2012-жылы учактарды кабыл алууга даяр болчу. Бирок Бакунун каршылыгынан улам бул ишке ашпай калган. Анткен менен үч тараптуу макулдашуу түзүлүп, россиялык тынчтык орнотуучу миссия башталгандан тарта аймактагы кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү.

Учуштардын коопсуздугунун жолдорун карап, тыюу салууларды жокко чыгарууга убакыт келди. Анан да азербайжан-армян "өз ара чегеришмесинин" үлгүлөрү бар: Бакудан Нахичеванга каттамдар Армения асманынан эл аралык коридорлор аркылуу учушат. Армениялык авиакомпаниялар да Азербайжандын аймагындагы эл аралык-корголгон аба коридорлорун колдонушат.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кечээ: "Тоолуу Карабахты байырлаган армяндар да, азербайжандар да сөзсүз ал жакка кайтышат. Кайрадан ынтымакта коңшулаш болуп жашашат. Мында логистикалык, транспорттук, энергетикалык коопсуздук маселелери бар. Биз ушул маселелердин баарын карайбыз", - деп билдирди.

Бул үмүт жандырат. Эгер тоо койнундагы аэропорт жакында кучак ачса, бул жышаан – региондук тынчтык жана туруктуулукка чоң өбөлгө.

43
Белгилер:
Степанакерт, Армения, Азербайжан, Тынчтык миссиясы, аэродром, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты
Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат
Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты дрон Bayraktar TB2. Архив

Түркиянын учкучсуз аппараттарынын мыкты сапаты тууралуу имиш кеп кайдан чыкты

241
21-кылымдын куралы арзан боло албайт, ошентсе да сокку уруучу учкучсуз аппараттын баары эле жеңишке жеткире бербейт.

Мында чечүүчү ролду мамлекеттин аскерий уюмунун системасы, коргоо өнөр жайы, арсеналы жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү чоң мааниге ээ. Карабах чыры Түркиянын Bayraktar TB2 аппаратынын мыктылыгын эмес, Армениянын өз күчүн ашкере баалаганын жана кургакта коргонуусу начар экенин көрсөттү. Аймакта чыккан чырда колдонулган курал-жарак жана техниканын өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Тоолуу Карабахта атышуу токтогондон кийин медиа айдыңда окуяга баа берген бир топ комментарийлер, ой пикирлер жарыяланды. Ток этери эки сүйлөмгө сыят:

  1. Азербайжан Түркиянын учкучсуз аппаратына ээ болгону үчүн жеңишке жетти;
  2. Россиянын ПВО системалары азыркы "дрон согушунда" майнапсыз болуп калды.

Абалга минтип өзөгүн көрбөй жалпылап баа берүү эксперттердин аскердик билиминин тайкылыгы жана Армениянын аскердик техникасы менен өздүк курамынын көз көрүнөө жеңилип жатканы менен түшүндүрүлөт. Бирок реалдуулук биз көргөн-билгенден алда канча татаалыраак.

Адам жашоосунда керемет болбойт, кинонун баары режиссердун көз карашы, ойлоп тапканы менен тартылат. "Байрактар" жана Азербайжандын учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан тартылган видеосюжеттер алгач каршылаштын духун түшүрүүгө жана Түркиянын бул аппараттарын дүйнөлүк курал рыногунда жарнамалоого багытталган. Ал эми кадр артында ПВО жана радиоэлектрондук тирешүүдөн жеңилген ондогон дрондор калды.

Согуш талаасында каршылашты ментинен тайдыруунун негизги куралы артиллериялык курал, залптык оттун реактивдүү тутуму болуп кала берет. Куралдуу күчтөрдө да өзү учуучу аппараттарга караганда стволдук жана реактивдүү артиллерия басымдуулук кылат.

Мисалы, 1 миллион доллар турган Bayraktar болгону 150 килограмм ок-дары көтөрүп, керектүү жерге чейин жеткире алат, ал эми баасы кыйла арзан болгон залп оттун реактивдүү тутумунун жүгү 1 тоннага чейин жетет. Демек, артиллерия бутаны жок кылуунун "өз баасын" бир топ эле төмөндөтүп коет. Аскердик бюджеттин көлөмү жеңишке кепилдик бере албайт. Алсак, Пентагон ушунча жылдан бери Афганистандын асманында үстөмдүк кылганы менен кургакта талибдерди жеңе албай келет.

Өзүнө өзү ашкере ишенүүчүлүк

ПВОнун туура уюштурулган эшелондук системасы каршылаштын ири сандагы учкучсуз аппаратын жок кыла алат, ал эми радиоэлектрондук чалгындын каражаттары көз ирмемде душмандын ок атууну тескеген пунктулардын дайын-дарегин аныктоого жөндөмдүү. Армян армиясынын Карабахта колдонгон ПВО комплекстеринин тийиштүү деңгээлде коргой албаганына "эскирип" калганы эмес, бир беткей системанын жоктугу, аракеттердин башаламандыгы себеп болду. Белгилей кетсек, 1960-жылдары чыккан "Стрела-10" жана "Оса-АКМ" комплекстери айрым учурда сегиз чакырым жерден "Байрактарга" жетпей калып жатты. Ал эми заманбап делген "Тор-М2КМ" менен "Бук-М2Э" Ереван менен Мецамор атомдук электр станциясын гана коргоп жатышты.

Дагы бир маселе, маскировка таптакыр көз жаздымда калды, айрым объектилер "мен бул жактамын, өлтүр мени!" деп кыйкырып жаткандай эле болду.

Экинчи жагынан Түркиянын өзү учуучу аппараттары "кокусунан" Карабахтан Армениянын чек ара аймагына кирип калып жатты. Буларды ал жакта иши жолго коюлган ПВО жана радиоэлектрондук тирешүү каражаттары эч көйгөйсүз ордуна коюп келди.

Карабах боюнча 1994-жылкы жеңиш армян армиясынын кынтыксыздыгы тууралуу мифти жаратып, ондогон жылдар бою бул ойду бекемдеп келген. Аракс дарыясынан Мрава тоо кыркаларына чейинки 100 чакырым аралыкта бир да кыйраткан инженердик курулуштун жоктугун да өзүнө катуу ишенгендиктен деп билсек болот. Үстү жагы ачык окоптор, өзүнчө турган блиндаждар — өткөн кылымдын оокаты. Армян тарап темир бетондон жасалган ок атуу жайлары жана жер алдынан өтүүчү коммуникация түйүнүнө таптакыр баш оорутпаптыр, буга чейрек кылып убактысы бар эле. Абал ушундай болуп турганда 2019-жылы өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян: "Карабах — бул Армения" десе, коргоо министри Давид Тоноян: "Жаңы согуш үчүн жаңы аймактар" деген концепциясын жар салган.

Армян армиясынын потенциалы 27-сентябрга карата Азербайжандан кыйла артта болчу, ошентсе да каршылаштар адамдарынан да, техникасынан да бирдей эле оор жоготууга учурады. Азербайжандын түштүктөгү күчү кайсы бир убакта он эселеп алдыга кеткени менен бир айда 30-40 чакырымга эле жылганы маалым болду. Нары-бери кыла коем деген Бакунун ою ишке ашпай калды. Ал эми калкалоосуз, борбордук башкаруусуз калган армян аскерлеринин, ыктыярчыларынын эрдигине баа берүүгө болот.

Сирия жана Ливия тажрыйбасы

Россиянын ПВО системалары менен Түркиянын учкучсуз аппараттарынын атаандаштыгына кайрыла турган болсок, Сирия менен Ливиянын аба мейкиндигиндеги "Тор-М2КМ", "Бук-М2Э" жана "Сосна" зениттик ракета комплекстеринин ырааттуу иштешинин натыйжасындагы "дрон жаанын" эстөөгө болот. Майнаптуулугун "Панцирь-1" комплекси да көрсөткөн. Эгер аталган техниканы Карабахка өз убакында жайгаштырып колдонгондо, Түркиянын "Байрактары" алапайын таппай калмак.

Россия тынчтык орнотуу миссиясынын акагында Тоолуу Карабахка радиоэлектрондук тирешүүнүн жапжаңы "Леер-3" комплексин жөнөттү. Анын максаты GSM стандартындагы уюлдук байланыш сигналдарын басаңдатуу жана 3G менен 4G түйүндөрүн иштен чыгаруу болчу. Комплекс бир КамАЗ автоунаасынан жана 120 чакырым радиустагы "Орлан-10" деп аталуучу эки-үч учкучсуз аппараттардан турат. Бул аппараттар телефон, планшеттерди таап, чалгындап, маалыматтарды санарип картага түшүрүп, аларды сокку уруу үчүн артиллерияга жиберип тура алат. Карабах чыры толук чечилген жок, болгону токтоп калды. Ал эми ПВО менен чалгындоо каражаттары өз маанисин таптакыр жоготкон жок.

241
Белгилер:
согуш, сокку, ракета, техника, курал, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо
Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды
Эмделип аткан бала. Архивдик сүрөт

Эмдөө үч айга токтотулган. Кыргызстанда кызылча оорусу боюнча абал кандай?

4
(жаңыланган 18:26 02.12.2020)
Быйыл карантинге байланыштуу эмдөө марттан май айына чейин токтотулган. Ошол себептен эмделгендердин саны 95 пайызга жетпей калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кызылча оорусунун катталган учуру ушул жылдын июнь айында эле токтогон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Буга чейин кызылча оорусу жүрүп жаткан учурда башка вирустарга эмдөө жасоого болбой турганы тар чөйрөдө айтылган. Анын себеби иммунитеттин түшүп кетиши менен түшүндүрүлгөн.

Адистин айтымында, Европада да кызылча, полиомиелит оорулары бирин-серин гана кездешүүдө.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен ЮНИСЕФ “кызылчага жана полиомиелитке эмдөө жасабасаңар кооптуу болушу мүмкүн. 2019-жылы бул оорулардын очогу жанданган” деген гана кайрылуу жасаган. Бирок азыр Европа өлкөлөрүндө кызылча бирин-серин эле катталбаса, олуттуу коркунуч жок. Кыргызстанда ал оору июнь айында эле токтогон. Кызылчага эмдөө жасоо боюнча эл менен 2018-жылдан 2020-жылдын башына чейин жакшы иштедик. Бир жаштан алты жашка чейинки балдарга эмдөөнү 95 пайызга чейин көтөргөнбүз. Ошондуктан бизде азыр циркуляция жок”, — деди Ишенапысова.

Анын айтымында, быйыл карантинге байланыштуу эмдөө марттан май айына чейин токтотулган. Ошол себептен эмделгендердин саны 95 пайызга жетпей калган.

“Быйыл да эмдөөнү 95 пайызга чыгарышыбыз керек эле, бирок карантиндин айынан 60 пайызга чейин эле жасадык. Азыр жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрүнө кат жолдоп жатабыз. Себеби 14-16 жаштагы балдар да эмдөөдөн өтүшү керек. Учурда Россия да бул ооруларга каршы 50 миң вакцина берип жатат. Аны да убагында эмдөөдөн баш тартып, албай калган жарандарга беребиз. 2016-жылдары вакцина сайдыруудан баш тарткандар алты-жети миңге чейин катталса, азыр ал 1,5 миңге чейин түштү. Бул боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте “Ден соолугуңа олуттуу зыян келтирбесе эмдөө алууга болот” деген фатва кабыл алып, аны мечиттерде айттырганбыз”, — деди ал.

Ошондой эле коронавирус менен ооруган бала да, чоң киши да карантин бүткөнгө чейин эмдөөгө алынбай турганы кошумчаланды.

4
Белгилер:
Гүлбара Ишенапысова, кызылча, эмдөө
Тема боюнча
Кыргызстанда гриппке каршы эмдөө канча турары айтылды
Сасык тумоого каршы эмдей турчу жеке клиникалардын тизмеси